Просмотр содержимого документа
«Ландшафт жана анын түрлөрү»
Ландшафт (нем. Land – жер, schaft – өз ара байланыш), географиялык ландшафт – географиянын фундаменталдуу түшүнүктүрүнүн бири: бирдей шартта пайда болуп, географиялык компоненттери (рельеф, климат, топурак-өсүмдүктөрү жана башка) окшош болгон Жер бетинин бөлүгү; аны түзгөн морфологиялык бирдиктердин (фация, урочище) мыйзам ченемдүү айкалышы. Бул терминдин 1-илимий аныктамасы Л. С. Бергге тиешелүү (1913). Андан соң 20- кылымдын 30–40-ж. Л. Г. Раменский, В. Б. Сочава жана башка орус окумуштуулары өөрчүткөн. Термин илимге киргенден көп түрдүү өзгөрүп, негизинен, табигый аймактык комплекстин синоними, морфологиялык жана функциялык өзгөчөлүктөрү окшош табигый участкалардын (тайга ландшафты, талаа ландшафты, шаар ландшафты жана башка) жалпылыгы же пейзаж катары кеңири колдонулуп келет. Табигый ландшафттардын терең өзгөрүүсү маданий жана антропогендик ландшафттын калыптануусуна алып келген.
Ландшафт.
Too ландшафттары - бийиктик алкактуулук жана рельефтин ярустуулугу байкалган жерлердин ландшафты.
Too ландшафттарына түрдүү каптал экспозициялары, геолог. түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү, топурак кыртышы менен өсүмдүктөрүнүн ар түрдүүлүгү ж. б. себептерден келип чыккан табигый шарттардын контрасттуулугу таандык. Too ландшафттары тоолордун рельефине жараша бийик, орто бийик жана жапыз тоолуу болуп айырмаланат.
Маданий ландшафт — адам коомунун чарб. аракетинен өзгөргөн географиялык ландшафт.
Маданий ландшафт, чөлдөгү сугат жерлүү оазистер, токойлуу талаа зонасындагы айдоо аянттар, кургатылган жанa иштетилген жер ж.б.
Табигый ландшафт менен Маданий ландшафттын ортосунда кескин чек жок: Маданий ландшафтта геол. түзүлүшү, рельефтин морфо-структуралык өзгөчөлүгү жанa климаттын негизги касиеттери өзгөрбөй сакталат;
Маданий ландшафт геогр. маанилүү закон ченемдердин — зоналуулук жанa азоналуулуктун таасирине баш ийет.
Эгер адам баласы ландшафтка стихиялуу таасир жасаса, анда анын табигый структурасы көпчүлүк убакта кескин бузулуп, жагымсыз процесстер (топурак эрозиясы, аба жанa суулардын булганышы ж. б.) пайда болот.
[29.12, 09:47] ЭзоЗа: Географиялык ландшафт — географиялык кабыктын аймак боюнча бөлүнүшүнүн негизги категориясы, физикалык географиянын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Анда табият компоненттери жана жергиликтүү чакан геосистемалар өзара тыгыз байланышта болуп, бирдиктүү системанын бөлүктөрү катары өнүгөт. Негизги компоненттери (рельеф, климат) бирдей болгондуктан, ландшафтка мүнөздүү өсүмдүк-топурак кыртышынын тиби да, ал аймакта бир түрдүү болуп, көп учурда басымдуулук кылат. Географиялык ландшафт геосистемалар иерархиясынын (баскычтарынын) бир деңгээли; ал региондук (аймактык) жана локалдык (жергиликтүү) геосистемалар бири-бирине жанашкан жерде болот, башкача айтканда ал — региондук геосистемалардын эң төмөнкүсү, ошол эле учурда эң ири локалдык геосистема. Бир жагынан географиялык ландшафтты жер бетинин региондук (зоналуулук-азоналуулук факторлордун таасири астында) бөлүнүшүнүн (дифференциациясынын) натыйжасы катары түшүнүлсө, ошол эле учурда аны жергиликтүү чакан геосистемалардын өзара аракеттеринин натыйжасында биригүүсү (интеграциясы) катары кароого болот. Географиялык ландшафттын аймагындагы жергиликтүү чакан геосистемалар көп учурда улам кайталанган түрдө кандайдыр бир ырааттуулукта жайгашат. Негизги компоненттери, ошондой эле басымдуулук кылган топурак-өсүмдүктөрү бирдей болгондуктан, географиялык ландшафтты табигый бирдейликтин (биртүрдүүлүктүн) эталону (үлгүсү) катары кароого болот. Ошондуктан географиялык ландшафт физикалык-географиялык аймактык изилдөөлөрдүн негизги бирдиги, башкача айтканда аймактарды физикалык-географиялык жактан изилдөө алардын ландшафттарын үйрөнүү болуп саналат. Жерди сырткы түрүнө жараша ландшафттарга бөлүштүрүү 19-кылымдан башталган. Географиялык ландшафттын биринчи илимий аныктамасы Л. С. Бергге тиешелүү (1913). Ал географиялык ландшафтты географиялык изилдөөнүн негизги объектиси, жер бетинин түзүлүшү, климат, топурак, өсүмдүктөр жана башка сыяктуу кубулуштардын гармониялык айкалышын көрсөтүүчү өзүячө табигый чеги бар географиялык бирдик катары караган. Л. С. Бергден кийин бул түшүнүктү 20-кдын 30—40-жылдары Л. Г. Раменский, А. А. Григорьев, С. В. Калесник, Н. А. Солнцев, В. Б. Сочава жана башка өөрчүткөн. Кыргызстанда тоолуу жана түздүктүү аймактардын ландшафттарын изилдөөдө Э. К. Азыкова, Р. Р. Криницкая, С. Б. Байгуттиев, Т. Н. Кулматов, М. Кадыркулов, К. Матикеев, Б. Орозгожоев жана башка салымын кошкон. Адабият: Исаченко А Г. Ландшафтоведение и физикогеографическое районирование. М., 1990. Т. Кулматов.
Колдонулган адабияттар: Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7