СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Кыргыздын кырааны бар, аты Чыңгыз, кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс" ( Ч. Айтматовдун 90жылдыгына карата сабак)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Кыргыздын кырааны бар, аты Чыңгыз, кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс" ( Ч. Айтматовдун 90жылдыгына карата сабак)

Просмотр содержимого документа
«"Кыргыздын кырааны бар, аты Чыңгыз, кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс" ( Ч. Айтматовдун 90жылдыгына карата сабак)»

Сабактын темасы: Кыргыздын кырааны бар, аты Чынгыз, кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс. ( Ч. Айтматовдун 90жылдыгына карата эскерүү кече)

Сабактын максаты: а) Окуучулардын алп жазуучунун басып өткөн жолу, өмүрүндөгү урунттуу учурларын эскерүү менен билимдери жыйынтыкталат.

б) Кейипкерлердин образдарын чагылдыруунун негизинде сөз байлыктары кеңеет, үн кубултуп көрктүү айта билүүсү калыптанат.

в) Адамдардагы асыл сапаттарды баалай билүүгө, чыныгы махабатты даңазалоого жана ак эмгекке тарбияланат.

Сабактын формасы: Эскерүү кече Сабактын жабдылышы: Ч. Айтматовдун учкул сөздөрү, видео- тасмалар. Жүрүшү: Саламдашуу: Чынгыз ким? Чолпону го жылдыздын. Жөпжөнөкөй бир уулу го кыргыздын. Чыңгыз ким ? Чыгып жаткан чыгармасын окусаң, Философтук ойлор жатат тымызын. Чынгыз ким? Көз жетпеген чынар терек, Тынчтык деп, жер бетине ураан салган, Ушундай атуулду мен бүгүн, Айткым келет, айткым келет!

1928- жыл 12-декабрь. Айлана аппак түскө боёлуп, дүйнө ак карга тазарып. Кыргыз жеринде кыштын суугу орун алып турган кез. Өзгөчө ушул кыш ызгаардуу болуп, адамдар кор тириликтин маңызынан чыга албай күн кечирүүдө. Бирок ушул ызгаарда Көк асмандан, Көкө Теңирдин колдоосу менен кыргыз жергесине кут түштү. Куттун нуру жер жүзүнө тарап, кыштын күнү жаз күнүндөй чайыттай ачылып, айылдан ааламга наристе үнү жаңырды.

Төрөкул: ( уулун колуна алып)

-“Чынгыз” орток тилибиз болгон түрк элинде “деңиз”, “океан” деген маанини берет, уулум. Андыктан, деңиздей толкуп, океандай чалкып, элге керегиң тие жүрсүн! Чыңгыз, Чыңгыз, Чыңгыз- ушул ысымды сага ыйгардым, сага энчиледим, уулум.

Автор: “Жакшы тилек – жарым дөөлөт” деп бекер айтылбаган экен. Эмесе, алгачкы эскерүүбүздү Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдон баштамакчыбыз.

