Сабактын темасы: Кыргызстан-менин Ата Мекеним!
Билим берүүчүлүк максаты:
Окуучуларга гимн, герб, туу(желек) жана конституция түшүнүктөрү жөнүндө маалымат берүү;
Кыргыз туусунун, гербинин жана гимнинин символикалык касиеттери жөнүндө маалымат;
Өнүктүрүүчүлүк максаты:
Окуучулардын маалыматтык маданиятын калыптандыруу;
Мамлекеттик символика жөнүндө маалыматтарга жана түшүнүктөргө талдоо жүргүзө билүүгө, алардын маанисин, маңызын туура жана так аныктай билүүгө үйрөнөт;
Тарбиялык максаты:
Окуучуларды өз Ата Мекенинин мамлекеттик символикасын мекенчилдик рух менен таанып билүүгө үйрөтүү;
Ата мекенине сыймыктануу сезимин ойготуу;
Топтордо өз ара байланышта иштей билүү көндүмдөрүн калыптандыруу;
Сабактын тиби: Жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болу сабагы.
Сабак өтүү ыкмасы: Таанып-билүүчүлүк маалымат берүү, топтордо иштөө, аңгемелешүү.
Сабактын планы:
Кыргызстандын символдору;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни;
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Негизги түшүнүктөр: герб, гимн, туу(желек), конституция, көзкарандысыздык, мамлекет, эгемендүүлүк.
Сабактын жабдылышы:
Сабактын чоң ариптер менен жазылган аталышы (доскага, плаката жа слайда);
Кыргыз Республикасынын картасы;
Кыргыз респуьликасынын гербинин, туусунун плакаттары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекетти гимнинин текстти, музыкалык жазмасы;
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын китепчеси же плакаты;
Сабак эки бөлүктөн турат:
Топтордо иштөө;
Синквейн түзүү;
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу иштери;
Мугалим:Саламатсыңарбы балдар! Көптөн күткөн коңгуроо да кагылып,
Келди мына жаңы окуу жаңырып!
Быйыл биздин сүйүктүү мамлектебиздин эгемендүүлүккө жетишкенинин 20 жылдыгы. Бүгүнкү өтө турган тарбиялык саатыбыздын темасы ушул салтанаттуу майрамга арналган. Сабагыбыздын темасы доскада жазылган.
Ата Мекен!
Сен ажайып керемет!
Тоодой чалкар, Көлдөй көркөм.
Көк асмандай кепкенен.
Жүрөгүмдөн бөлүп алгыс,
Ак дилимден сүйүүм жангыс,
Ата Мекен – Ата Энем!
деген ыр саптарында биздин Ата мекенибизге болгон сүйүүбүз чагылдырылган.
Таанышуу
1-кадам: Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналып өтүлүп жаткан сабакты баштайлы. Силер столдун үстүндөгү түстүү барактардан өзүңөргө жаккан түсүн тандап алгыла.
2-кадам: Балдар мына силер ар кимиң түрдүү кагаздарды тандап алдыңар. Эми айткылачы эмне үчүн ушул түстү тандап алдыңар? Ал түс эмнеси менен силерге жагат? Кыскача бир сүйлөм менен айтып бергилечи.
Ишке киришүү.
3-кадам: Балдар келгиле тандап алган түтөрүңөр боюнча окшош түстөр топтошуп отургула.
Сары түс – Кыргыз Республикасынын символдору.
Кызыл түс – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби.
Жашыл түс - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни.
Көк түс - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги.
Ак түс - Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
4-кадам: Балдар топторго бөлүнгөнгдөн кийин ар түстөгү топторго тиешелүү тапшырмалар таратылат.
Кыргыз Республикасынын символдору, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө маалымат жазылган баракчалар топторго таратылып берилет.
5-кадам: Балдар ал тексттерди таанып билгенден кийин ар кимиси тапшырмаларын аткарганга киришет. Окуучуларга маркер, ватман кагаздары ж.ж. керектүү каражаттар таратылып берилет да, алар синквейн, долбоор, кластер формасында тапшырманы аткарышат.
6-кадам: Топтор тапшырманы аткарып бүткөндүгүн кол чаап билдиришет. Бардык топтор аткарып бүткөндөн кийин тапшырмаларын жактаганга өтүшөт. Ар бир топтон 1 же 2 өкүл өз темаларын жакташат.
ТЕКСТТЕР
Кыргыз Республикасынын символдору (Сары түс) .
Дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттердин герби, желеги, гимни, конституциясы болот. Анткени алар мамлекетти башкы символдору. Кыргыз Республикасынын символдору качан пайда болгон? Кыргыз Республикасы 1990-жылы 31-августта көзкарандысыздыкты алгандан кийин өзүнүн эгемендүү гербине, туусуна, гимнине жана коституциясына жана ошондой эле улуттук валютасына расмий түрдө ээ болгон. Демек, Кыргызстан өз алдынча эгемендүү, көзкарандысыз мамлекект болгонуна быйыл 20 жыл болду.
Биздин мамлекетибиз мурун Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) деген өлкөнүн курамында болгон. Ага 15 республика кирчү. 15 союздук республикалардын ар биринин өзүнүн мамлекеттик символикалары бар болчу. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин жаңы символоикалардын болушу зарыл болгон.
Символ деген сөз грек тилинен Simdolon (Simbol) деген сөзүнөн алынган. Ал – белги, мүнөздүү белги, уруксат белгиси дегенди түшүндүрөт. Символ – материалдык предметтердин жыйындысынын белгиленген элементин, белгилерди көрсөтүүдө колдонулат. Ошондой эле символ кандайдыр бир ойду, идеяны билдирет.
Биздин оюбузча символ деген бул муундан –муунга берилүүчү буюм, нерсе, окуялардын социалдык жактан белгиленген мазмундуу мааниси: күн, ТОО, дарак, туу, шакек, крест ж.б. түрүндө каралат.
Кыргыз Республикасынын мамлекетти Герби. (Кызыл түс)
Гербдерди өздөштүрүп изилд өөчү илим геральдика деп аталат.
Адамдар гербдерди качан ойлоп табышкан деген суроо жаралышы мүмкүн. Гербдердин тарыхы жүздөгөн жылдар мурун башталган. Байыртадан бери эле уруу башчыларынын мураскерлери өз уруусуна башчылык кылуу менен анын эе тамгасын (белгисин) кошо мурастап келишкен. Мына ушул уруулук белгилер – эн тамгалар геральдиканын башталышы болуп саналат.
Балдар биздин гербдин түзүлүшү кандай белгилерден түзүлгөн , ал өзүнө кандай сүрөттөрдү? эмнелерди камтыйт ? Келигле биздин гербдин курамдык бөлүктөрүн сыпаттап чыгалы. (тоодон чыгап келе жаткан күн, ыйык асмандын ээси тоо бүркүтү – Манас менен Семетейдин Акшумкарынын, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун, касиеттүү Ысык-Көлдүн, буудай менен пахтанын сүрөттөлүшү, түстүн мааниси).
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби 1990-жылы 14-январда бекитилген. Авторлору: А.Абдраев, С.Дубанаев.
Кыргызстандын мамлекеттик символу – гербде ак кыр бууланган көк түстөгү тегеректин ортосунда ок мелжиген тону мекендеген кыргызстандыктардын бийик ой-максатын билдирген Ала-Тоо кыркалары, айкөлдүгү жана көрөгөчтүктү туюндура канат жайган тоо бүркүтү ак шумкар, жаратылыштын ажайып кооздугунун, өмүр булагынын жана күч-кубаттын символу болгон мелмилдеген Ысык-Көл, алтын нурларын чачыратып тоо башынан чыгып келаткан Күн чагылдырылган. Ал эми тегеректин жогорку бөлүгүндө «Кыргыз», төөн жагында «Республикасы» деп жазылган.
Балдар Кыргыз Республикасынын мамлекетти греби кайсы жерлерге жайгаштырылат?
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу (Көк түс)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кызы түсү эрдиктин жана кайраттуулуктун символун, өзүнүн нурларына бөлөнүп жаткан алтын түспөл күн тынчтыкты, байлыкты, ал эми түндүк – ата-бабалардын үйүн, кеңири мааниде ааламды туюндурат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу – ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичинде кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кедемеден жасалган. Кызыл түс – эр жүрөктүүлүктүн, каармандыктын, кайраттуулуктун, айкөлдүктүн жана сүйүүнүн символу. Нурларын кырк бөлүнтө чачыраткан Кун – бейкуттукту, байлыкты билдирет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекетти туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы 8-сессиясында кабыл алынган, 5-мартта Өкмөт үйүнүн имаратында салтанат менен көтөрүлгөн.
Туунун авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни (Жашыл түс)
Кыргызстандын дагы бир мамлекеттик символу – гимни.
