Сабактын темасы:
Ат атоочтун маанисине карай бөлүнүшү.
Сабактын максаты :
- Ат атооч жөнүндөгү алган билимдерди бекемдөө.
2. Өз пикирин билдирүү, машыгуу.
3. Өтүлгөн материалдарды туура кабылдоо жана эсинде көпкө сактоого жетишүүгөө тарбиялануу.
Ат атоочтун маанисине карай бөлүнүшү
№
Ат атоочтун бөлүнүшү
1
Мисалдар
Жактама ат атооч
2
Мен, сен, ал, биз, силер,сиздер
Шилтеме ат атооч
3
4
Сурама ат атооч
Бул, ушул, тигил,мына бул, мына ушул
Ким? Эмне? Качан? Кайсы? Кайда? Кандай?
Тангыч ат атооч
5
Эч ким, эч кандай, эч бир, эч качан, эч кайсы
Аныктагыч ат атооч
6
Бүткүл, баары, бүтүн, ар ким, ар кайсы, өз, өзүм, ар качан
Белгисиз ат атооч
Кимдир бирөө,алда кандай, кандайдыр бир кайсы бир
Шилтеме
Жактама
Сурама
Мен, сен, ал, биз, силер, алар, сиздер
Бул, тигил, тетигил, тээ тигил, мобул, мынабул, ошо(л), ушу(л)
Ким? Эмне? Кандай? Канча? Нече? Канчанчы? Неченчи?
М.: Мен китеп окуп жатам.
Алар театрга барышты.
М.: Ким аракеттенсе ошол максатына жетет. Сиз эмнени окуйсуз?
М.: Бул окуучу аябай жалкоо. Тээтигил кыздарды тааныбай жатам.
Тангыч
Аныктама
Белгисиз
Эч ким, эч нерсе, эчтеме, эч кандай, эч кайсы, эч качан, эч кайда
Баары, бардык, бүтүн, бүткүл, ар ким, ар бир, ар кайсы, ар кандай
Кимдир бирөө, бир нерсе, бирдеме, кандайдыр бир
М.: Мен эч качан мындай китеп окуган эмесмин. Чогулушка эч ким келген жок.
М.: Биз ар кандай конкурстарга катышабыз. Турциянын бардык шаары кооз.
М.: Кимдир бирөө эшикти такылдатты. Кандайдыр бир добуш угулду.
Тапшырма:
кимдир бирөө
1. Алыста _____________ келе жатты.
2. Чай ичип отуруп Айжамал кыздарга __________ айтып берди.
3. ____айтылган эрежелерди сактап, үйдө сабак окуйбуз.
4. Мышык ________ чымчыктарды аӊдып жатты.
5. Учурдагы абалга карата көчөгө________ чыкпашы керек.
6. Китепти түшүнүш үчүн _________ жолу окуп чыгышым керек?
баарын
Биз
тээтиги
эч ким
канча
- ... үйдөн окуп жатабыз.
- … алманын бышканын тандап алышты.
- … сүйүктүү жазуучуӊ ким?
- … китепканадан китеп алды.
- … сенин үй-бүлөӊбү?
- … атасы Москвада иштейт.
Сурама ат атооч Заттын аты-жөнүн, санын, катар тартибин,сапатын, ордун, мезгилин аныктап билүү үчүн суроо иретинде айтылган сөздөр сурама ат атоочтор деп аталат.
Сурама ат атоочтордун синтаксистик кызматы: Ээлик: Ким келди.Эмнелер берилди? Баяндоочтук: Отличниктер канча? Толуктоочтук: Мен сага эмнени айттым эле?
Кана деген сөз сүйлөм ичинде эки түрдүү мааниде колдонулат. 1) Сурама ат атоочтук мааниде. М:Балдар кана? Абылдар кана? 2) Модалдык мааниде М:Кана, эми басалы. Кана,калайыктан бата алалы.
Ким? Эмне? Не? Кайсы? Канча? Нече? деген сурама ат атоочтор таандык жана көптүк (-лар) , жак мүчөлөр менен өзгөрөт. М:кимбиз? кимсиңер? кимдер?киммин?
Канча? Нече? деген сурама ат атоочторго иреттик сандын –ынчы, жамдама сан атоочтун –оо,-өө мүчөлөрү уланып айтыла берет. М: канчанчы? неченчи? канчоо? нечөө?