Чыңгыз: “ Мен бала кезимде эсимде калган атамдын элеси көз алдыма мындайча тартылат6 узун бойлуу, ичке, коюу капкара чачтары артка таралып, кийгени кончу узун булгаары өтүкчөн эле. 1934- жыл. Мен алтыга чыгып калганмын. Атам Төрөкул өз мезгилинин таанымал адамы болчу. Ал көп окуган билимдүү, Жамбулда орус мектебин бүткөн эле. Отуз жашка чыга элек кезинде жооптуу кызматтарда иштеп калган. Фергана өрөөнүндө жер реформасы боюнча кызматкер да болгон. Кийин иши боюнча Москвага котрулуп, бир жарым жылдан кийин бизди чакырды. Ошентип биз 1935-1937-жылдары москвада туруп калдык. 1935- жылдары репрессиялар башталды. Биз Москвада турчубуз, дагы деле тура берсек болмок. Бирок атам апаатты алдын ала туйса керек. Бизди Кыргызстанга кетирүүнун камын көрдү. Биз Фрунзеге да келе албайт болчубуз, ал жерде да массалык репрессия жүрүп жаткан. Биз кайда барабыз? Жалгыз үмүт Маймакта калды. Ал жерден биздин айыл шекер анча деле алыс эмес. 1937- жылы августтун аягында керектүү буюмдарыбызды алып, апам колуна алты айлык Розаны көтөрүп, улуу жолго чыктык. Атам бизди Казань вокзалына алып келди. Вагондон биздин ордубузду таап отургузду. Апам көз жашын тыя албай бышактап, атам болсо эрдин кесе тиштеп, өзүн -өзү бекем карманып турду. Акыры поюз жылды, атам бизди дагы бир жакшылап карап алайын деп поюзду коштоп чуркады. Биз менен коштошуп, кол булгалап кала берди. Ошондо биз атамды эч качан көрбөй каларыбыз эсиме кылт дей түшүп, мен караңгы киргенче ыйладым. Апам менин оюмду сезип эле турду. Мени кантип сооротушту билбей, оор үшкүрүп, башыман сылап акырын шыбырады: “ Бул вагондо жалаң биз эмеспиз, айланайын!” Атам менен биз ошентип коштоштук. Ошол 1937- жылдын 1-сентябрын өмүр бою унутпаймын... Ошентип, Ата журтубузга – Шекерибизге карай жол тарттык. Туугандарыбыз бизди тосуп алышты. Ошентип Шекерде жашап калдык...

Автор: Жашоо оор. Ошондой күндордүн биринде бир кезде Төрөкулдун колтугуна кирүүгө далбас уруп, жасакерленип жүргөн жигит эсине түшүп, бир жагы өзүнө жумуш издеп Нагима апа Кировкага келет. Ал жигит ошондо көздөгөнүнө жетип, райкомдун катчысы болуп турган экен. Эне турмуш шартын түшүндүрүп, өзүнө жумуш жана баш калкалар жер сурайт. Колунан даам сызып жүргөн соң, терс жооп берүүгө адегенде даабайт. “Анан кел”, “кийин кел” менен бир жыл убара кылат. Дагы бир жолу кезектеги убада боюнча келип, үстүндө киши болгон соң эшигинде күтүп турса, эшик ачылганда көрө коюп:

Райкомдун катчысы: - Сиз дагы эмнеге келдиңиз? Мындан ары келбеңиз! Эл душманынын аялына бере турган бизде жумуш жок!

Нагима: - Ким душман, ким дос экенин мезгил өзу териштирер, деги мейли Төрөкул душман болгон күндо да, анын балдарында эмне айып?! Мен балдарымды багышым керек го!

Райком катчысы: - Бага албасаңар, детдомго тапшыргыла!

Автор: Бир жыл күткөн үмүтү ушундай заар жооп менен талкаланганда, башына таш тийгендей теңселип, араң сыртка чыгат да, эптеп атын байлаган даракка жетип, жыгылып кетпеш үчүн кучактап, буркурап боздойт. Аңгыча желкесинен бирөө сылап:

Бейтааныш адам: - Деги эмне иш келет колуңдан?

Нагима: - Кандай иш болсо да иштейт элем.

Бейтааныш адам: - Анда эртең мага кел.

Автор: Нагима апа бул кишини райондук катчынын бөлмөсүндө отурганын эстейт. Бул немец улутундагы райондук борбордо жайгашкан бир мекеменин жетекчиси экен. Кийинки күнү Нагима Хамзаевна ошол жерге эсепчи болуп орношот. Өз мезгилинин өтө билимдүү аялы Нагима берилген ишти камчы салдырбай иштеп кетет. Аңгыча согуш башталып. Жумушчулар кажет болуп, Жийде калхозуна эсепчи зарыл болгондо аны жумушка чакырышат. 1942- жылдын март айында ал балдары менен Жийде айылына көчүп келишет. Айылга келгенден кийин , табиятынан адептүү, маданияттуу аял тез эле элеттиктердин урмат- сыйына татыйт.



Эмесе, кезекти Чыңгыз Айтматовдун апасын эскерүүсүнө берсек.