Гимн – бул салтанаттуу ыр. Кыргызстандын гимни – биздин Ата Мекенибиздин улуулугу жана сулуулугу жөнүндөгү салтанаттуу ыр.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 18-декабрындагы чечими менен бекитилген. кабыл алынган күнү 1992-жылдын 18-декабры.
Гимн конкурстун негизинде кабыл алынган. Бардыгы 5 текст түшкөн. Ошолордун ичинен азыркы ырдалып жүргөн гимнибиз кабыл алынган.
Мамлекеттик гимн – элдин сүйүүсү жана патриоттук сезими чагылдырылган мамлекеттик эң башкы ыр. Ошондуктан гимндин текстинин сөздөрүн ар бир жаран жатка билүүгө жана ырдоого милдеттүү. Аны туруп угушат жана аткарышат. Демек, мамлекеттик гимнди жатка билүү силердин дагы парзыңар.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (Ак түс)
Конституция деген эмне? Биз мамлекетибиздин конституциясы жөнүндө кеп баштаардан мурун ал жөнүндө билип алышыбыз керек. Дүйнө жүзүндөгү элдердин юридикалык терминологиясына кирип, алардын сөздөрүндө кеңири пайдаланылып калган конституция деген сөздүн латын тилинен алганда эки мааниси бар. Тарыхый түрдө калыптанып калган мааниси – бул негизги мыйзам. Тактап айтканда мыйзам актыларынын өзгөртүлбөс бөлүгү.
Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун өлкө жарандары жалпы талкуулап, 2011-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган. Бул конституциянын мурдагы конституциядан эмне өзгөчөлүгү бар?
Биринчиден, президенттин ыйгарым укуктары чектелди.
Экинчиден, социалдык жана экономикалык программаларды жүзөгө ашыруу үчүн Өкмөткө чыныгы бийлик берилди.
Үчүнчүдөн, саясий партиялар аркылуу калктын ар кандай катмарларынын өкүлчүлүктөрүнөн турган жана коллегиялуу орган болуп саналган Жогорку Кеңешке маанилүү мамлекеттик милдеттерди чечүүдө башкы ролду ыйгаруу, обьективдүү сот системасын түзүү аркылуу мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ыйгарым укуктарын теңдештирүү жетекчиликке алынды.
Төртүнчүдөн, келечекте мамлекеттик бийликти бир колгоо топтоо менен анны кыянаттык максаттарга пайдалануу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын Конституциясы преамбуладан, 10 бөлүмдөн, 114 беренден турат.
2-бөлүк.
Синквейн менен иштөө
Кыргызстан
Эркин, көз карандысыз
Өнүгөт, өркүндөйт, реформаланат
Төгөрөгү төп чакан дөөлөт.
Ата Мекен
Туу
Салтанаттуу, нарктуу
Желбирейт, ыргалат, шердентет.
Жарандык бийик мүдөөнүн символу.
Асаба.
Гимн
Салтанаттуу, ыргактуу.
Ырдалат, шыктандырат, сыймыктандырат.
Кыргыз жеринин бейкуттугун даңазалайт.
Ыр.
Герб
Сыймыктуу, айырмалуу.
Тагылат, белгилейт, шердентет.
Мамлекеттин өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат.
Белги.
Карама-каршы түзүлгөн синквейн.
Кыргыз
меймандос, ынтымактуу.
Эмгектенет, өнүктүрөт, коргойт.
Эң байыркы улуу эл.
Улут.
Кыргыз
Ыкшоо, ырксыз.
Эмгектенбейт, билбейт, ойлонбойт.
Эң байыркы улуу эл.
Эл.
Кыргызстан
Күностүү, эгемендүү.
Өнүгөт, өркүндөйт, реформаланат.
Береке, байлыкка мол өлкө.
Ата Мекен.
Кыргызстан.
Адилетсиз, авторитардык.
Реформаланбайт, өнүкпөйт, курулбайт.
Ырысы чачылган ырксыз өлкө.
Мамлекет.
Сабакты жыйынтыктоо:
Мугалим: Биз Кыргыз Республикасыны көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесине арналып өтүлгөн бүгүнкү сабакта Кыргызстандын символдору – башкы белгилери жөнүндө маалыматтарды уктук жана чогуу талкууладык. Биз аларды билүүгө милдеттүүбүз, анткени алар биздин сүйүктүү Ата Мекенибиздин – эгемендүү кыргыз жергебиздин мамлекеттик белгилери болуп саналат.
Үйгө тапшырма: Кыргыз Республикасынын символикасы жөнүндө окуп, «Менин Ата Мекеним» деген темада эссе жазып, сүрөт тартып келүү.