Просмотр содержимого документа
«Кырк амалдын бири.»
Адабий окуу
Сабактын темасы: Кырк амалдын бири.
Сабактын максаты: Окуучулар чыгарманын мазмуну менен таанышышат. Жогорку деңгээлдеги суроолорду түзүүгө үйрөнүшөт. Таанып билүүсүн, өз алдынча талкуулоосун өстүрүшөт. Бири бирине жардамдашууга, достукка үйрөнүшөт.
Сабактын формасы: Эссе. Аңгемелер пирамидасы.
Сабактын жабдылышы: маркер, ватман, скотч
Сабактын жүрүшү: 1)уюштуруу: Окуучулар бири бири менен учурашат. Бири бирине эң жакшы каалоолорун айтышат.
Чакыруу этабы: 2)Жаңы тема менен тааныштыруу.
(Табышмак)
Узун куйрук кызыл жүн,
Шек алдырбай жойлогон,
Айбан туруп өтө куу,
Ал эмне ойлонгоун? (Түлкү)
-Ооба, балдар, жообу түлкү.
Бүгүн биз түлкү жөнүндө жомок окуйбуз. Силер достук дегенде эмнени түшүнөсүңөр.
Жооптор: -Эки бала дос болот.
-Апалар, аталар дос болот.
-Эки мамлекет дос болот.
-Достор бири биринен эч нерсе аябайт.
-Достор бири бирин сыйлашат.
Чогуу сабак аткарышат, ойношот ж.б.у.с.
Окуучулар берилген убакыт ичинде түлкү жөнүндө билгендерин дептерлерине жазышат. Кошунасы экөө бири бирине окуп беришет, группада талкуулашат. Окуучулардын айткандарын мугалим доскада “билем” бөлүмүнө жазып турат.
Эми окуучулар түлкү жөнүндө эмнелерди билгилери келет? Аларды дептерилерине жазышат, кошунасы экөө бири бирине окуп беришет, группада талкуулашат.
Мугалим окуучулардын айткандарын доскада “ билоим келет” бөлүмүнө жазып турат.
Түшүнүү этабы:
“Кырк амалдын бири” (текст окулат)
Окуучуларжомоктон түлкү жөнүндө жаңы эмнелерди билишкенин өз алдынча жазышат. Бүткөндөн соң кошунасына окуп берет. Андан кийин ар бири группада иштешет. Окуучулардын айткардарын мугалим “билдим” бөлүмүнө жазып турат.
| Билем | Билгим келет | Билдим |
| Түлкү токойдо жашайт. Түлкү абдан куу. Тумшугу узун. Терисинен тон жасалат Тебетей жасалат. Өтө алдамчы, ал сулуу. Зоопарктан көргөм. Түлкү жөнүндө жомоктор көп. Мультфильмдер бар. | Түлкүнүн тиричилиги жөнүндө. Көбөйүшүн. Тирүү көргүм келет. Кыргызстандан башка дагы кайда жашашат? | Эки түлкү дос болушат, Бирөө кырк амал, экинчиси бир амал билет экен. Капканды көрүшөт. Этти жеш үчүн кеңешет. Бирөө капканга түшүп калат. Бир амал билгендин акылы менен кутулушат. Эки дос аман эсен кетишет. |
Окуучулар баары текст боюнча ойлонуп, бирден суроо түзүшөт. Ал суроолорго түгөй түгөйлөрү менен жооп беришет.
Бышыктоо: Бышыктоо үчүн жомоктон суроолор берилет.
Үй тапшырмасы: Окуп, түшүнүгүн айтуу. Сурөтүн тартуу.
Баалоо: