Довурова Муслима
Ош мамлекеттик университетинин
студенти
Кыргыздын тарыхындагы алгачкы журналист деген түшүнүк
Аннотация:
Кыргыздын тарыхындагы алгачкы журналист деген түшүнүк Макалада, Кыргызстандагы аймактык гезиттердин аталышы, аймактык өзгөчөлүгү жөнүндө сөз болот. Мезгилдүү басылмалардын ономастикасы райондук, обулустук гезиттердин аталышы менен шайкеш келип. Маалыматтарды берүүдө мезгилдүү басылмалардын ишмердүүлүгү, коомдогу орду, ролу басып өткөн жолу. Аймактык гезиттердин, бүгүнкү күндөгү маалымат таркатууда медиадагы кызматы тууралуу баяндалат.
Ачкыч сөздөр: Мезгилдүү басылмалар, ономастика, аймактык гезиттердин көз карашы, маалыматтарды таркатуудагы медианын ролу.
ОНОМАСТИКА РЕГИОНАЛЬНЫХ ПЕРИОДИЧЕСКИХ ИЗДАНИЙ
КЫРГЫЗСТАНА
Аннотация
В статье обсуждаются названия региональных газет Кыргызстана и их местные особенности. Ономастика газет отражает наименования районных и областных изданий. Также приводится информация о предоставляемых услугах периодических изданий и современных способах распространения информации.
Ключевые слова: периодическая печать, ономастика, взгляд региональных газет, роль СМИ в распространении информации
ONOMASTICS OF REGIONAL PERIODICAL PUBLICATIONS OF KYRGYZSTAN
Abstract
The article explores the names of regional newspapers in Kyrgyzstan and highlights their local characteristics. It examines how the onomastics of these newspapers reflects the titles of regional publications. The article also discusses the services offered by these periodicals and the modern methods used to distribute information.
Keywords: periodical press, onomastics, view of regional newspapers, role of media in dissemination of information
.
Ономастика (грекче onomastikos – атоого байланыштуу, опота - ысым) – 1) тил илиминде энчилүү аттарды, алардын тарыхын, тилде колдонулушун изилдейт.
– 2) Ономия – ар түрдүү энчилүү аттарга (антропонимика, топонимика, экономика жана башкалар) бөлүнүп кетет. Ономастика элдердин мурдагы жайгашкан жерлерин, миграциясын, тилин жана маданий байланыштарын, тилдердин байыркы абалын билүүгө жардам берет.
Макалада Кыргызстандын мисалында мезгилдүү басылмалардын ономастикасына, аймактык өзгөчөлүгүнө токтолмокчубуз.
Кыргызстанда жети дубан, ар бир дубан ээлеген аймагына жана жергиликтүү аймактык өзгөчөлүгүнө жараша аталыштарга ээ. Ар бир облус, ар бир район ошол өрөөндө болуп жаткан түрдүү жаңылыктарды, кабарларды коомго жеткирип жана ошол өрөөндөн чыккан жаш жеткинчектердин, коомдук ишмерлердин ийгиликтерин жеткирүүдө мезгилдүү басылмалардын орду чоң. Ошол себептен ар бир райондун өзүнө таандык гезити бар. Гезиттердин аталышы ошол райондун аталышы менен шайкеш келип үндөшөт.
Ономастикалык аймак мезгилдик жактан өзгөрүлүп, маалыматты элге жеткирүүдөгү медиа каражаттардын бири. Кыргызстандагы аймактык гезиттердин жана шаар, облусттук басылмалардын ономастикасы. «Ат-Башы жаңылыктары» гезит 1935-жылдан баштап чыгып келет. Ат-Башы районунун коомдук саясий гезитти. №2-3 (5898-99) / февраль, 2015-жылы чыккан санында. «Эч ким, эч нерсе унутулбайт», деп берилсе. 2014-жылы бир жыл башта чыккан санында болсо «Эч ким, эч качан унутулбайт деп берилген». Сандан санга чыгуучу «Ат-Башылык айдай сулуу кыздарга» деген ырлар жыйныгы чыгып турат. Мен көрүп, билген «Жеңиш жолу» чыгармасы сандан санга чыгып турат.
