СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Латын Америкасы 19-кк аягы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Латын Америкасы 19-кк аягы»

XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башында

Латын Америкасы мамлекеттери

Жалпы муноздомо Америка материги шарттуу түрдө Түндүк жана Түштүк Америкага бөлүнөт. Кээде «Латын Америкасы» аталышы да иштетилет. Түштүк Американы испандар жана португалдар басып алганы маалым. Алардын тили латын тилинен келип чыгышына салыштырылып, Түштүк Америка Латын Америкасы деп аталган. Бирок Латын Америкасы Түштүк Америкага караганда кең түшүнүк. Ага Мексика (Түндүк Американын бир бөлүгү) менен Борбордук Американын аймактары да кирет (тиркемеге кара). Түндүк жана Түштүк Американын өнүгүүсү бир түрдүү даражада кечкен жок. Түндүк Америкада жайгашкан АКШ дүйнөнүн биринчи мамлекетине айланган болсо, Латын Америкасы өнүгүүдө артта калып кетти. Мунун негизги себеби, Латын Америкасы мамлекеттеринин түзгөн бийлик чөйрөлөрү жана алардын өкүлү болгон саясий ишмерлер келип чыгышы боюнча испаниялык жана португалиялыктар болгондугу менен түшүндүрүлөт.

Испания жана Португалия бул доордо Батыш Европанын экономикалык жактан өнүгүүдө артта калган мамлекеттери эле. Бул эки мамлекеттин коомунун турмушунда орто кылымдын феодалдык эрежелеринин алигече сакталып келе жаткандыгы мунун негизги себеби эле.

Латын Америкасынын мамлекеттеринин бийлик чөйрөлөрү дал ушул эки мамлекетте өкүм сүрүп жаткан орто кылым феодалдык мамилелерине негизделген калыптагы эрежелерди өздөрүндө да сактап турган. Анткени, дал ушул эрежелер аларга бийликти өз колдорунда бекем сактап туруусунун кепилдиги болгон. Орто кылым феодалдык эрежелеринин сакталып калышы Латын Америкасында да коомдун өнүгүүсүнүн артта калышына себеп болгон. Латын Америкасында саясий жактан эгемендүү болгон мамлекеттердин пайда болуу жараяны 1870-жылга келип, дээрлик аяктады. Аргентина, Мексика, Чили,Уругвай, Венесуэла жана Колумбия мамлекеттери Испаниянын эзүүсүнө каршы узак убакыт өз эгемендүүлүктөрүн сактоо жана фео-далдык монархияны кулатуу үчүн күрөшүштү.

Латын Америкасы өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө XIX кылымдын соңку чейрегинде өнөр жай өнүгүүсү эми эле башталган болчу. Алардын экономикасында феодалдык мамилелер, кулчулуктун калдыктары, индеецтердин жөнөкөй уруучулук жамаатары да бар эле. Бул мамлекеттердин кылымдарга созулган өнүгүүдөн артта калгандыгынан Улуу Британия, Франция, АКШ жана Германия сыяктуу ири мамлекеттердин монополисттери пайдаланып калды. XIX кылымдын аягына келип, Латын Америкасынын мамлекеттери иш жүзүндө Улуу Британия жана АКШнын жарым колонияларына айланып калды.Латын Америкасынын мамлекеттеринде капитализмдин орношу узак жана өтө татаал жолдон барды. Улуу Британия бул регионго эң көп капитал киргизген эле. Негизги капиталы порт, темир жол курууга, банктарга, тропикалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана эт өндүрүүгө сарпталчу. XIX кылымдын аягында Латын Америкасына АКШ капиталы да кирип келе баштады.

Кубанын көз карандысыздык учун курошу 1868-1878-жылдарда Куба эли испан эзүү-чүлөрүнө каршы боштондук күрөшүн алып барды (Испания Кубаны 1510-жылда басып алган эле. Бирок, Испанияга болгон көз карандылыктан кутула албады. Ошентсе да, 1880-жылда кулчулукту жоюуга жетишилди. Тез арада Кубага АКШ талапкерлик кыла баштады. Бул максатта Испанияга кайрылды. Ал ыраазы болбоду.1895-жылда Куба эли улуттук баатыры Хосе Марти, Максимо Гоместердин башчылыгында козголоң көтөрдү. Парижде кол коюлган Испания - АКШ тынчтык келишимине ылайык Куба көз карандысыз деп жарыяланса да, чынында АКШга баш ийип калды.

