СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция 20. Үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Үй-бүлө коомдун баштапкы уюму катары пайда болгондон тартып, бир нече миңдеген жылдар бою коомдо балдарды тарбиялоонун бирден бир фактору катары кызмат аткарды. Кул ээлөөчүлүк, феодалдык коомдордо балдар негизинен үй-бүлөдө гана тарбияланышкан. Мектеп жана башка тарбия мекемелери өтө эле аз болуп, аз гана коомдун төбөлдөрүнүн балдарына тарбия бере алган. Коомдун таптык сословислик мүнөзү ар бир социалдык топтордогу үй-бүлө тарбиясынын мазмун жана багытын аныктаган.Капитализмдин орношу менен үй-бүлөдө тарбиялоо көп убакытка чейин үстөмдүк кыла берген. Ошону менен бирге атайын мекемелерде, алсак мектепте, балдарга коомдук тарбия берүү дүркүрөп өсө баштаган. Коомдук жаңы талаптар, машиналуу өндүрүш, илим-техниканын өсүшү коомдун турмушундагы социалдык жана маданий мамилелердин татаалданышы мектепте таалим, тарбия берүүнүн зарылдыгын аныктады. Буржуазиялык түзүлүштүн чыңдалышы менен мамлекеттин коомдук турмушка, анын ичинде мектеп ишин уюштурууга киришүүсү күчөдү.

Просмотр содержимого документа
«Лекция 20. Үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо»

Лекция №20. Үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо. (4 саат)

Негизги суроолор

  1. Үй-бүлөдө бала тарбиялоо назариятынын өнүгүү тарыхы

  2. Бала тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу жана милдеттери

  3. Үй-бүлөдө балдарды туура тарбиялоонун шарттары

  4. Ата-энелердин кадыр-баркы, бала тарбиялоодогу үлгүсү

  5. Ата-энелердин педагогикалык маданияты

  6. Үй-бүлөдөгү режимдин ролу

  7. Педагогикалык агартуу ишин жүргүзүү

1. Үй-бүлөдө бала тарбиялоо назариятынын өнүгүү тарыхы

Үй-бүлө коомдун баштапкы уюму катары пайда болгондон тартып, бир нече миңдеген жылдар бою коомдо балдарды тарбиялоонун бирден бир фактору катары кызмат аткарды. Кул ээлөөчүлүк, феодалдык коомдордо балдар негизинен үй-бүлөдө гана тарбияланышкан. Мектеп жана башка тарбия мекемелери өтө эле аз болуп, аз гана коомдун төбөлдөрүнүн балдарына тарбия бере алган. Коомдун таптык сословислик мүнөзү ар бир социалдык топтордогу үй-бүлө тарбиясынын мазмун жана багытын аныктаган.Капитализмдин орношу менен үй-бүлөдө тарбиялоо көп убакытка чейин үстөмдүк кыла берген. Ошону менен бирге атайын мекемелерде, алсак мектепте, балдарга коомдук тарбия берүү дүркүрөп өсө баштаган. Коомдук жаңы талаптар, машиналуу өндүрүш, илим-техниканын өсүшү коомдун турмушундагы социалдык жана маданий мамилелердин татаалданышы мектепте таалим, тарбия берүүнүн зарылдыгын аныктады. Буржуазиялык түзүлүштүн чыңдалышы менен мамлекеттин коомдук турмушка, анын ичинде мектеп ишин уюштурууга киришүүсү күчөдү.

Биринчи педагогикалык теориялар өнүп чыккан топурак - үй-бүлөдөгү тарбия болгон. Адегенде үй-бүлөдөгү тарбиянын өзгөчөлүгүн айгинелөөгө, же анын негизинде коомдук педагогикалык тыянак чыгарууга аракет болгон эмес. Мектеп пайда болгондон кийин гана жаш муундарды тарбиялоодогу мектеп менен үй-бүлөнүн катнаштык мамилелерин аныктоо проблемасы келип чыккан. Ал проблема үстөмдүк кылып турган коомдук түзүлүшкө, же педагогдун, ойчулдун социалдык, саясий көз карашына ылайык чечиле берген.

