Лекция №12. Тарбиянын жалпы усулдары. (4 саат)
Негизги суроолор.
-
Тарбиянын жалпы усулдары жөнүндө түшүнүк
-
Үйрөтүү усулу
-
Көнүгүү усулу
-
Ишендирүү усулу
-
Аңгеме усулу
-
Үлгү көрсөтү методу
-
Балдардын турмуш тиричилигиндеги ишмердүүлүктөрүн уюштуруу методу.
-
Мактоо, жазалоо усулу
Тарбиянын жалпы усулдары жөнүндө түшүнүк
Белгилүү окумуштуу психиатр В.М.Банщиков адамдардын жашоо үчүн күрөшүүдөгү жөндөмдүүлүгү миңдеген жылдар бою булчуң күчү менен жана өжөрлүк, кайраттуулук, мыкаачылык өңдүү нерв системасынын жапайы касиеттери менен аныкталып келген. Акыркы 2-3 кылымдардан бери карай адамдардын жашоого ийкемдүүлүгү нерв системасынын өтө назик, өтө татаал механизмдерине гана көз каранды болуп калды. Бул механизмдер өтө эле өлөсөлүү, морт деген ойду баяндап жазган эле (Знание - Сила, 1965, №11, с.39). Окумуштуунун ою балдарга тарбиялык таасир тийгизүүнүн өзгөчөлүгүн аңдап түшүнүүгө өбөлгө түзөт.
Тарбиялык иштердин максаты жана мазмуну бала өспүрүм кезинен эле, анан бойго жеткенде анын чыгармачылык эмгекке болгон талабы инсандын адептик наркын түптөп, коом үчүн, эл үчүн аткарган иши аркылуу өзүнүн атуулдук активдүүлүгүн сезүүсүнө өбөлгө түзүүгө тийиш.
Бүгүнкү айрым мугалимдер жана ата-энелер азыркы учурда балдарды (бөтөнчө өспүрүмдөрдү) тарбиялоо кыйын. Алардын мектепте жана башка булактардан алган маалыматтары өтө эле көп, аны талдап түшүнүп, «сиңириши» керек, анын үстүнө, өспүрүмдөрдүн өз жан дүйнөсүнө көңүл буруулары аябай курчуп бара жатат дешет. Изденип, чыгармачылык менен иштеген устат педагогдор бул факторлорду өтө чеберчилик менен пайдаланып, окуучулардын интеллектуалдык байлыктары менен сезимталдык маданиятынын шайкештигин камсыз кылуу аркылуу чоң ийгиликтерге жетишип жатышат.
Көп учурда ата-эне, мугалим балага: билишиң керек, үйрөнүшүң керек, аткарышың керек, ансыз жакшы болбойт деп келечекти айтса, балага ал келечек өтө эле бүдөмүк, ал эми учурдагы жашоо, анын түйшүгү ачык көрүнүп турат. Бул карама-каршылыкты Ш.А.Амонашвили «Тарбиянын негизги трагедиясы» дейт. Тарбия процессинде мындай трагедия, комедиялар өтө эле көп кездешет.
Өзүн сыйлабаган адамдын ыйманы таза, жан дүйнөсү бай болбойт. Тарбиячынын колундагы эң маанилүү педагогикалык курал - тарбиялануучуну инсан катары көрө билип, анын беделин урматтап сыйлоого болгон жөндөмү. Мындай сезим эч качан, эч кандай балада өзүнөн өзү пайда болбойт. Тарбиянын тийиштүү усулун чеберчилик менен пайдалана билген педагог же ата-эне гана бул назик сезимдин алсыз, үлпүлдөгөн үмүтүнүн жалынын өтө күчтүү бороон-чапкын да өчүрө алгыс алоого айландыра алат.
Тарбиянын дегенибиз методдору баладагы чыныгы инсандын касиеттерин калыптандыруу максатында аны менен тарбиячынын биргелешип иш аракет жасоосунун жолдору жана ыкмалары.
