СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кызамык боюнча...

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кызамык боюнча...»

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук: кантип күрөшүү керек?


Б ишкек, 29-ноябрь. (КАБАР). Бүгүнкү күндө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси Кыргызстанда гана козголгон жок. Серепчилердин айтымында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук глобалдык мүнөзгө ээ.

Жыл сайын 25-ноябрда дүйнө жүзүндө гендердик зордук-зомбулукту токтотууга арналган эл аралык күн белгиленет.

Буга байланыштуу Кыргызстанда да “Айта баштайлы” деген аталыш менен 16 күндүк кампания старт алат. Ал үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулукту токтотууга, анын курмандыгы болсоңуз укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин пропогандалоого, жардам берүүгө багытталган.

Бул иш-чара 10-декабрга чейин өтүп, ал коомчулукту аталган көйгөйгө кайдыгер болбоого чакырат. Ошондой эле укук коргоо органдары жана социалдык кызматкерлердин көңүлүн буруу менен коргоо механизмдерин иштеп чыгууга багытталат.

Эл аралык серепчилер Кыргызстанда бул багытта күчтүү мыйзамдык база бар экендигин, бирок ал толук иштей албай жаткандыгын, эң биринчи эле себеп, бул жабыркаган адамдардын пассивдүүлүгү менен байланыштырышкан. Алар жабыркоочулар көп учурда укук коргоо органдарына кайрылышпастан, зордук-зомбулук турмушка чыдап жашап же болбосо ажырашып кетип жаткандыгын белгилешкен.

2009-жылы да бул багытта республиканын бардык аймагында “Аялдардын укугу – бардык адамдын укугу” аттуу маалыматтык кампания жүргөн. Анын алкагында ар кыл теледебаттар, ток-шоу, тегерек стол, мектептерде, ЖОЖдордо лекция, семинарлар уюштурулган. Баардыгы болуп акция 400 миңден ашык адамды камтыган.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук дейбиз, а үй-бүлө деген эмне? Үй-бүлө - бири - бири мене байланышы бар адамдардын тобу. Бул топтогу адамдардын укугу бир, “мен эркекмин, мен акча табам, мен өзгөчө укуктарга ээмин, менин айтканым бул үйдө “мыйзам”, укуктарым аялдыкына караганда жогору” деген эркектер да жок эмес.

Кризистик борборлор

Республикадагы кризистик борборлордун Ассоциациясынын президенти Александра Елиференко Кыргызстанда 10 кризистик борбор бар экендигин, анын экөө Бишкекте жайгашкандыгын билдирди. Анын айтымында 10 кризистик борбор Кыргызстан үчүн өтө эле аз.

“Литва Кыргызстанга салыштырмалуу калкы жагынан бизден аз, бирок ал жакта кризистик борборлордун саны 40тан ашат. Ал эми Лондондо 90 борбор бар, алар аялдарга, балдарга, мигранттарга, адам сатуунун курмадыгы болгон адамдарга багыттылган. Мындай борборго жапа чеккен атуулдар муктаж, бул жерде алар өзүн коопсуздукта сезип, анын адистери кризистен чыгууга жардам берет. Бизде жылына кризистик борборлорго 10 миңден ашык адам кайрылат”, - деди ал.

А.Елиференко “мен үй бүлөө башчысымын” деп, аял укугун эң аркыркы орунга коюп, “ал үй ишин кылат, бала тарбиялайт ал кымбат кийим - кечени эмне кылат, эч жакка чыкпайт” деп психологиялык кысым көрсөткөндөр да көп экендигин айтты.

Бул көрүнүш айыл жергесинде көп кездешет. Ошондуктан аны менен күрөшүшүбүз керек. Күйөөсү сыяктуу эле аял да тең укукта. Аялдар эркектерге караганда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка көп кабылышаары жана көп учурда алар эч бир күч структураларына кайрылбай көмүскөдө калгандыгы аныкталган. Алар күйөөсүнө каршы арыз жазууну, милиция кызматкерлерине кайрылуудан баш тартышат. Көп укук бузуулар үй-бүлөдөн сыртка чыкпагандыктан, аял кишинин адамдык укугун бузгандар мыйзам чегинде жазалануудан четте калууда.