1910-жылдагы президенттик шайлоо XIX кылымдын 70-жылдарында АКШ Мексика (Мексика 1821-жылы эгемендүүлүккө жетишкен эле) мамилелери курчуй баштады.Буга АКШнын Мексиканы өзүнө саясий жана экономикалык жактан баш ийдирүүгө умтулуусу себеп болду. АКШ өзүнө чектеш Мексиканын түндүктөгү райондорунда Америка ишканаларын жана темир жолдорду куруу үчүн Мексика өкмөтүнөн уруксат сурады. Бирок, өкмөт бул кайрылууну четке какты. Натыйжада мамлекеттик төңкөрүш уюштурулду. АКШ жана айылдык помещиктердин реакциясына таянган Порфирио Диас 1876-жылда президент деп жарыяланды жана бул кызматта азыраак тыныгуу менен 1911-жылга чейин турду. Диас диктатурасынын доору Мексиканы чет эл монополияларынын жарым колониясына айландыруу доору болду. Диас башкарган доордун аягына барып, АКШнын Мексикага салган капиталы 1 млрд. дол- лардан ашты. АКШ Мексиканын нефть кендерин, тышкы соодасын өз көзөмөлүнө алды.

1909-жылда Мексикада түшүм болбоду. Натыйжада, дыйкандар козголоңу башталды. Алардын кыймылына Эмилиано Сапата башчылык кылды. Сапата «Дыйкандарды коргоо хунтасын» түздү. Аны урааны «Жер жана эркиндик» эле.

Мексикада Диастын диктатурасы 1910-жыл июлда Мексикада президенттик шайлоо өткөрүлдү. Диасты кайра шайлоого каршы турган көпчүлүк Мадеронун тегерегинде бирикти.

Шайлоодо Мадеро өз талапкерлигин койду. Шайлоо натыйжаларынан корккон Диас Мадерону түрмөгө салдырды.

Шайлоолор тынч өтүп, адатынча, Диас дагы жеңишке жетти.Арадан бир кыйла убакыт өтүп, түрмөдөн бошотулган Мадеро шайлоолордун жасамалыгын ашкерелеп, өзүн мыйзамдуу президент деп атады. Диктатура учурунда индеецтерден мыйзамсыз тартып алынган жерлерди кайтарып берүүгө, помещиктерге караштуу жерлердин бир бөлүгүн акы төлөөнүн эсебинен дыйкандарга берүүгө убада берди. Калкты козголоңго чакырды. Элдик козголоңдон коркуп кеткен Диас Мексикадан качууга аргасыз болду.

Мадеро борбор шаарга кирип келди жана президенттикти ээледи. Бирок, Мексикадагы оор ички саясий абалдын айынан ал олуттуу бир өзгөрүүлөр жасай албады. Ошентсе да, иш күнүн 10 саатка чейин чектеп койду жана өндүрүштө штраф системасын жокко чыгарды. Чет эл капиталын чектөөгө жана улуттук экономиканы коргоого умтулду.

Уэртанын диктатурасы АКШ Мадеронун улуттук саясатына душман көзү менен карады жана диктатор Диастын максатташы,генерал Уэртаны Мадерого каршы кайрай баштады.АКШнын колдоосунан күч алган Уэрта 1913-жылда мамлекеттик төңкөрүш өткөрдү. Мадеро атып ташталды.

Уэртанын диктатурасы Мексикадагы абалды ого бетер оордотту.Жөнөкөй калк гана эмес, жадагалса улуттук буржуазия жана буржуазиялашкан помещиктердин бир бөлүгү да Уэртага каршы чыкты.Мамлекетте жарандар согушу башталды. Улуттук мекенди сүйүүчү күчтөр генерал Уэртанын диктатурасын кулатышты.