Тарбиялануучу балдар тарбия процессинен четтеп, ага катышпай кала беришпейт. Алар түрдүү педагогикалык таасирлерге дуушар болушуп, тарбиянын обьектиси гана эмес, субьектиси катары да роль ойнойт. Эгерде тарбиянын алгылыктуу усулу пайдаланылса, балдардын ага жасаган оң мамилеси тарбия маселелерин оң чечүүгө өбөлгө түзөт. Мындай учурда балдардын акылы өсүп, сезими байыйт, жүрүш-туруштун жосундуу ык, машыгуулары калыптанып, жакшы адаттары түптөлөт. Ошентип, тарбия усулу тарбиячы менен балдардын бирдиктүү иш-чараларынын комплекси болуп эссптелет. Тарбия усулдарынын таасири астында да балдардагы көп инсандык касиеттер калыптанат. Тарбиянын ар бир усулу балдардын сезимине, акылына жана жүрүш-турушуна таасир тийгизип, алардын көп кырдуу ишмердүүлүгүн уюштурууда тарбиячы чеберчилик менен пайдалана ала турган жарак катары эсептелет. Тарбия процессин уюштуруу формасы - бул процесстин түрдүү элементтерин, тарбиячылар менен балдардын мамилелерин мүнөздөгөн ички байланыштарын чагылдыратТарбиянын каражаттарына китептер, кинофилөмдер, көркөм өнөр чыгармалары, мугалимдин жандуу сөзү жана башкалар кирет. Ал эми инсандын калыптануусунда таасир тийгизүүчү ишмердүүлүктүн: окуу, коомдук пайдалуу эмгек, коомдук ишмердүүлүк, оюн, түрдүү ийримдеги иштер, спорттук оюндар, өздүк көркөм чыгармачылык өңдүү түрлөрү да тарбиянын каражаттарына кирет. Балдардын курак жаш өзгөчөлүгүнө карап түрдүү ишмердүүлүктөрдүн катнаш мамилелери, албетте, өзгөрүп турат.
Тарбия теориясында да, практикасында да тарбиянын ыкмалары деген түшүнүк көп кездешет. Тарбиянын ыкмалары дегенде биз тарбия усулдарынын составдуу бөлүгүн же өзүнчө бир деталын түшүнөбүз. Ыкма деген тарбиянын усулдарынын белгилүү кырдаалда конкреттүү пайдалануусун камсыз кылат. Тарбиянын ыкмасы сейрек көрүнүштө бир дем менен аткарылуучу нерсе. Ал эми тарбиянын усулунда ар түрдүү ыкмалардын системасы, тарбиянын түрдүү каражаттары кеңири пайдаланылат.Алсак, мактоо усулунда жактыруу, алкыш айтуу, сыйлык берүү, баланын аброюн көтөрө чалуу өңдүү ыкмалар колдонулат.
Тарбиянын усулу анын максатына жана мазмунуна жараша болот. Тарбия инсанды калыптандырууга жана өркүндөтүүгө багытталган, ошондуктан баланын же балдар жамаатынын жетилүү деңгээлин бул же тигил усулду пайдаланаарда сөзсүз эске алуу ылазим. Эгерде тарбиялануучу сунуш кылынган ишти толук аткараарына көзү жетпесе, тарбиячы андай талапты балага койбой эле турса түзүк болот. Адеп-ахлак тарбиясынын, эмгек, эстетикалык, акыл тарбияларынын усулдары, ошондой эле окутуу системасында тарбиялоо, мектептен, класстан тышкаркы жана коомдук иштерде, түрдүү балдар уюмдарынын иштеринде тарбиялоо усулдары жөнүндө кеп кылса да болот. Бирок түрдүү мазмунуна карабастан колдонула берүүчү тарбиянын жалпы усулдары да бар. Аларга үйрөтүү, көнүктүрүү, ишендирүү, аңгемелешүү, үлгү көрсөтүү, коомдук иш аткаруу өңдүү негизги, мактоо, сыйлоо, айыптоо, жазалоо өңдүү көмөкчү усулдар кирет.
Бул усулдардын ар бирине кыскача мүнөздөмө беребиз.
1.Үйрөтүү усулу.
