БЕКИТЕМИН
№22 М. Жамгырканов атындагы орто
мектебинин директору _____Бочоев Э.С
«___» «____» 2019-ж
№22 М.Жамгырканов атындагы орто мектеби.
«Зээндуу балдар» менин иштоонун иш планы
Максаты:
Зээндуу окуучулардын жеке инсандык кызыкчылыктарынын осуп-онугушу учун шарт тузуу.
| № | Иш план | Откоруулучу мооноту | Ким аткарат |
| 1 | Зээндуу балдар менен жекече иштоонун пландарын тузууну талкылоо | Август | Окуу болумунун башчысы.Предметтик мугалим |
| 2 | Биология,химия сабагына кызыккан Зээндуу балдар менен иштоонун планын тузуу | Сентябрь | Предметтик мугалим:Абдандил к Акылай |
| 3 | Окуучулардын интеллектуалдык дээнгелин аныктоо.Зээндуу окуучулардын тизмесин тузуу | Сентябрь |
| 4 | Зээндуу окуучуларды катыштырып мектеп олимпиадасын откоруу | Ай сайын |
| 5 | Окуучулардын тесттерин баалоо | Ай сайын |
| 6 | Предметтик айлыкты откоруу. Окуучуларга биология,химия предметине кызыктыруу. | Ноябрь |
| 7 | Мектеп ичиндеги олимпиаданын женичуулорун райондук олимпиадаларга катыштыруу | Декабрь |
| 8 | Зээндуу окуучуларга сабактан тышкары тапшырма беруу.Окуучулардын ой жугуртуусун кенен жайылтуу. | Ар дайым |
| 9 | Предмет боюнча конкурстарды зээндуу балдарга уюштуруу | Ар дайым |
| 10 | Биология,химия сабагын оркундотуу учун кошумча интернет булактарын колдонуу. | Ар дайым |
| 11 | Жыл бою аткарган жумуштун жыйынтыктарын чыгаруу. | Май |
Тузгон :Абдандил к Акылай
№ М.Жамгырканов атындагы орто мектебинин 2019-2020-окуу жылындагы Химия,биология сабагынан 7-8-9-10-11-класстарынын зээндуу окуучулардын тизмеси
| № | Ф.И.О | Классы | Жооптуу адам |
| 1 | Мирлан к Нестан | 11-кл | Абдандил к Акылай |
| 2 | Рахим к Жазгул | 11-кл |
| 3 | Элдияр к Саада | 11-кл |
| 4 | Болот у Хантемир | 10-кл |
| 5 | Бузурман у Мундузбай | 10-кл |
| 6 | Касымбаев Иман | 9-кл |
| 7 | Эрнис у Мирбек | 9-кл |
| 8 | Женишбек у Исажан | 9-кл |
| 9 | Эмилбекова Айсезим | 9-кл |
| 10 | Мирлан к Нураида | 8-кл |
| 11 | Нарынбек к Назмина | 8-кл |
| 12 | Максат к Арууке | 8-кл |
| 13 | Тианшанов Айэмир | 7-кл |
| 14 | Кылычбек к Аяна | 7-кл |
№22 М.Жамгырканов атындагы орто мектебинин 2019-2020-окуу жылынын «Зээндуу окуучулар» менен иштоонун иш планы
Мугалим:Абдандил к Акылай
№ 22 М.Жамгырканов атындагы орто мектебини 2019-2020-окуу жылынын кыздар кенешини иш планы.
Кыздар кенешинин торайымы:Абдандил к Акылай
БЕКИТЕМИН
Мектеп директору: Бочоев Э.С
Уюштуруучу : Нуралиева А
№ 22 М.Жамгырканов атындагы орто мектебини 2019-2020-окуу жылынын кыздар кенешинин иш планы.
