XIX кылымдын аягында Кытай
Кытайдын жарым колонияга айландырылышы XIX кылымдын аягында Кытай артта калган, жарым феодал мамлекет эле. Жердин негизги бөлүгү жер ээси болгон байлардын колунда эле. Көп дыйкандар жерди ижарага алып, аны акча же түшүмдүн эсебинен төлөшчү. Жери бар дыйкандар өтө аз болчу. Дыйкандар шаарга иш издеп келишчү. Бирок дайыма эле иш табыла бербеген. Себеби, Кытайда өнөр жай өтө жай өнүгүп жаткан болчу. XIX кылымдын соңку чейрегинен баштап мамлекетте капиталисттик мамилелер да өнүгө баштады. Алгачкы темир жолдор курулду. Экономикалык мамилелер кеңейди. Ири шаарлар тургузулду. Ишчилердин саны көбөйдү. Өнөр жайдын пайда болушу менен улуттук буржуазия да калыптана баштады. Бирок, улуттук бур-жуазиянын көпчүлүгү компрадорлордон турган. Алар иш жүзүндө чет эл фирмаларынын жалданган өкүлдөрү болуп, четтен келтирилген товарларды сатуу, арзан чийки зат сатып алуунун эсебинен байышкан.
Акчага муктаж болгон Син династиясы чет мамлекеттер менен туткундоочу келишимдерди түзчү жана улуттук кызыкчылыктарга каршы түрдө аларга моюн берүүчү. 70-жылдарда эле чет элдиктер Кытайдын 26 портуна кеңири киришчү жана өздөрүн кожоюндардай тутушчу. Темир жолдордун курулушу чет элдиктердин колунда эле.Көмүр шахталарынын, кендердин чоң бөлүгү да алардын ыктыярында болуп, Кытай чет өлкө үчүн чийки зат базасына айланып калды.Чет элдиктер ири шаарларда өз массивдерин да түзүшүп, кытайлык кызмат адамдарын менсинбестен, өз алдынча иш жүргүзүшкөн.
Кытайдын Япония менен болгон 1894-1895-жылдардагы согушта жеңилиши чет элдик монополисттердин Кытайды андан да көбүрөөк талоолору, кулдукка салууларына себеп болду. 1897-1898-жылдарда Германия Цзяочжоувань (Циндао) портун басып алды жана Шандунь аймагын өз таасир чөйрөсүнө киргизди. Франция Гуамчжувань булуңун ээледи жана Юнань аймагында өз бийлигин жүргүзө баштады.Россия Порт-Артурду (Люйшун), Улуу Британия Вейхайвей портун ижарага алды. Эң бай аймак - Янцзи дарыясынын бассейни Улуу Британиянын таасир чөйрөсүнө түшүп калды. Фуцзиян аймагында япон баскынчылары башчы болуп алышты. Кытайдагы ар кандай өзгөрүүлөр өнүккөн мамлекеттер тарабынан көзөмөлгө алынчу.Ошентип, Кытай жарым колонияга айланды.
Онор жайдын онугуусу жана чет элдин бийлиги XIX кылымдын аягында Кытайда алгачкы өнөр жай ишканалары пайда боло баштады. 1881- жылы түндүк Кытайда биринчи темир жол ишке түшүрүлдү. 1897-жылы бул жерде 600 гө жакын чет эл фирмалары бар эле. Бирок өнөр жай ишканаларынын өсүшү жана көбөйүшү жай жүрдү.
Импорт экспорттон кыйла көп эле. Кытайдын Улуу Британия менен түзгөн конвенциясы Кытайды ого бетер көз карандылыкка салды. Конвенция Улуу Британияга Кытайдын 10 дон ашуун портуна эркин кирүү, бир топ аймактарында артыкчылыктуу укук менен соода кылуу укугун берди. 1884-жылда Франциянын Вьетнамды басып алуусу натыйжасында Франция-Кытай мамилелери бузулду. Ошол жылы Кытай Борбордук Вьетнамдын үстүнөн расмий бийлигинен баш тартты жана Франциянын ал жердеги протекторатын тааныды. Кытай өкмөтү Франция менен шашылуун келишим түздү жана Францияга бир топ маселелерде «моюн берди».