Чыныгы тарбия үйрөтүүдөн башталат. Балдар өтө кичине кезинде эле убагында жатып уктоого, убагында туруп жуунууга, бара-бара төшөгүн өзү жыюуга, буюмдарын таза, тартипте сактоого, улуулардын айткандарын аткарып, аларга сый-урмат менен мамиле кылууга үйрөнөт. Ал мектепке келгенде жүрүш-турушуна башка талап коюлап, жашоонун башка учуру башталат.Жүрүш-туруштун көнүмүш адатка айланган зарыл нормаларын калыптандыруу максатында балдарга тийиштүү эреже, жоболорду кыйшаюусуз аткарып, алардын майда-чүйдөсүнө чейин так ойлонулган жашоосун, эмгектенүүсүн жана эс алуусун уюштурууну үйрөтүү усулу дейбиз.
Ата-эне жана баштооч класстардын мугалимдери үйрөтүүнү бул тигил жүрүш-туруштун мыкты үлгүсүн сүрөттөрдөн көрсөтүп, же китептерден эмоционалдуу кылып окуп берип, же кинодон, же адамдардын жүрүш-турушунан байкатат.Эгерде бала жамааттагы ар биринин жүрүш-турушу жөнүндө коркпой өз пикирин айтып, өз баасын бере алса, ата-энеге же мугалимге ар кандай суроо менен кайрыла алса, мындай кырдаал жүрүш-туруштун жаңы эреже жана нормаларына баланын мамиле жасоосуна өбөлгө түзөт. Балдардын жүрүш-турушуна ата-эне жана мугалимдердин көзөмөл жүргүзүүсү өтө маанилүү. Мындай көзөмөл сөзсүз үзгүлтүксүз, системалуу, өтө тыкан жүргүзүлсө жакшы жүрүш-туруш нормалары балдардын көнүмүш адатына айланып калат.
Балдардын курак жашына жана түрдүү кырдаалга карата үйрөтүү усулу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Кээде андай бол, мындай бол дебестен эле түрдүү тапшырмаларды аткаруу аркылуу (тайпада күзөтчү болуу, тазалыктын сакталуусун көзөмөлдөө ж.б.у.с.) бала тийиштүү жүрүш-туруштун нормаларына ээ болуп калуусу ыктымал. Кээде балдардын сылык, кичи пейил болуусун ачык эле талап кылса болот. Мындай учурда балдар тууроого жан дили менен аракеттене турган кылып, конкреттүү образды элестүү жана эмоционалдуу айтып берүүнүн мааниси да өтө зор.
Эмоционалдуу айтылган жомок, болмуш, түрдүү окуялар жүрүш-туруштун бул же тигил нормаларын үйрөнүүгө болгон аракетти да пайда кылат. Кызыктуу окуяларды, жомок, болмуштарды эмоционалдуу кылып окуп берүүдөн балдарды акырындап өз алдынча китеп окууга үйрөтүү керек. Өз убагында ар бир окуучуну өз китеби менен жолуктура билген мугалим же ата-энелер гана чебер тарбиячы боло алат. Анткени андай бала китепти үзбөй окууга үйрөнөт, жүрө-жүрө китеп дүйнөсүнө баш оту менен кирип кетет.
2. Көнүгүү усулу.
Тарбия процессиндеги көнүгүүлөрдүн өзгөчөлүгү баарынан мурда, алар күндөлүк турмуштагы түрдүү кырдаалдарда балдардын жашоосун коштоп жүрөт. Мисалы, эрте менен турганда бети колун жууп, төшөк ордун жыюу, киши келсе эшик ачып учурашуу, үйгө кирүүнү сунуш кылуу, мектепке барган күнүнөн баштап эле мугалимдер менен саламдашуу, сабакка мугалим киргенде ордунан туруп тосуп алуу, мугалимдин суроосуна сабак учурунда ордунан туруп жооп берүү өңдүү көп кайталануучу кырдаалдарда көнүгүү балдарды жакшы жүрүш-туруштун ык, машыгууларына ээ кылат. Бирок, балдар мындай ык, машыгууга атайын көнүгүп жаткандыгын окутуу процессиндегидей толук байкабай деле калышат.