Чыңгыз: 1971- жыл август айы. Ооруканадабыз. Апам оорусунун айынан кыйналып жатат. Менин көз алдымда азыр 1937-жылы ушул август айында Москвадан түн ичинде келип, биз поездден түшкөн Маймак темир жол станциясы элестеп жатат. Мен ошол караңгы түндө тургандай болуп турам. Апам байкуш ошондо 33 жаштагы жаш келин экен. Төртөөбүздү бүжүрөтүп, канатына калкалап, жөжөлүү тооктой күйпөлөнүп, эки минута токтогон поездден алты айлык эмчектеги Розаны кучагына кысып, үч жашар Люцияны колуна жетелеп, Илгиз экөөбүздү ээрчитип, көтөргөн оор сумкасы менен араң түштү эле. “ Силер туруп тургула, мен кыздарды жарык чыккан үйгө жеткирип келейин” десе, Илгиз экөөбүз тең чырылдап макул болбойбуз. Эптеп түшкөн жерден Маймак станциясынын күтүүчү залына жетип түнөгөнбүз. Ошол түнү апамдын да башына түшкөн кара түн тура. Биз үчүн кандай азаптарга чыдады. Ошонун баарын эч кимге билгизбей , ичинен сызып унчукпай көтөрдү. Эми гана жаңы турмушубуз оңолгондо ушинтип кете береби! -Апа, кечир мени, сени ажалдан алып калуу үчүн эмне гана кылбадым. Бирок, шум оору сени алып тынды. Эне – бул мекендин башталышы, эне – бул эне тил, эне – эне сүтү менен кошо сиңген абийир.

-Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын, сенин кай жерге көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам – Төрөкул Айтматов, сага арнаймын. Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың, сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам - Нагима Айтматова, сага арнаймын.

Автор: Мына ата-энесинин урматына Айтматов белгилүү “Саманчынын жолу” повестин арнаган экен. Кийин жазуучунун чыгармачылыгы гүлдөп турган убагында 1988-жылы 60 жылдык юбилейинде Кара –Буурага келгенинде, элине кезиккенде эң биринчи өтүнүчү “ мени Маймак станциясына алып баргылачы” деген сөзү болду. Чыңгыз Төрөкулович жакшы күндөрдө да, өзүнүн бактылуу доорунда да бул станцияны унуткан жок. Анткени, атасыз калган Маймак станциясы жоготуунун символу болуп эсинде калса керек.

1942-1943-жылдын кышы. Согуш запкысы кыйнап заарын чачып турган өзгөчө кысталыш учур. Айылдагы ишке жараган күч берер эркектердин баары майданда. Бир күнү Чыңгызды айыл башкармасы Кабылбек өзүнө чакыртат.

Башкарма: Ии, кана айтчы, канча жаштасың?

Чыңгыз: Он беш жаштамын

Башкарма: Ап, баракелде, он беш жашымда мен бир короо койду бакчумун. Кат тааныйсыңбы?

Чыңгыз: Ооба, кат тааныйм.

Башкарма: Болду анда! Калкоско кат сабаты жоюлган, ыйман- адептүү бирөө керек эле. Сенден башка эч ким жок. Баары бронтко кеткен. Бизге болсо ишке жарабаган кары- картаңдар менен бала-бакыралар гана калды. Ырас болбодубу, сен бар экенсиң. Окууңду кийин деле улантасың, айылга катчы бол! Макулбу?

Чыңгыз: жакшы, иштеп көрөйүнчү. Балким иштеп кете алам.

Ошентип, ошол катаал жылдарда фронтто курман болгондордун кабарын билдирген “кара кагазды” маркумдун үй-бүлөсүнө тапшыруу иши да менин мойнума жүктөлдү. Мен бул жумуштан оңбогондой оор азап чектим.

Аптасына кара кагаздан биздин айылга жок дегенде эле экөө келчү. Кээде кат бергенимде, алар сүйүнүшчү. Ал эми өлүм кабары келгенде...