“Күнүнө жүзгө жакын аялдар зордук-зомбулукка, психологиялык кысымга, экономикалык жактан чектөөлөргө кабылат. Анын 75 пайызы үй-бүлөдө болот. Жылына кризистик борборлорго 10 миңден ашык кыз - келиндер кайрылат. Алар психологиялык жардам, баш калкалоого жай жана ар кыл юридикалык консультацияларды, кеңештерди алышат”, - деди “Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова.

Ал быйыл Ош окуялары болуп жаткан маалда Бишкекке атайын учактар менен жабыркаган аялдар, балдар келгендигин айтты. “Алар июнь коогалаңынын курмандыктары. Баардыгы болуп биз 25 аялды балдары менен кабыл алып, психологиялык жардамды көрсөттүк. Мындай учурда профессионал адистердин жардамы керек. Биз Ош жергесинде болуп, өз жардамдарыбызды көрсөттүк”, - деди ал.

Турмушу бузулган аялзаты

Акыркы маалыматтар боюнча, республикабыздын абак жайларында кармалган аялдардын 80 пайызы КР мыйзамынын “киши өлтүрүү, кол салуу” беренеси боюнча соттолгондор.

Серепчилердин айтымында аял киши чыдамкай болот, көп учурларда алар үйдөгү кысымды, зордук - зомбулукту сыртка ташыбай, эч бир укук коргоо органдарына кайрылбай, ошол көрүнүш менен жашап жүрө берет. Алар мындай стресстерден кийин психологдорго да кайрылбайт, аягы келип стресстин жыйынтыгында, ал зордук көрсөткөн адамга жооп кайтарат, көпчүлүк учурларда мындай кол салуулар өлүмгө алып келет. Күндөн күнгө уруп-токмоктоого дуушар болгон аялда коргонуу инстинкти пайда болот да, аффектик абалда ар кандай күтүлбөгөн кадамдарга барышы мүмкүн.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы аялзаты гана эмес...

Үй-бүлөлүк зордук - зомбулуктун курмандыгына 58 пайыз аял кабылса, 18 пайызы жаш балдар жана 13 пайызы кары-картаңдар,7 пайызы эркектер.

Мисалы жумушу жок үйүнөн куулуп калгандар, балдары менен тил табышпаган эркектер да бар. Республика боюнча Жалал-Абад шаарында гана эркектер үчүн кризистик борбор иш алып барат. Бул борборго жашоонун ар кыл кыйынчылыктарына туш болгон эркектер кайрылат.

Андыктан психологиялык, моралдык жардам аялдарга гана эмес, эркектерге да керек. Аял киши көп учурда стресстерди курбусуна айтып, чогуу иштеген кесиптештери менен бөлүшөт, ал эми эркек киши өзүндө сактап жүрө берип, жыйынтыгында алкоголдук ичимдиктерге, баңги затына берилип кетет.

Кыргызстан эгемендүү демократиялык өлкө, адам укуктарын коргогон бир топ институттар бар, Женева Конвенциясына киребиз.

Ар бир кылмыш мыйзам чегинде жазаланып, күнөөлүүлөр сот алдында жооп бериши керек.

М.Момуналиева



Сабактын темасы:  Кылмыш жазасыз калбайт.


Сабактын максаты:
1. Билим беруучулук: Окуучулар уурулуктун  маанисин жана ал кылмышка алып баруусун тушунушот, уурулук жана анын жазасы жонундо жонундо маалымат алышат.
2. Онуктуруучулук: Окуучулар уурулукка барбоонун, ага каршы курошуунун жолдору менен таанышышат.
3. Тарбия беруучулук: Окуучулар бири-бирин сыйлоого, ынтымактуулукка, жаман адаттардан алыс болууга тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Плакаттар , суроттор.
Сабактын тиби: Стандарттуу эмес.
Сабактын формасы: Сахналаштырып корсотуу.
С а б а к т ы н   ж у р у ш у :Алып баруучу: -Учурдагы койгойлуу маселелердин бири- бул…
1-окуучу: Мектеп рэкетчилиги.
2-окуучу: Зомбулук.
3-окуучу: Уурулук.
4-окуучу: Хулиганчылык.
5-окуучу: Аракечтик.
6-окуучу: Наркомания.
7-окуучу: Таксикомания.
Жалпы окуучулар:  Мунун баары-кылмыштуулук. Бул илдеттер менен курошуу жалпыбыз- дын милдетибиз.Алып баруучу:  Албетте, уурулук да –кылмыш. Ууру деген ким?
1-окуучу: Бироонун мулкун билгизбей алып койгон адам.
2-окуучу: Бироонун чонтогунон акчасын же телефонун алып качкан бала.