Инсанды калыптандырып өстүрүү максатында балага түрдүү кыймыл-аракетти практикалык иштерди пландуу түрдө ырааты менен аткарууну уюштуруу тарбия процессиндеги көнүгүү усулу деп аталат. Тарбия процессиндеги көнүгүү усулунун максаты балдарды жакшы жүрүш-турушка үйрөтүү.
Денени жана ден соолукту чыңдоодо спорттук көнүгүү кандай роль ойносо, балдардагы жакшы жүрүш-турушту алардын адатына айландырууда жакшы иштерди көп аткарып көнүгүүнүн ролу ошондой эле. Тарбия процессининин практикасында көнүгүүнүн төмөндөгүдөй түрлөрү колдонулат: а) Ишмердүүлүккө көнүгүү; б) Режимдик көнүгүү; в) Атайын көнүгүүлөр.
Балдарды жакшы кылык-жорукка ээ кылуу үчүн үй-бүлөдө жана мектепте аларды түрдүү ишмердүүлүккө тартышат. Мисалы, үйдө деле, мектепте деле балдарды бак тигүүгө, аны сугарып, асырап кароого катыштырат. Балдарды жашынан үй тиричилигинин күндөлүк түйшүгүнө үйрөтөт. Ал эми мектепте болсо түрдүү ийримдердин ишине, окуучулардың бригадаларынын, курулушчуларынын ишине, из кубарлардын ж. б. иштерге активдүү катыштыруу, түрдүү, коомдук тапшырмалар берүү өңдүү ишмердүүлүктөрдү көнүктүрүшөт.
Үйдө, мектепте түрдүү режимдерди сактоо, атайын көнүгүүлөрдү ырааттуу аткаруу процессинде балдар жакшы адаттарга ээ болушат.
3.Ишендирүү усулу.
Балдарды ишендирүү иштерин үй-бүлөдө жана мектептерде практикада ашыруу жолдору өтө эле көп кырдуу. Алсак, ата-эне үй-бүлөдө, айлана-чөйрөдө болгон окуялар менен балдарды тааныштырып, ал окуяларга адеп-ахлактын нормаларынын, жосундуу жоруктардын эрежелеринин негизинде баа берүү аркылуу көп ишенимге ээ болушат. Мектепте жана үйдө улуу даанышмандардын өмүр баяны менен таанышып, алардын түрдүү идеяларын үйрөнүү, мектепте түрдүү ийримдерге катышуу, китеп окуу, гезит-журналдардагы жаңылыктар менен таанышуу ж.б. ишендирүүнүн формалары жана каражаттары өтө эле көп.
Ишендирүүнүн дагы бир кеңири колдонулган формасына түрдүү темадагы аңгемелешүүлөр, лекциялар, китеп окурмандарынын талкуу-конференциялары, окуучулар уюмдарынын чогулуштары, класстык саат, дубал гезиттери, окуучулардын эки жактан кат кабар алуулары, кадырман адамдар менен жолугушуулар, класстан тышкаркы окуулар жана түрдүү темадагы диспуттар кирет.
Алсак, диспуттар жогорку класстарда көп колдонулат. Диспут балдарды адеп-ахлак жана саясий жактардан тарбиялоонун эң татаал, бирок эң жемиштүү формасы, жүрүш-туруштун көп маселелерине балдарды талаш-тартышсыз ишендирүү кыйын. Муну өткөрүүдө сакталуучу эрежелерге: талаш-тартышта катышкандардын баарынын укугу бирдей, эч ким өз пикирин таңуулабайт, анда жөнөкөй калыс байкоочу жок, талашка баары активдүү катышат, талашаардан мурда өз оюңду абдан тактап ал, талашта бирөөнүн пикирин бурмалабай чынчыл бол, өз оюнду ак ниетиң менен баянда, өзүң коргой турган жобону адегенде так кой, оюңду өз сөзүн менен айт, оюңдун жаңылыштыгын далилдесе, катаңды мойнуна алып, жолдошуңдун ою тууралыгына тан бере бил, сүйлөп бүткөндө жыйынтык чыгарып, кыска корутундулай бил деген өңдүү кеңештер кирет. Бул эрежелерге ар бир диспуттун катышуучусу баш ийүүгө милдетүү.
