Акыл ордо
Максаты:1.Окуучулардын интеллектуалдык билими жогорулайт.
2.Предметтик сабактарга болгон кызыгуулары күчөйт.
3.Тез ой жүгүртүп,туура так сүйлөөгө тарбияланышат.
Жабдылышы:Тест,категориялар
Жүрүшү:
«Акыл ордо» интеллектуалдык оюну 3 тур менен өтөт.
1-турда окуучуларга бирдей тест таркатылат, алар 1 мин ичинде тесттин тура жообун белгилеп беришет.
1-турда туура эмес белгилеген же аз балл топтогон оюнчулар оюндан четтетилет.
2-турда төмөндөгү 8 категория доскага илинет.
Адабий окуу
Кыргыз тили
Математика
Мекен таануу
Адеп
Макал-лакаптар
Табышмактар
Улуттук буюмдар
Ар бир категорияда 10 дон суроо болот,1 мин ичинде тез,так жоооп берилет.
1-турда алгачкы болуп тесттин жообун берген же эӊ көп балл алган оюнчу биринчи болуп категориялардын каалаганын тандоо укугуна ээ болот.
2-турдун жыйынтыгы менен алган баллдарына карата эки оюнчу 3-турга ойноого укук алат.Аларга логикалык суроолор берилет.Туура так биринчи жооп берген оюнчу жеӊүүчү деп табылат.
МАТЕМАТИКА
1. Салмактын эӊ кичине чен бирдиги?
2. Квадрат тик бурчтук боло алабы?
3. 7*8 канча?
4. 1 м де канча дм бар?
5. Мамыча түрүндөгү көбөйтүү кайсы разряддан башталат?
6. Теӊдемедеги белгисиз сан эмне менен белгиленет?
7. Санды нөлгө көбөйтүп, бөлүүдө жыйынтык кандай болот?
8. Орун алмаштырууда эмне өзгөрбөйт?
9. Жети орундуу сан канча класска бөлүнөт?
10. 1 тоннада канча центнер бар?
КЫРГЫЗ ТИЛИ
Кыргыз тилинде канча тыбыш бар?
Сөздүн маани берген, өзгөрбөгөн бөлүгү?
Заттын сын-сыпатын кайсы сөз түркүмү билдирет?
Сүйлөм айтылышына карай канчага бөлүнөт?
Эки тыбышты билдирген тамгалар кандай аталат?
Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?
Бир муундуу сөздөр ташымалданабы?
«Ак булуттар алыс жактан келеби?» кандай сүйлөм?
Сүйлөм кандай мүчөлөрдөн турат?
10. Уӊгуга эмне уланат?
АДАБИЙ ОКУУ
1. Кыргыз элинде бала төрөлгөндө жасалчу кандай салты бар? 2. Үркүндөн кийин Ата Журтуна кайсы буюм жеткен эле? 3. Айгүл гүлү кайсы жерде өсөт? 4. Душман болсо да, түрктөр кыргыздын кайсы баатырына таш айкел тургузушкан? 5. Камбар-хандын уулунун кайгылуу өлүмүн угузган аспап? 6. Немецтердин дзотуна төшүн тоскондо колуна бир ууч топурак кармаган кыргыз батыры ким эле. 7. Амалы менен байдын түлкү ичигин алган ким? 8. Карышкыр менен кулжа кимди сот кылышты? 9. Эӊ эле керек үч нерсенин -биринчиси? 10. Жумурткасын бирөөнүн уясына таштаган куш?
МЕКЕН ТААНУУ
Кыргызстандын калкынын саны канча?
Асманга ыргыткан таш жерге түшөт. Эмне үчүн?
Күн жылдызбы же планетабы?
Жердин жалгыз жандоочусу эмне?
Кыргызстандан биринчи космоско учкан космонавт?
Жердин кичирейтилген формасы эмне?
Глобусту биринчи жолу ким түзгөн?
Жердин ички түзүлүшү канча бөлүктөн турат?
Жер шарында канча материк бар?
Биз кайсы материкте жашайбыз?
АДЕП
1.Бугу-Эне жомогун ким жазган?
Сараӊ, ичи тар, өзүмчүл абышка-кемпир үйүнө келген конок уктаганда эмне кылышат?