3-окуучу: Класста тыныгуу маалында классташтарынын сумкасынан буюмун алып, катып койгон окуучу.
4-окуучу:  Уюшуп алып, бироолордун малдарын алып чыгып , сатып жиберген адамдар.
Алып баруучу:  Эмне учун адамдар уурулукка барышат?
1-окуучу: Жокчулуктун айынан.
2-окуучу: Таалим-тарбиясы начар болгондуктан.
3-окуучу: Азгырылуунун айынан.
4-окуучу: Аракка же наркотикке акча табуу учун.
5-окуучу: Бай болуу учун.
6-окуучу: Кумар, козино оюндарын ойноо учун.
Алып баруучу: Эми бизге келген юристконсультанттарга соз берсек. Алар бизге уурулукка барган адамдарга кандай жазалар колдонулаарын айтып беришсин.


1-юрист: 164-берене – уурдоо. Уурдаганда , башкача айтканда бироонун мулкун билгизбей алып кеткенде – уч эселенген айып салынат же эн аз айлык акынын элуу эселенген нормасын толоп берет, болбосо эки жылга чейинки моонотко эркинен ажыратууга жазаланат.


2-юрист: Уурдоо:
1. Адамдардын тобу тарабынан
2. Олутту олчомдордо жасалганда
3. Жабырлануучунун озунон (чонтогунон же сумкасынан)уурдалганда – уч эселенген айып салынат жана мулкун конфискациялоо менен эки жылдан алты жылга чейинки моонот ко эркиндигинен ажыратууга жазаланат.


3-юрист: Уурдоо:
1. Уюмдашкан топ тарабынан
2. Ири олчомдо
3. Мурда уурулук менен эки же андан коп жолу кесилген адам тарабынан
4. Турак жайга же башка сактоочу жайга мыйзамсыз кируу менен жасалганда Мулкун конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки моонотко эркиндигинен ажыратууга жазаланат.


4-юрист: Эскертуу :Башка бироонун мулкун укукка жат турдо куноолуунун же башка адамдардын пайдасына акысыз алып коюу, ал жеке пайда коруу максатында жасалганда. Менчик ээсине же бул мулктун башка ээсине зыян келтирилгенде , мунун озу уурдоо катары тушундурулот.
Алып баруучу: Уурулукка барган адамдарды ушундай жазалар кутуп турат. Андан башка ал адамдын жана анын жакындарынын кадыр-баркы эл ичинде ото томондойт. Келечегине балта чабат. Ошондуктан достор
Окуучулар:Эч качан уурулукка барбайбыз!


Алып баруучу:  эгерде мектепте уурулар пайда болсо кантип жана кимдер менен иштешибиз керек?


1-окуучу: Адатта уурулук  менен айрым гана балдар алакеттенет, ошондуктан аларга каршы классташтарынар, курдаштар менен биримдигинер ото кучтуу болсун.


2-окуучу: Мушташууну, алардын жазасын берууну максат кылбагыла, бирок бул ыпластыкка туп тамырынан каршы экенинерди ачык билдиргиле, женишке жетишкенче туруктуулугунарды корсоткуло.


3-окуучу: Мектептеги активисттер, мектеп парламенти сыяктуу уюмдар менен биргелешип жыйындарды откоргуло, ачык тушунуктуу, мыйзамга туура келе тургандай чечим кабыл алгыла.


4-окуучу: Мектептин директору, окуу- тарбия болумдорунун башчылары, мугалимдеринер аркылуу ата-энесине, туугандарына ушундай иш менен алектенип жаткандыгын билдиргиле.


5-окуучу: Жардылыктан уурулукка барып барып жаткандар болсо, ачык акция уюштуруп, аларга жардам корсоткуло. Ар киминер оз кошумчанарды кошкула. Аларды камкордукка алгыла.
Алып баруучу: Оспурумдордун арасында уурулардын пайда болуусуна мектеп рэкеттери да себепчи болушат. Рэкет деген ким? Класстер тузобуз.
Окуучулар кластер формасында туруп, рэкетчиликтин маанисин тушундуруп беришет.
Мугалим : Мына балдар, бугунку сабагыбызда уурулук кантип пайда болоору жана кандай жазаланаары, ошондой эле кылмыштын алдын алуу учун эмне кылуу керектиги жонундо талкууладык. Элибизде мурдатан эле айтылып келе жаткандай “Укпайт деп ушак айтпа, корбойт деп уурулук кылба”. Жаман адаттарга берилсен, кылмыш жасасан, ал эч качан жазасыз калбайт. “Кыныр иш кырк жылда да билинет” дегендей бир кун албетте жазасын алат. Жабырлануучулардын каргышы, мун -зары  “Кудай жазанды берсин”деген оор созго такалат.  Ошондуктан балдар, эч качан уурулукка барбай, оз мээнетибиз менен жашаганга уйронолу.


