СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим беруунун методдору

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Билим беруунун методдору»

«Ишеналы Арабаев - кыргыз элинин тунгуч агартуучусу».


Ишеналы Арабай уулу Кочкор районунун Кџнбатыш кыштагында 1882-жылы дыйкандын џй-бџлљсџндљ туулган. Ал ар кайсы жерде окуп, башталгыч билим алгандан кийин, 1990-1910-жылга чейин айыл-кыштак мектептеринде бала окутат.

1910-13-жылдары Уфа шаарындагы Галиянын мечитинен жогорку диний билим алып, жайкы дем алышта казак айылдарын кыдырып бала окуткан.

Ал љзџ менен бирге окуган Х.Сарсикеев деген казак жигит менен бирдикте кыргыз жана казак балдарына арналган «Алиппе жаки тљтљ окуу» деген китебин жазып, 1911-жылы Уфа шаарындагы «Шарк» басмаканасынан жарыкка чыгарат.

И.Арабаев 1913-жылы окууну бџтџрџп келгенден кийин, кљлдљ жана Нарында мугалимдик кылат. 1916-жылы џркџндљ Џчтурпанга качып барып, кайра љз элине Октябрь революциясынан кийин гана келет. 1918-23-жылдары Тџркстандын Жети-Суу областарында ар кандай жооптуу жумуштарда иштеп, кыргыз мектептерине мугалимдер даярдай турган алгачкы курстарды уюштурат.

1923-жылы кыргыз жазуусуна 25 тамгадан турган реформаланган араб алфавити кабыл алынып, ошонун негизинде И.Арабаев биринчи жолку «Алиппесин» 1924-жылы тџзљт. Кийинчирээк Султан, Сатыбалды менен бирдикте «Биздин мектеп» (1925), Х.Карасаев бирдикте «Жањылыктар» деген (1927) алиппелерин чыгарат.

Мындан тышкары элдик оозеки чыгармаларды эл оозунан топтоого да кљп эмгек сињирген. 1932-жылы Ж.Д.Шалигулов менен 7 жылдык мектептерге арнап «Табият таануу» алиппесин тџзџшљт. Бул акыркы китеби, андан кийин камалат. Бир топ кол жазмалары жоголот. 1958-жылы Тџркстан согуш округунун прокуратурасы тарабынан ага коюлган кџнљљсџ далилденбегендиктен, кылмыш иши токтолуп, акталат.

Кыргыз элине агартуу тармагындагы эмгеги жогору бааланып, биздин мамлекеттик педагогикалык университетибиз улуу инсан, агартуучу, окумуштуу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин атын алып жџрљт. Бул ысым 1992-жылы анын 110 жылдык юбилейинде берилген.