| № | Аткарылуучу иштин мазмуну | мооноту | Ким жооптуу | Кайда каралат | ресурстар | Кутулуучу натыйжа |
| 1 | «Кызгалдак»- кыздар уюмунун уюштуруу жана иш алып баруу | сентябрь | Уюштуруучу: Кыздар кенешинин торайымы | Озун-озу башкаруу Уюмунун кенешинде каралат | план | кыздар кенеши уюшулат. Кыздар озуно тыкан ,таза болот |
| 2 | Кыздар кенешин откоруу «Кызды-кырк уйдон тыйуу» кыздардын тартиби,озун алып журуусу боюнча иш алып баруу | октябрь | Уюштуруучу: Кыздар кенешинин торайымы | Озун-озу башкаруу Уюмунун кенешинде каралат | |
| 3 | Коомдук жайдарда озун туура алып журуу этикасы. «Кызга кырк уйдон тыйуу» Тегерек стол | ноябрь | Уюштуруучу кыздар кенешинин торайымы | Озун-озу башкаруу Уюмунун кенешинде каралат | докладдар | Коомдук жайларда туура алып журууну уйронушот. |
| 4 | Кыздардын гигиенасы доклад | декабрь | Кыздар кенеши | Озун-озу башкаруу Уюмунун кенешинде каралат | докладдар | |
| 5 | «Суйуу-жашоонун мааниси» эрте жашта турмуш куруунун кесепети.Кы здар арасында дебат | январь | Кыздар кенеши | Озун-озу башкаруу Уюмунун кенешинде каралат | докладдар | Кыздар турмуш боюнча кабар алышат. |
| 6 | «Мен келечекте энемин» дил баяндар конкурсу | февраль | Кыздар кенеши | Озун-озу башкаруу Уюмунун кенешинде каралат | Дил баян | Кыздар келечеги , турмуш куруусу,озун алып журуусу боюнча кабар алышат |
| 7 | «8-март аялдардын-эл аралык майрамы» Сулуулар конкурсу | март | Клуб жетекчиси,кыздар кенеши | Озун-озу башкаруу Уюмунун кенешинде каралат | Сценарий тузуу | Кыздар таланттарын коргозо алышат |
| 8 | «Менин идеалым» темасында кыргыздын белгилуу кыздары жонундо тегерек стол откоруу | апрель | Кыздар кенеши | Озун-озу башкаруу Уюмунун кенешинде каралат | докладдар | Кыргыздын белгилуу кыздары жонундо маалымат ала алышат. |
| 9 | Кыздар кенешинин жыйынтыктоочу жыйналышын откоруу | Май | Кыздар кенеши | Озун-озу башкаруу Уюмунун кенешинде каралат | план | Пландын аткарылышы каралат |
Кыздар кенешинин торайымы:Абдандил к Акылай
№22 М.Жамгырканов атындагы орто мектеби
Доклад
Тема: “Мен келечекте энемин”
(Айыз циклинин келиши)
Мугалим:Абдандил к Акылай
Доклад
Тема:Кызды-кырк уйдон тыюуу.
Кызга карата тыюлар:Кыздын тарбиясынын жооптуулугу артыкча болгон.Анын башкага буол болуп кетиши дайыма конулшо тутулган.Начар тарбия алган-кыз куйоого барса ата-энесин гана эмес,бут айылын ,уруусун созго калтарган.Андыктан кыздын кылык –жоругун,баскан-турганын уй булосундогулордон сырткары тууган-уругу да тескеген. «Кызга кырк уйдон тыюу» деген макал ошол себептен чыккан.Кызды жаштайынан уй тиричилигине уйротуп,адептуулукко ,тыкандыкка,тазалыкка тарбиялаган.Кун чыкканга чейин уктаган адамдын ырыскысы кем болот деп,кызды эрте тургузуп уйроткон.
Тан жылдызы бар маалда ырыскынды тилеп кал деген.Тан саардан короону шыпырса, «жузун мендей таза болсун» -деп шыпырылган жер батасын берет экен.
«Кыздуу уйдо кыл жатпайт» деп уйдун тазалыгына кыз жооп берген.Кечинде уй шыпырбайт,жин-шайтан уялап албаш учун шыпырындыны уйго тунотпойт.Казанга салып идиш-аяк жуубаган,аларды калдыр-шалдырдобушу жок жууп,идиш –аяккагышса уйдун ырыскысы качат деп уйроткон.Казанды жууган сон жугундуну казан менен токпойт,антсе ырыскыны казан менентогуп салганга барабар болот.Кыз бала оокат жасап жатып тамагын утуру сузуп жатып аралаштырган сон ,кепкирди казанга какпа,казанды какса ырыскы качат.
Казанга ччомуч менен кепкурду чогуу салбоо.Туну идиштерди жуксуз калтырба.Кызбала кара кийим кийбеген,чачын жайып журбогон,булар аза кутуунун белгиси катары каралган.Кыз кезинде кашын терсе атасына берген ашы арам болот,ал эми турмушка чыккандан кийин терсе куйосуно берген ашы арам болот деп иыйып келишкен ата-бабалар.