Тарбиялык саат томонку ыр саптары менен жыйынтыкталат:
1-окуучу:                     Эстуу болсон элин суйот ар качан,
                                      Карылардын капка салгын айтканын.
                                      Бололу биз ыйман куткон жакшы адам,
                                      Бойго жетип, адеп жыйнап, окуган.


2-окуучу:                     Капа кылбай эне менен атаны,
                                       Жаман жорук, тентектиктен качалы.
                                       Таанылып мектепке да, элге да,
                                       Эн адептуу мыкты окуучу катары.


3-окуучу:                      Ыйман болсо олко онугот жогору,
                                        Тартип менен бейбаштыкты жоёлу.
                                        Элге керек келечектин ээлери,
                                        Эн ыймандуу уул-кыздар бололу.


4-окуучу:                       Оолак болуп жаман жорук кылыктан,
                                        Орун тапсак кен кесири турмуштан.
                                        Ар убакта бизге болоор ыраазы,
                                        Ата-энебиз оксу болбой сыймыктан








нтымак тобу.

Ынтымак тобу.

Ынтымак тобу.

Ынтымак тобу.

Ынтымак тобу.

Ынтымак тобу.





























































Кызамык — вирустар козгоочу катуу кармама жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16—21 күн.

Кызамыктын белгилери[оңдоо | булагын оңдоо]

Оору көбүнчө билинбей башталат: мурдунан бир аз суу куюлуп, жөтөлөт, тамагы кызарат, кээде эти бир аз ысыйт. Моюн, желке, лимфа түйүндөрү шишип ооруйт. 1 — 2 күндөн кийин бул белги күчөп, бүт денесине чыбырчыктар чыга баштайт, температурасы 38—39°ка чейин жогорулайт. Чыбырчыктар 2—3 күндөн кийин так калбай жоголот.

Кызамык болуп ооруган оорулууга бүдүр-бүдүр болуп кызарып чыккан темгил

Кээде эти ысыбайт, жалпы абалы начарлабайт. Көп учурда белгиси билинбей өтөт. Адатта оору кабылдабайт. Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот. Кызамык менен кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. Айрыкча 3 айга чейинки кош бойлуу аялдар ооруганда көп учурда тубаса өсүү кемтиги пайда болот. Кош бойлуу аялдар акыркы айларында кызамык менен ооруса балада аз кандуулук байкалат, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар 18 жана андан көп айга чейин вирус бөлүп чыгарып, оору жуктурат.

Дарылоонун жолдору

Дарылоону үйдө дарыгер жүргүзөт. Оорулуу баланы тынч жаткыруу, жеңил сиңүүчү тамак берүү талапка ылайык. Оорунун алдын алуу үчүн оорулууну өз убагында соо адамдан бөлүп, өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Боюнда бар аялдар мурда кызамык менен оорубаган болсо оорулуу менен жолугууга болбойт.

Кызамыктын тарыхы

Эң биринчи жолу кызамыкты 1740-жылы немис терапевти Ф. Хофман баяндап жазган. 1881-жылы бул оору расмий түрдө өзүнчө нозологиялык формада белгиленген. 1938-жылы жапон изилдөөчүлөрү инфекциянын табияты вирус экендигин далилдешкен. Кызамыктын козгогучу 1961-жылы бир эле убакытта бир нече окумуштуулар: П. Д. Паркман, Т. X. Уэллер и Ф. А. Невой менен табылган. 1941-жылы австриялык изилдөөчү Н. Грегг кызамык менен ооруган эненин түйүлдүгүнүн кадыресе нормадан тайпылуусун баяндаган. Эң көп жолугуучу кадыресе нормадан тайпылуусу- челкөз (катаракта), жүрөктүн кемчилиги жана дүлөйлүк. Мунун баары "Тубаса кызамыктын классикалык синдрому" деген атка бириктирилишкен. [1]