Тангыч ат атооч Жалпыланган заттык, сын-сыпаттык, сан-өлчөмдүк маанини тануу же жокко чыгаруу иретинде айтылган ат атоочтор тангыч ат атоочтор деп аталат.
Тангыч ат атоочтор эч деген тангыч бөлүкчө менен ким? качан? кайда? кандай? деген сурама ат атоочтордун жана бир, нерсе, убакта деген сөздөрдүн кошулуп айтылышы аркылуу жасалат.
Эч ким, эч нерсе, эч качан, эч кандай, эч убакта, эч нерсе, эч бир деген ат атоочтор кирет.
Тангыч ат атоочтун синтаксистик кызматы Ээлик: Бүгүн эч ким келген жок. Толуктоочтук: Мен алардын эч бирине жолукпадым. Аныктоочтук: Мага эч нерсенин кереги жок.
Эч деген бөлүкчө менен тангыч ат атоочтор төмөндөгүдөй айырмаланат.
- Эч тангыч бөлүкчөлүк
- Эч барган жокмун
- Эч келе элек
- Эч айткан эмесмин
- Эч байкалган жок
- Эч үн чыгарбады
- Эч тангыч ат атоочтук
- Эч качан барган жокмун
- Эч ким келе элек
- Эч нерсе айткан эмесмин
- Эч кандай үн чыгарбады
Проблемалык көнүгүү. Бай март болсо да, эч ким келбейт кашына. Биздин окуучулар бүгүн эч нерсе жасашкан жок.
Блумдун кубиги
Кубиктин бетинде жазылган суроолорго жооп беребиз.
Сурама ат атооч деген эмне?
Сурама ат атооч катышкан сүйлөмдүн аягына кандай белги коюлат?
Сурама ат атоочторго кайсы сөздөр кирет?
Таңгыч ататоочторго кайсы сөздөр кирет?
Таңгыч ат атоочтордун синтаксистик кызматы?
Таңгыч ат атоочторду катыштырып сүйлөм түз.
Сабактын темасы: Аныктама ат атооч
Сабактын максаты:
1.Аныктама ат атооч боюнча түшүнүк аласыңар.
2. Сүйлөм ичинде аныктама ат атоочторду талдай аласыңар.
3. Өз алдынча иштегенге аракет кыласыңар
Өтүлгөндөрдү эске салалы:
1. Ат атооч маанисине карай канчага бөлүнөт? 2. Белгисиз ат атооч деген эмне?
Аныктама ат атооч Заттын сандык жалпылыгын же жекелигин аныктап, тактап көрсөтүүчү ат атоочтор аныктама ат атоочтор деп аталат.
Аныктама ат атоочторго төмөнкү сөздөр кирет: Бүткүл, бардык, бүтүн, баары, ар ким, ар бир, ар кандай, ар качан, ар кайсы, өз, өзүм.
5
Ар деген сөз өз алдынча колдонулбайт, бир, нерсе деген сөздөр менен жана ким, кандай, качан, кайсы деген сурама ат атоочтор менен тизмектешип айтылат. М: ар бир, ар нерсе, ар ким, ар кандай, ар качан, ар кайсы.
Ар деген сөз өз алдынча колдонулса ат атооч боло албайт. М: Силер ар ишке жарадыңар. Алар ар жыл сайын келишет. Сын атоочтук, тактоочтук мааниде колдонулат. М: Арпа менен Ак-Сайда ар уруу чөптүн кени бар. Ар түрдүү жемиш бактары өстүрүлдү.
5
Аныктама ат атоочтор төмөндөгүдөй синтаксистик кызмат аткарат. Ээлик: Ата Мекенибиздин ыйык милдетин аткарууну ар бирибиз унутпайлы. Толукоочтук: Баарыбызга ишене бергиле. Аныктоочтук: Ар кандай ишти чечүү- ар бирибиздин милдетибиз.
Көп чекиттин ордуна аныктама ат атоочторду коюп жазгыла: 1. Дүйнөнүн ... элине тынчтык жана бакыт каалайбыз. 2. Бул ырды ... ар кандай ырдап жүрөт. 3. ... иштин да бүтөр убактысы бар. 4.Ысык-Көлгө ... мамлекеттерден миңдеген эс алуучулар келишет. 5.Биз, ... Адам, жакшы ой, жакшы санаа менен жашайбыз. 6. Ала-Тоодо ... дары чөптөр көп.
