СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздын улуттук оюндары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыздын улуттук оюндары боюнча сабактын планы

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздын улуттук оюндары»

Республикалык “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы тарабынан өткөрүлүүчү “Мыкты класс жетекчи-2023” онлайн кароо-сынагы


Класстык сааттын планы


Мугалимдин аты-жөнү:Анарбай кызы Рахат

Облусу, району, айылы:Ош облусу,Алай району,Жаңы-Алай айылы

Иштеген мектеби:№42 Самат Ашимов атындагы орто мектеби мекемеси

Классы: 9-а класс


Сабактын темасы:Кыргыз элинин байыркы улуттук оюндары


Сабактын максаты:

НК1

Кыргыз улуттук оюндардын түрлөрүн билишет.Улуттук оюндары аркылуу адамдардын ден-соолугунун өсүп өнүгүүсүндөгү мамилелеринин жыйынтыгын талдашат

НК2

Улуттук оюндар тууралуу видео,слайддарды көрүшөт,улуттук оюндарды өздөрү аткарып көрүшөт,топтордо суроолорго жооп берип талкууулашат

НК3

Улуттук оюндардын адамдардын ден-соолугунун өсүп-өнүгүшүндөгү мааниси тууралуу,улуттук оюндарды сактап калууга боло турган өз ойлорун айтышат(2мин)


Күтүлүүчү натыйжа

Улуттук оюндардын түрлөрүн атай алышат,оюндардын шарттарын түшүнүп, түшүндүрүп бере алышат.

Ат оюндарын, чүкө оюндарын, акыл оюндарын, кыймылдуу оюндарды бири биринен айрымалай алышат,

Оюндардын турмуштагы, жана адамдын ден-соолугунун өсүп өнүгүүшүндөгү маанисин айтып бере алышат.


Сабактын формасы:Интерактивдүү сабак

Сабакта колдонулган методдор: Түшүндүрмө иллюстративдик, талкуу, иликтөө, талдоо усулу.

Сабактын жабдылышы:Кыргыздардын элдик оюндарын чагылдырган буклет, фото стенд, слайд,

Колдонулган адабияттар, булактар:Кыргыз советтик энциклопедиясы,

4exam сайты,ютуп каналы,гуглхром, bilesinbi.kg/article/7470_


Сабактын жүрүшү:



Сабактын этаптары, убактысы

Мугалимдин

иш-аракети

Окуучунун

иш-аракети

Каражаттар

Уюштуруу этабы

1.Жагымдуу маанай.


Саламатсыңарбы балдар?Сабагымды баштаардан мурда төмөндөгүдөй сөздү айткым келет:Ар бир адам бул жашоодо өз максатына жете алат,болгону талыкпаган эмгек,каалоо,жана аракет керек.



2.Жаңы темага киришүү. Теманы божомолдоо


Алтын эреже

менен таанышабыз:

1.Балыктай туйлабай

2.Эликтей секирбей

3.Коёндой элеңдебей

4.Маймылдайкыйкырбай

5.Аарыдай ызылдабай

6.Таш бакадай кыбырабай

Кол көтөрүп жооп беребиз.


3.Жаңы теманы түшүндүрүү, маалымат берүү


Мугалим окуучуларды сабактын максаты милдеттери менен тааныштырып, аларга кыргыздардын улуттук оюндарын атап берүүсүн сунуштайт.

Окуучулардын жоопторун класстык тактага жазып, андан соӊ окуучуларды 4 топко бөлөт:1-топко Класстык тактадагы жазылган элдик оюндардын ичинен

1-топко: Ат оюндарын,

2-топко:Чүкө оюндарын,

3 – топко: Акыл оюндарын,

4 - топко :Кыймылдуу оюндарды бөлүп жазууну сунуш кылат.

5 минутадан кийин ар бир топ өз иштерин презентациялашат.

Презентацияга 3 минута убакыт берилет.

Презентациядан кийин мугалим ар бир топко өздөрүнө тийиштүүүч оюнду тандап алып « Улуттук оюндар» деген таблицаны толтурууну сунуш кылат.

