СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 18.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыздар коомдун улгусу

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

кыз балдарга болгон акыл насаат

Просмотр содержимого документа
«Кыздар коомдун улгусу»

Уул- кыз эртеңки үй-бүлө



Сабактын темасы: Уул-кыз эртеңки үй- бүлө.

Сабактын максаты: Кыздарыбызды туура жолго багыттап, заман талабына жараша өсүп- өнүүгүшүнө салым кошуу.

Келечекте бактылуу эне болууга чакыруу, турмушка туура коз караш менен карап, өз алдынча даярданууларын камсыз кылуу. Үй-бүлөнүн турмуштагы орду жөнүндө тушунуктөрду берүү.

«Уул-кыз эртенки үй-бүлө» дегендей бүгүнкү үй-бүлө жана уул кыздарыбыздын тарбиясы жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Үй-бүлөнүн коомдо аткарган көп жактуу милдети уул кызга татыктуу тарбия берип эртеңки жаңы түзүлүүчү үй-бүлөнүн түптөлүшүнө салым кошуу. Үй-бүлө бул ыйык нерсе. Бул кичинекей мамлакет. Ошол мамлекетте тынчтык, бейкутчулук болсо, ал үй-бүлө элге үлгү боло алат. Жалпы адамзат парзы, бул үй-бүлө куруу. Адам атанын тукумун улоо, балдарга жакшы тарбия берүү.

Алгач үй-бүлө деген эмне?

Ушул суроогожооп издейли. Үй-бүлө деген өз мыйзамдары бар кичинекей мамлекет. Ал мамлекетте ар кимге өзүнө жараша укуктары берилген. Мамлекет болгондон кийин анын башчысы да бар. Бирок ал башчы шайлоо аркылуу тардалбайт. Анын башчысы Кудай тарабынан дайындалган. Ал эркек.

Себеби, эркек ал мамлекетти негиздөөчү, аны коргоочу, аны камсыз кылуучу, ал мамлекеттин жарандарына адилеттүү мамиле кылуучу деп саналат. Демек, анын башкаруучу болууга толук акысы бар. Андан сырткары күчтүулук, чечкиндүүлүк, токтоолук, сабырдуулук, адилеттүүлүк, олуттуулук ж.б. сапаттар менен жараткан.

Бул мамлекеттин ички тазалыгын, тартибин көзөмөлдөөчү министр, бул АЯЛ. Ал тазалыкты сүйүүчү, сарамжалдуу, мээримдуу, ишенимдүү, назик, сулуу болуп жаратылган.

Аял ошондой эле казан-табак, тамак-аш, тазалык министри деп да эсептелет. Бул мамлекеттин жарандарынын укуктарын ата-эне коргойт. Жарандардын милдети, ошол мамлекеттин мыйзамдарына баш ийип жашоо. Ал эми укуатары: татыктуу билим алуу, тарбия алуу, татыктуу тамактанып, кийинүү, эс алуу ж.б. кирет.



Кыргыз элинде «кызга кырк үйдөн» тыюу деп аны бүтүндөй айыл тарбиялаган. Жакшы эне болууга жаштайынан үйрөтүшкон. Анткени, аял үйдүн куту, кыймылдаткыч күчү, баарынан мурда -Эне. Энеден ашкан ыйык да, бийик да зат дүйнөдө жок. Үй коломтосун өчүрбөй бактылуу турмушту камсыз кылууда аялдын ролу эбегейсиз зор. Ошонбой болсо да аял эркекке баш ийип, акылы менен эркекти имерип ынандырган. Ал эми эси жок аялдар албуттуулугу, ажаандыгы, кара өзгөйлүгү, тилдүүлүгү, үй-бүлөөнү жеке башкарууга аракеттенүүсү, күйөөсүн теңсинбөөсү, көйрөңдүгү, кара мүртөздүгү, ажаандыгы, доолулугу, ичи тардыгы, ушакчылдыгы, ит кыялы үй-бүлөнү гана бузбастан балдарга, а түгүл коомго да терс таасирин тийгизээри анык.

Кыздарды кичинесинен эле адамдар менен мсмиле түзүүгө, келген меймандарды күтө билүүгө, өз боюн тыкан алып жүрүүгө, үй тиричилигин өз алдынча жасоого, өз алдынча тамак -аш жасоого кийим -кече бычтырып, тиктирип, энесинин уузчулук өнөрүн аркалоого, аитеп окуп ой өрүшүн кеңейтүүгө, чындыкты сүйлөп, түз жүрүүгө, ушак айтбоого, ууру кылбоого, келечекте бакубат жашашы учун жаштайынан аракет кылууга үйрөтүшүбүз керек.



Кыз бала учун алтын эрежелер:

Адептүү кыздар бейжай басып, өз билгенин кылган эмес.

Кара кийип, чачын жайган эмес.

Башка бирөөлөрдүн көзүнчө керилип, чоюлбайт.

Эркек аишилердин көзүнө тик карабайт.

Уул баланын кийимин кийбейт.

Эркек адамдын жолунан кесип өтбөйт.

Үнүн катуу чыгарып күлбөйт.

Бой жеткен кыз улууларга артын салбайт.

Ушул эрежелердин негизинде “абийириңди жашыңдан сакта” деген макалга да токтолуп кетсек. Чынында абийирди жашындан сактоо керек. Франциялык улуу жазуучу Мопассан: “өзун сыйлабаган адам бактысыз, ал эми өзун асмандаткан адам бийик кол жеткис”деп аткандай ким өзун сыйласа бирөөлөрдүн колунда оюнчук болууга жол бербейт жана озүн коргой алат . Андыктан кыздар ар дайым бийик, кол жеткис, баасыз кымбат болгула!



















Уул – кыз эртеңки

Үй – бүлө






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!