Байыркы Римдеги тарбия назариятчысы Квинтилиан үй-бүлөгө бир топ талап коюу менен мектепте окутуп тарбиялоонун артыкчылыгын баса белгилеген. Коменский жаш муундардын өсүүсүн ар бири алты жылдан турган төрт баскычка бөлүп (балалык, өспүрүм курак, жаштык, эр жеткендик), балалыктын мектеби «.эненин койну» — эне мектеби ар бир үй-бүлөдө болууга тийиш деген. Үй-бүлөдө баланы гувернердун жетекчилиги менен тарбиялоону колдоп, англис ойчул педагогу Дж. Локк сыпайы сылык адамды тарбиялоо идеясын көтөргөн. Ж.Ж.Руссо баланы өз ата-энеси тарбиялоого тийиш деп эсептеген. Анын Эмилин жетим болгондуктан тарбиячы асырап чоңойткон. Муну менен Руссо Эмилди эски феодалдык коомдун тарбиялык таасиринен сактап, аны келечекте эркин коомдун баштапкы жаңы уюмун - жаңы үй-бүлөнү түзүүчү катары умтулган. Француздун материалист ойчулу Гельвеций, эгер мектеп чиркөөдөн ажырап мамлекеттин колуна өтсө, баланы мектепте окутуп, тарбиялоо түзүк болот деген.Песталоцци тарбиянын максаты «инсанчылыктын чындыгын» ачуу деп эсептеп, ар ким өзүнүн адам баласына таандык экендигин үй-бүлөлүк тарбияда гана сезе алат деген

2. Бала тарбиялоодогу үй-бүлөнүн ролу жана милдеттери

Баланы үй-бүлө ал төрөлгөн күнүнөн баштап эле тарбиялайт. Эненин карап, эмизип, режим сактоосу, ага жасаган мамилеси бөбөктүн биринчи адаттарынын калыптануусуна таасир тийгизет. Үй-бүлөдөгү бардык адамдар анын тарбиячысы. Алардын ар биринин жүрүш-турушу бөбөктүн көңүлүн бурат, анын инсан катары өсүшүнө өбөлгө түзөт. Үйдөгү ар бир буюм, үйдүн жасалгасы, үй-бүлөнүн жашоо тартиби ага чоң таасир тийгизет. Бөбөк басып, сүйлөй баштаганда бул факторлордун ролу ого бетер күчөйт, үй-бүлөнүн алдына жаңы педагогикалык милдеттер коюлат. Эң негизгиси - балага үйдөгүлөрдүн баары бирдей талап коюусу ылазим. Бири катуу талапчан, экинчиси өтө жумшак, бири жазаласа - экинчиси мактаса бала сөзсүз айныйт, ар кандай кырдаалды өз талабын канааттандырууга пайдалануу ыгын издей баштайт. Ал эми бирдей талап болсо, айтканды аткарып, элпек болуп чоноет. Үй-бүлөдөгү туура уюштурулган тарбиянын негизги шарттарынын бири - балдарга индивидуалдык мамиле жасоо. Алсак, кыймылдоосу акырын, флегматисттик мүнөздөгү балдарды батыраак реакция жасоого, тескерисинче тез ачууланып, шашма кыймылдуу балдарды токтоорок, реакцияны акырындатууга үйрөтүү ылазим.

Баланын мектепке барышы анын өзүнүн турмушундагы, үй-бүлөнүн турмушунда дагы чоң окуя. Ушундан баштап тарбия үйдө да, мектеп жамаатында да жүргүзүлөт. Мындан үй-бүлөнүн тарбиялык ролу эч кандай төмөндөбөйт, эми анын таасири мектептин таасири менен макулдашылып жүргүзүлөт.Үй-бүлөнү баланын алган баасы гана кызыктырбастан, анын турмушуна кирип жаткан жаңылыктарда кызыктырууга тийиш. Анын үй тапшырмасын гана көзөмөлгө албастан, бала менен анын окуусуна байланыштуу темада аңгемелешип, аны жаңылыктар менен, турмуштук фактылар менен байытып, мектепте үйрөнгөн ык, машыгууларын бекемдей турган көнүгүүлөрдү берип иштетип, үйдө түрдүү китептерди окуусун уюштуруу ылазим. Бала мектепте окуп эле жүрбөстөн жамаатчылык турмушта жашайт дагы, коомдук пайдадуу иштерге катышат, мугадимдер, окуучулар менен көп түрдүү карым-катнаш мамидеде болот. Мектептеги окуяларды туура түшүнүүгө жардам берип, бала өзүнүн жана өзгөлөрдүн жүрүш-туруштарына туура баа бере билүүсүнө, коллективде жашоого үйрөнүүсүнө ата-эне көмөк көрсөтүүгө тийиш.

Баланын окуусу жана коомдук пайдалуу эмгекке катышуусу анын үй-бүлөнүн тиричилик турмушунда активдүүлүк көрсөтүп, белгилүү милдет аткарып, эмгектенүүсүнүн туура айкалышуусун талап кылат. Ал үй-бүлөдөгү бардык адамдардын, алардын ичинде өзүнүн да укугун жана милдеттерин аңдап сезүүсү ылазим. Кээ бир үй-бүлөдө баланы бардык милдеттеринен бошотуп, өзүнүн талаптары жөнүндө гана кам көрүүсүнө анын көңүлүн бурушат. Андай балдар үй-бүлөдөгү милдеттерин таптакыр унутуп, жалкоо, орой, эгоист болуп чоңоюшат. Мунун негизги себеби ата-энелердии бактылуу балалык жөнүндөгү туура эмес түшүнүгү.