Социалдык кыймыл Кытай эми гана өнөр жайлашуу жолуна кадам кой-гондо чет мамлекеттер тарабынан талаптонолушу калктын абалына оор таасир көрсөттү. Кытайды туура өнүгүү жолуна алып чыгуу жөнүндө түрдүү идеялар калыптанды. Бул реформачыл кыймыл деп аталды. Бул доордун социалдык кыймылында Сун Ят Сендин орду өзгөчө мааниге ээ болду. Ал Кытайды төңкөрүш жолуна баштаган жол башчы эле. Сун Ят Сендин «Кытай кайра жаралуу коому» аттуу уюму манжурлардын Син династиясын кулатуу жана Кытайда демократиялык улуттук мамлекет түзүү үчүн күрөштү.
Кытайда бул доордогу социалдык кыймылда «Ихетуан» «Тынчтык жана адилеттүүлүк үчүн көтөрүлгөн муштум» деп аталган жашыруун уюм да чоң роль ойноду. «Ихетуандар» «Манжур синдерин кууп чыгарабыз, чет элдиктерди жоготобуз» деген ураан астында иш жүргүзүшчү. 1899-жылы «Ихәтуан» кыймылы козголоң түсүн алды.Ихетуандар Японияга төлөм төлөөнү токтотуу, Тайванды Кытайга бириктирүү сыяктуу талаптарды коюшту. Син өкмөтү козголоңдон чочуп калды. Анткени Ихетуандар борбор шаар жана башка аймактардын дээрлик жарымын колунда кармап турушкан. 1900-жылы козголоңчуларга каршы жиберилген өкмөттүк кошуун жеңилди.
Козголоңчулардын мыкты уюшкан отряддары Пекинге жүрүш башташты жана бул жерде өз бийлигин орнотушту.
Кытайга каршы интервенция Бул окуя Пекинге чет элдиктердин интервенциясынын башталышына шылтоо болду. Интервенцияда сегиз мамлекет – Германия, Япония,Италия, Улуу Британия, АКШ, Франция, Россия жана Австрия-Венгрия катышты. Алардын ар бири Кытайда чоңураак үлүшкө ээ болуу максатын көздөшчү. 1899-жылы сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Хейдин «ачык эшиктер жана тең мүмкүнчүлүктөр» саясаты жарыяланды жана ал «Хей» доктринасы деген ат алды. 1900-жылы июль айында чет эл интервенттери жалпы чабуулга өтүштү жана Пекин колго алынды. Чет элдиктер шаарды жана императордун сарайын талап-тоношту. Сегиз мамлекет Кытайды туткундоочу келишимге кол коюуга мажбур кылды. Келишимде козголоңдо катышкан кызмат адамдарын өлтүрүү же сүргүн кылуу талап кылынды. Ошондой эле, Пекин менен деңиз жээгинин ортосундагы жолдорду коргоо үчүн чет мамлекеттерге Кытайда өз кошуундарын сактоого уруксат берилди. Мындан сырткары, Кытай чет эл интервенттерине 33млн. доллар төлөм төлөөгө мажбур кылынды. Кытайга курал-жарак алып кирүүгө тыюу салынды. Чет элдиктердин Кытайдагы ыйгарым укуктары көбөйдү. Натыйжада, Кытай ого бетер жардамга муктаж болуп калды.
Ошол эле учурда, Ихетуан козголоңу баскынчыларды этияттык менен аракет жасоого аргасыз кылды.
