№1 сабактын планы.: Фонеманы кабыл алуу
| Сабак учурунда пайдаланыла турган формалдык эмес баалоонун суроолору: Балдар аӊгемеге көӊүл бөлүштүбү (угушат, суроо беришет жана жоопторду беришет)? Көпчүлүк балдар аӊгемени кунт коюп угуп окуганга чейин, анын учурунда жана андан кийинки суроолорго жооп беришти деп айтууга болобу? Балдар бардык көнүгүүлөр менен ийгиликтүү иштей алышабы? Балдар «жаса – жана – алып кет» тапшырмасын ийгиликтүү аткара алышабы? |
Жүгүртмө.
Бош убакыт /каттоо. Сабак башталганга чейин келген балдар үчүн.
Сабак башталганга чейин эрте келишкен балдар Китеп банкында болгон буюмдар менен ойношот же каттоо процедурасына катышат. Каттоо учурунда балдар бардык жазгыч буюмдарды колдоно алышат, өз атын же айрым тамгаларды жазып,сүрөттөрдү тартып, тамгаларды окшоштуруп чиймелешет.
Ырдоо үчүн убакыт. 10 мүнөт
Ырдоо үчүн убакыт бардык балдарды сабакты баштоого чогултуш керек. Тарбиячы балдарга тааныш эки ырды ырдап берет. Биринчи ыр балдар үчүн жакындап келип класска топтоло баштоосу үчүн , а экинчиси командалык духту көтөрүү үчүн жана айрым кечигип жаткан балдар үчүн кошумча убакыт берет. Тарбиячы балдардын класска чогулуусуна жараша аларды чогуу ырдоого чакырат.
Сабактын планы.
Ар бир сабак башталганга чейин тарбиячы сабактын структурасын схемалуу түрдө чагылдырган планды даярдоосу керек. Сабактын планы балдар аны дайыма көрүп тургандай орунга жайгаштырылат. Окуганды баштоодон мурда тарбиячы бүт класска сабактын планын кыскача баяндап берет.
Окуу үчүн убакыт.
Ар бир сабактын учурунда бүт класска бир аӊгеме окулат. Тарбиячы балдарга суроолорду аӊгемени окуп баштаганга чейин, окуп жаткан учурда жана окуп бүткөндөн кийин берет. Бүгүнкү сабактын учурунда балдарга «Кумурска жана көгүчкөн» аӊгемеси окулат.
Окуганга чейин:
Биз бүгүн кумурска жана көгүчкөн жөнүндө аӊгеме окуйбуз. Силер кумурска жана көгүчкөндөр жөнүндө эмне билесиӊер? Бул жаныбарлар эмнеси менен айырмаланышат?
Силер бул жаныбарлардын бири-бирине жардам бере тургандыгын билесиӊерби? Келгиле, аӊгемеде эмне болгондугу жөнүндө билели.
Окуп жаткан учурда:
«Кумурска жалбыракка чыгып, суунун жээгине чейин коркунучсуз жетип алды» - деген фразадан кийин: Кандай деп ойлойсуӊар, эмне үчүн көгүчкөн кумурскага жардам берди? А силер кумурскага жардам берет белеӊер?
Силер кандай ойлойсуӊар, куткаргандыгы үчүн кумурска көгүчкөнгө ыраазычылыгын билдиреби? Кумурска көгүчкөнгө кантип жардам бере алат?
Кумурска жана көгүчкөн.
Кумурска аябай суусап, суусунун кандырыш үчүн суу жээгине барды. Кумурска суу ичип жаткан учурда аны суу агызып кетти жана ал чөгө баштады. Алыс эмес жердеги бакта конуп отурган көгүчкөн сууга чөгүп жаткан кумурсканы көрдү дагы, ага жалбыракты ыргытты. Кумурска жалбырактын үстүнө чыгып суунун жээгине аман-эсен жетип алды.
