Просмотр содержимого документа
«Ак мээнеттин пайдасы»
Сабактын темасы:Ак мээнеттин пайдасы, акыры жүрүп ирденет
Сабактын максаты:Окуучулар адал оокат кандай болоорун,ак мээнеттин пайдасы кандай жемиш берээрин түшүнүшөт
Сабырдуулукка тарбияланышат
Сабактын жүрүшу:
Сабакты баштаар алдында макалдардан үзүндү айта кетейин
Жашында берсин мээнетти ,карыганда берсин дөөлөттү-,деген макалды кандай түшүнөсүнөр-,балдар өз ойлорун айтышат
Арзандын тузу татыбайт демекчи ,азыркы заманда оңой жол менен акча табуу ,башка адамдын эсебине жашоо,рекетчилик кылуу көнүмүш адатка айланып бара жаткандай,бирок андай оокат аш болбойт .Бирөөнүн мээнетин жеген –адам деген атка төп келбейт балдар.
Дени карды соо адамдар ,оокатты өзү аракет кылып мээнет менен табуу керек.Кичинекей кыйынчылык үчүн башка адамдын тартып алба
Интернеттен баарыңар эле көрүп жатасыңар э, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да мээнет кылып акча табуунун жолун таап алышат,а биз дени карды соо адамдар неге ошондой адал оокаттын жолун издебейбиз
Келгиле балдар бүгүнкү темабыз өзү айтып тургандай,мээнет кылып ,ак эмгек –маңдай тер менен оокат кылганга,сабырдуу болгонго тарбияланалы.Келгиле өзүбуздү өзүбүз тарбиялайлы.
Уйгө тапшырма:Мээнеткеч кумурска жөнүндө эссе жазып келгиле