СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция по предмету Родной язык для студентов специальности Педагогика и методика начального образования

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сүйлөм мучөлөрү баш жана айкындооч мүчөлөру  болуп эки топко бөлүнөт. Алардын айырмачылыктарын берилген суроолор жана сүйлөмдө аткарган милдети боюнча аныктоого болот. Бул иштелмеде сүйлөмдөрдү синтаксистик талдоо аркылуу баш жана айкындооч мүчөлөрдү аныктайбыз.

Просмотр содержимого документа
«Лекция по предмету Родной язык для студентов специальности Педагогика и методика начального образования»

16-практикалык сабак


Сабактын темасы: Сүйлөм мүчөлөрү.


Сабактын максаты:


  1. Сүйлөм мүчөлөрү боюнча Э. Вендин диаграммасын түзүү.

  2. Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү боюнча таблица түзүү.

  3. Сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзүү.

Лекцияда талкуулануучу суроолор

Балоо үчүн критерийлер

1

Сүйлөм мүчөлөрү боюнча Э. Вендин диаграммасын түзүшөт.

1

Сүйлөм мүчөлөрү боюнча Э. Вендин диаграммасын түзө алышса.

2

Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү боюнча таблица түзүшөт.


2

Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү боюнча таблица түзө алышса.

3

Сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзүшөт.

3

Сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзүшсө.


  1. Сүйлөм мүчөлөрү боюнча Э. Вендин диаграммасын түзүү.


Сүйлөм мүчөлөрү. Сүйлөм мүчөсүнүн милдетин толук мааниге ээ болгон сөздөр, же ажырагыс сөз тизмектери аткарышат. Ал эми кызматчы сөздөр толук маанилүү сөздөр менен коштолуп айтылганда гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат. Каратма, киринди, сырдык сөздөр сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткара албайт.

Сүйлөм мүчөлөрү деп – сүйлөм тизмегиндеги сөздөрдүн кандайдыр бир суроого жооп берип, бир сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышын айтабыз.

Сүйлөм мүчөлөрү сүйлөм ичинде аткарган милдеттерине карай баш мүчөлөр (ээ, баяндооч) жана айкындооч мүчөлөр (аныктооч, толуктооч, бышыктооч) болуп эки топко бөлүнөт.

  1. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү. Сүйлөмдүн ээси. Кандайдыр бир кыймыл-аракетти жасоо, аткаруу үчүн аны ишке ашыра турган нерсе, кубулуш, адам жана башкалар болууга тийиш. Мына ушул нерсенин, кубулуштун жана башканын атын ээ атап көрсөтөт. Демек, ал – сүйлөмдү түзүүчү негиздердин бири. Сүйлөмдө сөз болуп жаткан жак, зат, окуя, кубулушту билдирүүчү жана баяндоо аркылуу туюндурулган бардык белгилерди ишке ашыруучу баш мүчө ээ деп аталат.

Ээге төмөнкүдөй белгилер мүнөздүү:

Сүйлөмдө сөз болуп жаткан нерсенин атын билдирүү;

Атооч жөндөмөдө туруу, ким?, эмне?, кимдер?, эмнелер?, кимиси?, эмнеси? деген суроолорго жооп берүү.

Сүйлөмдүн башка мүчөлөрүнүн бирөөнө да баш ийбөө, тескерисинче, аларды өзүнө багындыруу.

Сүйлөм ээсинин милдетин толук мааниси бар жеке бир сөз түркүмү да (алардын жөнөкөй жана татаал түрлөрү), бир нече сөздөн түрмөктөлүп түзүлгөн ажырагыс тизмектер да, туруктуу сөз айкаштары да аткарат. Мына ушуга карата сүйлөм ээси грамматикалык түзүлүшү боюнча жөнөкөй жана тутумда ээ болуп бөлүнөт.

- Сүйлөм тутумунда грамматикалык ээнин милдетин жөнөкөй сөздөр, же лексикалык бир гана мааниси бар татаал сөздөр аткарса, түзүлүшү боюнча жөнөкөй ээ деп аталат.

Мисалы: Жакшылык бардык карама-каршылыкты жеңип, турмушту көркүнө чыгарат жана чечилбегенди чечип, түнттү жарык кылат. Сары-Жаз, Ак-ыйрак, Ак-Сай, Арпа жана Суусамыр – кыргыз жергесиндеги атактуу жайлоолор.

- Ар башка сөз түркүмдөрүнүн ажырагыс тизмектери же фразеологизмдер ээнин милдетин аткарса, грамматикалык түзүлүшү боюнча тутумдаш ээ деп аталат.

Мисалы: Ал өлүп бара жатса да, бир ооз калп айтып калат. (Ч.А.)

