СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бөксөртпөстөн толтура билсек

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өнүктүрүүнүн абалы иликтенген.

Просмотр содержимого документа
«Бөксөртпөстөн толтура билсек»

Ала-Тоо таңы” гезити

9-апрель 1991-жыл

БӨКСӨРТПӨСТӨН ТОЛТУРА БИЛСЕК

Тилибиз - дилибиз



Тилдин коомдон ажыралгыстыгы талашсыз чындык. Кыргыз элин эл кылып, башка элден айырмалап турган өз эне тили – кыргыз тили. Ч.Айтматовдун: “Ар бир элдин тили – ошол элдин миңдеген кылымдык акылынан, генийинен жаралган кымбат жана табылгыс байлыгы. Тилдер жоголуп кетиши мүмкүн, жоголуп жатат, бирок алардын жаралышы кыйын нерсе. Тилдер пайда болгон мезгил кайткыс болуп алыста калды. Азыр ар бир нерсени сактап, кармап калуу зарыл. Ар бир элдин тили – бүткүл адамзаттын мүлкү,”- деген акылман сөзү калетсиз.

Кайра куруунун шарапаты менен саясий зор мааниси бар “Кыргыз ССР инин мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамынын кабыл алынышы кыргыз элинин тарыхындагы чоң окуя болду. Андан бери бир жарым жылдын жүзү болуп, бир катар ишке ашыруу жумуштары жүргүзүлүп жатат. Алсак, Жети-Өгүз районунда тастыкталган иш чара кабыл алынып, тегерек стол уюштурулуп, эл депутаттарынын райондук советинин аткаруу комитетинин алдында атайын комиссия түзүлгөн. Саруу орто мектебинин корунда мейман үйү уюшулуп, бул багытта кыргыз тили мугалимдеринин маеги өткөрүлгөн. Түп районунда атайын семинар, Ак-Суу районундагы мектептерде кыргыз тили күндөрү өткөрүлгөн. Пржевальск шаарында республикалык окуу-усулканасы областтык элге билим берүү башкармасы менен бирдикте семинар-кеңешме уюштурган. Кыргыз тилин үйрөнүүчүлөргө атайын курстар ачылган.

Бир катар иштер аткарылып жатса да, мыйзамды турмушка ашырууда дагы да ыкшоолук, дымып туруучулук байкалууда. Мыйзам бекерчиликтен кабыл алынбагандан кийин, бүтүндөй бир эл тагдырынан улам кабыл алынгандан соң, жан үрөп иш кылуу зарыл. “Кантишер экен?”- деп мыйыгынан жылмайып, чабалдыгыбызды топук кылып тургандар да аз эмес.

Үзгүлтүксүз билим берүүдө тарбия башаты бала бакча болгондуктан, алардын абалы кандай экендигине көз чаптырып көрөлү. Жети-Өгүз районунун борбору Покровка айылындагы 7 бала бакчанын бардыгы орус тилинде. Кыргыз тилинде бир гана тайпа ачылган. Түп районунун борбору Түп айлындагы 5 бала бакчанын бардыгы орус тилинде болуп, бир дагы кыргызча тайпасы болбосо, Ак-Суу районунун борбору Теплоключенко айылында 4 бала бакчанын бири кыргыз (“Келечек”), калганы орус тилинде. “Солнышко” бала бакчасында бир кыргыз тайпасы ачылып, көп өтпөй ал дагы жабылып калган. Мындай абалдын себебин кыргыз ата-энелеринин “Орусча окутууну каалайбыз”, ал эми орус улутундагы ата-энелердин “Кыргызча тайпага берүүнүн кажети жок” деген жооптору аркылуу түшүндүргүлөрү келишет. Эгерде жергиликтүү улуттун өкүлү эмес жолдошторго ал республикада жашап тургандан кийин ошол элдин тилин, үрп-адат, салтын үйрөнө билсе, дили бир ынтымактуу боордоштордон болуп калыптанары түшүндүрүлсө, жергиликтүү улуттун өкүлдөрүнө эртеңки эл тагдыры ойлондурулса, бул жагдайдан тез чыгууга болор эле.