«Жаңы мезгил» Жаңыл районунун коомдук-саясий гезити 1933-жылы 7-ноябрда негизделген. Аптасына бир жолу кыргыз жана орус тилдеринде чыгат коомдогу болуп жаткан маалыматтардан Жаңыл районунун элдери мезгилсиз арта калбоо максатында, маалымат менен ыкчам камсыздоо үчүн атына заты жарашкан «Жаңы мезгил» гезити маалыматты үзгүлтүксүз берүгө жетишет.
«Манас ордо» Талас райондук коомдук-саясий гезити. Улуттук ар намыс, атуулдук ариет! Жерим Талас, Бабам Манас! Улутум Кыргыз, Урааным Манас! Деген ураан менен коомго маалыматы бат жана ыкчам берип турат. Талас облустуна караштуу, Манас районунун коомдук саясий гезити «Манас жарчысы» 1945-жылдан бери чыгып келет. Манастын жети осуятынан бащтап коомдогу бардык жаңылыктарды чагылдырат.
Чүй облусунун «Чүй Баяны» коомдук – саясый гезити 1996-жылдан бери Чүй облусунун тургундарына коомдогу маалыматтарды аты айтып тургандай баяндап келүүдө. «Чүй баяны» гезити Чүй облусундагы саясый, маданий, социалдык абалдары боюнча маалыматтарды жарыялап турат. «Ичүүчү сууну көздүн карегиндей сактайлы», «Аракет кылсак айыл-кыштактарда газ болот», «Чапканың катуу болсо, ичкениң таттуу болот», «Ар көйгөйлүү азганак кеп» коомдо болуп жаткан маалыматтарды баяндап берет.
Нарын облусутук коомдук-саясий гезити «Теңир Тоо» 1938-жылдын 10-августта негизделген. Мына ошол күндөн бери «Теңир Тоо» аталышында коомго тоодой маалыматтарды берүүдө.
Ысык-Көл обустунун «Ысык-Көл кабарлары» гезитти 1938-жылы негизделген.
Ош облустунун «Ош жаңырыгы» гезитти коомдук саясий гезити 1938-жылы 14-октябрда негизделген: «Кыргызстан большевиги», «Ленин жолу» деген аталышта да болгон, мамлекеттик гезит болгон үчүн маалыматы жаңыртып берүү үчүн «Ош жаңырыгы» деп аталып калган.
«Ош шамы» гезитти Ош шаардык гезити коомдук саясий гезити, Ош шаардагы саясий, маданият айдыңындагы маалыматтарды берет.
«Өзгөн нуру» гезити Өзгөн районунун коомдук-саясий гезити. Гезиттин ономастикасына токтоло турган болсок, Өзгөн бул райондун аталышы, түпкү мааниси озгон эл, б.а. дайыма алдыга умтулган маарадагы озгон деген маанини берет. Ал эми «нур» сөзү, жалпыга бирдей тегиз күн нуру сымал жарык чачкан деген маанини берет. «Өзгөн нуру» гезити маалыматтарды коомго ошол райондо болуп жаткан, ар түрдүү жаңылыктарды, кабарларды коомго жеткирип ошол акмактан чыккан, коомдук ишмерлердин ийгиликтерин, коомдук-саясий, экономикалык абалын жеткирүүдө «Өзгөн нуру» гезитинин ролу чоң.
Журналистика коомдогу болуп жаткан ар кандай окуяларга түздөн-түз катышуу менен коомдук пикир жаратат. Ошону менен бирге журналист башка атуулдардын көз карашынан келип чыккан билдирүүлөрдү жыйынтыктап, өзүнүн жеке көз карашын билдирет. Гезиттин беттеринде ар кандай темадагы макалаларды, интервьюларды, баяндамаларды жарыялап, анын жыйынтыгын чыгарат. Анын Радиодо, телекөрсөтүүдө өзүнүн активдүү жанры бар. Мисалы, гезитте «макала» - коомдо болуп жаткан олуттуу окуяны, прогрессти чагылдырган жанр жана анын тарыхы 1708-жылы М. Ломоносов «Ведомость» газетасына редактор болуп иштеген учурдан башталган. Гезит-журналга жарыяланган материалдар үч түргө бөлүнөт: саясий макала, экономикалык макала, маданий макала. Негизинен макалалар - аналитикалык жана публицистикалык болуп эки багытта жазылат.