Ата-эне балдардын талап жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, жашоо үчүн зарыл ишмердүүлүктүн көп түрлөрүнө өспүрүмдөрдү үйрөтүүсү ылазим.

Өспүрүм спортко кызыкса, анын бир нече түрүнөн ийгиликке жетүүгө умтулат. Анын туристтик жүрүшкө, саякатка кызыгуусу артып, эстетикалык талаптары өсө баштайт. Балдар оюнчуктарынан жана жөнөкөй оюндарынан баш тартып, моделө жасоого, конструкциялоого, музыкага, живописке алардын кызыгуусу күчөйт. Ата-эне балдардын мындай талаптарын колдоп, балдарга музыкалык аспаптарды, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша спорттук жабдууларды, түрдүү китептерди сатып берип, үй-бүлөнүн каражатынан киного, театрга, музей, көргөзмөлөргө балдар баруусу үчүн, шаардан сыртка алар менен өзүлөрү да чогуу чыгуу үчүн акча бөлүп, балдардын класстан, мектептен тышкары иштерге, коомдук пайдалуу эмгекке катышуудагы активдүүлүктөрүн колдоо зарыл.

Балдар бойго жеткен сайын ата-эненин кеңешине жана колдоосуна талабы көбөйөт. Ата-энелер муну эсинен чыгарып коюуга эч кандай акысы жок. Бул милдеттерин унуткандардын күйүтүн көрсөткөн В.А.Сухомлинскийдин иш тажрыйбасындагы эки окуяга окурмандардын көңүлүн бурабыз. Уралдык бир жакшы жумушчу адамдан Сухомлинский кат алат. «Мени орден менен сыйлашты. Үй толо кубаныч, баары куттуктап жатышат. 12 жашар өспүрүм, 5-класста окуган уулум да мени куттуктады» - үйдөн качып кетти... Мен үчүн бул күндөр коркунучтуу болуп турат. Эмнелерди кылып, кантип жашаганымды эсиме түшүрүп, ой жүгүрттүм. Уулум эмес, мен айыптуу экениме көзүм жетти. Анын кантип, эмне деп жашап жүргөнүн таптакыр билбепмин. Бар болгон эрдигим аны жарык дүйнөгө төрөткөнүм экен... Аны бир жолу да балалык кубанычка батырган эмес экенмин. Мектептеги анын иши оң келбей калган учурда токмоктой берипмин. Уулум мени жек көрүп калган экен. Эми мен арсар абалдамын: жашоодо эң негизгисинен ажырагандан кийин мага ордендин, даңктын, жолдоштордун урмат сыйынын эмне кереги бар?» - деп жүрөгүнүн каны менен жазылгандай (63). «Биздин райондо бир жакшы айкөл, сый, урматка ээ, эмгекчил комбайнчы адам бар эле» - деп жазат В.А.Сухомлинский, - жан аябай эмгектенип орден алган. Гезиттерге сүрөтү көп чыгып, көчөгө да чоң стендге Иван Филипповичтин сүрөтүн тартып, бул кишиден үлгү алгыла деп жазып коюшкан. Иван Филипповичтин Иван деген уулу болгон. Ата-энеси жалгыз уулун өтө сүйүшкөн, бирок алардын сүйүүсү акылга тете эмес эле. Ивасиктин бардык талабын аткара беришчү (ал 14 жашар болуп калса деле эркелетип). Уулдары атасынын даңазасына чөмүнүп, эч кыйынчылыкты билбей, жалкоо болуп чоңойгон. Ал каалаганын оңой эле жасай алат, балалык жана өспүрүм курагында бакыт, кубанычка адам канчалык оңой ээ болсо, чоңойгондо анын чыныгы кубаныч, бакыты ошончолук сейрек болот. Кымбаттуу ата-энелер, тарбиянын ушул мыйзам ченемдүүлүгү жөнүндө ой-пикир жүргүзгүлө. Мугалимдер мектепке чакырса Иван Филипповичтин колу тийбейт эле. Бирде ал колхоз башкармасынын жыйынында, бирде районго тажрыйба алмашууга кеткен, бирде коңшу колхоздун социалисттик мелдеш жөнүндөгү келишимин текшерип жүрөт. Мектепте кырсык болот: Иван классташ кызынын башы көзүн жарып, сабап, мектепке дарыгер чакырышат. Балаңыздын иши чатак, мектепке дароо барыңыз, Иван Филиппович деп киши келет. Эмне чатак деп чочуп кетет. Иштин жыйынын түшүндүргөндөн кийин ал: «Балам бир деме болгон десе...» - деп жеңилдей түшүп,... Азыр мектепке бара албайм. Эпкиндүүлөрдүн чогулушуна барам. Кечинде Иван Филипповичти эптеп мектепке алып келишет. Тарбиячынын күйүп бышып айткан сөзүн угуп, үндөбөй үйгө келип, «Мени экинчи мектепке чакыргыс кылайын» - деп, уулун сабайт, эртеси Ивасик талаадан эки чеңгел ылай алып келип, стендде тартылган сүрөттөгү атасынын көздөрүн шыбап таштайт. Иван Филиппович тарбия акыл менен жүрөктүн өтө назик иши экинин түшүнөт... бирок өтө кеч түшүнөт» (63).