Ишендирүү жемиштүү болсун үчүн төмөнкү талаптар коюлат: ишендирүү баланы ошол ишенимине үйрөтүү, көнүктүрүү процесси менен кошо кетүүсү ылазим. Булардын ортосундагы ар кандай эле ажырым баланын ыймандуулугуна өтө чоң доо кетирет. Экинчиден, ишендирүү баланын жашоо тиричиликтеги тажрыйбасына таянса гана жемиштүү натыйжа берет. үчүнчүдөн, ишендирүүчү материал балага жеткиликтүү жана түшүнүктүү болууга тийиш ж.б.у.с.
Ишендирүү адептүүлүккө тарбиялоонун эң негизги усулу. Баладагы жаман адаттардын зыяндуу экендигине аны толук ишендирбей туруп, ал адаттардан баланы куткаруу мүмкүн эмес.
4.Аңгеме усулу.
Аңгеме аркылуу ата-эне жана мугалимдер балдарга турмуштагы, саясаттагы, көркөм өнөрдөгү, техника жана спорттогу жаңылыктарды баяндап, алардагы нравалык түшүнүктөрдү калыптандырат. Аңгеме жеке бала менен, бир нече балдардын тобу менен да, тайпа менен да өтүлө берет.
Тарбия практикасында кеңири колдонулуучу, өтө жугумдуу аңгемелердин түрүнө - этикалык аңгеме кирет. Тема таңдап, аңгемеге жакшы даярдануунун мааниси баа жеткис.
Адеп-ахлак нормаларынын жоболору математика жана грамматиканын эрежелери сыяктуу өтө такталган эмес. Ал жоболорду балдардын аң-сезимине жеткизүү өтө кыйын. Ошондуктан этикалык аңгемени өтүүдө көргөзмөлүктү, ачык фактыларды, мисалдарды, диафилөм, сүрөттөрдү пайдалануу өтө маанилүү.
Азыркы көп үй-бүлөдө жана мектептерде өтүлүүчү аңгемелер, айрыкча жеке бала менен маектешүү эч кандай даярдыксыз, ой келди эле өтүлүп жүргөнүн дайыма кезиктиребиз.
В.А. Сухомлинский окуучуларды адептүүлүккө тарбиялоонун 2017 этюддан турган кодексин түзгөн. Алардын көбү жомок формасында баяндалган. Этикалык аңгеме өтө турган тарбиячы үчүн даанышман педагогдун ар бир этюду эң сонун үлгү боло алат. Алардын бирине токтолуп көрөлү.
...Эки эгиз бир туугандар - эмгекчил жана жалкоо-жашашкан экен деп башталат жомак. Эмгекчил күнүгө керели кечке иштесе, жалкоо таң атканда башка жамбашына оодаршып алып, түшкө чейин уктайт, эч кандай иш аткарбайт. Эки бир тууган бүт өмүр бою ошентип жашашат. Карылыгы жетип, күндөрү бүткөндө Алла Таала өзүнө чакырып: - Жарык дүйнөдө канча жыл жашадыңар?
- Токсон тогуз, - дешет. - Жакшы, мага келээр маалыңар болуптур, - дейт Алла Таала. Бирок, мага жашаган жылдарыңарды көрсөткүлө. Эмгекчил: - Мына менин жылдарым, - деп тунжураган токойду көрсөтөт. Ал бүт өмүрү өткүчө күнүгө бак отургузуп, талааны түнт токойго айландырган экен. Алар токойду аралап бир күн жүрүшөт, токой калыңдагандан калыңдай берет, бир апта жүрүшөт, бир жыл жүрүшөт, токойдун баш-аягы көрүнбөйт. Тигилердей чал болуп алган Кудай акыры, чарчап жерге отуруп калат. Эмгекчил: - Дагы бара берелиби? - дейт. Кудай колун кезеп жалкоого: - Эми сен көрсөт, жылдарыңды, - дейт. Ал эмнесин көрсөтөт эле. Жалкоо тиңшийип туруп берет. Кудай жерден онтолоп өйдө туруп: - Эми бул Кудай (эмгекчил), дуйнөнүн кооздугун ушул жаратты. Сен, жалкоо, дагы токсон тогуз жыл жашап, мынабу Күдайга - бир тууганыңа келип, жашаган жылдарыңды көрсөтөсүң, - дейт. (63,301-302).