Таблицаны толтуруга 10 минута убакыт берилет.

Улуттук оюндар:


Оюндун аталатт аты

аттары

Оюндун шарттары

Оюндун мааниси

 

 

 






1-топ.Ат оюндары

Оюундун аталышы:

Ат чабыш

Оюндун шарттары:

Эӊ күлүк аттар тандалат. . Күлүктөрдү саяпкерлер тапташат. Күлүктөр 50-60 чакырым аралыкка чейин чабылат. Күлүктөрдү чабандестер чабышат.Ат чабышта алдыга чыгып келген күлүктөргө байгелер берилет

Оюндун мааниси.

Элди ат багууга жана аттын тукумун жак-шыртууга кызыктырат. Күлүктү, күлүк ээсин, саяпкерин, чабандесин элге таанытат. Тойдун же аштын даӊазасын чыгарат.

Оюундун аталышы:

Улак тартыш

Оюндун шарттары:

Бул оюнга жашы 19 дан ашкан эркектер катышат. Алар 5-6 дан эки топко бөлүнүшөт. Ташы жок түз жер тандап алынып, аралыгы 200-300 метр жерге улак ташташ үчүн казандар орнотулат. Уткан топко байге берилет.

Оюундун аталышы:

Кыз куумай

Оюндун шарттары:

Оюнга атка чыйрак кыздар, жигиттер ка-тышат. Кызга аттын күлүгүн тандап мингизишет. Жигит качкан кызды кууп жетиши керек. Жетсе утту деп эсептелет.

Оюндун мааниси.

Жигиттерди, кыздарды шамдагайлыкка атка чыйрак отурганга тарбиялайт

2-топ.Чүкө оюндары

Оюундун аталышы:

ОРДО

Оюндун шарттары: Чарчаганды унуттурат. Кан тамырдын иштешин жакшыртат. Денени ийилчээктикке машыктырат. Булчуӊдарды чындайт. Муундардын иштешин жакшыртат. Таамай атканга, черткенге үйрөтөт. Элди биримдикке ынтымакка тарбиялайт

Оюндун мааниси.

Оюнга 20 га чейин ки-ши катышса болот. Оюнчулар эки топко бөлүнөт.Оюнга түз, тегиз жер тандалып алынат. Диаметри 14 м чейин айлана чийилип борборуна хан салынат. Хандын жанына оюнчулардын санына жараша чүкөүйүлөт. Чүкөнү чийимден көп чыгара аткан жана ханды алган тарап утат


Оюндун аталышы:

Упай

Оюндун шарттары:

Балдарды санаганга, алып кошконго үйрөтөт. Чүкөгө чүкөнү таамай тийгизкенге үйрөтөт. Ынтымакка, биримдикке тарбия-лайт.

Оюндун мааниси:

Балдар кыздар ойношот. Оюн кийиздин үстүндө ойнолот. Эки топко бөлүнүп жети чүкөдөн ат калчанат. Ханга эӊчоӊ чүкө тандалып алынат. Үч чүкө бир басым деп эсептелип 30 басымга чейинки чүкө менен ойнолот. Чүкө канчалык көп болсо ошончо кызык болот. Ханды жана чүкөнү көп уткан тарап жеӊет.


Оюндун аталышы:

Үчүм

Оюндун шарттары:

Балдарды ынтымакка, биримдикке, тил алчаактыкка, ийкемдүүлүккө, жоопкерчиликке, эмгекке тарбиялайт.

Оюндун мааниси.

Оюнду балдар, кыздар үйдө кийиздин үстүндө ойношот. Үч чүкө алып калчашат. Калчаганда чүкөнүн баары бир өӊтөй түшсө ошол утат. Уткан киши утулгандарга тапшырма берет. Берилген тапшырма аткара ала тургандай болуш керек. Мисалы: үй шыпыр, жүк жый, идиш жуу, чаүды сүрт ж.у.с.