Мексика төңкөрүшүXX кылымдын башында Мексикада дыйкандардын кудуреттүү кыймылы башталды.Мунун себеби дыйкандардын жерсиздиги болчу. Дыйкандардын кыймылы төңкөрүшкө айланды. Бул төңкөрүш (1910-1917) Мексика тарыхына «буржуа төңкөрүшү» аталышы менен кирген. Мамлекеттин түштүгүндөгү дыйкандардын кыймылынын башчысы Эмилиано Сапата 1911-жылда өзүнүн агрардык программасын жарыялады.

Бул программа индеецтерден тартып алынган жерлерди аларга кайтарып берүү, калган бардык жерлерди конфискациялоо жана жерсиз дыйкандарга бөлүп берүү сыяктуу талаптардан турган.

Мамлекет түндүгүндөгү дыйкандар кыймылынын башчысы Франсиско Вилянын желегине «Жер жана эркиндик» урааны жазылган эле. Сапата менен Вилянын куралдуу күчтөрү 1914-жылда мамлекеттин борбору Мехикону ээлешти. Бирок, көп өтпөй,өкмөт кошууну аларды чегинүүгө мажбур кылды.1917-жылга козголоң бастырылды. Сапата жана Вилялар түрдүү жылдарда жалданган кылмышкерлер тарабынан өлтүрүлдү.

Дыйкандар козголоңу жеңилген болсо да, изсиз кетпеди. Өкмөт агрардык маселени аздап болсо да чечти. Мисалы, латифундисттер тарабынан мыйзамсыз түрдө басып алынган жерлер дыйкандарга кайтарылды. 1917-жылда демократиялык маанайдагы конституция кабыл алынды.



  • Диктатура (латинче чектелбеген бийлик) эч кандай мыйзам менен чектелбеген, зордукка таянуучу бийлик.

  • Оппозиция иш жүзүндөгү өкмөт саясатына каршы күчтөр.



Латын Америкасынын башка мамлекеттери

Бразилияда кулчулуктун жоюлушу Бразилия Латын Америкасындагы ири мам лекеттерден бири болуп, анда 15 млн.калк жашаган жана ал учурда, эң артта калган мамлекет да болчу. Өлкөдө кулчулук, жакырчылык, түркөйлүк жана укуксуздук кең жайылган эле. Кул сата турган базарлар, өз үй-бүлөсүнө, өз үйүнө ээ болуу укугунан ажыраган адамдарды сатуу, эмгекчил кулду көзөмөлчүлөр тарабынан камчылап иштетүү 1870-1880-жылдарда да адаттагы көрүнүш эле.

Ушундай бир шартта кулдар да өз инсандык укуктарын коргоого мажбур болушкан. Алсак, кул Бонифационун башчылыгында кант тростниги плантацияларында көтөрүлгөн кулдар козголоңу мунун далили. Кулдар өздөрүнүн териси каралардын республикасын жарыялашты жана Бонифациону президент кылып шайлашты. Бонифацио куралдуу күрөш аркылуу бардык кулдарды боштондукка чыгаруу зарыл деп эсептечү. Бирок, өкмөттүн кошуундары Бонифационун кошуунун талкалаган.

Кулчулукка каршы болгон күчтөр кулдарды бошотууга чакыруучу «Эркиндик манифестин» жарыялашты. Кулчулукка каршы болгон кээ бир плантаторлор да аболиционисттик кыймылды колдоп-кубатташты.Алсак, плантатор Антонио Предо өз кулдарын эркиндикке чыгарган.Ал өлкөнүн министри болгондон соң, кулдарды эркиндикке чыгаруу жөнүндө сунуш киргизди. Оорусу себеп кызматын аткара албай жаткан император Педру II нин ордуна убактылуу мамлекетти башкарып турган ханша Изабель 1888-жылда Бразилияда кулдарды эркиндикке чыгаруу жөнүндөгү «Алтын мыйзам» аты менен таанымал мыйзамга кол койду. Мамлекетте ал кезде 750 миң кул бар болчу.