6-класс 6-класс
Сабактын темасы:
Белгисиз ат атооч
Сабактын максаты:
1. Белгисиз ат атооч боюнча түшүнүк аласыңар.
2. Сүйлөм ичинде белгисиз ат атоочторду таап, талдай аласыңар.
3. Өз алдынча иштегенге аракет кыласыңар
Ат атоочтун маанилик
түрлөрү:
Аныктама ат атоочко
кайсы сөздөр кирет?
Аныктамма ат атоочтун
синтаксистик милдети?
Өтүлгөндөрдү кайталайбыз.
Белгисиз ат атооч
Заттардын , кубулуштардын жана алардын ким-эмне экендигин , сан-өлчөмүн, сын-сыпатын, ордун, мезгилин так көрсөтпөстөн, болжолдоп, бүдөмүк, күдүк көрсөтүүчү ат атоочтор белгисиз ат атоочтор
деп аталат.
кайсы бир
Белгисиз ат атоочторго
кимдир бирөө
алда кандай
алда эмне
алда ким
качандыр бир
бир нерсе
деген
сөздөр кирет .
кандайдыр бир
кай бир
балан-түкүн
бирдеме
кээ бир
42
Синтакситик кызматы: Ээлик: Кимдир бирөө келди. (ким?) Аныктоочтук: Кай биринин колунда китеп.(кимдин?) Толуктоочтук: Бир нерсени айтканы турам.(эмнени?)
Белгисиз ат атоочтор сурама ат атоочтор менен бир жана алда деген сөздөрдүн айкалышы аркылуу, кээде сурама ат атоочторго –дыр мүчөсү уланып да жасалат: М: качандыр бир, качанкы бир, кимдир бирөө. Кандайдыр шек санады.Бөлмөгө алда кимдер келди.
42
Силерге
тапшырма
Машыгуу иштери
Төмөнкү сүйлөмдөрдөн белгисиз ат атооч катышкан сүйлөмдөрдү гана көчүрүп жазгыла.
42
1. Алтынай Сулайманованын өңү кубара түшүп, алда эмнени эстегендей болду.
2. Өз тууганын кордогон душманына кор болот.
3. Карыя кандайдыр бир кызык окуя айтайын дегенде, телефон шыңгырады.
4. Дүйшөндүн кечиккенин угуп, санаам алда кайда кетти.
5. Көп окуп, көптү билгиле, ал адам эч качан жеңилбейт.
6 .Балдар,өзүңөр үчүн кызыктуу жана маанилүү иштерди дайыма таба билгиле !
42
398-көнүгүү. Төмөнкү белгисиз ат атоочторду катыштырып, сүйлөмдөрдү түзгүлө.
.
Бир нерсе, кимдир бирөө, кандайдыр бир, кайсы бирөө, кээ бирлери, бирдеме, алда ким.
Жактама ат атоочтун жөндөлүшү Мен, сен, ал деген ат атоочтор иликте –ын,(-ин), барышта –а , табышта –ы (-и) болуп жөндөлөт А . мен, сен, ал И. менин,сенин, анын Б. мага маа, сага саа, ага аа Т. мени, сени, аны Ж. менде, сенде, анда Ч. менден, сенден, андан
Жактама ат атоочторго таандык -ныкы мүчөсү уланганда башкы н тыбышы түшүп калып, жөндөмө мүчөлөр –икин деген жөндөмөлүк негизде жалганат. А. меники, сеники И.меникинин, сеникинин Б.меникине, сеникине Т. меникин, сеникин Ж.меникинде, сеникинде Ч. меникинен, сеникинен
Шилтеме ат атоочтордун жөндөлүшү А. бул, ошол И. мунун,ошонун Б. буга, ошого Т. муну, ошону Ж. мында, ошондо Ч. мындан, ошондон
Таандык –ныкы мүчө уланганда А. мунуку, тигиники И.мунукунун, тигиникинин Б. мунукуна, тигиникине Т.мунукун, тигиникин Ж. мунукунда, тигиникинде Ч.мунукунан, тигиникинен