Кыз бала эркек кишиге тике карабайт,бироонун козуно керилип-чоюлбайт,керилгени эрге тийгиси келгендигисинин белгиси.
Кыздын олтуруа-турганы,тамак ичкени ,мейманга чай сунганы,бироолор менен саламдашканы,суйлогону,кулгону баары козомолдо болуп турган.Мындай козомол кызды адептуу осушуно,жакшы жар,эне болушуна корулгон камкордук ктары каралган.
Тыюулардын бардыгы элибиздин маданиятына айланган.Мына ошентип ,элибиз озунун жашоосун диний ишенимине ,дуйно таануусуна ылайык коптогон тыюуларды иштеп чыккан.
Кыз балага карата айтылган макалдар:
1.Кыз бала эл барда чачын тарабайт.
2.Кыз эркек кишиеи теппейт.
3.Кыз бала улууларга соорусун салбайт.
4.Кыз бала бутун учкаштырбай отуруу керек.
5.Кыз бала талтайып олтурбайт.
6.Кыз бала улуулардын жолун кесип отпойт
7.Кыз бала абирдуу болуш керекю
8.кыз бала ушак айтпоо керек.
№22 М. Жамгырканов атындагы орто
мектеби 2019-2020-окуу жылы
Тема: «Сүйүү-жашоонун мааниси” Эрте турмуш куруунун кесепети
(Диспут)
Кыздар кенешинин торайымы:Абдандил к Акылай
Тема :Коомдук жайда өзүн алып жүрүу этикасы талкулоо.
Тема:Коомдо өзүн өзү алып жүрүү этикасы.
1.Саламдашуу.Саламатсыздарбы уурматтуу эжекелер жана кыздар .Бугун биздин коомдун алдында турган эң актуалдуу кыйынчылыктардын бири коомдо кыздардын этикасы болуп саналат.Өз кезегинде белгилей кетчүү нерсе жалпы эле кыздардын коомдого орду кандай болуш керек –деген ойго келесин.
Бардык нерсенин оз этикасы бар дегендей:Көчодо жүрүүнүн,кийинүүнү,тамак жегендин ,сүйлогөндүн ,коомдук жайларда жүүрүнүн оз эрежелерин так билүүгө тийишпиз.
Жалпы кыздардын маданияттын жетишкендиктерин өзүнө камтыган,заманга шайкеш келген нарктуу адептик –ыймандык сапаттарды, маданияттуу жүрүм-турум адебин калптандыруу .Ар бир кызга терен
ыйман –адептик ан сезимди жана түшүнуктөрдү калптандыруу.
Коомдук нормалар бир эле мезгилде коомдо өзүн өзү алып жүрүү эрежелери болуп саналат.Мындай эрежелердин саны абдан көп.Коомдо кыздардын жүрүшу ар түрдүү,себеби коомдо кыздардын нарктуулугу бирдей.Орду менен сүйлөө,айланадагылар менен сылык мамиледе болуу,жүрүм-турум этикасын сактоо- мунун баары кыздардын тарбиясынан кабар берет.Маданияттуулук кыздарга карьералык тепкичтен көторүүлүгө,жакшы дос күтүүгө,үй бүлөө курууга жардам берет.
Бүгүнкү кундө кыздардын коомдогу этикасын ар кыл тармактан көрүп жатабыз.Телевизордон,гезит-журналдардан,ал тургай интернеттен .
Уулуу муундарды көзгө албай тамеки,арак дегендерди ачык эле кармап калдык.Коомдук жайда өзун алып жүрүү этикасына туура келген нерселерди кылсак,ошол көйгөйлөрду туура чечсек.
Бүгүнкү тегерек столубузду ачык деп жарыялап,келген коноктор менен тааныштырып койсом.
Соц.педогог:Бадырова Дамира
Уюштуруучу: Нуралиева Айжамал
Кл.жетекчилер жана мугалидер
Алгач мектептеги өзүн өзү алып жүрүү эрежелери кандай,силердин көзкарашынар азыркы кыздарга болгон ойунар.
Бул өзун өзу алып жүрүү этикасыдеген эмне?
Коомго туура мамилени кантипжасай алабыз?
Адепсиздик денег эмне?
Адепссиздикбул коомдогу адеп ахлах нормадларын бузуу
Адепсиздиккекандайсапаттар кирет? Коомдук жайларда түкүрүнүү,катуу кыйкырып сүйлөө,бироону мазактоо,ыймансыздык,оройлук,көрө албастык.
Коомго туура эмес мамиле жасообул-кылмыштуулукболуп саналат.