Айылдан бирөөгө ошондой кара кагаз келсе, адегенде айыл аксакалдарына барып, иштин жайын тушүндүрчүбүз. Анан алар курман болгондордун жакындарын чогултуп алып, кеңешип –кесип, мени менен кошо маркумдун үйүнө барышчу. Мен үй-бүлөсүнө кара кагазды окуп берчүмүн. Коңшу-колоң тууган –туушкандардын баары чогулуп, кыйкырык-өкурүк, ый башталчу. Кулагым ыйга тунуп калчу...

Кийин өзүмчө, “ Эмне үчүн кара кагаздарды дайыма мен тапшырам? Эмне үчүн күндө эле элге жамандыктын кабарчысы болуп, басып келем? Анан эмне үчүн аны окуп бергеним аз келгенсип, ушундай азап-тозоктун күбөсү болуп карап турам?”- деп ойлончу болдум.

Анысы аз сыяктанып, үйүнө жакындап келе жатсам, адамдар кооптоно башташат да, “ Биздикине кирбе! Жогол! Кетип калчы деги, кетчи! Келсең эле жамандыкты алып келесиң! Үйгө каран түн түшүрөсүң! Жогол! Кет,кет!”-деп алыстан кыйкырышчу.

Ошондон кийин, Шекер айылындагы бала чактагы досум Сейтаалы Бекмаматов мени “ орусчаны жакшы билесиң, менден качып кутулам деп ойлобо, мектепке келип орус тилинен сабак бер” деп калды. А кезде ал мектеп директору болчу.

Макулдугумду берип, ал жакка кезерип, жөө барып, жолдон Күркүрөө суусун да кечип өтүүгө мажбур болдум.

“ Биринчи мугалимди” ошол Арчалуудагы кыска мөөнөттүк мугалимдигимден алган таасирлерим менен жазгам”

Ошентип согуш аяктады. 1945-1946-жылдары Жийдеде мектеп жогунан улам Пакровка деген жердеги орус мектепке барып, билим алдым. Андан соң Жамбул шаарындагы Ветеринардык техникумга кирип, аны жалаң “беш” деген баага окуп, ийгиликтүү бүткөрдүм. 1948-жылы Фрунзедеги К. Скрябин атындагы Айыл чарба институтуна кабыл алынып, студенттик жашоону дагы беш жылга узарттым.



Эмесе кийинки кезекти Айтматовдун каармандарына берсек. (Каармандар кейипкерлердин кийминде образдарын чагылдырып беришет)



Ботогөз булак” аңгемеси

Беш көкүл кыз: “ - Бул башаттын аты эмне экен? Кемел: - Ботогөз! Кыз: - Ботогөз булак дейби? Сонун ат экен. Муңайым тартып, чын эле ботонун көзүндөй экен... –Биздин кашарда кудуктун суусу туздуу. Ушуякта булак бар деп уктум эле. Өзүм да көргүм келди, ширин суудан козулар да ичсин деп издеп келгем. Козуларын өстүрүп, күзүндө оторго кошом да, өзүм университетке кирем... Кемел: -Кийинчирээк мен да окууга кирсем дейм. Механизация жагына

Бетме-бет” повести

Ысмайыл: “- Эмне унчукпайсың, яа?! Эне унчукпайсың дейм?...Мен өзүбүздүн кунаажынды союп алсам, балабызга сүт кана, элдин балдары өзүңдүкүнөн артык болуп кеттиби яа? Кетерибизге эми аз калганда. Мени үңкүрдө ачтан өлсүн дейсиңби! Же башкалар сага менден артык болуп кеттиби? Жетишет, кышы менен калчылдап, тишимдин кирин соруп отурдум.... Мен уурдайм, мен жейм, аскерден качып келип, ачтан өлөйүн деген эмесмин! Өлсө башка өлсүн, бирок мен жөн эле өлө калбайм!...”

Сейде: “Сен башкаларга окшобойсуң, сен башкасың, жат адамсың... Өз элин ушундай жоо сайышканда таштап, коргологон, акыр түбү өз элине душман болот экен да... сени сактайм деп жүргөн экем, көрсө, ушундан сакташ керек эле...

