Просмотр содержимого документа
«Лексикография.Сөздүктөр»
Сабактын темасы:
Лексикография. Лексикография жөнүндө түшүнүк
Бүгүнкү сабакта:
-Лексикография жана анын мааниси жөнүндө түшүнүк алышат.
-Сөздүктөрдү туура колдонууга үйрөнүшөт.
-Сөздүктөрдүн турмушубузда маанисин билишет.
Лексикография -тилдеги сөздөрдү, фразеологиялык түрмөктөрдү жыйноо жана системага салуу, сөздүктөрдү түзүү ишин иштеп чыгуучу тил илиминин бир бөлүмү.Бул гректин «лексико» (сөз) жана «графо» (жазуу) деген сөздөрүнөн алынган.
Сөздүк деп , бир тилдеги сөздөрдүн чогултулуп, жыйналып, алфавит тартибине келтирилип чыгарылган китепти айтабыз.
Кыргыз тилинде ар түрдүү сөздүктөр бар.
Аларга төмөнкү сөздүктөр кирет:
Котормо сөздүк . Бир тилдеги сөздөр башка тилдерге (орус, немис, англис, кыргыз ж.б) которулуп берилет.
М и с а л ы, кыргызча-орусча, орусча-кыргызча К.Юдахин), немисче-кыргызча, кыргызча-немисче, англисче-орусча, орусча-англисче ж.б. Сөздүктөр.
Түшүндүрмө сөздүк. Бир тилдеги сөздөрдүн маанисин ачып, ага грамматикалык мүнөздөмө берген сөздүк.
М и с а л ы, аарчы-бет аарчы, жүз аарчы, бети-колду сүртө турган кол жоолук, сүртүү-тазалоо;
Агайын-тууган-туушкан, туугандыгы жакын адам, ага-ини. Мээрим- сүймөнчүлүк, жагымдуу мүнөз, күйүмдүүлүк, кайрымдуулук . Мындай сөздөрдү «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнөн» кара.- Б.:2016.
Булардан тышкары: диалектологиялык сөздүк, орфографиялык сөздүк, синонимдер сөздүгү, антонимдер сөздүгү, этимологиялык сөздүк, фразеологиялык сөздүк, энциклопедиялык сөздүк ж.б сөздүктөр бар.
Сөздүктөр менен иштегиле. «Фразеологиялык сөздүктү» пайдаланып,төмөнкү сөздөрдүн маанисин тапкыла.
Жүрөгү жарылуу-
Ит көрбөгөндүн баарын көрүү-
Канаты кайрылуу-
Баасы кетүү-