3. Үй-бүлөдө балдарды туура тарбиялоонун шарттары

«Үй-бүлөнүн педагогикасы» (Ата-энелер педагогикасы) деген китебинде В.А.Сухомлинский: «Энеси кызын мектепке алып келди. Ал 10 жыл мурун бардык сабактарын абдан жакшы окуп, бүтүрүү экзамендеринде даярдыксыз жооп берип, эң жакшы деген бааларга тапшырган... Жылдар өтүп, эми эне... Кызын мектепке даярдоо тайпасына жаздырганы

келген. Анын турмушу жөнүндө кызыгып турганымды билгендей. Институтка кирип окуп, эки курс бүтүрдүм. Жакшы окугам. Тагдыр башка экен. Институтту таштоого туура келди. Күйөөм менен жарым жыл гана турмуш күттүм. Ажырашып кеттик. Бул жөнүндө бирөөлөргө айтсам - боору ооругандай дым болуп үндөшпөйт, же оюна келгенди айтып, сооротумуш болушат. Боору оорусунун деле, сооротуунун деле мага кереги жок. Бизди балакатка жетээр мезгилде тарбиялагандарга капамын (63, 398).

Ал үшкүрүп үндөбөй калды. Менин көптөн бери тынчымды алып жүргөн маселе анын да тынчын алып жатканын сезип, сурап калдым: «Таарынчыңыз кандай?» - Бизди турмушта жашоого даярдаган эмес. Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди жаман көргөндүктөн, же көнүмүш сөз менен айтканда, ыркыбыз келишпегендиктен ажырашып кеткен жокпуз да. Жок, биз жөн эле жашоону билбепбиз. Бири-бирибизди сүйө билбепбиз. Сүйүү адамдан көп нерсени талап кылат. Жубайлардын сүйүүсү эмне экендигин түшүнбөдүк. Ал жөнүндө бизге бир адам да эч нерсе айткан эмес. Бири-бирин сыйлоо эмне экенин да билбедик. Жанында киши бар экенин сезбейсиң. Бири-бирибизди угуп, сөзүнө тан бере билбейбиз. Акылыбыз сезимибизди башкара албайт, жашоону баалай билбейбиз - оо, жашоону баалоо кандай маанилүү!». Биз узак сүйлөштүк. Бул менин эсимде да, жүрөгүмдө да түбөлүк сакталат. Эми «Үй-бүлөнүн педагогикасын» жазайын деп жатып, анын биринчи бети кайда деп ойлоном. Балээнин баары ошол биринчи беттин жоктугунда болуп жатпайбы! Имарат куруп жатабыз — пайдубалы жок. Чынында эле биз мектепте балдарды эң негизги нерсеге — турмушта жашоого даярдабайбыз. Аларды бары жоктун барына үйрөтөбүз, керегин да, керексизин да окутабыз. Алар баарын билишет. Бирок адам үй-бүлөдөгү турмушка кантип даярданаарын, кантип колукту, кантип күйөө болушту, кантип өз балдарына эне, ата болушту билишпейт.

Биздин ар бир гражданин билүүгө милдеттүү болгон турмуштагы даанышмандык - бул адамдардын, жан дүйнөлөрдүн карым катнаш мамилеси экендигине педагогдордун да, ата-энелердин да баам парасаты жетпей жатат. Кооздоп айта турган болсок, адамдан төрөлгөн жаныбар али адам эмес экендигин, аны адам кылуу керек экендигин биз унутуп коюп жатпайбызбы - деп жазат (63, 398-399).

8-9-класстын окуучуларына тарбиялык саатта «Жаш үй-бүлөдөгү эри менен аялынын мамилеси» жөнүндө аңгеме курган мугалимди эл апендидей эле көрүшөт. Чынында жаштарга бул темада айтып берүү, байыркы Римдин маданияты же Галактиканын борбору жөнүндө айтып бергенден маанилүүрөөк экенин түшүнүүгө акыл дараметибиз жетишпей жаткансыйт. Сабакта жогорку класстарда (алсак, адабият сабагынын программасынын талабы боюнча) сүйүү, нике, бала төрөш жөнүндө сөз козголуп калса эле окуучулар бирин бири чыканагы менен түртүп, шыбырашып күлө башташат. Жаштардын турмушундагы эң маанилүү маселеге карата улуулардын жеңил ойлуу, кайсарлык мамилеси так мына ушундан эле көрүнүп турат.

