Просмотр содержимого документа
«Лейлек районундагы №5 мектеп - гимназиясынын эжекелерине 8-март - Аялдардын Эл аралык майрамына карата арналган ыр»
Кандай көркөм, кандай сулуу, татына, “№5” тин эс тандырган кыздары
Эх кышында жыга чапкан ызгаарды,
Эвересттен алып түшкөн нурларды.
Кандай көркөм, кандай сулуу, татына,
“№5” тин эс тандырган кыздары.
Кооздогондой кызгалдактар – кырлары,
Кооздоп ийген бүт дүйнөнү, жылдарды.
Жылдыздардын сиңдилери саналуу,
“№5” тин эс тандырган кыздары.
Күлкүлөрү – тоону шыңгыр булагы,
Желбиреген аруулуктун туулары.
Жер шарында жигиттердин атынан,
Таазим, таазим – “№5” тин кыздары.
Тундурадан учуп келген сыңары,
Тунук, мөлтүр – кызыл-тазыл кыялы.
Бир тал чачы кымбат бардык алтындан,
“№5” тин эс тандырган кыздары.
Алар басса жарк дей түшүп түн дагы,
Сыяктанат бул ааламдын күн жагы.
Эркектерди мүдүрүлткөн бир карап,
“№5” тин эс тандырган кыздары.
Сүйүү мээрим, жакшылыктын гүлзары,
Үй-бүлөгө, коомго силер миң дары.
Бак-таалайдын айыл-шаарын кыдырып,
Бар болгула “№5” тин кыздары!
Терең урматтоо менен, “№5” тин жигиттери!