Жамийла” повести Жамийла: “-Чын эле күмөн санадыңбы, кантип эле сени бирөөгө алмаштырайын!... Керек эмес түштөн кийинки сүйүүсү өзүнө буйрусун! Мейли, ким эмне десе да мен сеникимин! Мен сени бүгүн эмес, кечээ эмес. Сыртыңдан билгендей, бала болуп эс тарткандан бери сүйөм... Мына эми сен да мени издеп келдиң!...”

Данияр: “ Жамийлам, жаным-калкатайым, кызыл гүлүм! Мен дагы сени алда качан сүйгөм, өмүрүмдө көрбөсөм да, окопто жатып, сени ойлогом! Көрсө, менин сүйгөнүм, туулган жеримде тура! Көрсө, ал сен экенсиң, Жамийлам, кызыл гүлүм!...”

Биринчи мугалим” повести Дүйшөн: “ – Мен сени өмүрү жанымдан чыгарбас элем, Алтынай, бирок менин билимим жетпейт. Кантейин окуунун чыныгы жолунан калтыра албаймын. Мына эми. азыр жөнөйсүң! Бактылуу бол. Канатыңды жазып талпынгын, Алтынай. Эчтемеден тайманба, чабыттап учкун, окуй бер... Кош, Алтынай! Кош, чырагым!”

Алтынай: “-Кош, агай, кагылайын, айланайын агай! Кош, биринчи мугалимим, кош, биринчи мектебим, кош, балалык чагым, кош, жер кыртышынын астында көзү ачылбай калган, тунук булак өңдүү, эч ким билбеген, менин биринчи, менин наристе сүйүүм!”

Делбирим” повести

Илияс: - Өтө бериңиз, кете бериңиз, чоң эне! Асел: - Мен чоң эне эмесмин! Илияс: - Анда кимсиң? Асел: -Кызмын. Илияс: - Сулуусуңбу? Асел: - Өзүң көрүп баала! Илияс: -Нагыз сулуусуң! - Менини буерде экенимди кантип билдиң? Асел: - Китепканадан келаткам. Карасам жолдо сенин машинеңдин изи жатат. Илияс: - Койчу? Отурчу, Асел, бир ойноп келели.

Саманчынын жолу”

Жер Эне: “ – Эй, адамдар, дүйнөнун төрт бурчунда жашаган адамдар, силерге эмне керек - жерби? Мына мен - Жермин, мен бардык адам баласына теңмин, мага талашыңардын кереги жок, мага ынтымак керек! Айдоого бир дан таштасаңар, жүз дан кылып берем, чырпык сайсаңар, чынар кылып берем,бак тиксеңер, мөмө төгүп берем, мал жайсаңар, чөп болуп берем, там тургузсаңар, дубал болуп берем, урук-тукумуңар көбөйсө, баарыңарга жай болуп берем! Мен түгөнбөйм, мен карыбаймын, мен кенчмин, мен баарыңарга тегиз жетем! Ал эми, Толгонай, адам баласы тынчтыкта жашай алабы, жокпу, дейсиң. Өзүң ойлоп көрчү, ал менден эмес, ал силерден, адам баласынын өзүнөн, силердин ынтымагыңардан, силердин акылыңар!...

Ак кеме” повести

Бала: “Сен ага ишенбе, менин таятам андай эмес. Таятам булардай куу эмес. Ал экөөбүздү мектепке жеткирип турат. Мектеп каерде экенин сен али билбейсиң, ээ? Алыс эмес бир күнү көрсөтөм. Экөөбүз Кароол дөбөгө чыгып алып, мектепке дүрбү салып көрөбүз. Анан дагы дүрбү салып, мен сага Ак кемени көрсөтөм. Сен али билбейсиң го, дүрбү экөөбүз да ушинтип сүйлөшө беребиз. Эми бүгүндөн баштап мен, сен, дүрбү үчөөбүз болобуз....”