Сүйүү, нике, перзент жөнүндө сөз кеткен учурда ар кандай адам - анын ичинде ар бир окуучу, бала, өспүрүм да өзүн өтө эмоционалдуу тарбияланган адам искусствонун миң жылдык эстелигин көргөндө таңданып магдырагандай сезсе, ошондой абалды мен идеал деп эсептемекмин деген ойду баса белгилейт В.А.Сухомлинский (63).

Эң улуу, эң кооз - сүйүү, нике, перзент көрүү, жубайлардын өмүр бою аруулугу, өлүм жана бири-биринин арбагын сыйлоо жөнүндө балдарга айтып берүүнү жана ой жүгүртүүнү улуу муундарыбыз жакшы үйрөнбөй туруп, биз балдарыбызды таза ойлуулукка, ак ниеттүүлүккө, жакшы сезимге үйрөтө албайбыз. Бул чөйрөдөгү наадандык балдарыбыздын кайгы-муңу менен көз жашына айланат.

Балдарды никелешкен үй-бүлөдө жашоого даярдоо зарыл. Ага руханий даярдык, чоң руханий маданият керек, даанышмандыктын мектебинен өтүү зарыл. Жакшы жубай болуп жашоо үчүн алардын ар бири өз каалоолорунун маданияттуулугуна жетишүүсү ылазим. Ага жетишкен адам жанындагы адамды байкап, анын каалоосун эске алып, өз каалоосун башкара билет. Мындай маданияты жок, жубай болууга, ата-эне болууга даяр эместерден төрөлгөн баланын шору шорподой кайнайт, ал коом үчүн да чоң кайгы.

Демек, никеге, үй-бүлөлүк турмушка, бала тарбиялоого окуучуларды даярдап, жубайлардын мамилелеринин маданиятына ээ кылуу өтө маанилүү. Буга мектептин окуу планында атайын сабак катары орун берилүүгө тийиш. Анткени бардык эле окуучу математик, химик же биолог болбойт, ал эми ар бир окуучу сөзсүз эр, аял, эне, ата болот. Муну баары эле көрүп турбайбы. Мунун үстүнөн ой жүгүртүүгө да чоң акыл керекпи?!...

4. Ата-эиелердин кадыр-баркы, бала тарбиялоодогу үлгүсү

Кыргыздын элдик педагогикасында балдарды үй-бүлөлүк турмушка тарбиялоого, жубайлык милдетке, ата-энелик функцияга даярдоого бөтөнчө көңүл бөлүнгөн. Биздин ата-бабаларыбыздын үй-бүлөсү эки-үч, кээде төрт, айрым учурларда беш муундан турган учурлары да болгон. Жаш жубайлардын ата-энеси жана чоң ата, чоң энелери менен чогуу бир үй-бүлөдө жашоо шартынын өзү эле алардын бири-бирине туура мамиле жасап, бири-бири жөнүндө кам көрүп, балдарды туура тарбиялоосу үчүн чоң көрсөтмөлүү сабак болгон. Турмушка бай тажрыйбалуу, акылы толоо муундардын салт-санаасын, үрп-адаттарын көзү менен көрүп, кыргыздын үй-бүлөсүндөгү улуттук өзгөчөлүктөрдүн жаш муундарда кыргыз пейилин калыптандыруучу практикалыкмаанисин, өткөн муундардагы элдин жүгүн кебелбей көтөргөн эр азаматтардын, уруунун, элдин, улуттун намысын ыйык туткан даанышман айыл аксакалдары, уруу башчылары, эл аталарынын нарк нускалуу иштери жөнүндөгү үй-бүлөдө улгайган карыялардын айтып берген икаялары, ал болмушгар жөнүндөгү икаяларды корутундулап келип айткан акыл насааттары жаштарда кыргыз пейили менен улуттук намыс ариетин сактоого болгон психологиялык даярдыкты түптөөдөгү теориялык маанисин жаш жубайлар жакшы түшүнүшкөн. Уруунун, элдин, улуттун намысын ар кандай кыргыз уулу, кыргыз кызы өтө бийик коюп, ыйык туткан. Ошондой кырдаалда таалим-тарбия алгандар эч качан кара курсак, көр тириликтин айынан пас кетип, ыплас иш жасаган эмес. Алар эркектин наркын, кыздын абийирин бийик тутушкан. «Жети атасын билбеген — кул» - деген макал сөздүн мааниси: атасынын, чоң атасынын, бабасынын, бубасынын, кубарынын, жотосунун, тегинин ысымдарын гана билүү дегенди түшүндүрбөйт. Ал өткөн муундардын ар бири элдин камын кандай ойлогон, элдин жүгүн кантип көтөргөн, элдин намысын кантип сактаган, кандай адам болгон? Ошолорду билип, ошолорго сыймыктануу, ошолордун нарк нускалуу иштерин улантып, өзүнүн пастыгы, ыпластыгы менен аларга доо кетирип койбосун дегенди түшүндүрөт. Эгерде кыргыздар ата-энелердин педагогикасын жазам десе маркум В.А.Сухомлинский таппай жүргөн ата-энелер педагогикасынын биринчи бети мына ушул макал сөз боло алмак.

