СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстан тарыхы сабагына киришүү 7-класс

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргызстан тарыхы сабагына киришүү 7-класс»

Сабактын темасы: Киришүү


Сабактын максаты: -Окуучулар Кыргызстан тарыхы сабагынан Кыргызстанда кандай тарыхый окуялар болгону жөнүндө кеңири маалымат алышат жана түшүнүшөт.

Сабактын жабдылышы: Ноутбук, окуу куралдар

Сабактын жүрүшү: -Уюштуруу -Жагымдуу маанай түзүү -Үй тапшырманы суроо

Жаңы тема: Киришүү

Саламатсыңарбы урматтуу окуучулар! Кыргызстандын тарых китебинен IX -XVIII кылымдагы урунуттуу учурларды камтыган окуяларды биз окуп, кененирээк маалымат алабыз. Дээрлик миң жылдыкты камтыган бул доор – байыркы бай тарыхы бар кыргыз улутунун андан аркы өнүгүшүнүн жана Евразиянын кеңири мейкиндигине жайылышынын мезгили болду.

Бул доор – ар башка цивилизация очокторунун өз ара байланышынын тереңдеши менен да байланыштуу болду. Кыргыз элине ар башка диндеги жана ар кыл манданий тарыхы бар нечендеген элдердин өкүлдөрү жуурулушту. Ошол эле учурда кыргыздардын жана аларга тили тектеш кыпчактардын бөлүктөрү да Эдил (Волга) боюна, Чыгыш Европага чейин жетип, булгар, башкыр сыяктуу боордош элдерге жуурулушту. Айрым кыргыздар Ооганстанга, андан ары Кичи Азияга чейин жетишти, огуз, түркмөн жана башка калктарга жуурулушту. Андан сырткары дагы бир катар аймактарга Сибирге, Монголияга,Манчужурияга чейин көчүп-конуп жүрүп этностук биримдигин сактап калды. Ошону менен бирге эле кыргыз этнонимин жана кыргыз менен байланыштуу жер – суу аттарын калтырган бабаларыбыздын топтору да болду. Орто кылымдардын эрте мезгилинде , б.з. V кылымда теңир-Тоодон Эне-Сайга журт которгон кыргыздар VI кылымда Эне-Сай боюндагы кең өрөөндү мекендеп, өз алдынча мамлекетти калыбына келтиришкен. Бул мамлекет тарыхты “Эне-Сай Кыргыз каганаты” деген аталыш менен калган.

XIV-XVI кылымдарда Теңир -Тоолук жана памирлик кыргыздар Монголстандагы, андан соң Тарим жана Фергана өрөөндөрүндөгү саясий окуяларга жигердүү аралашып турду. Мухаммед Кыргыз, Кубат бий, Ажы бий өңдүү белгилүү инсандар эл үчун кызмат өтөп, аттары түбөлүккө тарыхта калды. Кыргыздар коңшу өлкөлөр, элдер менен ар дайым ынтымактуу жанаша жашоого, өз ара пайдалуу мамиле, байланыштарды түзүүгө умтулган.

Сабакты бышыктоо: Суроо-жооп

Үйгө тапшырма берүү: Киришүү