СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 24.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жашылча-жемиштер 3 класс

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жашылча-жемиштер 3 класс»

Сабактын темасы: Жашылча – жемиштер

Сабактын тиби: Сөз өстүрүү

Жаңы лексика: Жөөк, көздү кубантат, берекелүү, бөлөнгөн.

Грамматикасы: Кандай? деген суроого жооп берген сөздөр. Кыргыз тилиндеги созулма үндүүлөр, зат атоочтун көптүк түрү,этиштин өткөн чагынын – ды мүчөсү.

Өтүү мөөнөтү: 1-чейрек

Сабактын формасы: өз алдынча иштөө, топ менен иштөө, байкоо жүргүзүү.

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү

Колдонулуучу каражаттар: окуу китеби, иш дептери, сүрөттөр, жемиштер



Сабактын максаттары

Көрсөткүчтөр

Жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнө алышат, сүйлөмдөрдү орусчадан которо алышат, ырды көркөм окушат, маанисин түшүнүшөт.


Сүйлөмдөрдү кыргыз тилине которо алышат

Сабакта өтүлгүн лексиканы маанисине жараша колдононушат

Жашылча – жемиштер деген тема боюнча сөздөрдө атап,кыскача сүйлөмдөрдү түзүп, аларды сүйлөө кебинде колдоно алышат.

Жашылча – жемиштердин пайдасын билип, көп эмгек жумшала тургандыгын билип түшүнө алышат

Жашылча-жемиштердин пайдалуулугун билишет













Сабактын жүрүшү:

  1. Саламдашуу, даярдыктарды текшерүү, жагымдуу жагдайды түзүү.

Мен бүгүнкү сабакта эмне каалайм? Окуучулар өз ойлорун тактада илинген дубал газетага чапташат.

Сабактын максатын айтуу.

Мугалимдин сөзү: Бүгүнкү сабагыбыздын темасы: «Жашылча - жемиштер». Бүгүн биз силер менен төмөнкү тапшырмаларды аткарабыз. Бүгүн сабакта топтор менен иштейбиз, өз алдынча иштейбиз.Биз силер менен жашылча- жемиштерге байланышкан жаңы сөздөр менен таанышабыз, сүрөт боюнча иштеп сүйлөмдөрдү түзөбүз, жашылча жемиштер боюнча кластер түзөбүз, текстти окуп, орус тилине которобуз, мазмунун сүйлөп беребиз.

Классты эки топко бөлүп, топтун атын белгилөө

Окуучулар өзүн – өзү баалоо үчүн 3 түстөгү жемиштер таратылат.

Алма- «5»

Алмурут- «4»

Шабдалы – «3» деген бааны билдирет.

  1. Тактага жаңы сөздөр жазылат.

Сөздөрдү мугалим окуйт, окуучулар кайталашат.

Жөөк - грядка

Көздү кубантат- радует глаз

Буурчак- горох

Жыргап жаткандай- как бы радуется

Ашкабак- тыква









  1. Сүрөт менен иштөө

Сүрөт боюнча сүйлөмдөрдү түзүшөт,фильворддогу сөздөрдү табышат.Тексттен созулма үндүүлөр катышкан сөздөрдү табышат. Созулма үндүүлөрдү эстерине түшүрүшөт.

  1. Текст менен иштөө

2 топко тапшырмалар берилет

1-топ текстти окуп, орус тилине которушат.

2-топ тексттен темага байланышкан сөздөрдү таап, сүйлөм түзүшөт.

4.Эс алуу мүнөтү. Кыймыл аракет менен көрсөтүшөт.

Жаза берип чарчабай,

Туралычы отурбай.

Чуркайлы ордубуздан дүбүрөп,

Чабалы колду дүркүрөп.

Муштумду түйүп ачалы,

Андан соң жазып баштайлы

5. Топтор менен иштөө.

Топтор бири- бирине жашылча – жемиштер боюнча табышмактарды катышат, табышмактардын жандырмагын топтордо талкуулап табышат.

6.Класстер түзүшөт





Д аамдуу бышкан

Алма

Кызыл тоголок







С ары тоголок

Ашкабак



Катуу жерде өсөт

9.Сабакты бышыктоо

Мен бүгүнкү сабактан эмнени билдим?

Окуучулар өз ойлорун жазып, тактага чапташат.

Мисалы: Жашылчаны жемиштерден айырмалап билип алдым.

Табышмакты окуп, жандырмагын таптым.

8. Сабакты жыйынтыктоо

Сабакты бышыктоо үчүн төмөндөгүдөй интерактивдүү оюн ойнотулат.

«Сөз кутучасы» оюну ойнотулат.

Ортодогу столдо кутуча жана кеседе буурчак турат. Ар бир окуучу столго келип өтүлгөн сөздөрдүн кеп конструкцияларынын канчасын туура, так айтса ошончо буурчакты кутучага салат. Оюндун аягында мугалим жыйынтыктап кутучадагы буурчактардын көлөмүн көрсөтөт.

Ар бир окуучу өзүн-өзү баалап, эмне себептен мындай баа коюшту, өз ойлорун айтышат, столдун үстүндөгү себетке жемиштерди салышат. Ал эми мугалим топторду баалайт.

9.Үй тапшырмасын берүү

Жашылча – жемиштердин сүрөтүн тартып келишет.

Сабагыбызды ушуну менен жыйынтыктайбыз. Саламатта баргыла!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!