Республиканын жарыяланышы Кулчулук жоюлган соң, республика үчүн күрөш күчөп кетти. Рио-де-Жанейродо республиканы жактоочулардын чоң демонстрациясы өттү. Анда студенттер, кол өнөрчүлөр, соодагерлер катышты. Бул демонстрация республика системасынын жактоочулары болгон аскерлер тарабынан колдоого алынды. Натыйжада 1889-жылы 19-ноябрда Педру II тактыдан баш тартып, Британия кемесинде Португалияга жөнөп кетти.Бийлик аскерлердин колуна өттү. Жаңы өкмөт мамлекетти Республика деп жарыялады. 1891-жылда кабыл алынган конституцияга ылайык мамлекет Бразилия Кошмо Штаттары деп атала турган болду. Бардык жарандардын мыйзам алдында теңдиги жарыяланды. Жазуу жана окууну билүүчү жарандарга жалпы шайлоо укугу берилди.

Мамлекеттин экономикалык абалы оор эле. Мындан англис,француз, герман жана Түндүк Америка монополиялары пайдаланышты.Алар чечүүчү тармактарды ээлеп алышты.

Аргентинадагы абал Узакка созулган ички күрөш, Парагвай менен алып барылган согуштун натыйжасында Аргентинада экономикалык турмуш дээрлик токтоп калды. Өкмөт ички абалды туруктуулаштыруу боюнча өтө чоң иштерди жасады. Алсак, Буэнос-Айресте улуттук банк ачылды. Иммиграция колдоого алына баштады. Натыйжада, кыска мезгилдин ичинде Аргентинага 300 миң киши көчүп келди. Европадан келгендер артыкчылыктуу шарттар менен мамлекеттен жер алышты. Көптөгөн шаарлар, жолдор куруп, кеңейтилди. Билим берүү жана илим тез өнүгө баштады. Буэнос-Айресте жөө аскерлер жана аскердик деңиз мектеби ачылып, аскердик билим берүүгө негиз салынды.

1876-жылда иммиграция жана колонизация жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, али калк ээлебеген мамлекеттик жерлер 80гектардан ашпай турган аянттарга бөлүнүп сатылды. Индеецтердин түшүмдүү жерлери тартып алынып, офицерлер жана аскерлерге акысыз бөлүп берилди. Өкмөт, ошол эле учурда, чет эл капиталы киритилишин да колдоого алып жатты. Бир гана Улуу Британиянын киргизген капиталы 1,5 млн. долларды түзгөндүгү бекеринен эмес эле. Бирок, эмгекчилердин абалы дагы эле оор боюнча калган.Натыйжада, ишчилер классы өз укук-таламдары үчүн күрөш баштады.Алар 8 сааттык иш күнүн талап кылышты. 1895-жылда Социалисттик партия түзүлдү. Партия диний билим берүүнү токтотуу, бирдиктүү салык орнотуу, профсоюздарды бириктирүү жана демонстрацияларга уруксат берүү үчүн күрөш алып барды. 18 жашка толгон эркек жарандарга (дин кызматкери жана аскерлерден сырткары) жалпы шайлоо укугун берүү жөнүндө мыйзам чыгарылышына жетишишти.

Борбордук Америкадагы абал Борбордук Америкада АКШнын таасири темптер менен күчөп барды. Мунун натыйжасында, ички күрөштөрдүн айынан алдан тайган Гватемала АКШга көз каранды болуп калды.

Гондурас, Сальвадор жана Никарагуа 1895–1896-жылдарда бирдиктүү мамлекет Улуу Борбордук Америка Республикасына биригишти. Дал мына ушул биримдик АКШны түйшүккө салып койду.Анткени, АКШга Борбордук Америкада анын саясатына тоскоол болушу мүмкүн болгон мамлекеттердин биримдиги керек эмес эле.АКШнын монополиялары бул мамлекеттердеги өкмөткө оппозиция болгон топторго таянып Улуу Борбордук Америка Республикасын таратып жиберүүгө жетишти.


Панама каналы ачылгандан соң, каналдын аймагында Американын губернатору өзүнө баш ие турган ири аскердик күчтөр менен Борбордук Америка мамлекеттерине кооп салып турду.

  • Аболиционизм (латинче жоготуу, жоюу) – негрлерди кулдуктан бошотуу кыймылы.

  • Миля 1609,3 метрге тең узундуктун чен бирдиги.
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей