СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бир өңчөй баяндооч

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Бир өңчөй баяндооч»

Кыргыз тили 9-класс

Сабактын темасы: Бир өңчөй баяндооч

Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү усулдардын ыкмаларын колдонуу (топ менен иштөө)

Сабактын жабдылышы: ИКТ, окуу китеби, сүрөттөр, ватман, маркер

Сабактын максаты:

Сабактын милдеттери:

Бир өңчөй баяндоочтор жөнүндө

түшүнүк алышат.

1. Бир өңчөй баяндоочтун эрежесин үйрөнүшөт.

2. Бир өңчөй баяндоочторду катыштырып сүйлөмдөрдү, тексттерди түзүшөт.

3. Топтордо иштөөдө бири-бирин угуп, сыйлап өз ара түшүнүүго багыт алышат.

Күтүлүүчү натыйжалар: Бир өңчөй баяндоочтун эрежесин айтып бере алышат. Сүйлөмдөрдөн, тексттерден бир өңчөй баяндоочторду таба алышат жана сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзө алышат.



Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары, убактысы

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

1. Уюштуруу




Саламдашуу

Жагымдуу маанай түзүү

Саламдашат

Эне тил жөнүндө ырларды айтышат.

2. Үй тапшырмасын текшерүү

Бир өңчөй ээни катыштырып сүйлөм түзүп келишет.

Түзгөн сүйлөмдөрүн окуп беришет. Бир өңчөй ээни табышат.


3. Өтүлгөн теманы кайталоо

1.Бир өңчөй мүчөлөр деген эмне?

2.Бир өнчөй мүчөлөргө кандай тыныш белгилер коюлат7

3. Бир өңчөй ээ деп эмнени айтабыз?

Окуучулар эрежелерди айтып, мисалдар менен далилдешет.

4.Жаңы теманы түшүндүрүү

1. Сүйлөмдөр менен иштөө

2. Сабактын темасын, сабактын максатын, сабактын милдетин, баалоо критерийлерин талкуулоо

3. Эреже менен тааныштыруу




Сабактын темасын таап, аныктама чыгарышат.

Сабактын милдеттерин, баалоо критерийлерин талкуулашат.

5. Бышыктоо

1. 22-көнүгүү Сүйлөмдөрдөн бир өңчөй баяндоочторду таап, синтаксистик талдоо жүргүзүү


2.Ар бир топко тапшырма

1-топ Берилген схема боюнча сүйлөм түзүшөт

2-топ Сүрөт менен бир өңчөй баяндоочторго сүйлөм түзүшөт

3-топ Бир өңчөй баяндоочторду катыштырып текст түзүшөт



1-топ- 1-2-сүйлөмдөр

2-топ- 4-6-сүйлөмдөр

3-топ- 7-8-сүйлөмдөр


Түзгөн сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзүшөт. Бир өңчөй баяндоочторду табышат.

Аткарган тапшырмаларды жалпы класска презентация жасашат.

6.Жыйынтыктоо

-Бүгүнкү сабакта эмнени билдик, үйрөндүк?

- Сабактын башына коюлган максатка жеттикпи? Кантип жеттик?

Сабак жөнүндө оюңарды жазгыла

Стикерлерге ойлорун жазышат

7.Үйгө тапшырма берүү

Силерге жаккан,көргөн фильмиңер боюнча бир өңчөй баяндоочторду катыштырып. Кыскача аңгеме түзүп келүү


8. Баалоо

Критерийлер менен баалоо


















Баалоо баракчасы

Фамилия, аты

Үй тапш

2балл

Өтүлгөн

теманы кайт-оо

2балл

Темага аныктама чыгаруу

3балл

Көнүгүү

Иштөө

2балл

Тапш-ма

2балл

Жалпы балл

11балл

Баа

1.









2.









3.









4.









5.











10-11 балл - “5”

8-9 балл - “4”

6-7балл – “3”











Ажар

Ажардын Чырдын үйүнөн акырын качып чыкты. Анын жүрөгү опкоолжуп, дүпүлдөп алып учту, коркту.

Бир мезгилде Ажарды айланчыктап карышкырлар чогулду, толуп кетти. Алар- ачка, арык. Тилдерин салаңдатышып Ажарды камап алышты. Ал коркту, ыйлап жиберди. Жан деген кыйын го, жанын коргоп жерден тырмалап таш алып, туш- тушка ыргытты, качты, жүгүрдү. Колу-буту ташка тийди, айрылды.