Просмотр содержимого документа
«Кыргызстандын келечеги»
Сабактын темасы:
« Кыргызстандын келечеги – биздин өзүбүздүн колубузда»
Сабактын максаты:
- Биздин мамлекетибиздин келечеги үчүн, өзүнүн жоопкерчилиги жөнүндө окуучулардын түшүнүүсүн камсыз кыла турган шарттарды түзүү;
- Окуучулар логикалык ой жүгүртүүлөрүн, кабыл алуусун, тапкычтыгын, бир командада иштей билүү көндүмдөрүн өстүрүшөт;
- Атуулдукка, толеранттуулукка. Бирин бири сыйлоого тарбияланышат;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайырма: Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине
Кайырма:
Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.
Кайырма:
Гимн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 18-декабрындагы токтому менен бекитилген.
Сөзү: Ж.Садыковдуку жана Ш.Кулуевдики
Музыкасы: Н.Давлесовдуку жана К.Молдобасановдуку
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу
Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков,
1992-жылы 3- мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби
Авторлору:
А. Абдраев,
С. Дубанаев.
1994-жылы
14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген .
Кыргыз Республикасынын картасы
«Узак мөөнөттүү келечекте биз Кыргызстанды стратегиялык жактан – адамдын укуктарын, эркиндиктерин жана коопсуздугун коргоону камсыз кылуу менен бирге алардын жашоосу үчүн ыңгайлуу, көп тилдүү жана жагымдуу ички чөйрө, мыйзамдуулукту сактаган, билим берүүнүн деңгээли жогору, курчап турган чөйрөсү таза, коомдук туруктуу, эл аралык кадыр баркы жогору, экономикасы туруктуу өнүккөн жана инвесторлор үчүн жагымдуу, өнүккөн өлкөлөрдүн арасына кирген күчтүү жана көз карандысыз мамлекет катары көрөбүз»