3-топ.Акыл оюндары

Оюундун аталышы:

Тогуз коргоол

Оюндун шарттары:

Тогуз коргоолдун тактасында 18 үй, эки казан болот. Эки гана киши ойнойт. Оюнчунунун ар бири 81 кумалак алышат. Аларды 9 үйгө 9 дан бөлүп салышат. Оюнда ким көп кумалак топтой алса ошол жеӊип чыгат.

Оюндун мааниси.

Адамдын ой жүгүртүүсүн акыл эсин өстүрөт. Так эсептөөгө үйрөтөт.

Оюндун аталышы:

Дойбу

Оюндун шарттары:

Шашки оюнуна окшош. Фигуралар сөөктөн же жыгачтан жасалат.

Оюндун мааниси.

Адамдын акылэсин, ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт.

Оюндун аталышы:

Чатыраш

Оюндун шарттары:

Бул оюн жип менен ойнолот. Жиптин учтарын бириктирип түйүп колдун манжаларынын арасына салып кергенде чатыраш болуп калат. Экинчи оюнчу жипти чаташтырбай илип алышы керек

Оюндун мааниси.

Адамды эпчилдикке, кылдаттыка, ийкемдүүлүккө тарбиялайт. Муну көбүнчө кыздар ойношот

4-топ.Кыймылдуу оюндар

Оюндун аталышы:

Ак чөлмөк

Оюндун шарттары:

Бул оюн күүгүмдө айдын жарыгында ойнолот. Оюнга катышкан балдар кыздар эки топко бөлүнүп жыгачтан же сөөктөн жасалган ыргытылган чөлөмөктү таап маарага жеткирүү керек. Кайсы тарап тарттырып жибербей маарага жеткирсе ошол тарап утат.

Оюндун мааниси.

Байкагычтыкка, тап-кычтыкка үйрөтөт, Тез чуркаганга, шамдагайлыкка машыктырат

Оюундун аталышы:

Чикилдирик

Оюндун шарттары:

Көбүнчө тестиер балдар ойнойт. Узундугу 50 жана 10 см. Болгон жоондугу камчы саптай эки жыгач керек. Кичинекейи балек деп аталып эки учу учталып коюлат. Оюнду баштаган бала таяк менен балекти чабат. Оюнчулар түшкөн жерине балекти алып чикитте турган таякка тийгизиши керек.

Оюндун мааниси.

Таамай урганга, шамдагайлыкка, эпчилдикке машыктырат.

Оюндун аталышы:

Аркан тартыш

Оюндун шарттары:

Балдар же кыздар эки топко бөлүнүп алып аркан тартышат. Кайсыл топ ортодогу чийимден өтүп кетсе ошол топ жеӊилет.

Оюндун мааниси.

Күчтүүлүккө, шамдагайлыкка машыктырат, Ынтымакка, биримдикке тарбиялайт.

Оюндун аталышы :Жоолук таштамай.

Оюндун шарттары:

Балдар канча болсо тегерете отурат. Ал балдардын арасынан кызбы, эркекпи жоолугун эшип алып олтурган балдардын аркасы ме­нен кыдырата басып келе жатып, жоолугун бир баланын аркасына эч кимге билгизбей таштап коёт. Анын таштаганын билбей калса, дагы айланып басып келип жоолук ташталган баланы жоолукту ала коюп сабап калат. Эгерде артына жоолук таштаганын байкап калса, ал (бала, же кыз) тура калып, таштап кеткенди (бала, же кызды) кууп жөнөйт. Качкан бала ордуна отурганча кууп жетсе, жоолук менен чабат. Жетпей калса, тегерете айланып жоолукту таштап оюнду улантат.

Оюндун мааниси:

Балдарды ынтымакка, биримдикке, ийкемдүүлүккө тарбиялайт

Оюндун аталышы:

Ак терек, көк терек 

Оюндун шарттары:

Ак терек, көк терек -балдардын оюну. Чогулган балдар, кыздар акты-каралы болуп эки тарапка бөлүнүп, маңдай тескей эки бөлөк тизилип, бири-биринин колдорун бекем кармашат. Тутум боюнча оюн баштоого укук алган тарап жапырт үн менен:- Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек, - дешет.

Экинчи тарап бир баланын же кыздын атын аташат. Аты аталган бала жүгүрүп келип, каршы тарапта кол кармашып тургандардын бош же алсыз деген жеринен үзүп кетүүгө аракеттенет. Кол кармашып тургандардын колун бөлө албай калса, өзү ошол тарапка кошулат. Эгерде кармашып турган колду бөлүп кетсе, бөлүнгөн балдардын бир тобун өз тарабына кошуп алат.Ушундай эле аракетти экинчи тарап жасайт. Белгиленген убакыт бүткөндө кайсы тараптын балдарынын саны көп болсо, ошол тарап уткан болот.

Оюндун мааниси:

Балдарды ынтымакка, биримдикке, тил алчаактыкка, ийкемдүүлүккө, жоопкерчиликке, эмгекке тарбиялайт.

Оюндун аталышы:

Беш таш, же топ таш 

Оюндун шарттары:

Беш таш, же топ таш - жаш балдардын, көбүнчө кыздардын чакмакка окшогон оюну. Аны ойногонго экиден көбүрөөк балдар катышат. Оюнга катышкандардын бир тарабынан бирөө колундагы таштарды жерге чачат. Арасынан бир ташты алып аны жогору ыргытып, ал жогортон келгенче жерден бир таш алып ыргытылган ташын тосуп алат. Жыдыбай жердеги төртөөнү бирден алып, оюнун улантып, экиден, үчтөн, акыры төртөөнү чогуу бир жолу алып утат. Эгер макулдашуу узак ойноо болсо, беш ташты көкөлөтө акырын ыргытып, анын бирөөсүн колунун сыртына то­суп, анан аны кайра жогору ыргытып, ташты ыргыткан колунун алаканы менен тосуп алат. Жерге түшкөн таштар­ды сол колунун бармак, сөөмөйүн жерге такап, экөөнү алдынан өткөрө бирден шилтейт. Жыдыбай баарын өткөрсө, оюнун улап экиден, үчтөн, акыры төртөөнү бир шилеп өткөрөт. Жыдыса, оюнду атаандашынын кезектегисине бе­рет.

Оюндун мааниси:

Балдарды эпчилдикке,кылдаттыка, ийкемдүүлүккө тарбиялайт.Муну көбүнчө кыздар ойношот.




























































Чүкө
























































































Тогуз коргоол тактасы














































Ак чөлмөк
























Балек





















Аркан




























Жоолук










































































5 таш














4.Чыгармачылык жумуш/ Практикалык иш


Презентациядан кийин мугалим бул оюндарды кыргыздар гана ойнобостон кыргыз арасында жашаган казак, өзүбек, тажик, орустар да ойношкондугун, ошондуктан бул оюндар улуттук гана эмес элдик оюндарга айлангандыгын айтып сабакты төмөндөгүдөй суроолорго жооп алуу менен жыйынтыктайт.



5.Кайтарым байланыш/ Рефлексия

Рефлексия

1.Топто сен кандай милдет аткарадыӊ?

2.Топтун ишине кандай салым коштуӊ?

3.Топто иштөөдө кандай кыйынчылыктар болду?

4.Кайсы топтун презентациясы сага өзгөчө жакшы? Эмнеси менен?

5.Бүгүнкү сабакта сен өзүӊө эмне ала алдын?




6.Үй тапшырмасы


https://4exam.ru/test/16580/

ушул ссылка менен кирип үй тапшырмасын аткаргыла

https://bilesinbi.kg/article/7470_Ylyttyk_oundardy_bilem_deseniz_byl_kyzyktyy_testten_otynyz/?utm_campaign=playbuzz&pb_traffic_source=whatsapp&utm_source=whatsapp


 4exam.ru/test/16580/ушул ссылкага кирип тапшырманы аткарышат

https://bilesinbi.kg/article/7470_Ylyttyk_oundardy_bilem_deseniz_byl_kyzyktyy_testten_otynyz/?utm_campaign=playbuzz&pb_traffic_source=whatsapp&utm_source=whatsapp


bilesinbi.kg/article/7470_


7.Сабактын корутунду этабы







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!