СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыздын улуттук оюндары.

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыздын улуттук оюндары.»

Кыргыздын улуттук оюндары



Ар бир эл өзүнүн салты, үрп-адаты менен гана эмес өздүрүнө тиешелүү болгон (салттык) улуттук оюндары менен да айырмаланат. Ал эми кыргыз элинин улуттутк оюндары болуп ордо, тогуз коргоол, оромпой, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, аңгилдек, уюм тууду, селкинчек, упай жана башка ат оюндарынын түрлөрү эсептелет.

Кыргыз эли өз жашоо тарыхында татаал жолдорду басып өсүп, эли жерин, маланын ал тургай коңшулаш жашаган тектеш тилдүү калктарды да сандаган жоодон, табийгаттын катаал кырсыктарынан коргоп келген. Ошону менен катар өз биримдигин, үрп-адатын, салтын, кылымдар бою түзүлгөн маданиятын көөнөртпөй сактаган. Не бир ажайып ыр күүлөр, элдик кол өнөрчүлүктүн түмөн түрү, макал ылакаптар, жомоктор, ал эмес залкар эпосорго чейин тилден дилге өткөрө аздектелип эс акылдын кудурети менен ушул күнгө жетти.

Негизинен ал оюндарда элдин ой тилеги, үмүтү, кубанычы, өкүнүчү, эрдиги, эркиндик теңдикке умтулуусу, адилеттик, акыйкаттык үчүн болгон күрөшү камтылган. Ал оюндардан элдин педагогиканын мыкты үлгүлөрү, элдик терең философиялык көз караштар, улуттук өзгөчөлүк көрүнүп турган.



Эл тагдырына көмөктөш оюндар адам коомунун бардык мезгилдеринде өмүр сүрүп, доордун өнүгүшүнө, өзгөрүшүнө, талабына жараша жаңыланып алымча-кошумчаланып, ар кандай сапаттарга, түрлөргө өтүп түбөлүктүү жашоосун уланта берген. Элдик маданияттын, дөөлөттүн айныгыс бөлүгүнө айлантат. Ага умтулган адамзат доорунун өзгөргүс жолдошу болгон. Баарынан да калкты дене түзүлүш жактан жеткилең тарбиялоодо, кооздукка, сулуулукка умтулууда бирден бир курал — бул кыймылдуу оюндар, ыр күүлөр, санат-санжыралар, жаңылмачтар, табышмактар болгонун эч ким тана албас.



Кыргыздар да эл болуп жаралгандан өздөрүнө мүнөздүү ар кыл доорлорго, мезгилдерге, ошол көздүн социалдык шартына жараша ошого таандык оюндарды жаратышкан. Эл канчалык көчмөн өмүр сүрүп, сабатсыз болгонуна карабай калың калктын башынан өткөргөн өмүрдүн элесин унутулгус кылыш, оюн өнөрүндө калтырып, келечек урпактарга белек катары сактап келиптир.Ар бир оюнду өткөрүүдө ага катышууга оюнчулардын жаш курактарын, даярдыктарын, жекече өзгөчөлүктөрүн, жынысын, оюнда колдонулуучу аспаптарды, оюн өткөрүлүүчү жайларды эсепке албай коюуга болбойт.



Сунуш кылынган оюндардан ар түрдүү шарттарда уюштуруп жана колдонуш үчүн каалаганын тандап алууга кыйынчылык түзүлбөйт. Маселен; аспаптар, оюн өткөрүү үчүн жай, элдик майрамдарда, айыл-чарба эмгекчилеринин күнү белгилеген шаңдуу күңдөрдө, тойлордо, нооруз майрамын майрамдоодо, же болбосо жөн гана күндөлүк машыгууларда, ар кандай кружоктордо каалаган оюндарды тандап алып өткөрө берсе максатка ылайык болот.



Эл болгон соң ой-тилеги, умтулуусу, үмүтү, жакшылык-жамандыгы окшош эмеспи. Ошондуктан, кээ бир оюндардын аттары, аткарышыш башка калктын оюндарына окшош болушу да табигый нерсе. Айрыкча, коңшулаш Орто Азия жана Казакстан жумур уяттарынан биздин эл дегидей түркүн оюндарды азбы, көппү жолуктурууга мүмкүн. Элдик оюндардын мааниси канчалык зор экендиги ар бир гражданга белгилүү. Бул тууралу мына кечеги эле болуп өткөн эл депутаттардын курултайында олуттуу сөз болду. Айрыкча социалдык экономикалык түзүлүштү кайра курууну тездетүүдө чоң, мааниге ээ экендиги баса белгиленди. Анткени, элдик оюндар дене тарбиясына гана колдонулуучу демейки гана көнүгүүлөр эмес советтик патриоттукка, интернационалдык тарбияда, негизги — гуманитардык умтулууну, улуттар арасындагы мамилелерди жакшыртууда жана жакындатууда берген таасири баас.









Улуттук оюндар

  • Ат секиртмей

  • Багалак

  • Орто топ

  • Токол эчки

  • Урмай уруу

  • Сөөк сындырмай

  • Ит тартыш

  • []]

  • Чатышмай

  • Төө жана жамбаштаган кыргыз (төө сатуу, төө чечмей)

  • Келин жарыш оюну

  • Чүкө бекитүү

  • Так орун

  • Кыз куумай

  • Ак чөлмөк

  • Жоолук таштамай

  • Ак терек, көк терек

  • Аркан тартыш

  • Беш таш, топ таш (Беш таш)

  • Жашынмак

  • Качма топ

  • Таламай

  • Селкинчек

  • Шакек салмай

  • Тогуз коргоол

  • Ат чабыш

  • Оодарыш

  • Улак тартыш