Бугу Эне: “ – Мына ушул жер силерге мекен болот. Жер тилип, эгин эккиле, мал багып, балык уулагыла, ошентип бейпил кеңчилик, бейкут тынчтыкта миң- миң жыл өмүр сүргүлө. Учуңар узарып, урук-тукумуңар көбөйсүн, алдыңарды бала басып, аркаңрга мал толсун. Сүйлөсө тилге жатык, укса кулакка мукам, алыстан ала келген эне тилиңерди укум-тукумуңар унутпасын, эне тилинде эл жерин даңазалап ырдап жүрсүн. Кишиден кем болбогула, башка элге тең болгула. Мен эми силерге, силердин укум-тукумуңарга Умай Энемин, силер менен түбөлүккө бирге жүрөм...”

Кызыл алма”повести

Анара: “ – Папа, папа! Эмне таптым, карачы!? Исабеков: - Алма таап алдыңбы? Анара: Ооба, тыякта жалбырактардын арасында, бекинип алыптыр, такыр көрүнбөс болуп бекинип алыптыр. Митаам ээ. Мен болбой эле таап алдым. Тим эле фонардай күйүп туруптур. Бул эң акыркы, эң таттуу алама да. Бүт бак ичинде башка бир да алма жок экен. Карачы, кооз ээ, жытычы, жыты! Тим эле күндөй! Исабеков: - Ооба. кооз экен, бу кышкы апорт тура. Бу бактыга келген алам тура! Жайы менен бул алма сени куткөн да. Ошол үчүн башкалардан бекинип калган. Мына эми сен таап алдың. Бул алманы ким жесе, ошол бактылуу болот.”

Деңиз бойлой жорткон Ала -Дөбөт” повести

Кириск: Деңиз бойлой жорткон Ала- Дөбөтүм Кыйын жолдон жалгыз кайттым, мен өзүм. Жанымда жок , Орган кары чоң атам, Жанымда жок, Эмрайин өз атам, Жанымда жок, Мылгын аке, карасаң, Ал үчөөнүн айтам жайын сурасаң, Обол суу бер, чаңкап өлүп келатам...

Фудзиямадагы кадыр түн” драмасы

Досберген: “Алмагүл буердеги дөбө дөңсөөлөргө чейин ат коюп чыкты. Топонимика дейт имиш. Экскурсия деп балдарга тыным бербейт. Тилим келбейт. “ Фудзамия” , айта албасам ал күлөт... ““ Фудзияма” дегениң айтууга кыйын экен. Өзүбүздүн толуп жаткан чокуларыбыздын аты буйрубадыбы сага?” десем, ал, “мында терең маани бар” дейт. “Фудзияма” деген “касиеттүү”,” ыйык тоо” дегенди түшүндурөт дейт.”

Эрте жаздагы турналар” повести

Султанмурат: “ Ушул алакандай кагазга жүрөгүмдү ороп, сулуулугу караңгы түндөгү чырактай, көзүмө жарык, көңүлүмө жылуулук берген айылымдагы “М” тамгага арнаймын. “Базардан миң сан киши жолугат, бирок ар ким жакынына кол берет” .... Аксай менен Көксайым, Жер соорусу турбайбы... Арзыдым сага деп айтсам, Ашыгым сөздү тыңдайбы?... – Мен сени ооруп калдыбы десем...

Мырзагүл: -Мына. Сага! (Мырзагүл жооп бербестен. Төрт бүктөлгөн жүз аарчыны берди да,башка сөз айтпастан, жөнөп кетти)

Гүлсарат” повести

Танабай: “Жаныбарым, буудан туума ат элең. Мага канат болдуң Гүлсарым, жолдош болдуң, Гүлсарым. Менин күлгүн өмүрүм, жаркын жылдарым сени менен кетти. Өмүр бою эстей жүрөрмүн. Мына эми колумда өлүп баратасың, ал ансайын мен өткөндү өксүй эстеп отурам, бууданым. Күлүк күнүң кетти, тулпар тушуң өттү, Гүлсарым. Кези келсе о дүйнөдөн жолугарбыз. Бирок, бу дүйнөдө, көзүм тирүү кезимде, сен өлбөйсүң, дайым менин эсимде жүрөсүң. Сенин дүбүртүң, бу дүйнөдө менин өмүрлүк ырым болуп кошо жүрөр...”