Социалдык-экономикалык абал XX кылымдын башталышында Кытайда социалдык карама-каршылыктар күчөп кетти. Манжурлардын Син династиясынын бийлиги кризиске туш болду.Шашылуун жасалган реформалар коомдун абалын түптөн жакшырткан жок. Кытайда Өнөр жайдын өнүгүүсү менен ага тоскоолдукка айланган феодалдык жер мүлкчүлүгүнө мүнөздүү эски өндүрүш мамилелеринин ортосунда карама-каршылык курчуду. Эл арасында манжурлар башкаруусуна каршы кыймыл күчөдү. Кытай Өнөр жайынын өнүгүшү кыйла артта калды. Ошентсе да, жылда 50дөн ашуун ишкана ишке түшүрүлдү. Натыйжада, экспорттун көлөмү 2 эсе өстү. Чет өлкөлөрдүн ичинде Улуу Британия товар жүгүртүүдө 1-орунда турчу. Кытайдын чет элдиктерден карызы артып барды.
Сут Ят Сен Ыңкылапчы демократ Сун Ят Сен (1866-1925) Кытайдагы улуттук-боштондук кыймылынын белгилүү ишмери эле. Ал Гуанчжоу (Кантон)га жакын жерде дыйкандын үй бүлөсүндө төрөлгөн. Сун Ят Сен 90-жылдардын башында Гонконгдо англичандардын медициналык институтун бүтүргөн. Андан аркы өмүрүн саясий тармак менен байланыштырды. Сун Ят Сен 1905-жылы «Кытай уюшмаларынын союздаштыгы» (Тунминхай) деген саясий уюм түздү. Ири шаарларда бул союздун жашыруун бөлүмдөрү ачылды. Союз 1905-жылдын ноябрында «Мин-бао» (Элдик газета)ну чыгара баштады. «Союз» Сун Ят Сен башчылыгында программа кабыл алды. Программада Син монархиясын кулатуу, Республиканы орнотуу жана жерге ээлик кылуу укугун теңдештирүү, эгемендүүлүктү орнотуу көздө тутулган. Сун Ят Сен социалдык-экономикалык жактан жай өнүккөн Кытайда жерге ээлик кылуу укугун теңдештирүү жолу менен социалдык адилеттүү режим жаратуу мүмкүн деген ойдо эле.
Убактылуу Республика окмотунун тузулушу Сун Ят Сендин уюму республика системасын орнотуу максатын койду. Бул идея манжурларга каршы кыймылды ого бетер күчөттү. Бул кыймыл 1911-жылы чет элдиктерден темир жол үчүн карыз алуу жөнүндө келишим түзүлгөндөн соң, куралдуу каршылык түсүн алды. Жадагалса, армияда да нааразылык башталды.Ухан шаарында аскерлердин жатаканасын тинтүүгө кирген манжур администрациясынын жактоочуларын аскерлер өлтүрүштү. Курал-жарак базасын басып алышты. Башка кошуундун бөлүктөрү да аларга кошулду. Ыңкылапчылар 11-октябрда Уханды толук колго алышып, Республикалык бийлик түзүштү жана бардык Кытай аймактарын Республиканын тегерегине биригүүгө чакырышты.Манжур династиясынын бийлиги жоюлганын жарыялашты. Бул төңкөрүш Кытай тарыхына «Синхай ыңкылабы» аты менен кирген.Мына ошентип, «Синхай ыңкылабы» куралдуу козголоң менен Кытайда XVII кылымдан баштап өкүм сүргөн манжурлар бийлигин оодарып таштады. 1911-жылы көп жыл бою чет элде жүргөн Сун Ят Сен Кытайга кайтты. Аны Кытай эли кубануу менен күтүп алды. 29-декабрда Нанкинде төңкөрүшчүл аймак өкүлдөрүнөн турган Улуттук Кеңеш чогулду. Улуттук Кеңеш Кытайды Республика деп жарыялады жана Сун Ят Сен Кытай Республикасынын убактылуу президенти кылып шайланды. Улуттук Кеңеш убактынча кабыл кылган конституцияда бардык жарандардын теңдиги жана түрдүү демократиялык эркиндиктер жарыяланса да, дыйкандардын үмүт- тилектерин туюнтуучу «жерге ээлик кылууда тең укуктуу болуу» урааны конституцияда да, Улуттук Кеңештин көргөн иш-чараларында да өз чечимин таппады. Мунун себеби – жерге ээлик кылууда тең укукка ээ болууга каршы күчтөрдүн чоң кадыр-баркка ээ болгону эле.
