СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздын каганатынын

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздын каганатынын»

Кыргыз Кагандыгынан калган байыркы жазма эстеликтерге чегилген тамгалар VI-X кылымдар аралыгында өкүм сүргөн Кыргыз Кагандыгынын герби милдетин аткарган. Башкача айтканда, мамлекеттүүлүгүбүздүн миңдеген жылдык тарыхый символу. Ошондуктан азыркы эч мааниси жок гербдин ордуна ушул тамганы эле колдонуу керек.

Алгыр кушту, бүркүттү жана ал отурган баканды билдирген бул тамга эркиндикти, күчтү, кыргыздын рухун чагылдырып турат.

Бул тамганы герб кылуудан эмнени утабыз? "Сууга жетпей атсак, мунун эмне кереги бар?" дечүлөргө жооп:

1. Учурунда Байкалдан Теңир-Тоого, Түндүк муз океанынан Тибетке чейин созулуп турган Кыргыз Кагандыгынын мураскору экенибизди сөз жүзүндө эмес, кичине болсо да иш жүзүндө, символикалык түрдө көргөзөбүз.

2. Бул тамга 2-3 кишинин фантазиясынан чыккан жөнөкөй графика эмес, улутубуздун өзүн эмне деп тааныганынан келип чыккан, миңдеген жылдар бою биздин жүзүбүз болуп келген символ. Демек миңдеген жылдык мамлекеттүүлүгүбүздүн символун кайра жандандырган болобуз.

3. Аталган тамга Олжобай Каратаев агайдын жана ыраматлык Астайбек Бутанаев агайдын эмгектеринде 20-кылымдын башына чейин хакас жана тывалардын курамындагы кыргыз урууларынын тамгасы катары колдонулганы такталган.