Сүйлөмдүн баяндоочу. Сүйлөм тутумунда грамматикалык жактан ээге багынып,

анын ким, эмне экендигин, кыймыл-аракетин, мүнөзүн, абалын, сынын, сыпатын, сан-иретин билдирген баш мүчө баяндооч деп аталат.

Мисалы: Анын максаты асыл тукум жылкыларды көбөйтүү. Адам өлөт, искусство эч качан өлбөйт.

Баяндооч да грамматикалык түзүлүшү боюнча жөнөкөй жана

тутумдаш болот.

Жөнөкөй баяндоочтор. Мисалы: Бирөө сени жамандап жатса, аны менен айтышпа. Акылы болсо өзү түшүнүп, акыры кечирим сурайт. (Насаат.)

Тутумдаш түзүлүштөгү баяндоочтор. Мисалы: Кемчилигиңди айткан адамды жаман көрбө. Ал сенин бетиңе жуккан көөнү көрсөткөн күзгү болот. (Насаат.) Бардыгы негиздүү боло турган. (Ч.Айтматов.) Учкан мезгил учкан сайын закымдап, эми кошо канат күүлөйт катуулап. (Б.Сарногоев.)

Баяндооч – сүйлөмдүн баш мүчөсү, ээ менен байланышып, анын кыймыл-аракетин, ал-абалын, кимдигин, кандайлыгын, канчалыгын билдирет. Эмне кылды? эмне кылып жатат? ким? эмне? кандай? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Дарактын

жалбырактары дирилдеди. Ысыккөл кышында жылуу. Жалбырактары эмне болду? – дирилдеди – баяндооч, заттын кыймыл-аракетин билдирди. Ысыккөл кандай? – жылуу – баяндооч, заттын ал-абалын көрсөттү.

  1. Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү. Айкындоочтор баш мүчөлөрдүн маанисин айкындайт жана толуктайт. Алар өзүлөрүнүн маанилери боюнча аныктооч, толуктооч, бышыктооч болуп бөлүнөт.

Аныктооч – сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүнүн бири. Сүйлөмдө зат менен байланышып, анын ар кандай белгисин (сын- сыпатын, сан-иретин, мүнөзүн ж.б.) билдирет. Кандай? кайсы? канча? нече? канчанчы? кимдин? эмненин? деген суроолорго жооп берет.

Мисалы: Анын кара чачы жел менен кошо желбиреп турду. Кандай чачы? – кара – аныктооч – заттын өңү-түсү.

Аныктооч аныкталуучу сөздөн мурда келип, аны менен таандык байланыш жана ыкташуу жолдору аркылуу байланышат.

Мисалы: Акылмандын акылынын пайдасын эл көрөт. Кимдин акылы? – акылмандын – аныктооч, илик жөндөмөдө; ал таандык мүчө (-ы) уланган акылы деген сөз менен таандык байланышта байланышты.

Толуктооч кыймыл-аракеттин эмнеге багытталгандыгын көрсөткөн заттын атын билдирет. Демек, ал кыймыл-аракеттин маанисин толуктап турат жана баяндоочтун тобуна таандык болуп саналат.

Мисалы: Бүрөөнү жамандап келген адамды үйүңө жакын жолотпо. Бакыт адамдын сапатын өзгөртпөйт, аны дааналап көрсөтөт.

Толуктооч – барыш, табыш, жатыш жана чыгыш жөндөмөлөрдүн биринде турат да, өзүнө багындыруучу түгөйү менен башкаруу жолу аркылуу байланышат. Демек, мында

байланыштыруунун негизги каражаты – жөндөмө мүчөлөр. Бирок кээде алар өз ара жандоочтор аркылуу да байланышат.

Мисалы: Жакы сөзү менен сооротот, жаман токмогу менен ыйлатат.

Грамматикалык түзүлүшү боюнча толуктооч жөнөкөй жана тутумдаш болот. Жөнөкөй толуктооч бир сөздөн, тутумдаш толуктооч бир нече сөздүн тизмегинен түзүлөт.

Мисалы: Башкаларга карабады. Көзү өтүп кеткендерге куран окулду. Мында башкаларга – жөнөкөй толуктооч, көзү өтүп кеткендерге – тутумдаш толуктооч.

Баяндоочтун тобуна таандык болуп айтылган айкындооч мүчөлөрдүн дагы бири – бышыктооч. Ал кыймыл-аракеттин түрдүү белгисин (сыпатын, сан-өлчөмүн, ордун, мезгилин, максатын) билдирет.

