Просмотр содержимого документа
«Кызыктуу кыргыз тили план»
К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 7 а классына өтүлүүчү «Кызыктуу кыргыз тили» аталыштагы таймаштын планы
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз тили боюнча алган билимдерин эске түшүрүп, жыйынтыгын корсөтүшөт.
Өнүктүрүүчүлүк: Ар кандай берилген тапшырмаларды шамдагайлык менен аткарууга, топтөөгө жана практикалык иштерди аткарууга көнүгүшөт.
Тарбия берүүчүлүк: Бири-бирин сыйлай билүүгө, аракетчилдикке, патриоттуулукка жана тырышчаактыкка тарбияланышат.
Сабактын тиби: таймаш сабак
Сабактын методдору: класстер, сүрөттүү тапшырмалар,ребус, чайнворд жана башка
Сабактын жабдылышы: Доска, бор, таркатмалар, интерактивдүү доска, флешка, компьютер, стикер, ватман ж.б.
Сабак КРнын тил гимнин окуучулардын аткаруусунда угуу менен башталат. Ал убакта экрандан Кыргыз тилге арналган слайд көрсөтүлөт.
Мугалим: Саламатсыздарбы урматту бүгүнкү 7-класстын таймаш сабагына келген коноктор. Бугүнкү биздин таймаш сабагыбыздын темасы: Кызыктуу кыргыз тили. Биз бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик тилибизге арналган не бир сонун кече, таймаш дагы ушул сыяктуу иш чараларды уюштуруп келген болсок, бүгүнкү таймашыбыз эч кандай ыр, бийдин коштоосуз жалаң гана кыргыз тил сабагынан өтүлгөн темалардын алкагында өтмөкчү. Былтыркы жылы эки паралелл класстарды өтүлгөн темалар боюнча таймаштырсак быйылкы жылы бир класстын окуучуларын гана топко бөлүү менен ар кандай оюндар аркылуу өз билимибизди, шамдагайлыгыбызды көрсөтөбүз деген умүттөмүн. Анда эмесе таймашыбыздын программасы менен тааныштыра кетсем.
Үй тапшырма (стен газета жана буклеттерди жактоо)
Ар бир топко баш катырмалар таратылат , схеманы толтурушат.
Слайдда жана ар бир топко барак менен таркатылат, анда ар бир сөз түркүмү боюнча тапшырмалар берилген, аткарышат
Сүрөттүү тапшырмалар: сүрөттөрдөн сөздөрдү табабыз
Сүрөттөрдөн макалдарды табабыз
Кыргыз тилиндеги талдоолордун моделин түзүү
Баалоонун критерийлери: Ар бир тапшырмага убакыт берилет, кайсы топ ошол убакыттын ичинде туура, көп тапшырма аткарса доскага ар бир топ өз тобунун алдына алма стикерледи чапташат.
Тапшырмалардын бардыгы аткарылып бүткон соң доскага чапталган стикерлерди саноо менен жыйынтык чыгарылып сабак жыйынтыкталат.