Юань Шикайдын диктатурасы Ыңкылап натыйжасында бийлик пайда болду. Алардын бири - Кытай Республикасынын бийлиги, экинчиси - Түндүктө сакталып калган император бийлиги эле. Пекиндеги император өкмөтүнүн башчысы Юань Шикай эле. Өнүккөн мамлекеттерди Кытайдагы статусу кандай болоору түйшүккө салып койду. Ошол себептен, алар түрдүү шылтоолор менен Кытайдын ички иштерине көбүрөөк кийлигише башташты. Алар төңкөрүштү курал менен бастыруу максатында өз күчтөрүн бириктирүүгө жетишишти. Өнүккөн өлкөлөрдүн Пекин өкмөтүн колдоп-кубаттоодон максаты Кытайдын ички иштерине өз билгенинче аралашуу эле. Бирок бул Кытайда жалпы нааразылык келтирип чыгарды. Калк чет эл товарларын бойкот кыла баштады. Ушундай бир шартта республикага каршы күчтөр Премьер-министр Шикайдын айланасында бирикти.
Пекин сарайынын жамааты ага монархиянын куткаруучусу деп карачу. Бирок, Шикай төңкөрүшчүл кыймылдын кысымы менен 1912-жылы 12-февралда Син династиясын тактыдан баш тартууга мажбур кылды. Бийлик чөйрөлөрү бүткүл башкарууну ага тапшырууга аракет кылышты. Бул арада, чет мамлекеттер да Сун Ят Сендин бийликтен кетишин ачык-айкын талап кылышып, Кытайга интервенция уюштурууга ачык түрдө даярдык көрө башташты.Интервенция коркунучу астында Сун Ят Сен президенттикти Шикайга тапшырууга мажбур болду. Бүткүл бийликти колго алган Юань Шикай демократиялык эркиндиктерди жокко чыгара баштады. Ал ишти, оболу, төңкөрүшчүл кошуундарды толук куралсыздандыруудан баштады. Өкмөткө каршы түзүлгөн ар кандай топтун мүчөлөрүнүн тагдыры өлүм менен аяктачу. Ар бир кыштакта жаза отряды иш көрө турган болду. Буга карабай, демократиялык күчтөр 1912-жылы Гоминдань (Улуттук партия)ды түзүштү. Партияны башкаруу төрагалыгына Сун Ят Сен шайланды. Өз жеңишинен күч алган Шикай Улуттук Кеңешти өзүн беш жыл мөөнөткө президент кылып шайлоого мажбур кылды. Шикай өнүккөн мамлекеттер менен жаңы туткундоочу карыз жөнүндө келишим түздү. Ушундан соң,мамлекеттер Кытай Республикасын тааныгандыктарын билдиришти.Кытайдын экономикалык абалы оорлошту. Калктын жашоо шарты оордоду. Гоминдань калкты козголоң баштоого үндөдү. 1913-жылы Кытайдын түштүгүндө өкмөттүн саясатына каршы «экинчи ыңкылап» деп аталган козголоң башталып кетти. Бирок, күчтөрдүн тең болбогондуктан чет элден аскердик көмөк алган өкмөттүк кошуундар тарабынан «Экинчи төңкөрүш» талкаланды. 1914-жылы Юань Шикай Конституциялык Кеңеш чакырды. Анда «Жаңы Кытай Конституциясы» кабыл алынды. Юань Шикай президент катары чектелбеген бийликке ээ болду. Мамлекетте аскердик диктатура орнотулду. Республикалык башкаруу органдары жоюлду.