Академик Волков Г.Н. 1970-жылдардын башында Ысык-Көлдө эс алып жүрүп кездешкен кыргыз пейилинин бир көрүнүшү жөнүндө «Созвездие земли» деген монографиясында тим эле таңданып, тамшанып жазат: «Бир топ кыргыз карыялары менен маек куруп олтурдук эле. Кызматына бара жаткан, Ата Мекендик согуштун катышуучусу, улгайып калган, полковник даражасындагы аскердик наамы бар уулун чакырып алып, бир карыя ачууланып: «Сен согушта өлүп калганыңда менин үч уулум болот эле, менин эки эле уулум бар» - деди. Анын эки уулу согушта курман болуп, ушул уулу эсен соо кайтып келип, райондук аскер комиссариятында мудүр болуп иштеп жүргөн экен. Карыянын ызаланган себеби: уулу жолдоштору менен ичимдик ичип, кызуу келип, аялына акаарат кылып, кол көтөргөнүн эшитип калган.

Ичимдиктин айынан кыргыз пейилинен кетип, эркектин наркын сактабай уят болгуча өлүп калган өйдө деп жатпайбы бул карыя. Академикти таңдандырып, тамшанткан элибиздин: «Уят - өлүмдөн катуу» - деген залкар педагогикалык идеясы. «Атага баш ийүү» - деп макал айткан элдин педагогикалык ой-толгоосунун дараметине, «Кыздын кырк чачы улуу» деп, аялзатын ыйык туткан кыргыз элинин бийик маданиятына тан берип, акыл калчаган аалым Волков Г.Н. элибиздин таалим, тарбия жөнүндөгү идеяларынын залкардыгына таң калып тамшанат.

Бул идеяны жаштарыбыз турмак айрым аттуу-баштуу, эл ишенич көрсөткөн, чоң кызматтагы абийирдүү деген адамдарыбыз таназар албай коюп жатышпайбы. Буга жогоруда биз үстүртөн кеп салган салт-санаалу үй-бүлөнүн бузулуп, үйлөнгөн уул аялынын тилинен чыга албай ата-энесинен тез аранын ичинде бөлүнүп кетүүсү да негизги себептердин бири деп эсептейбиз. Ата-энесинен бөлүнүп алган жаш үй-бүлөдө эч кандай салт, үрп-адат деген болбойт. Жаш жубайлар жашашат. Алардын тартынып, уялып кала турган да, түйшүк тартып кам көрө турган да, акыл-насаат айтып, андай болгула, мындай болгула дей турган да эч кимиси жок. Андай жаш жубайлардын башы баш, багылчагы кара таш! Алар балдарын да ой келди тарбиялашат. Андай тарбияланган балада кыргыз пейили, улуттун жүзү кайдан болсун.

Ата-бабаларыбыздын салттуу, нарктуу үй-бүлөсүндө баланы чоң энелер тарбиялаган. Алар табигый чебер, даанышман, тубаса тарбиячылар болушкан. Энелер баланын да, тарбия жараянынын да табиятын назик түшүнүшкөн. Даанышман энелер баланын жан дүйнөсүнүн эң терең булуң бурчуна чейин үңүлүп кирүү жөндөмүнө ээ болушкан. Жылуу-жумшак коюнуна катып, жонун кашып, эркелетип, айланып-үргүлүп, өөп-жыттап мээрин төгүү менен баланын жүрөгүн элжиретип, денесин балкыткан. Эненин мээрине карк болгон балада чоң эне, чоң ата, өз ата-энесине, тууган-туушкандарына болгон чыныгы инсандык сүйүү сезими ойгонот. Ал чоңойгондо жалпы эле адамга боорукер, ыйманы пакиза, намыс ариеттүү инсан болгон. Анын жубайына жана балдарына болгон сүйүү сезиминин негизи даанышман эненин коюнунда түптөлгөн.

Үй-бүлөдө бала тарбиялоодогу даанышмандык так ушул эмгектин назик жактарында. Чыныгы инсандык сүйүү карама-каршы жыныстагы адамдардын бири-бирине дегдөөсүнө негизделген инстинкттик башталышсыз мүмкүн эместигине карабастан бул табигый эңсөө жана табигый инстинкт эмес. Инсандык сүйүү болбостон, табигый эңсөө менен табигый инстинкт никеге алып келген болсо, жубайлар бири-бирине кызыгы бир айда эле толук канып бүтүшөт. Инсандык сүйүү - бул рух менен дененин, акыл менен идеалдын, рахат менен парздын ынтымактуу бирдиги болууга тийиш.