Кылым карытар бир күн” романы

Найман Эне: “Кулунум, сени эс-учуңан ажыратып жатканда,кулунум, кычкачтан жаңгак чаккансып, башыңа шири кийгизип, мээңди чагып жатканда, кулунум, чемгерлеп мыкчып мээңди, Сары-Өзөктүн түтүнү жок кыямат оту жаныңды куйкалап, каның катып жатканда, эриниң бир тамчы су тамызбай асман мисирейгенде, - мына ошондо бүт дүйнөгө жан берген Күн сага жексур көрүнүп, жарык чачкан Күн эмей эле, ааламдагы Эгелердин эң караңгысы, сен экенсиң деп Күндү каргай алдың бекен?... Кулунум, чымындай жаның кыйналып, жан далбастап ооналактап бакырып, кудайдан жардам сураганда, кулунум, мисирейген кайрымсыз асмандан эч жардам келбей, акылың караңгылап, жаның чыгып баратканда, - мына ошондо бу дүйнөгө бизди жаратып коюп, өзү таштап кеткен кудайды кашайта каргай алдың бекен?... Кулунум. Азапка чыдабай, акылың түбөлүккө тутулуп, эс-учуң зордоп жулунуп, өз атыңды, атаңдын атын биротоло унутканыңда, жүрөк астында көтөрүп, жарык дүйнөгө төрөгөн апа, мына ушу кунгө туш кылууга төрөдүң беле деп, кантип апаңды каргай албадың экен?...”

Кыямат” романы

Акбара:

Бөрүлүгүм ырас бирок энемин, Бөөдө кырсык басып дайым келемин. Айткандары чын болсо эгер канакей, Адамдардын аалам чексиз дегени?

Түрдүү жорук дүңгүрөтүп денени, Жок дегенде аяшпайбы энени. Күнөөсү жок бөлтүрүктөр эле го, Көз алдымда өлүп жатакан береги.

Моюн сунбай тагдырыма эгерим , Моюнкумдан качып келген себебим, Койну кенен касиеттүү Ысык- Көл, Колтугуна катып алат дегенмин.

Айбан элем, бирок жырткыч болбогом, Болгон айыбым тукумумду коргогом. Айлам куруп ай талаада калаарда, Адам уулун багайын деп ойлогом.

Ак тилек да ара жолдо таш капты, Алар неге баланы атты, мени атты? Адам- Кудай амиринин күчүнөн, Аалам тарып, асман түшүп келатты...







Тоолор кулаганда” романы

Арсен Саманчин:

“ – Тыш мамлекеттик келгин уучулар, буйругума кулак төшөгүлө, кулак түргүлө! Силерди каргыш урсун! Барстарыбызга тийбегиле! Карегиме чалдыкпай жоголгула! Жырткычтарыбызды талатпайм! Убал! Дубайларыңар менен кувейттериңерге кайткыла, алтындай ала-Тообуздан садага кеткиле! Мындан ары журтубузга жолобогула! Көргүлүктү көрөсүңөр! Эмесеби, элеп салам! (автоматты асманга тытыратат)

Айтматовдун асыл ой берметтери:

Адам дүйнөдө бир жолу жаралат, бирок ал өлүм үчүн эмес, жашоо учүн жаралат. * * * ...Бул дүйнөдө кандай күндү баштан кечирбейли, бирок адам туулуп, өлүп турары чын болсо, акыйкаттын түбөлүк жашары чын. * * * ... Атаганат, адамдын жарты өмүрү кыял менен өтөт белем. Кыялыңдын баары орундала бербегендиктен адам өмүру кымбат белем... * * *

...Ада картаят экен, бирок көңүл чиркин ага моюн сунбай, капастагы канаты менен чапкылаган куштай кээде талпынып- таншып алат тура. * * *

... Адам акылынын жаркыны өчүп, дунүйө тепкен кесири башынан ашса, арты жаман - кесепети калайман журтка тиет. * * *

Ата- эне кургур баланы көп жашайт, өмүрү узун болот, ченемсиз узун болот, чеги көрүнбөгөн узун өмүрлүү бала туулат деген үмут менен күтөт да, болбосо бала жаратып адамдар азабын тартып эмне? * * *