Мындан аз убакыт өткөндөн кийин мергенчи көгүчкөн отурган бактын түбүнө токтоп, кылтак салганга даярдана баштады. Кумурска мергенчинин оюн түшүндү дагы, аны бутунан тиштеп алды. Мергенчи бутунун ооруганына чыдабай колундагы капканды жерге түшүрүп жиберди, ал эми көгүчкөн бактын түбүндөгү добуштардан чочуп учуп кетти.
Окугандан кийин:
Көгүчкөн менен кумурска кантип бири-бирине жардам беришти?
Эмне үчүн кумурска көгүчкөнгө жардам берди деп ойлойсуӊар?
А силер көгүчкөн менен кумурска сыяктуу абалда болдуӊар беле? Силер кимдир -бирөөгө жардам бергениӊерди же эч жардам күтпөй турган мезгилде силерге кимдир –бирөөлөр жардам бергендигин эстей аласыӊарбы?
Көнүгүүлөр үчүн убакыт.
Көнүгүүнүн аталышы: «Мен эмнени ойлоп жаткандыгымды тапкыла!»
Баяндоо: Бул көнүгүүдө балдар биринчи айтылган тыбыштан тарбиячы эмне жөнүндө ойлонуп жаткандыгын табышы керек.
Өнүктүрүлө турган көндүмдөр: баштапкы тыбыштарды таануу, эстутум сөздөрдү эстеп калуу жана маселелерди чечүүнүн көндүмдөрү.
Зарыл болгон материалдар: сүрөттөр, майда буюмдары бар баштыкча.
Оюндун кошумча ыкмалары:
* Буюмдары бар баштыкча менен бирге журналдардан жана гезиттерден ар кандай
Буюмдардын сүрөттөрүн тапкыла.
* Сөздүн биринчи тыбышын айтуу үчүн бул оюнга чоӊураак балдарды жана кичине
балдарды бир топко кошуп койгула.
* Топтун туура жооптору үчүн тапшырма бергиле. Мисалы, “В” “Вилка” сөзүн
Тапкан балага кийинки буюм көрсөтүлүшу же айтылышы керек, ал ошондо “мен
“А” тамгасынан башталган бир нерсе жөнүндө ойло жатам” деп айтышы керек.
Көӊүл бургула: Окуучулар өз жообунун вариантын айтуу үчүн колдорун жогору көтөрүшү керек. Бул балдардын жапырт кыйкырбоосу жана балдарга ойлонуу үчүн убакыт берүү зарыл.
“Жаса – жана - алып кет” 15 мүнөт
Биринчи тыбыштар үчүн китеп Сабакка даярдык: Сабак башталганга чейин, Китеп банкындагы кагазды пайдалануу менен ар бир окуучу үчүн жазганга төрт барактан турган китепче жасап бериӊиз. Баракты экиге бүктөгүлө. Бүктөлгөн жеринен эки жөнөкөй тешик жасагыла. Жасалган тешиктер аркылуу жипти же пластик баштыктын бир үзүмүн өткөргүлө жана барактарды бирге байлагыла.
Баяндама: балдар ар бир баракта көрсөтүлгөн тыбыштан башталган буюмдун сүрөтүн тартып, жазганды билген окуучулар буюмдун аталышын жазышы керек. Эгерде балдар азырынча жазганды билбесе, тарбиячы алар үчүн буюмдун аталышын жазып бериши керек.
Портфолио/папканы толтуруу
Портфолио /папканы толтуруу сабактын акыркы көнүгүүсү болуп эсептелет. Балдар өз портфолио /папкасына бүгүн кандай көнүгүүлөрдү аткаргандыгы жөнүндө жазып же тартып коюшу керек. Мисалы, балдар бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөттү же аларга жагып калган көнүгүүнү же Окуу лагерине байланыштуу башка бир сүрөттү тарта алышат.
Бүгүн сабактын кайсы бөлүгү сага жакты, ошол жөнүндө жазгыла / сүрөтүн тарткыла.
Бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөт тарткыла.