Силердин оюнарча илгери кыздарды кантип адептүүлүккө тарбиялашкан.(кыздарга талкуу ирээтиндесуроо)
Азыркы кыздардын адепсиздиги эмнеде?
Кыргыз эли илгертен эле кыздарын тарбиялоодо учкул сөздөрдү,макал-лакаптарды ,кылымдарды каарыткан акылдарды айтып келишкен.
Жалтанат адам эмнеден?
Жаман сөз айткан пендеден,
Тартынат адам эмнеден?
Табалап күлгон пендеден,
Кыздарыңа таамай сын берер ,
Тараза болот эл деген .
Жыйынтык: “Кыз-адеби кымбат”-деген сөздү озүбүзгө ураан кылып,коомдок эрежелерди сактасак гана адепсиздикти жеңебиз деген ойдобуз.
Тема :Кыздардын гигиенасы-ден соолуктун жана сулуулуктун ачкычы
Максаты: Өздүк гигиена эрежелерин сактоого калоону жана керектенүү калптандыруу.
Күтүүлгөн жыйынтыктар: “Өздүк гигиена” туралуу жана анын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу билишет .Дене бөлүктөрунүн булганыч кырдаалдарына байланышкан жагымсыз сезимдерди туюшат жана оздүк гигиена көндүмдөрүн пайдаланышат.
Киришүү
1-кадам
Кыздарга суроо берүү: Жакшы жана жагымдуу көрүнүш үчүн эмне кылуу керек?
Кыздардын жооптору:
Мугалим: Өздүк гигиена- дене гигиенасын сактоо,ооз көңдөйүн тазалоо, ошондой эле бут кийимдерин ,ич кийимдерин ,жашаган жерди таза кармоо.Гигиеналык сактоо бул адамдын маданиятын аныктоочу шарттардын бири болуп саналат.
Мугалим: кыздарга Гигиена кудайы туралуу докладды айтып берет.
Гигиена-ден соолуктун кудайы,акылман жана врач Асклепиянын кызы.Бул кудайдын аты менен Гигиена аталган.Бул эмгектин жана тиричиликтин адамдын ден соолугуна таасирин окутуп үйроткөн илим. Гигиена мифологияда сүрөттөлгөн
Жана жылан оролгон байыркы комейлерде акылмандыктын жана ыйыктыктын ,
Тазалыктын жана кол тийбестиктин символу катары сүрөттөлөт.
Гигиена адамдын жашоосунун тазалыгын билдирет жана адамдын ден соолугун чыңдоону жана сактоону жөно салуучу,анын активдүү жашоо узактыгын жогорулатуучу гигиеналык эрежелердин жыйындысы.
Кыздар үчүн кошумча маалыматтар:
Колго кам көрүү: Мүмкүн силер булганыч колдун оорулары тууралуу уккандырсынар-ашказандын бузулуусу,дизентерия, гепатит А (сарык), ж.б инфекция организмге адатта кол аркылуу кирип кетуусүнөн улам аларды ушундай аташат.
Кол жуу эрежелери
Колунду самындап жуу
Колдун ички жана манжалардын ортосун унутпа
Таза сүлгу менен аарчы мекиепке өзүн менен жүз аарчы ала бар.
Даарат канадан чыккандан кийин колунду таза жууганды унутпа.
Ооз коңдөйүнүн эрежелери
Адамдын ден соолугу үчүн тиштин,ооздун абалы чон мааниге ээ.Ошондуктан ооз көңдөйү кам көрүү абдан маанилуу. Ооз көңдөйүндө инфекциянын пайда болуусунун алдын алуу тишке кам көрүу жардам берет.
Этек кир келүүнүн эрежелерин туура пайдалануу
Дайыма таза чүпүрок же атайын жасалган патклаткалар 2 саатан кем эмес алмаштырып тууру керек
Таза суу менен даарат алыш керек
Жыйынтыктоо
Ар бирибиз оздүк гигиенабызды туура сактап ден соолукта жашайлы.Бекем ден соолукта болуп жайдары өмүр сүрөлүү.
Гигиена байыркы грек тилинен алынган “ ден соолук”- дегенди түшүндүрөт.
Гигиена –ден соолукту сактоо жана чыңдоо жөнүндөгү илим.
Доклад
Тема: “Сүйүү жашоонун мааниси”,Эрте жашта турмуш куруунун кесепети.
