Просмотр содержимого документа
«Кыргызстандагы суу ресурстары»
Ош Гуманитардык Педагогикалык Институту колледж Предмет: география Тема: Кыргызстандагы суу ресурстары. Окутуучу: Токтосунова аида Тайпа: Бк-20 б-1 Студент: Советбек уулу Абусаид
Кыргызстандагы суу ресурстары.
Суу тармактарынын пайда болушуна респ-нын аймагынын орографиялык түзүлүшүнүн, климаттык шартынын ж-а мөңгүлөрдүн мааниси зор. Кыргызстандын батыш, түн.-батыш ж-а түндүгүндөгү тоолор нымдуу аба массасынын таралышына тоскоолдук кылгандыктан, алардын батыш,түн.-батыш ж-а түн. Капталдары чыгыш, түш.-чыгыш ж-а түш. Капталдарына караганда нымдуу келет. Атмосфералык жаан-чачындын ж-а суулардын аймак б-ча таралышы нымдуу аба массаларынын ал аймактын айрым бөлүктөрүнө жетишине ж-а бийиктик алкактуулук закон ченемине байланыштуу.
Агын суулардын көбү Арал деңизинин алабына кирип, Борбордук Азиядагы ири дарыялардын (Сырдарыя, Амударыя) гидрографиялык системасына тийиштүү. Ал эми Чүй, Талас дарыяларынын ж-а Ысыккөлдүн алаптары республиканын түндүгүндөгү туюк гидрографиялык системаларды түзөт. Республиканын түш.-чыгышындагы суулар Таримдин, чыгыштагы Каркыра суусу болсо Балкаш көлүнүн алабына кирет.
Суу балансынын багытына ж-а агын суулардын генезисине жараша республиканын аймагын гидрологиялык 2 облуска —агын суулардын куралуу ж-а таралуу облустарына бөлүүгө болот.Куралуу облусуна суунун оң балансы мүнөздүү; мындай аймактарга антропогендик факторлор анча таасир этпеген тоолор ж-а тоо капталдары кирет. Бул аймакта топтолгон суу массасы бууланып кеткен суудан көп болгондуктан, агын суулардын пайда болушуна шарт түзүлөт.
Кыргыз Респ-нын аймагында дарыялардын куралуу облусу жайгашкан тоолуу аймак 171,8 миң км2, же болбосо Кырг-ндын аймагынын 87%ин , таралуу облусу 26,7 миң км2ди же республиканын аймагынын 13%ин ээлейт. Бирок, ири дарыялардын таралуу аймагынын негизги бөлүгү Кыргызстандын чегинен тышкары жайгашкан.
- Тоолуу аймактардагы дарыялардын агымы кубаттуу, энергияга бай, көптөгөн шилендилерди агызып келет. Жогорку агымында дарыялардын эңкейиштиги 100–200‰ (промилле), ал бара-бара азайып тоодон чыкканда 20–30‰ ге чейин азаят. Кыргызстандын аймагында уз. 10 кмден ашкан, жалпы уз.35 миң км келген 2044 агын суу бар. Агын суулар негизинен кар ж-а мөңгү сууларынан куралат. Алардын үлүшү 80%ке чейин. Тоо этектеринде ж-а түздүктөрдө пайда болгон суулар жер астындагы суулардан да куралат.
Кыргызстанда жаан-чачын сууларынан куралган агын суу аз. Алардын саны Фергана кырка тоосунун түш.-батыш капталында ж-а Чаткал кырка тоосунун түн.-батыш капталында бир аз көбөйөт.Кырг-ндагы суулардын ташкындап кириши кардын тез эриши ж-а нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу.
Көгарт, Каракулжа ж-а Чаткалдын куймаларында жаан-чачын сууларынан ташкындап кириши мүмкүн. Жайында кар м-н мөңгүнүн тез эрип кетишинен, бийик тоо көлдөрүнүн байламтасын жырып агышынан, жазындагы нөшөрлөгөн жаандан кийин максимум агым белгиленет. Максимум агымдын модулу 300–400 л/сек·км2 .Мындан көп болсо селдин жүрүшү күтүлөт. Сел коркунучу Фергана өрөөндөрүндөгүмайда сууларга ж-а Ысыккөлдүн батышына мүнөздүү.
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат ☺️😍😍😍