Бул биримдикти кызыл жиптей тепчип өткөн чоң, арып чарчоону билбеген эмгек гана жубайларды руханий жактан байытат. От оттон тутанган сыңары жубайга карата сүйүү эне-атага болгон сүйүүдөн пайда болот. Өз энесин адамча сүйө албаган жигит жубайын эч качан адамча сүйө албайт.

Үй-бүлөдө балдарды адамгерчиликтүү адеп-ахлакка, ыймандуулукка тарбиялоонун эң таасирлүү каражаттарынын бири көзү өткөн ата-энелер менен мамиле кылуу. Көзү өткөндөрдү жадынан чыгарып койгон адамды арбак урат деген сөз бар. Жакшы түшүм бере турган айдоо жерди уйгак баскандай - адамдардагы таш боордук, мыкаачылык, сурданган тажаалдык - арбактын урганы эмей эмне?... «Көзү өткөндөрдү эскерип, арбагын сыйлоо - бул тирүүлөргө чоң пайыз менен пайда берип жаткан капитал» - деп жазат В.А.Сухомлинский. Бул адамгерчилик деп аталган даракка жерден ширелүү азык жеткирип туруучу ипичке тамырлар (63).

5. Ата-энелердин педагогикалык маданияты

«Энени көрүп кыз өсөт, эжени көрүп синди өсөт» - дейт эл макалы. Балдарды туура тарбиялоодо ата-эне өзүнүн эмгекке, коомго, жолдошторуна кылган мамелелери менен балдарындагы чынчылдыкты, тартиптүүлүктү, мээнеткечтикти, эмгекти сүйүүнү, принципиалдуулукту тарбиялоодо аларга үлгү болууга тийиш. Анүчүн ата-эне балдарына койгон талапты биринчи өздөрүнө коюп, өзү аны ийне жибине чейин так аткарууга жетишүүсү ылазим. Ата-эне балдарынын өсүп жетилүүсүн туура көзөмөлгө алып, алардын кызыгуусун, шык, жөндөмүн туура аныктап билип, алардын өнүгүүсүнө туура багыт берсе, балдарын жан дили менен сүйүп, аларга маданияттуу мамиле жасаса, алар балдарынын алдында - чыныгы авторитетке ээ болот. Тилекке каршы ата-энелердин көбү балдарынын алдында жалган авторитетке ээ болууга умтулган учурлары кездешет. Алардын максаты, балдарын эптеп эле тил алдыруу.

А.С.Макаренко ата-энелердин эң кеңири таркалган жалган авторитеттеринин төмөнкү түрлөрүнө мүнөздөмө берет:

1. Басмырлоо авторитети өтө эле зыяндуу болбогону менен аябай коркунучтуу. Көбүнчө маданияты төмөн, орой аталар мындай авторитетти пайдаланып балдарга кыйкырып, өкүрүп, сабап, өзүнөн алыстатат, мындай үйдө эненин ролу таптакыр жоголот. /йдө дайыма коркунуч өкүм сүрөт.

2. Аралыктагы авторитетти айрым ата-энелер пайдаланышат. Мындай аталар атайын өзүнө бөлмө жасатып, ошерде иштеп, балдарга көрүнбөй тамактанат. Өз талабын аялы аркылуу балдарына жеткирет. Муну кээ бир энелер да пайдаланып, чоң энени же үй кызматкерин ортомчу коюп балдарына тарбиялык иш жүргүзөт.

3. Төрөпейилдик авторитет. Бул аралыктагы авторитеттин өтө зыяндуу түрү. Ата өзүн башкача, өтө эле кадырман сезет, өзүн гана мактап сүйлөйт. Башкалардан, ал турмак балдарынан да өзүн оолак тутат. Мындай энелер да болот. Аныкындай көйнөк эч кимде жок. Ал курортко бара алат, аны айтып мактанат. Бул балдарына тез эле жугуучу адат.

4. Бышыксынган майдачылдык (педанттык) авторитет. Мындай авторитетти сактаган ата-энелер өзүлөрүнүн үй-бүлөдөгү төрөлүк бийлигинен башка эч нерсени билбейт. Айтканы айткан, дегени деген, аны бузууга жол жок.

5. Куру чечендик авторитет. Мындай ата-энелер балдарынын кулагынын кужурун алып эле акыл насаат айта берет, үйрөтө берет, баланын мээсин көгөртүп жиберет.

6. Сүйүү авторитети. Бул авторитеттин өтө коркунучтуу түрү. Балдарынын сүйүүсүнө ээ болуу үчүн ата-эне аларды кыйын сүйгөндүгүн көрсөтүүгө умтулат. Бизди өтө эле кыйын сүйөт, өтө эле сылык, өтө эле назик деген балдарына обу жок мүнөздөмө берүүчү, негизсиз сөздөр көп айтылат.

7. Кайрымдуулук авторитети. Мында да балдарды тил алдыруу үчүн алардын сүйүүсү пайдаланылат. Ата-эне балдарынан эч нерсе аябоочудай, аларды жан дили менен сүйүүчүдөй көрүнүп, алардын көбүн эрке талтаң кылып чоңоюшат.