Доклад
Тема: “Сүйүү жашоонун мааниси” Эрте турмуш куруунун кесепети
Максаты:Никеге туруу жөнүндө өз элестетүулөрүнүнкалптануусуна турткү берет.
Жабдуулар:Кагаз, ар түрдүү стикер,ар түрдүү сүрөттөр,докладдар
Кыздар чогулушунун жүрүшү: К өпчүлүк үчүн үй-булө жашоодогу эң маанилүү баалуулуктардын бири катары аныкталган.Бул өтө табигыйдай туюлат: сүйүп калуу, үй-бүлөө куруу,бала төрөө, аны татыктуу адам кылып чонойтуу.Жаштардын тагдырын эле эмес,алардын турмушун бузуучу далилдердин өсүүсү байкалат: никеге эрте туруу, катталбаган нике ,кыз ала качуу учурлары ,ажырашуулар, толук эмес үй-бүлодон өскөн балдар.
Негизги бөлүк:
1-кадам:Ата-энелер көбүнчө “Күйөөгө чыгууга шашылбы” деп ата-энелер кыздарына көп кеңешин айтышат.Никеге эрте туруу юридикалык жактан -18ге толгон жаш кыздар бекиткен нике,психологиялык жактан-бул адамдын кийинкисин ойлонбой туруп ишке баруусу.
2-кадам
Мээ чабуул:Никеге туруунун себептери
Сүйүү сезимдери
Оздөрүнүн жыныстык мамилелерин мыйзамдаштыруу
Кош бойлуулук
Ата-энесинин ыгы жок камкордугунан бошонууну каалагандар
Бактысыз сүйүү
Мугалим:Никеге эрте туруу көйгөйдүү чече албайт. Никеге турууда аң-сезимдүү жана тең салмактуу чечим кабыл алууга тийиш. Никеге эрте туруу көбүнчө туруктуу эмес,анткени алар инстинкти сезимдерге байланыштуу курулган ишеним жок.ж.б мындай мамиле өтө начар.
3-кадам “Эркин микрафон” пикир алмашуу “Никеге эрте туруу “макул”жана “каршы”
Тапшырма: “Никеге эрте туруу” туралуу өз пикирлерин жана аргументтерин микрофонго айтуу.
Эрте никеге туруу көйгөйүү коомчулукта бир топ убакыттан бери бери талкууланып келет.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1 беренесине ылайык 18 жашка чейинки нике-кылмыш болуп саналат.Бул багытта “Жашы жете элек жарандардын никеге туурусуна тыюу салуу” жөнүндө мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгон.Ар кандай уюмдардын өкүлдөру балдардын никеси-бул адамдардын негизги укуктарын бузуу ,жашы жете элек никенин кесепеттерин андап биле алышпайт турганын айтышат.
Эрте никеге туруунун алдын алуу маселеси боюнча жумушчу топко кирген Эмгек жана социалдык өнүүгү министрлиги өлкөдө 18 жашка чейин никеге турган аялдар 12,2%ин түзөөрүн ,бул корсөткүч айыл жеринде 14,2%ин ,ал эми 25% аялдар 15 жаштан 49 жаш куракта физикалык же ар түрдүү сексуалдык зомбулукка кабыларын билдирет. Ошондой эле 7% көрсөтучтө аялдар кош бойлуу кезинде физикалык зомбулукка туш болоору белгиленген.
Эрте турмуш куруунун кесепетинен ден соолук жабыркайт.
Эрте турмушка чыгуу же эрте куракта турмуш курган жигиттин физалогиялык саламаттыгына терс таасир берээри айтылат. Анткени,кыз же жигит болобу эрте куракта эрте никеге туруу ден соолукка залакасын тийгизет,ага кошумча психологиялык тараптан да соккуга кабыларын белгилешет. “Медицинада эрте никеге туруп,бала төрөйтуурган эне баланын саламаттыгы үчүнкооптуу. Секелек курагында турмушкка чыккан кыз эч нерсеге даяр эмес болот. Анан кантип төрөйт. Организм толук жетилиши керек.Өзү бала болуп ,кантип бала бага алат.
Жашы жетпеген кыздарды күйөөгө берүү көрүнушү,анын кесепеттери болгон жаш энелердин төрөт учурунда өлүмү боюнча,Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан биринчи орунда турганын маалым болгон.Өспүрум кыздарыбызды эрте турмушка берүүдо жогоруда айтылган өмүрүнө коркунуч туудурган башка да төмөнкүдөй келечегине терс таасирин тийгизген кесепеттер да бар экени белгиленип келет.