Адам өлөт, а бирок ал чыныгы адам болсо, анын жашаган жылдары калат... Этикалык аңгеменин темасын балдардын жаш курагына жараша таңдап, аны эмоционалдуу кылып айтып балдарга берилүүчү суроорду так коюу өңдүү педагогикалык талаптарга В.А.Сухомлинский өтө чоң маани берген.
5. Үлгү көрсөтүү методу.
Үлгү көрсөтүү методу - ишендирүүнүн эң күчтүү каражаты, адептүүлүккө тарбиялоонун мыкты усулу. «Энени көрүп кыз өсөт, эжени көрүп синди өсөт» - дейт кыргыздын эл макалы. Бул тарбия процессиндеги үлгү көрсөтүү усулунун маанисин элдик педагогика өтө жогору баалагандыгынын далили.
Айлана-чөйрөдөгү улуулардын жүрүш-турушу жаш балдарга чоң таасир тийгизет. Билим дарамети, ишеним жана турмуштук тажрыйбасы жетишпегендиктен, жаш балдар көргөн кишилеринин кылык жоруктарын тууроого умтулушат. Чөйрөдөгүлөрдүн жүрүш-турушун балдар аңдап түшүнүүдөн мурда андайларды туурап үйрөнөөрүн даанышман педагогдор эбак эле баамдашкан.Үлгүнүн таасирдүүлүгү чөйрөдөгүлөр балдарга өз көз караштарын, кылык-жоруктарын таңуулашпайт. Балдардын аларга өзүнчө көзү түшүп кызыгышат жана өзүлөрүнүн жүрүш-турушу үчүн үлгү кылууга умтулушат. Бирок алар балалык кылып, кээде чөйрөдөгүлөрдүн тартипсиздигин - кайраттуулук деп, кежирлигин - туруктуулук деп, кокон пешин - эрдик деп кабыл алуусу да мүмкүн экендигин унутууга жарабайг.
Балдардагы нравалык идеалды жашынан калыптандыруунун мааниси өтө чоң. Балдар ата-энелери менен мугалимди өтө көп туурашат. Ошондуктан мугалим жана ата-энелер өзүнө болгон талапты күчөтүүсү ылазим. Балдарына калыптандыргысы келген инсаңдык асыл сапаттарды мугалим менен ата-эне адегенде өзүндө калыптандырууга милдеттүү.
А.С.Макаренконун ою боюнча балдарды адамдар да, буюмдар да, кубулуштар да тарбиялайт. Бирок, баарыдан мурда баарыдан көп таасирди адамдар тийгизет. Анын ичинен ата-энелер, тарбиячылар, жолдоштору балдарга көп таасир этишет.
Көркөм адабияттардагы, кинофилөмдердеги белгилүү персонаждардын, улуу инсандарлын үлгүсү да балдар үчүн өтө таасирлүү. Л.Толстойдун ою боюнча, турмуш менен үлгүнүн өңү алыстан көрүнөт, үнү ыраактан угулат (68).
6.Балдардын турмуш тиричилигиндеги ишмердүүлүктөрүн уюштуруу методу.