8. Достук авторитет. Мында ата-энелер балдары менен дос, теңата. Мында жүрө жүрө буйрукту балдар бере баштаган учур көп кездешет. Түбү жакшылыкка алып барбай турган авторитет.

9. Сатып алуу авторитети. Бул авторитеттин эң абийирсиз, куниги. Балдардын тил алуусу үчүн белек берет же бир нерсе берүүгө убадалашат.

Булардан сырткары айрым үй-бүлөлөрдө шайырлануу, сулуулануу авторитети, окумуштуулук авторитет деген өңдүү жалган кадыр баркка умтулган ата-энелер бар (40).

6. Үй-бүлөдөгү режимдин ролу. Мектеп, коомчулук менен бирге иштөө

Балдардын ден соолугун, ишке болгон жөндөмдүүлүгүн сактоо максатында алардын эмгектенүү, эс алуу, тамактануу, уктоо, оюн-шоокторун ырааттуу айкалыштырууну уюштуруу ылазим. /й-бүлөдөгү режим мектептин режиминин табигый уландысы болууга тийиш, бирок ар бир үй-бүлөнүн жашоо шарты, баланын индивидуалдык өзгөчөлүгү эске алынып түзүлгөн режим гана жемиштүү болот. Дем алыш күндөрү жана каникул учурларында режим өзгөчө түзүлүүгө тийиш. Режимди сактоого балдарды башталгыч класста окуп жатканда көнүктүрүү өтө пайдалуу.

Мектеп жана коомчулуктун ыйык милдеттеринин бири — ата-энелердин арасында педагогикалык үгүт-насаат жүргүзүү.Мектептин, коомчулуктун, класс жетекчилери жана мугалимдердин үй-бүлө менен байланышуусунун көп формалары бар. Алсак, класстын ата-энелери менен чогулуш өткөрүү, жалпы мектеп боюнча ата-энелер чогулушу, үй-бүлөдө бала тарбиялоодогу иш тажрыйбаларды алмаштыруу максатында конференцияларды өткөрүү, айрым ата-энелер менен жекече иш алып баруу жана ата-энелерди педагогикалык жактан агартуу ишин жакшыртуу максатында алар үчүн педагогикалык лекторийлер уюштуруу ж.б.

7. Педагогикалык агартуу ишин жүргүзүү

Мектептеги бүт балдарды ийгиликтүү окутуп, туура тарбиялагысы келген мектеп жамааты ар бир үй-бүлөнүн, ар бир ата-энени педагогика, психология илимдеринин минимумуна ээ кылууга жетишүүсү ылазим. Бул жагдайда В.А.Сухомлинскийдин жетекчилиги менен «Павлыш» орто мектебинде уюштурулган иш тажрыйба ар бир мектеп үчүн эң сонун үлгү боло алат (62,37-38).

Педагогика баары үчүн — мугалимдер үчүн да, ата-энелер үчүн да зарыл илимге айланууга тийиш - деп эсептеп, В.А.Сухомлинский кийинкилер үчүн атайын педагогика жана психология илимдеринин мектебин уюштурган. Ал эми мектепке ата-энелер балдары окууга тартылаардан эки жыл илгери катыша башташкан. Ал окуу балдарды толук мектепти бүтүргүчө улантылган. Бул мектептин угуучулары балдарынын жаш өзгөчөлүктөрүнө карай беш топко бөлүнүшкөн: 1) 5тен 7ге чейинки балдардын ата-энелери; 2) 1-2-класстын; 3) 3-4 класстын; 4) 5-7-класстын; 5) 8-10-класстын окуучуларынын ата-энелери. Ар бир топ айына эки жолу окууга келишкен. Окутуу мектеп директору, завучтары жана билими күчтүү, тажрыйбалуу мугалимдердин лекция, аңгемелери түрүндө уюштурулган. Психология, педагогикадан алган назарияттык билимдерин ата-энелер балдарды тарбиялоонун күндөлүк амалиятында кеңири пайдаланышкан. Мектептин угуучуларынын программасы педагогика курсундагы тарбиянын бардык түрлөрүн, курак жаш психологиясын, инсандын (личностө) психологиясын бүтүндөй камтып, 250 сааттык сабактар өтүлгөн. Бул мугалим даярдоочу университеттер жана институттардагы назарияттык курстардан бир кыйла көп эле. Ата-энелерге терең психологиялык, педагогикалык системалуу билим бербей туруп, балдарга үй-бүлөлүк жана коомдук тарбия берүүнү жемиштүү уюштуруу чындыгында эле акылга туура келбейт (62, 34-43).


Пайдаланылган адабияттар


1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002

2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарика 2002

3.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е. Н. Шиянов. Педагогика. М., Академия 2006

4.Ситаров В. А. Дидактика. Академия М., 2002