Баарынан аяры – баланын жан дуйнөсү. Баланын назик сезимин бузбоо керек, жанын жашык кылбоо керек. Адам так ушундай жаралган тура: адам жанын муздатып, тоңдуруп алуу оңой, аны кайра эритүү кыйын, кыйын түгүл мүмкүн эмес. Ошондон улам жарым жан балдар өсүп чыгат. * * *

... Сулуу кыз менен суу жоргонун жуучусу көп болот. Кыз тагдыры кыйын да: жакшы колго туш келсе, жадырап гүлдөйт, көргөндүн көңүлү курсант болот, жаман колго туш келсе, кор болот, көргөндө жаның кейийт, жардам беришке колуңдан эч нерсе келбейт. * * *

Аялың - жарым өмүрүң деген ошол белем, биринин кайгы кубанычын бири тең бөлүшүп жүрөр белем... * * *

...Жакшы жашап, жакшы өткөн жакшы кишинин өлүмү кайгылуу болсо да, азалуу болсо да оор жүк же кыжаалат түйшүк эмес салтанат, ошого жараша урмат-сый болушу керек. Бирөөлөр музыка коёт экен, башкалар туу көтөрүп, мылтык атып көмөт, дагы бирөөлөр гүл чачат. Ар элдин өзүнчө расмиси бар... * * *

Чакмак ташка чакмак таш гана тийбесе от чагылбайт, акын өнөрү да ушул сыңары бирине бири эрегишип, күч сынашмайынча өнөрдүн сырын ача албайт. * * *

Акчанын арааны жүргөн жерде, адалдык орун таппай чыркырап качат... * * *

...Эгер Ата Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен кошо алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле. * * *

...Кандай гана кыямат шартта калбасын, кандай гана айласыз кырдалга туш келбесин, адам баласы өзүнүн адамдык бийик наамын сактоого тийиш – ал ошон үчүн адам. * * *

Байлык адамды эсиртет, эсирген адамдын кесири көпкө тиет. * * *

Сыймык Бейшекеевдин “Маңкур баяны” ырын сахналаштыруу

Автор: Акындар айткандай, жашоо – өмур менен чогуу төрөлүп, жашоонун кун отун жандырган махабатка кимдер кабылбаган да, кимдер аны даңктап өтпөгөн. Махабат – тирүүнүн жүрөгүндө. “Махабатты кылыч менен кесе албайт, мезгил жеңе албайт, махабат кулду – бек кылат, күңдү – каныша кылып көрсөтөт, ар качан махабатты данктап өт!” – деген экен байыркы чыгыштын бир акылманы.

Чынгыз : Акырет кеткен коп эле көйкашка замандаштарыбыздын күйүтүн тарттык, анын ичинде, Бүбүсара Бейшеналиевадан ажыраганыбызда кабыргам айрыкча кайышты. Буга көп себептер бар... Өзүнүн жан сезими менен да, бүтүндөй келбети менен да бүт эркимди бийлеген, шоола чачкан махабат өмүр бою эсимден кетпейт. Атайы издеп табышканыбыз жок Капыстан табыштык...

Бүбүсара:

-Бир кылымга тете күн да болот экен да. Мен бул күндү эч качан унутпаймын...

Чыңгыз:

  • Чындап сүйө билүү – бул качан да болсо зор талант

Бегимайдын ыры” (ырдашат) Сөзү: Алмаш Чоюбекованыкы

Обону: Сардарбек Жумалиевдики



Жыйынтыктоо:

Ала – Тоонун атыр жыттуу абасын, Кыргыз жерин, казактын кең талаасын, Калем менен бүт дүйнөгө таанытты, Кылыч чаппай, жебе атпай, сөз менен, Биздин Чыңгыз бүт дүйнөнү багынтты.



Бир кылымга пайгамбардай кеменгер: “ Чыңгыз өттү” бул дүйнөдөн дегендер, -Жаңылышат. Айтматовдун арааны, Эми жүрүп, эми гана терендээр!...


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!