Просмотр содержимого документа
«Лексикалык талдоо»
Лексикалык талдоо
Сөз- тилдин эӊ негизги бирдиги.Сөздөрсүз тилди элестетүү мүнкүн эмес.Сөздөрдү маанилери боюнча өз ара ар кандай карым-катышта (маанилеш, карама-каршы ж.б) келиши бир эле сөздүн тике, өтмө маанилеринде, стилдик жактан түрдүү жагдайда колдонулушу-тилдин эбегейсиз зор кызматындагы ички кудуретинин бир жагы. Сөздөрүн туюндурган маанисин, орундуу, орунсуз жумшалышын билбей туруп, ой-пикирди туура, жеткиликтүү берүү мүнкүн эмес.
Ошондуктан кыргыз тилин үйрөнүүдө лексикалык материалдарды билүүгө олуттуу көӊүл бөлүнөт.
Кыргыз тилиндеги бардык сөздөрдүн жыйындысы лексика же сөздүк курам (состав) деп аталат. Л,ексиканы изилдөөчү тил илими –лексикология . Тил илиминин бул бөлүгү сөздөрдүн табиятын, маанилерин, маанилик топторун, стилдик түрлөрүн, чыгыш тегин ж.б. үйрөтөт.
Мектеп пратикасында лексикалык материалдады тереӊ өздөштүрүү максатында лексикалык талдоолордон сөздөргө лексикалык талдоо жүргүзүүдө өзгөчө көӊүл бурулуп жүрөт.
Талдоонун планы
1.Талдап жаткан сөздүн лексикалык маанисин чечмелөө жана анын жеке же көп маанилүү сөз экенини аныктоо ( эгер көп маанилүү сөз болсо, ар бир маанисине сөз тизмеги, сүйлөм тибинде мисал келтирүү менен талдоо жүргүзүү).
2.Сөздүн тике же өтмө мааниде колдонулуп жатканын түшүндүрүү.
3.Сөздүн синонимдерин, антонимдерин жана омонимдерин табу.
4.Сөздүн стилдик боёкторун аныктоо (стилдик жактан бейтарап сөзбү?
Китептик же оозеки сүйлөшүү лексикасына киреби?).
5.Сөздүн чыгыш тегин аныктоо.
Лексикалык талдоонун үлгүлөрү
Өмүр желдей соксо, мен аткан октой тез зуулап келем. (К.Ж.) Бул сүйлөмдөгү зат атооч өмүр адамдын, айбандын жана өсүмдүктүн жаралгандан өлгөнгө (куураганга) чейинки физалогиялык абалын, маанисин билдирди.
Тике мааниде келди.
Ал мындан башка турмуш тиричилик туюмун да колдонулат; Омүр татаал. Бул өмүрдө жамандык көрбөйлү. ж.б.
Синоним- жашоо, антонимии-өлүм. Стилдик жактан бейтарап лексикага кирет. Өмүр – араб тилинен өздөштүрүлгөн сөз.