Аналитикалык макала, аты айтып тургандай, коомдогу болуп жаткан ар кандай саясий, экономикалык жана маданий тараптарды анализдейт. Ал эми публицистикалык макала автордун берейин деген оюн көркөм деталдар менен толуктап, философиялык ойдун чагылдырылышын бекемдеп берет. Ар бир макала коомго идея жаратуу менен гана өзүнүн күчүн сактайт. Бул абалдын бирден-бир объективдүү себеби, дүйнө жүзүндө интернет колдонуучулардын санынын өсүүсү. Кыргызстанда ар бир атуул анын ичинде журналист өз оюн эркин айта алат десек жаңылышпайбыз. Журналист жазган маалыматты каалаган маалымат каражаттарына жарыялай алат. Мындай укукту мамлекеттин Конституциясы, андан келип чыккан мыйзамдар берет. Сөз эркиндигине байланышкан бир топ мыйзамдар кабыл алынган. «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коорго жөнүндө», «Маалыматты эркин алуу кепилдикдери жөнүндө», «Автордук укук жөнүндө», «Реклама жөнүндө» ж. б. мыйзамдар журналисттер үчүн негизги документтер болуп саналат. Кыргызстандын Баш мыйзамынын 14-статьясы ар бир атуулга (анын ичинде журналистке –Б.О.) өз оюн ачык айтууга, жазууга, аны жарыялоо же таркатууга толук укук берет [1].
Кыргызстан аймагында мезгилдүү басылмалардын аталышы боюнча ономастикасына сарасеп салсак.
Эң башкысы журналисттердин укугу демократиянын приниптерине таянган адам укугунун бирден бир көрсөткүчү катары да баалоого болот. Анын негизинде дүйнөлүк коомчулуктун баамында Кызгызстанда Борбордук Азиянын башка мамлекеттерине салыштырганда сөз эркиндиги бар экендиги айтылат. Мындай жыйынтыкты Казакстандагы Эл аралык «Адил сөз» коомдук фондусунун иликтөөсү 2007-жылы дагы бекемдеди [2]. Ошондон улам «Кыргызстан – Борбордук Азиядагы демократиянын аралчасы» деген атка да конгон.
Аймактык басма сөз, аймактагы болуп жаткан окуяларды, саясий, социалдык, маданий маалыматтарды белгиленген убакытка чейин коомго бат-ыкчам жеткирүү. Ошондой эле аймактык басма сөздүн коомдогу орду жана ролу чоң мааниге ээ, себеби элдин үнүн коомго, бийлике түздөн-түз жеткирүүчү чоң ролу бар. Көптөгөн аймактык басма сөздөр коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдү, аймактык басылмага жарыялоо менен көптөгөн маселелерди чечүүдө. Мисалы: «Жаратылыш байлыгы – элдин байлыгы» деген макаланын негизинде көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө болот.
Макалада жергиликтүү басылмалардын, облустардагы аттары менен бирге дал келиши, аймактык гезиттердин жергиликтүү райондун аталышы менен чогуу келиши.
Кыргызстандагы аймактык гезиттердин жана басылмалардын онамастикасы Чүй обулусундагы «Чүй баяны», Ысык-Көл облусунун «Ысык-Көл кабарлары». Нарын облусундагы «Теңир Тоо», «Ат-Башы», Талас обулусунун «Манас жарчысы», «Манас ордо» Ош аймагындагы «Ош жаңырыгы», «Ош шамы», гезиттери.
Кыргызстандын өз аймагында алдыңкы орунда келатканы менен батыш серепчилеринин баамында жалпыга дүйнө мамлекеттери менен салыштырганда «демократия аралчасы» сактай албай кол жууп жаткандай баа берилип келет. Эл аралык Freedom House уюмунун 2003-жылындагы иликтөөсүндө сөз эркиндигинин рейтинги боюнча эң акыркы орунда Түндүк Корея – 96 балл менен турса, Кыргызстан 71-орунду, Россия 66 –орунда ээлеген. Чет элдик серепсилердин баамында Кыргызстанда сөз эркиндигине болгон мамиле 2007-жылы делк жакшы жагына жагына өзгөргөн жок [3].
Мындай баа берүүлөргө карабастан жыл өткөн сайын жаңы жарык көрүп жаткан басылмалар көбөйүүдө, ошол эле учурда ар кандай себептер менен жабылып же убактылуу токтоп жатканы мындан көп. Азыркы Кыргызстанда Юститция министрлигинин маалыматы боюнча 1 миңге жакын жалпыга маалымдоо каражаттары катталган, алардын көпчүлүгүн басылмалар (гезиттер) [4].
Ошентип, Кыргыз газета-журналдарын алгач басмадан чыккан күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин бир топ чыйыр жолду басып өттү. Коомдо ар кандай кайчы-ой пикирлери солсаттагы абал гезит-журналдарга да өз таасирин тийгизген. Себеби маалымат булагы ошол кезде бир гана басма сөз аркылуу калкка жеткирилип турат. Россиялык, социялдык союз кезинде Коммунисттик партия жана жергиликтүү органдары, ошондой эле Кыргызтандагы областтык партиялык уюм, Кыргызстан Компартиясы басма сөзгө идеологиялык жактан туура эмес макала жарыяланып келе тургандай же социалдык идеологияны буза тургандай өтө оор мамиле жасап, дайыма көз алдында баамдап, турган.
Ошол мезгилдеги райондук газеталар (1988-ж 1/1)
Газеталардын аталышы. Району. Нег.жылы. Жумасы. Нускасы
1. «Ат-Башы жаңылыктары» | Ат-Башы | 1935 | 3 | 3,5 | |
2. «Жаңы мезгил» | Жаңыл | 1933 | 3 | 3 | |
3. «Теңир Тоо» | Нарын | 1938 | 3 | 5,6 | |
4. «Күжүрмөн эмгек», «Алай таңы» | Алай р-ну | 1936 | 3 | 6,6 | |
5. «Достук» | Араван | 1935 | 3 | 7,4. | |
6. «Жаңы турмуш» | Жаңы –жол | 1936 | 3 | 6,8. | |
5. «Чүй Баяны» | Чүй | 1996 | 3 | 5,6 | |
6. «Колхозчу», «Ноокат таңы» | Ноокат | 1934 | 3 | 10,8 | |
7. «Коммунизм үчүн» | Совет | 1941 | 3 | 7 | |
8. «Манас ордо», «Манас жарчысы» | Талас | 1933 | 3 | 5 | |
9. «Кызыл Туу», «Баткен таңы » | Баткен | 1938 | 3 | 5,2 | |
10. «Ленин чил» | Ленин | 1935 | 3 | 5,5 | |
11. «Октябрь туусу», «Өзгөн нуру» | Өзгөн | 1953 | 3 | 11 | |
12. «Пахтачы», «Акыйкат» | Сузак | 1941 | 3 | 9,8 | |
13. «Чаткал оттору» | Чаткал | 1983 | 3 | 2,5 | |
14. «Эмгек даңкы» | Ала-Бука | 1938 | 3 | 5,5 | |
15. «Эмгек жалыны» | Базар-Коргон | 1935 | 3 | 4,5 | |
16. «Эмгек майдан» | Кара-суу | 1938 | 3 | 16,2 | |
«Чоң - Алай» жаңыргы гезити. Чоң – Алай аймагында гезиттин тарыхы союз учурунда Чоң-Алай райондук статуска ээ болгон жылдардан башталган. Ал учурда агартуу иштери алдыңкы орунда болуп, алыскы аймактарда гезиттин ролу абдан чоң болгондуктан, райондун өзүндө басмакана ачылып, гезиттер басылып турган. Чоң – Алай районунда канча гезит чыкканы боюнча так маалымат жок, бирок райондун өзүндө
«Кызыл Туу» аттуу гезитт жарыкка чыккан. Анда 1957-жылдары редактор болуп Аравандык Мурзажанов Насиридин, жооптуу катчылыкта Эргешов Камчыбек иштеген. Бур гезит район жоюлганга чейин иштеген.