Инсан баарыдан мурда көп кырдуу ишмердүүлүк процессинде калыптанат жана өнүгүп өркүндөйт. Ошол ишмердүүлүктү туура уюштура билүү — жакшы тарбиянын негизги шарты. Үй-бүлөдөгү, мектептеги коллективдүү ишмердүүлүк бул жашоо тиричилигинин анык мектеби. Айрыкча өндүрүмдүү эмгектеги ишмердүүлүктүн ролу баа жеткис. Эмгек адамдын адам болуусунун жана өркүндөшүнүн негизги шарты.Балдардын практикалык ишмердүүлүктөрү өтө эле көп кырдуу. Окуучулардын негизги ишмердүүлүгү - бул окуу эмгеги. Ага окуучулар көп убактысын, эрктик, интеллектуалдык энергиясын жумшашат. Андан тышкары окуучулар коомдук пайдалуу эмгекке, кээде өндүрүмдүү эмгекке да катышышат.Окуучулар өзүн-өзү тейлөө ишмердүүлүгүнө, спорттук оюндарга, өздүк көркөм чыгармачылыкка жана оюн ишмердүүлүктөрүнө катышышат. Жаш жеткенчектерди тарбиялоодогу оюндун ролуна маани бербеген мугалим тарбия процессинде ийгиликке жетише апбайт. А.С.Макаренконун айтымында чоңдор үчүн жумуш, же кызмат, же ишмердүүлүк кандай роль ойносо, балдар үчүн оюн так ошондой эле ролө ойнойт. Бала оюнда кандай болсо, чоңойгондо эмгекте деле ошондой болот. Ошондуктан келечек ишмер оюнда тарбияланат. Тарбия ишинин практикада түрдүү кыймылдуу, техникалык, адабий-театралдык оюндар, аттракциондор да кеңири колдонулат. Баланын турмушунда ролдук оюндардын маамиси чоң. Алар чоңдордун мамилелерин оюн процессинде өз алына жараша кайталап үйрөнүшөт. Оюндун эрежелерин аткаруу аркылуу жүрүш-туруштун ык, машыгууларына ээ болушат. Окуунун башталышы менен оюн экинчи планга сүрүлөт, бирок окуу оюнду таптакыр жокко чыгара албайт, анын мүнөзүн өзгөртөт.
Окууга келген күнүнөн мугалим балдарды түрдүү коомдук тапшырмалар аркылуу ишмердүүлүккө тартууга аракеттенет. Тапшырма мезгилдүү да, туруктуу да болушу ыктымал. Тапшырманын максаты балдарды коомдук иштерди аткарууну жана эл менен туура мамиледе болууну үйрөтүү болуп эсептелет. Андан тышкары балдарды жарыштыруу аркылуу алардагы чыгармачылык, демилгелүүлүк, активдүүлүк касиеттерди калыптандыруу ылазим.
7.Мактоо усулу.
Бул баланын кылган ишинин туура экендигин кубаттоону билдирет. Туура пайдаланылган жактыруу балдардын демине дем кошуп, эргитип, жакшы жүрүш-турушту колдойт, баланын көңүлүн көтөрүп, адамдык наркын бекемдеп, зоболосун бийиктетет. Жакшы тарбиячы бул усулду тарбия амалиятында сейрек колдонот. Мактоо усулун негизсиз колдонуу, баланы обу жок мактоо алардагы ата-энеге жана мугалимге болгон ишенимди жоготот.Үй-бүлөнүн жана мектептин турмушунда кээ бирөөлөрдү дайыма эле мактап, сыйлай берген учурлар кездешет. Бул, албетте, тарбия ишине зыян келтирет. Мындай учурда бала өзүн башкача баамдап, манчыркай түшөт, ал эми жамаатта нааразылык пайда болот. Кээде мактоо усулу опсуз эле көп пайдаланылат. Мындай учурда балдар көнүп калып, усул өз таасирин таптакыр жоготуп коюшу ыктымал. Тарбия практикасында жактыруу, алкыш айтуу, сыйлоо, жакшы баа коюу, ишеним көрсөтүп, сыйлуу тапшырма берүү, күмүш, алтын медалдарды тапшыруу өңдүү чаралар көп колдонулат.
Бул методду колдонууда төмөнкү педагогикалык талаптарды эстен чыгарууга жарабайт: баланын жүрүш-турушу калыс бааланып, баага татыктуу болууга тийиш. Ага карата субьективдүү пикирге жол коюлбашы ылазим, сыйлыкты бүт жамаат колдосо, анын тарбиялык ролу жогорулайт.
Сыйлаарда баланын жаш курак, жекече өзгөчөлүктөрү толук эске алынуусу зарыл. Алсак, биринчи класстын баласы «5» деген баага кандай реакция жасайт? Ал эми онунчу класстын баласы кантет? 8. Жазалоо усулу.