Бул багыттагы жалпы билим берүүчү мектептердин абалы кандай? Жети-Өгүз районунун борбору Покровка айылына келсеңиз, Ленин, Макаренко атындагы, Покровка мектептеринде, Ак-Суу районунун борбору Теплоключенко айылына барсаңыз, Киров, Мичурин, Түп борборунан Карл Маркс, Кайкин, , Пржевальск шаарынан Ленин, Чехов, Горький, Киров, Пржевальск, Ломоносов, Ильич, Некрасов атындагы мектептерге кез келебиз. Буларды угуп-көрүп туруп, өзүңүздү Россия аймагына түшкөндөй сезип кетесиз. Покровкадагы үч мектеп тең кош тилдеги мектеп. Түптө да өз алдынча кыргыз мектеби жок. Теплоключенкодо да Мичурин, Пржевальск шаарында Киров атындагы мектептер – затына аты келишпесе да, кыргыз мектептери. Кош тилдүү мектептерде иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, чогулуш, иш чаралардын өткөрүлүшү орус тилинде. Кыргыз тили тагдыры дагы да өксүк кала берет. Ошондуктан, райондун борборлорунда, Пржевальск шаарында кыргыз мектептеринин болушу талапка ылайык. Бул багыттагы Ак-Суу районунун иш тажрыйбасы колдоого аларлык. Андагы, борбордогу кыргыз мектеби Ак-Суу, ал эми Пржевальск шаарындагы жалгыз кыргыз мектеби Каракол мектеби делип ат алганы жөндүү эле (жер аттары менен). Жада калса, Каракол айылындагы орто мектеп да Островскийдин атында аталып калган.

Мектептерде, айрыкча, Ак-Суу районунун мектептеринде кыргыз тили, адабияты сабагынын мугалимдери жетишпейт. Кыргыз тили сабагын гуманитардык сабактардын мугалими да эмес, так илимдер сабагынын мугалимдери берип жүргөнү өкүндүрбөй койбойт. Райондук элге билим берүү бөлүмү дегеле жайбаракат кыймылда өңдүү. Мектептеринде тил мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш чаралары түзүлбөгөн. Сөз кур болбосун, Каракол айылындагы Островский атындагы мектепте (директору О.Токтонбаев) же район, же мектептин иш чарасы жок. Мектеп жамааты тарабынан тил мыйзамын турмушка ашырууга ыктыярдуу финансылык жардамды айтпай эле коёлу, педагогикалык кеңеште, же башка кеңешмелерде тил багытында эч бир сөз кылынбаган. Кош тилдүү мектеп катары чогулуш, иш чаралар орус тилинде өткөрүлөт. Иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү жөнүндө кагазда да, башка да план, ойлор жок.