Куржундагы ардак чепкенин, чоӊ алтын медалынын бирин дубанага берген баатыр ким эле?
Манас баатырга кеп-кеӊешин айтып, кырк чоросун тыйып, акыл-насаатын айткан, «Караӊгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан» абасы ким?
Дүйнө жүзүндө канча дин бар?
Күчүгүн сабаган баланын аты ким?
7. Биз кайсы динди тутунабыз?
8.Сур эчки Кожожашты кандай күнөөсү үчүн каргады?
Сокур киши жолдошуна ишенбей эмнени коюнуна салып алды?
10 . Алайдан чыккан датка эне?
МАКАЛ-ЛАКАПТАР
1. Жакшы бала элпек…
2. Жигитке 70…
3. Кимдин казаны кайнабайт…
4. Ырыс алды-…
5. Билими күчтүү миӊди жыгат…
6. Эсер сөзүн эки айтат…
7. Ар кимдики өзүнө…
8. Жаз жарыш…
9. Туулган жердин топурагы…
10. Эне үйдүн…
ТАБЫШМАКТАР
Сааганга сүтү бар, мингенге күчү бар.
Кийимин тиккен ийнеден, коркуп жырткыч тийбеген.
Жыл мезгилин ылгабас, жайдыр кыштыр кургабас.
Асты таш, үстү таш ортосунда бышкан аш.
Буту жок басат,канаты жок учат.
Түсү кардай, Татсаӊ балдай. Тапкыла балдар, Тамак бул кандай?
Бир чынынын ичинде эки түрдүү суу бар, бири-бирине кошулбайт.
Кокту келсе конот, жел келсе желет, бул эмне болот?
Жетимиш кемпир жер тиштейт.
Аӊтаракай тону бар,кичинекей бою бар.
УЛУТТУК БУЮМДАР
Баланы эмнеге бөлөп уктатат? 2. Териден жасалат, ичине кымыз-айран куюлат? 3. Кийизден жасалган идиш салуучу буюм? 4. Арчадан чабылып атка токулуп минилет? 5. Узун моюн, үч кулак, Сырты кызыл боору ак. Жиптей ичке тили бар, Сүйкүмдүү коӊур үнү бар. 6. Желими жок, мыгы жок, Чебер уста жасаган. Ал кайсы жай төрт мезгил, Ата-бабаӊ жашаган. 7. Жыланга окшош- сойлобойт, Колдо тынбай ойдолойт. Андан катуу сестенип, Атыӊ катуу жорголойт. 8. Тептим терекке чыктым. 9. Кыргыздын мырзалары кийген Ала-Тоо сымал эмне? 10. Кийизден боелуп оюлуп жасалган жерге салаар эмне деп аталат?
1.Кыргызстандын борбор шаары?
а)Ош б)Бишкек
2.Биз кайсы райондо жашайбыз?
а)Алай б)Кара-Суу
3. Кыргызстандын акча бирдиги кандай?
а)сом б) доллар
4. Декабрь айынын кыргызча аталышы?
а)үчтүн айы б) бештин айы
5. Азыр канчанчы кылымда жашап жатабыз?
а)жыйырманчы б)жыйырма биринчи
6. Кыргызстанда канча област бар?
а)жети б)алты
7. Кыргызстандын азыркы учурдагы президенти?
а)С.Жээнбеков б) А.Атамбаев
8. Кыргызстан канча өлкө менен чектешет?
а)беш б)алты
9. Шахмат тактасындагы ак, кара чакмактын саны канча?
а)46 б)64
10. Биз Кыргызстандын кайсы бөлүгүндө жашайбыз?
а)түштүк б)түндүк
Логикалык суроолор
Жети шам күйүп турат. Экөөнү өчүрүп койдук.Канча шам калды?
Тарелкада 2 алма, 3 алмурут бар. 2 алма, 1 алмурутту алып койсо тарелкада канча жемиш калат?
Төрт бурчтуктун бир бурчун кесип, алып салса канча бурч болот?
Үч алманы эки ата, эки бала теӊ бөлүп жешти.Кандайча?
Сага гана тиешелүү бирок бирөөлөр колдонот