Мисалы: Биз ошол жылы (качан?) абдан жакшы (кандай?) түшүм алдык. Ыраактан (кайдан?) шаркыратманын үнү угулат. Ажар корккондуктан (эмне үчүн?) кадамын тез-тез шилтейт.

Бышыктооч да түзүлүшү боюнча жөнөкөй жана тутумдаш болот.

Мисалы: Жазында (жөнөкөй бышыктооч) дыйкандар эгин эгишет. Ажар акырын (жөнөкөй бышыктооч) сүйлөдү. Герасим оор жумушту кабагым кашым дебей (тутумда бышыктооч) аткарат. Биздин жоокерлер баатырдык менен кармашты.(тутумдаш бышыктооч)

Бышыктооч өзүнүн багындыруучу түгөйү менен ыкташуу же башкаруу жолу аркылуу байланышат да, кандай? кайда? кайдан? качан? эмне үчүн? эмнеликтен? канча? деген суроолорго жооп берет.

Бышыктоочтун түрлөрү:

Берген маанилери боюнча бышыктоочтун төмөнкүдөй түрлөрү бар:

Сыпат бышыктооч кантип? кандайча? кандай? деген суроолорго жооп берет.

Мисалы: Күчүк аянычтуу кыңшылады.

Орун бышыктооч кайда? кайдан? каякта? каяктан? каерде? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Кыргызстанда кооз жерлер өтө көп.

Мезгил бышыктооч качан? качанга чейин? качантан бери? кайсы убакта? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Кечээтен бери күндүн көзү ачылбады.

Себеп бышыктооч эмне үчүн? эмне себептен? эмнеликтен? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Корккондуктан оозуна сөз келбеди.

Максат бышыктооч эмне үчүн? эмне максатта? эмнеге? кандай максатта? эмне кылууга? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Жаңы ачылыштарды табуу үчүн зор эмгек жасаган.

Сан-өлчөм бышыктооч канча? нече? канчанчы? неченчи? Нече жолу? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Жылдын бешинчи айы майрамдарга бай.





























  1. Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү боюнча таблица түзүү.


Сүйлөм мүчөлөрү


































  1. Сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзүү.

1-тапшырма:

Көчүрүп жазгыла. Баш мүчөлөрдү таап, алар кандайч байланышканын

түшүндүргүлө.

Түн суук. Кыш ышкырат, үйлөрдү ачып. (А.О.) Акылы бар билимди каалайт, акылы жок кийимди самайт. Жалкоонун шылтоосу көп. Узун тил уудан жаман. Өнөр алды – кызыл тил.(макал) Бороон. Кышкы аяз бети-колду чымыратат. Ал – кара

торунун сулуусу. (К.Ж.)

2-тапшырма:

Берилген сөздөрдү жана сөз айкаштарын баяндооч катары колдонуп, сүйлөм түзгүлө. Сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзгүлө.


Ушул жер, жардамдашуу, жерге түшүү, кол кабыш кылуу, ыр ырдоо, эшиктерди ачуу, шылтоо, тоолуу, айыл өкмөтү, Памир тоолору, айыл кампасы, жетилүү, темирдей бекем, асылзат, жылгындуу өрөөн, түмөн түйшүктүү иш, бата берүү, жарыгы

жануу, сырдаш, сулуу, тукум улоо.

3-тапшырма:

Көчүргүлө. Сүйлөм мүчөлөрүнүн астын сызгыла.


Алыкул өмүр бою оору менен алпурушуп жүрүп өттү.Оору жанын жай алдырбай кыйнаса да, ал чүнчүп отуруп калган жок. Ооруга жеңдирбей, өмүр тууралуу, бул жашоонун жаркындыгы, асылдыгы жөнүндө далай ырларды жазды. (К.Ж.)

Биздин ата-бабаларыбыз сөздү урматташкан. Деги эле кыргыз элинде сөзгө өзгөчө маани берген. Бир сөзгө жыгылып, атынан түшүп бергендер да болгон. Бир сөз үчүн өмүр кыйылган учурларды да билебиз. Жакшы сөз жан эритет, жаман сөз жан

кейитет. («КТ»)


Текшерүү үчүн суроолор:


  1. Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне?

  2. Сүйлөм мүчөлөрүнүн бөлүнүшү.

  3. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү жана алардын аткарган кызматы.

  4. Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүнө кайсы мүчөлөр кирет?

  5. Аныктооч жана анын табияты.

  6. Жандама мүчө деген эмне?

  7. Толуктооч жана анын түрлөрү.

  8. Бышыктооч жана анын маанилик типтери.

  9. Сүйлөм мүчөлөрүнүн грамматикалык түзүлүшүнө карай бөлүнүштөрү.

  10. Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүнүн окшоштук жана айырмачылыктары.


















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!