Просмотр содержимого документа
«Кыргызстандагы кидандар жана наймандар»
Ош мамлекеттик педагогикалык университети
Тема:Кыргызстандын аймагындагы кидандар жана наймандар
Окутуучу: Тагаева.Э
Студент: Советбек кызы Зулайка
Группа: Ин-20
Кара-кытайлар азыркы Монголия менен Кытайдын түндүк чыгышында жашаган сегиз моңгол урууларынын биригишинен улам түзүлгөн. Алар Кыргызстандын аймагында XIIк. Биринчи жарымында пайда болушкан. Эл өзүн кытай деп атаган. Кытай булактарында аларды “кыдан” деп, мусулман булактарында болсо “кара кытай” деп аташкан. Алардын урпактары кийин кытай, кара кытай деген ат менен кыргыз элинин курамына кирген.
X кылымда кара-кытайлар борбордук азиялык көптөгөн урууларды багындырышып, Түндүк Кытайды жеңип алышкан. 937-жылдан тартып, алардын мамлекети жана династиясы Ляо (темирдей) деп аталып, бир кылымдан ашык жашайт. (907-1125-жжю) Ляо империясы түпкү теги туңгус чжурчен эли (манжур) тарабынан талкаланган болчу. Чжурчендер же манчжурлар этникалык жактан монголдого жакын эл болгон. Ляо династиясынын өкүлдөрүнүн бири Елүй Даши калган эли менен түндүк тарапка Енисей кыргыздарын көздөй кире качкан. Бирок кыргыздар аларды кубалап чыгышат. Андан соң алар Эмил өзөнүнүн (азыркы Кытайдын Казакстан менен чек арасына жакын жерде) орношот. Мында ал бытыранды качкын кытайларды чогултуп, бир катар түрк уруулары менен союз түзгөн. 1129-жылы ага 40 миң түтүн баш ийип, Елүй Даши өзүн “гурхан” деп атаган. Мамлекети Кара-кытайлар хандыгы деп аталган.
Бул убакта өз ара чырдашууларга баткан Карахандар мамлекетинин Чыгыш кагандыгы алсызданган болчу. Түрктөрдүн, карлуктардын, каңгылардын көчмөн уруулары Баласагындын башкаруусуна каршы чыгышкан. 1130-жылы алсызданган Карахандар мамлекетин басып алган. Ага байланыштуу гурхан жаңы Си Ляо мамлекетин негиздеп, Баласагынды (кара кытайчв Хосун ордо) өзүнүн башкы шаарына айландырды. Мамлекетке Кыргызстандын түндүк аймагы гана баш ийген. Башка аймактарды жергиликтүү Караханийлер династиясынын өкүлдөрү башкарган. Елүй Дашини “Манас” эпосундагы Жолойдун прототиби деген божомол бар.
1158-жылы Хорезм11 кара-кытайларга багынып берет. Кара-кытайлар багындырып алган жерлерден салык алып турушкан. Алар башка диндерге карата чыдамкай мамилеси менен айырмаланышып, буддизмге12 сыйынуу менен исламды13 кысымга алышкан эмес. Кара-кытайлар мамлекетинин калкынын негизги бөлүгүн түрк элдери түзгөндүктөн, кийинчерээк кидандар аларга жуурулушуп кетишкен.
Кара-кытайлардын мамлекетинин калкы этникалык жана диний жагынан ар түрдүү болгон. Жергиликтүү көчмөн калк жарым-жартылай шамандардан14 болуп кала беришкен. Ошондой эле христиандар-несториандар да жашап, алардын көрүстөндөрү Ысык-Көл, Чүй өрөөндөрүнөн табылган. Бирок отурукташкан калктын жана түрк урууларынын арасында тараган ислам дини үстөмдүк кылган дин болуп кала берген.
Өлкөнү башкаруудагы башаламандыктар, вассалдык ээликтердин борборго баш ийбөөгө умтулуулары кара-кытайлардын мамлекетин алсыратат. 1208-ж. Чыңгыз хан Иртышта15 талкалаган найман16, меркит уруулары Фергана, Жети-Суу, Кашкарды көздөй чегинишет. Бул мезгилде наймандарды Таян хан, андан кийин Күчлуг хан бийлеп турган. Батышты көздөп чегинген наймандар Күчлугдун жетекчилиги менен кара-кытай Гур хандын жерине келишет. Найман падышасынын уулу Күчлүк17 гурханга кызматка өтүп, өз элинин калдыктарын чогултуп, Жети Сууга орношот
Ошондон бир жылдан кийин Батыш Ляо оор жагдайга дуушар болот. Чыгышта мурда кара-кытайлардын бийлик алдында болгон уйгур чакан ээлиги бөлүнүп чыгып, Чыңгыз хандын букаралыгына өтөт.
Батышта Хорезм шахы Мухамед, Мавереннахрдагы Карахандардын башкаруучу династиясындагы анын союздашы Осмон ибн Ибрагим Баласагынга жортуул уюштурат. 1210-ж. бириккен бул күчтөр кара-кытайларды Талас суусунда тосушат. Катуу салгылашуудан эки тарап тең бүлгүнгө учурап, кара-кытайлар Баласагунга кайтат. Зомбулуктан жана мамлекеттин бузулуш кырдаалынан пайдаланган Күчлүк, 1210-жылы эле Өзгөнгө18 кол салып, кара-кытай Гур хандын казынасын басып алган. 1211-жылдан бийликти тартып алган Күчлуг 1218-жылга чейин мамлекеттин кыйла бөлүгүн башкарып турган. Ошентип кара-кытайлар менен наймандардын мамлекети 90 жылга жакын убакыт жашап, чыгыштан келген баскынчылардын (Чыңгыз хандын) соккусунан 1218-жылы кыйраган.
Наймандар – IX-XIIкк. Орхон жана Иртыш дарыяларын мекендеген көчмөн түрк-моңгол элдеринин бирикмеси. Кытай жазма булактарында наймандар VIIIк. Байкал көлүнүн түштүгүндө жашагандыгы баяндалат. XIIк. Найман кубаттуу уруулук бирикме түзүшкөн. Наймандар кийинки түрк тилиндеги сүйлөгөн элдердин курамына аралашып кетишкен. Ичкилик (булгачы) уруу тобундагы ири уруулардын бири.
Күчлуг, сегиз, ас сегизи – XIIIк. Башындагы түрк-монгол элдеринин Түндүк-Батыш Моңголия жана Алтайды жердеген найман уруусунун бийлик ээсининин уулу, ханзаада. Сегиз, ас сегизи терминдери “сегиз урууунун башчысы” дегенди туюнтат. Найман моңгол тилинен сегиз маанисинде которулат. 1208-жылы меркит, найман уруулары Чыңгыз тарабынан талкаланган соң наймандардын бир бөлүгү Күчлук хан ээрчитип, Теңиртоо аймагына баш калкалап келген.Ал жерде өз таасирин чыңдоо максатында кара кытайлардын кийимин кийип, үрп-адатын, динин кабыл алган.1210-жылы кара кытайларга баш ийип туруп, Өзгөнгө кол салат. Аны карлуктар колдошот. Чыгыш Түркстан калкына зомбулук көрсөтөт. 1218-жылы Жебе ноен баштаган монгол кошуну басып киргенде, Чыгыш Түркстандын мусулман калкы да ага каршы күрөшөт. 1218-жылы Күчлук хан чыккынчылык менен өлтүрүлүп, ал түзгөн мамлекет кулаган.