СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстан тарыхы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыздар – алтай тил түркүмүнүн ичинен түрк тилдер тобуна кирген байыртадан белгилүү улут.

 

Алардын негизги бөлүгү түпкү улут катары Кыргызстанда байырлайт.

 

Кыргыздар Борбордук жана Ички Азиядагы байыртадан бери маалым түрк эли болуп саналат.

 

Кыргыздар өз негизги атажурту Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан сыяктуу борбордук азиялык пост-советтик республикаларда, Кытай Эл Республикасында (Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагы, Маньчжуриядагы Хейлунжаң вилайети, Түндүк Тибет, Тарбагатай, Текес, ж.б.), Ооганстан, Пакистан, Түркия, Орусия, Австралия, АКШ, Германия, Улуу Британия, Франция, Чехия, Египет ж. б. өлкөлөрдө да байырлашат.

 

Тили б-ча Кыргыздар түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Динге ишенүүчүлөрү мусулман динин (сүннийлердин ичинен ханафий мазхабын) тутушат. Айрымдары – атеисттер. Кээлери – бутпарастар (маселен, Кытайдын Тарбагатай аймагындагы калмак-кыргыздар).

 

Мурдагы СССРде Кыргыздар өз жазмасында оболу араб жазмасын, андан соң латынча, акыры – 1940-жылдан тартып орус алфавитин пайдаланса, башка айрым өлкөлөрдөгү Кыргыздар (Кытай, Ооганстан, Пакистан, Иран, арап өлкөлөрү) араб алфавитин колдонушат. Түркияда, Батыш Европада, АКШда, Канадада, Австралияда байырлаган кыргыздар латын жазуусун колдонушат.

 

Кыргыз улутун кураган негизги этностук компонент - байыркы кытай жылнаамаларында алгач б. з. ч. 202-201-жылдарда эскерилген байыркы Кыргыздар (гяньгунь же цзянгун) бКыргыздардын түпкү тарыхы хун дооруна байланышкан.

 

Байыркы Кыргыздар болжол менен Чыгыш Теңир-Тоонун Манас дарыясынын атырабында жайгашкан.

 

Кийнчерээк, б.з. 5-кылымда, алардын оодук бөлүгү Энесайга (Түштүк Сибирге_ журт которуп, мында 6-12-кылымдарда Энесай Кыргыз кагандыгын негиздеп, өнүктүрүшкөн. 5-6-кылымдарда Энесайдагы жергиликтүү динлиндерди жана башка сибирдик түрк урууларын Кыргыздар өздөрүнө сиңирип алган.

 

Алардын айрым бөлүктөрү 10-кылымдын ортосунан тартып кайрадан Теңир-Тоо аймагында жана ага тарыхый коңшулаш аймакта - азыркы Моңголиянын түндүк-батышында, азыркы Кыргыз-Көл (моңголчо Хирхис-ноор) аймагында жашаган.

 

 

Байыртадан эле Кыргыздардан өз алдынча мамлекети, орто кылымдардын эрте мезгилинде – Кыргыз кагандыгы болгон.

 

 

840-ж. Кыргыз кагандыгы Борбордук жана Ички Азиядагы Уйгур кагандыгын талкалаган жана алардын бөлүгү Чыгыш Түркстанга качкан уйгурлардын артынан кууп келип, Теңир-Тоо аймагына туруп калышкан соң, акырындап ислам динине өтө баштаган.

 

Кыргыздардын айрым топтору чыгыштан Теңир-Тоого кара кытайлардын, наймандардын жана моңголдордун жортуулу учурунда да (12-13-кылымдарда) оошуп келген.

 

Эне-Сай Кыргыздарынын айрым бөлүктөрү түштүк-чыгышка да ооп, алардын бир катары бүгүнкү күндө Түндүк Кытайдагы Фу-йу уездинде өз этностук ысымын ж-а тилин сактап, жашап жатышат.

 

14-кылымдан 18-кылымдын башына чейин Эне-Сайда Кыргыздардын чоң тобу (Сибирь Кыргыздары) моңголдордун алтын-хандарына, кийинчирээк ойротторго (калмактар) баш ийип (кээде сөз жүзүндө гана баш ийип, өз эгемендигин сактап) келишкен.олуп саналат

Просмотр содержимого документа
"Кыргызстан тарыхы"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!