Тил мыйзамына ылайык бардык мектептердин орус класстарына кыргыз тили сабагы киргизилген. Бул иште бир катар аракеттенип окутуп жаткан мугалимдерди көрүүгө болот. Алсак, алардын катарында Пржевальск атындагы орто мектебинен (Пржевальск шаары) Н.Муканова, Киров атындагы орто мектебинен (Ак-Суу району) Б.Байсынова өңдүү мугалимдер бар. Н.Муканова окуткан 6-классынан жат жазуу алынганда 13 окуучудан 8 окуучу “5” деген баага жазышкан. Сабактары көргөзмөлүү өткөрүлөт. Окуучулары күндөлүк пайдалануучу сөздөрдү жакшы өздөштүрүшкөн. Телефон аркылуу бири-бири менен эркин сүйлөшө алышат. Сабакка кызыгуулары сезилип турат. Ал эми бардык эле мектептерде абал андай эмес. Мисалы, Ф.Кожомбердиеванын (Ак-Суу району Киров атындагы мектеп), С.Кожомкулованын (Түп району Кайкин атындагы мектеп) сабактары төмөнкү деңгээлде өткөрүлөт. Окуучуларынын сабак өздөштүрүүлөрү начар. Сабакка болгон кызыгуусу жок. Тартип, катуу талаптын жоктугунан кээ бир класстарда кыргыз тили сабагы тамашага айланган (Кайкин атындагы орто мектеп 8-А класс). Кадр маселеси четте турган жактары арбын. Орус класстарына кыргыз тилинен берген мугалимдердин дээрлик көпчүлүгү – орус тили, чет тили мугалимдери. Демек, кыргызча сөз баайлыгы жарды, байланыштуу кеби тайкы. Окуучуларга ГЫ, ГИ, КЫ, КИ, Ж тыбыштарынын колдонулушун, Ң, Ө, Ү тыбыштарынын туура окулуп айтылышын, АА, ОО, ӨӨ, УУ, ҮҮ, ЭЭ алты созулма үндүүлөрдүн колдонулушундагы кыска үндүүлөрдөн айырмачылыгын окутууда көңүл өйүгөн жагдайлар арбын экендиги көрүнөт. Үстүбүздөгү окуу жылынан төлөнүү белгиленген орус класстарына кыргыз тилинен сабак берген мугалимдерге эмгек акысына 15 пайыз кошумча төлөнсө, окуу китептери, көргөзмө куралдары менен камсыз кылынса, окутуу сапаты да бир кыйла артар эле.

Китепканалардын текчелеринин кыргызча китеп менен толукталышы да чеке жылытарлык эмес. Алсак, Пржевальск шаарындагы № 2 КТОЖдун китепканасында (китепканачысы Сушко В.С.) 29214 китеп болсо, анын 3060 китеби гана кыргызча. Жыл бою түшкөн китептердин бири да кыргыз тилинде болбошун эмне менен түшүндүрүүгө болот?

Бүгүнкү күндө окуучулардын сөз байланышын өстүрүү – окуу-тарбиялоо ишиндеги маанилүү проблемалардын бири. Ал кыргыз тили сабагында ар түрдүү машыктыргыч көнүгүүлөр аркылуу комплекстүү аткарылат. Байланыштуу кеп окуучуларды сөз курай билүүнүн, сүйлөм түзүүнүн жолдорун, ар кыл ыкмаларын үйрөтөт. Ал окуучулардын өздөштүргөн билимине, билгичтигине таянат. Кыргыз тили жана адабиятынын жаңы программасында байланыштуу кеп боюнча материалдар бир кыйла тереңдетилген. Бул окуучулардын сүйлөө маданиятынын жана жазуу иштеринин жакшырышына шарт түзмөкчү. Ошондуктан, маселеде тилчи мугалимдер тынчсызданат. Мисалы, окуучулардын өз оюн ырааттуу, эркин айта албагандыгы, сөз байлыгынын жардылыгы, кайталоолор, сөз таппай чайналуусу. Мунун башкы себептеринин бири – байланыштуу кеп боюнча сабактардын тиешелүү деңгээлде өткөрүлбөгөндүгү деп кесе айтууга негиз бар. Бирок, бир эле оозду карап ынанууга болобу? Албетте, жок. Күнүгө кашында акыл айткан атасы, тирек болгон энеси, билим берген эжейи менен агайы да окуучуларга таңылган күнөө-кемчиликтен кур кол эмес.

“Биздин ар бирибиз бул жарык дүйнөгө алып келип эбегейсиз зор байлыкты өз тилин тартуулаган элибизге түбөлүк милдеттүүбүз, анын тазалыгын сактап, байлыгына байлык кошуубуз керек” (Ч.Айтматов). Биз качан ошентебиз?



Н.ӨСКӨНАЛИЕВ,

коомдук кабарчы, Жети-Өгүз

району, Ичке-Булуң айылы.