Секелек кыздардын балалыгынан ажыратат
Укугунун бардык түрлөру бузулат
Ден соолугуна да коркунуч туудурат
Билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат
Жаштыгына жана турмуш тажрыйбасы жоктугуна карата ар кандай турмуштагы зомбулукка туш келет
Билими жоктугуна байланыштуу жакшы жумуш таба албайт жана жакыр турмушка туш келиши мүмкүн
Бала төрөт курактагы аялдардын саны азайышына алып келет.
Мындай кесепеттердин алдын алуу максатында мамлекеттик органдар 2016-жылдын ноябрь айында КРЖКи тарабынан ата-энелердин ,диний кыызматчылардын жана жашы жете элек адамдарга карата никеге тууруга диний каада жургузүугө туюу салган.
Айтаажи:Кыздар турмушка чыгууга шашпагыла
Айрым маалыматтарга караганда Кыргызстанда акыркы мезгилдерде 15 жаш курагына толук чыкпастан турмушка чыгууга мажбур болгон кыздардын саны 6миңден көп болсо, ал эми 18 жаш курагынатоук чыкпастан турмушка чыгууга мажбур болгон кыздар 16о миңден ашат. Жарандык активистердин билдирүүлөруно караганда, бул жаш кыздардын бардыгы ата-энелеринин кийлигүушусүнөн күйөогө берилет, же аларды ал качып кетишкен. Жашы жете элек өспүрүм кыз менен никеге туруу мындай никелердин гулдөшуно көмүскө жол ачып ,дин өкүлдөрүнүн айынан “нике” макамына ээ болуп калышат. Ал тургай мындай тагдырга туш болгон өспүрүм кыздардын тагдыры үчун ким –ата-энеси дагы күйөсү дагы молдо дагы жоопкерчиликти алгылары келишпейт.
Айзирек:Бүгүнкү күндө турмушка чыгып жаткан жаш өспүрүм курактагы кыздардын укугу бузулса, ал көмүскөдө гана калып калат. Жашы жете электер менен никеге туруу боюнча мыйзамдын четке кагылышы 6 миң кыздарды көңүл жаздымда калтырып келет.
Эрте никеге туруу эне жана бала өлумүнүн өсүшүнө,кыздардын билим албай ,татыктуу жумушсуз калышына жана укуктарынын тебеленишине алып келүүдө.
Нестан: Эрте никеге тургандардын ата-энесинин дагы жоопкерчилигин кароо керек.Ала качуу,эрте никеге туруу маселесин мыйзам аркылуу гана чечүүгө мүмкун эмес. Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусуна жол бербөө зарыл.Алар уй бүлөө курууга даяр эмес.Балдар үйүндө майыптардын көбү эрте никеге тургандардын балдары. Андыктан үй бүлө кодексине эрте никеге тургандардын ата-энесин жоопкерчиликке тартуу тууралуу озгөртүү киргизүү зарыл.
Жазгул: Жашы жете электе никелешүүнун зыяндуу жактары
Эл аралык иликтөөлөргө караганда жашы жете элек кыздар никеге толук макулдугун берүүгө жөндөмсүз. Себеби өз жашына байланыштуу никенин кесепеттерин толук тушунө алышпайт,үй-булөлүк жана жубайлык милдеттерин толук аткара албайт деп эсептелет.
Адатта жашы жете электе турмушка чыккан кыздар мектепте окууну токтотушат жана эч кандай улантышпайт. Алар билим албай жана адистикке ээ болбогондуктан, акы эң аз толөнүүчү жумуштарда иштешет.Зомбулук,экономикалык көз карандылык ,басынтуу , мажбурланган жыныстык мамилелер ,укугунун жоктугу –булардын бардыгы эрте никеге турган кыздарда көп кездешет.
Жыйынтыктоо:
Мыйзам жоопкерчилигин унутпагыла
Кыргыз Республикасында 18 жашка толо элек кыздар жашы жете электер деп таанылат.
Кылмыш-жазакодексинде никеге туруу мыйзамын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган. Алсак,17 жашка толо элек адамдын никелик мамилеге мажбырлоо беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми 17 жашка толо элек кызды ала качкандар он жылга чейин ажыратылат.
Кылмыш-жаза кодексинде 16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнаш жана башка сексуалдык аракеттер үчүн үч жылга чейин эркиндиктен ажыратуу жоопкерчилиги каралган.
Эрте нике жөнүндө элде толук маалымат жок.