Жаза көмөкчү метод экендигине карабастан тарбия практикасында көп колдонулат. Жаза туура колдонулса гана бала өзүнүн кылык-жоругуна канааттанбастан, андай нерсенин кайталануусуна жол койбоого далалаттанат.
Эгерде бул усул туура эмес колдонулса, же ашыкча пайдаланылып кетсе, көп учурда баланын кыжырын келтирип, өчөштүрүп коюшу да ыктымал. Анда, сөзсүз натыйжа тескери болот. Педагогикалык маданияты жогору тарбиячы бул усулду пайдаланбоого умтулат. Өз практикасында жазалоо усулун бир да пайдаланбастан балдарды тарбиялоодо чоң ийгиликте жетишкен ата-энелер жана даанышман педагогдор көп: Я.Корчак, А.Макаренко, В.А.Сухомлинский, В.Волков, Ш.Амонашвили, Никитин ж.б.
Тарбия процессинин практикасында баланын кылган ишин жактырбай коюу, айыптоо, тилдеп нааразылык көрсөтүү, сөгүш берүү өңдүү жазалар көп колдонулат. Гербарттын системасындагы жазанын калдыктары да колдонулуп, авторитардык педагогиканын саркындылары пайдаланылган учурлар да кездешет. Жаза усулун колдонууда төмөндөгүдөй педагогикалык талаптарды эстен чыгаруу жарабайт: баланын жаман жоруктарды жасоосуна өбөлгө түзгөн шартты, баланы ага түрткөн мотивди жакшы билип, жазаны толук негиздеп колдонуу керек, жазаны бүт жамаат жана коомдук пикир толук колдоого тийиш, айыптууну жазалоо керектиги жөнүндөгү демилгени балдар өзү көтөрсө жакшы болот.
В.А.Сухомлинский 1968-жылы 25-марттагы «Правда» гезитинде жарыяланган «Жазалоосуз тарбиялоо» деген макаласында: «Жазалоо, айрыкча адилеттүүлүгү шектүү болгон жазалоо (үй-бүлөдөгү жаңжалдардын басымдуу көпчүлүгүндө да дал ушундай болот), адамдын жүрөгүн ташка айландырып, каардандырат жана катаалдандырат» - деп жазат.
Өзүнүн уулуна жазган каттарынын биринде В.А.Сухомлинский: «Уулум, мен бирөөгө бирөө кыйкырып опузалайт деген эмне, бирөөгө бирөө кол көтөрөт деген эмне - экендигин адамдар билбей турган, алардын өз ара мамилелери мамыр-жумур болгон мезгилдин келишине ишенем. Андай мезгил келиши үчүн тарбия жараянында жазалоо эч качан колдонулбоого тийиш» - деген ойду баса белгилейт.
Пайдаланылган адабияттар
1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002
2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарика 2002
-
В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е, Н, Шиянов. Педагогика. М., Академия 2006
-
Ситаров В. А. Дидактика. Академия М., 2002
-
Н. В. Бродская, А. А. Реан- Педагогика Питер. Санкт-Петербург., 2007
-
Введение в педагогическую деятелөностө. М., Академия 2006 Под.ред А.С. Работова
-
С. Байгазиев. Гумандуу педагогика жөнүндө сөз. Б., 1998
-
В. А. Сухомлинский- «Мугалимге 100 насаат», Ф., Мектеп 1993
-
В. А. Сухомлинский-«Уулума кат». Ф., 1973
-
Волков Г.Н. –Этно педагогика чувашского народа. Чебаксары 1962.
-
Вулөфсон Б. Л.-Педагогика. Энциклопедия. В 4 томох М., 1966
-
Гессен .С. И.-Основы педагогики. Введение в прикладную философию. М., 1999
-
Журавлов И. К. –Педагогика в системе наук о человека. М., 1990
-
Сластенин В. А, Подымова Л. С.-Педагогика: инновационноя деятелөностө. М., 1997
-
Ушинский К.Д.-Человек как предмет воспитания. Собр соч в 11 томах. М., 1950.
-
Занков Л. В. Дидиктика и жизинө. М., 1968
-
Дидакитка средней школу. Под ред. М. И. Скаткина.М., 1982.