Район кайрадан статус алган 1992-жылдары гезит чыгарууга мүмкүнчүлүк болбой, жумасына эки жергиликтүү райондон берүлүүчү радио – гезит уюштурулган. Бирок бул радио – гезиттинин өмүрү кыска болуп, кийинки жылдары эле гезит жөнүндө сөз болбой калган. Ошонтип, район өзүнүн басылмасына 2000-жылдын 10-августунда жетишти анын демилгечиси, уюштуруучусу ошол кездеги райондун акими Т. Акиров болгон. Ал гезитти катоодон өткөрүү, жарыкка чыгаруу түйшүгү Исакова Үпөлгө тапшырып, көптөгөн аркеттердин натийжасында гезиттин алгачкы саны 2000 -Августтунда жарыкка чыккан. Гезиттин редактору болуп
2000-2007-жылга чейин Исакова Үпөл иштеген. Жыл өткөн сайын окурмандар чөйрөсү кеңейип, гезиттин сапаты өсүп баратат.
2011 – жылдан бери гезиттин 1-4 беттери түстүү чыгарылууда. Эхо Ош 1938-жылдын 7-ноябрдан бери чыгып келе жатат.
2002-жылы 13-сентябрдын №608 регистрация т. Мин. КР.
Ош шамы гезити 1991-жылдын 1-февралынан бери кыргыз, өзбек, орус тилдеринде апта сайын жарык көрүп келет. Тиражы 2300-5000 экз. Көлөмү А3 форматында 16 беттерден чыгып турган. Ош жаңырыгы 1938-жылдын 25-ноябрынан бери чыгып келет жана иштеп жатат. Кыргыз Туусу гезити 1924-жылы 7-ноябрда негизделген 1991-жылы 28-октябрь баасы 10тыйын башкы редактору Т. Ишемкулов. Газета 1924-жылдын 7-ноябрынан баштап чыгып келет. 1988-жылы 6-майдан 3 тыйындан сатылган. Райондук газета 1934-жылдын 19-июлунан баштап латын альфовитинде «Кыргыз Ноокат» деген ат менен чыга баштаган.
Корутунду
Басма сөздүн негизги милдеттеринин бири – коомдук пикирди жаратуу болгондуктан Кыргызстандагы ЖМК мамлекеттин саясий-коомдук турмушуна чоң таасирин тийгизип жатат. Ошентсе да Кыргызстан ЖМК эркиндиги боюнча өз аймагында алдыңкы орунда келатканы менен батыш серепчилеринин баамында жалпы дүйнө мамлекеттери менен салыштырганда «демократия аралчасын» сактай албай кол жууп жатат. Чет элдик серепчилердин баамында Кыргызстанда сөз эркиндигине болгон мамиле 2007-жылы деле жакшы жагына өзгөргөн жок, тескерисинче артка кетти. Журналисттерге болгон кысым мурдагыдан күчөгөн.
Ата Мекендик журналистика үчүн окуяларды жана пикирлерди чагылдырууда калыстыкка жетишүү – эң оор милдеттеридин бири бойдон калууда. Ондогон жылдар боюу журналистиканын теориясында советтик массалык маалымат каражаттары коммунисттик пропаганда катары иштеп келгенин жогоруда айттык. Бул жерде пропаганда дайыма биринчи орунда туруп, ал эми маалымат анын «куралы» гана болуп келген. Демократиянын шартында жашап жатат делген азыркы Кыргызстанда Жалпыга маалымдоо каражаттары көп учурда окурманга даана, так, калыс маалыматты эмес расмий бийликтин же кайсы бир таасирдүү саясий күчтөрдүн максат-мүдөөсүн турмушка ашырган «курал» боло турган маалыматтарды берүүдө.
Колдонулган адабияттар:
1. (КР Конституциясы, 2007-жыл.)
2. (http://www.adilsoz. kz)
3.(http://www.freedomhouse.com)
4.www. minjust. gov.kg
5.(Дэвит Рендалл, Универсалдуу журналистика, Жалал-Абад, 2007-ж.)
6.(С. А. Муратов, «Тележурналистиканын нравалык принциптери»
изилдөө жүргүзүүчү журналистика, 24-бет)
7.(www.bpc.kg.5.01.07).
8. /www.sundaytimes.com/.