СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дени сак муун жобосу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Дени сак муун жобосу»

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү окуу жайларынын окуучуларын дене-бой жактан даярдоо боюнча типтүү ченемдерин талаптар жөнүндө

ЖОБО

  1. Жалпы жоболор

  1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү окуу жайларынын окуучуларын дене-бой жактан даярдоо боюнча типтөө ченемдик талаптардын (мындан ары – ченемдер) максатын, милдетин, түзүмүн, ошондой эле талаптарды, аларды тапшыруунун тартиби жана шарттарын аныктайт.

  2. Ченемдерди тапшыруу жана алардын талаптарын аткаруу окуучунун ыктыярдуу чечими болуп саналат.



  1. Максаты жана милдети

  1. Ченемдерди киргизүүнүн максаты төмөнкүлөр болуп саналат:

  • Балдардын жана жаштардын, Кыргыз Республикасынын өсүп келе жаткан муундарынын ден соолугун чыңдоо үчүн дене тарбия жана спорттук каражаттарын колдонуу;

  • Кыргыз Республикасынын мектеп окуучуларынын дене-бой жактан даярдыгынын деңгээлин баалоонун бирдиктүү тутумун түзүү;

  • Жалпы билим берүү мекемелеринде, гимназияларда, жана лицейлерде дене-тарбия – ден соолукту чыңдоо иштерин өркүндөтүү;

  • Дени сак жашоону пропагандалоо.

  1. Ченемдерди киргизүу боюнча негизги милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат:

  1. Кыргыз Республикасынын 7 жаштан 18 жашка чейинки калкын дене тарбия жана спорт менен активдүү жана системалуу түрдө алектенүүгө тартуу;

  2. Мектеп окуучуларынын дене боюнун даярдыгынын деңгээлине контроль жүргузүү;

  3. Мектеп окуучуларын дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө алектенүү жүйөөлөрүн жогорулатуу, эмгекке жана мекенди коргоого даярдоо;

  4. Өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка тарбиялоо, ден сак жашоого туруктуу умтулууну калыптандыруу.



  1. Окуучулардын дене – бой даярдыгынын Ченемдеринин түзүмү

  1. Ченемдер мектеп окуучуларынын жаш курактарына ылайык төмөнкүлөй 5 баскычка бөлүнөт (1- тиркеме):

1-баскыч 8-9 жаштагы балдар жана кыздар;

2-баскыч 10-11 жаштагы балдар жана кыздар;

3-баскыч 12-13 жаштагы балдар жана кыздар;

4-баскыч 14-15 жаштагы балдар жана кыздар;

5-баскыч 16-17 жаштагы балдар жана кыздар.



  1. Сыноонун ченемдери жана түрлөрү

  1. Ченемдер Кыргыз Республикасынын мектеп окуучуларынын дене-боюн даярдыгынын деңгээлине ченемдерди жана талаптарды (сыноолорду), ошондой эле ар бир жаш курагынын баскычтары боюнча апталык кыймылдуу активдүулүктү карайт (1-тиркеме)

  2. Мектеп окуучуларынын дене-боюнун даярдыгынын денгээлин баалоо төмөнкүлөргө мүмкүндүк берүүчү сыноолордун (тесттердин) белгиленген санын аткаруунун жыйынтыгы боюнча жүргүзулөт:

  • Негизги дене боюнун сапатын өнүктүрүүнүн жана прикладдык кыймылдуулуктун жөндөмдөрүнүн жана көндүмдөрүнүн денгээлин аныктоо;

  • Жыныстык жана жаш курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык негизги дене-бойду даярдоонун сапаттарын, билимдерин, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн ар тараптуулугун баалоо.

  1. Дене-бой даярдыгынын тесттери негизги дене-бой сапаттарын (күчүн, чыдамдуулугун, тездигин, женилдигин жана ийкемдүулүгүн) өнүктүрүүнүн деңгээлин чаагылдыруучу милдеттүү сыноолордун 3 түрүн камтыйт.

  2. Тийиштүү баскычтардын ченемдери жана талаптары 2-тиркемеде келтирилген.



  1. Сыноолорду жүргүзүүнүн тартиби

  1. Дене тарбия сабактары, окутуу-машыгуу сабактары, ошондой эле дене тарбия көнүгүүлөрү жана Ченемдерин тапшыруу боюнча мелдештер менен өз алдынча алектенүүлөрү жалпы билим берүүчү мектептерде (гимназияларда, лицейлерде) ченемдик талаптарды тапшырууга даярдануунун негизги формалары болуп саналат;

  2. Дене тарбия сабактарына катышууга врачтын уруксаты бар окуучуларга Ченемдерди тапшыруу боюнча мелдештерге жол берилет.

  3. Сыноолодун түрлөрү боюнча мелдештер жалпы билим берүүчү мектептердин

4, 9, 11-класстарында, лицейлердин жана гимназиялардын бүтүрүүчү класстарында жүргузүлөт;

  1. Сыноолордун түрлөрү боюнча ченемдерди кабыл алуу жалпы билим берүүчү мектептердин (гимназиялардын, лицейлердин) базасында жүргүзүлөт;

  2. Ченемдерди аткаргандарга “күмүш” же “алтын” белгисинин күбөлүгү (сертификаты) берилет, үлгүсү жана сурөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен буйругу менен бекитилген;

  3. Ченемдердин аткарылгандыгынын жыйынтыгын эсепке алуучу документтерде белгиленет;

  4. Окууну улантуу үчүн башка билим берүү мекемесине өтүүдө окуучуларга акыркы контролдук сыноолордун жыйынтыгын көрсөтүү менен жеке карточкалары берилет;

  5. Ден соолугунун абалында айырмасы бар адамдар врач сунуштаган жеке программа боюнча окуу-машыгуу процессин ишке ашырышат жана ыңгайлануучу же дарылоочу дене тарбиянын комплекстерин өздөштүрүшөт.



  1. Окуучулардын дене боюнун даярдыгын сыноонун жана ченемдеринин түрлөрү

  1. Чуркоо (30, 60, 1000, 1500 метрге). Сыноо стадиондун чуркоочу жолчосунда же ар кандай тегиз жерлерде өткөрүлөт.

  2. Ийиндин кеңдигине бутту басыңкы абалда коюп турган ордунан узундукка (ордунан) секирүү. Сыноо ачык жана жабык жайларда ар кандай тегиздиктин үстүндө жүргүзүлөт;

  3. Бийиктеги туурасынан коюлган турникке тартылуу. Сыноо үстүнөн кармап, баштапкы асылган абалда, бут жерге тийбестен аткарылат. Көнүгүү туурасынан коюлган турниктин четине ээги менен тийгенде жана баштапкы абалына кайтып келгенде аткарылды деп эсептелет. Көнүгүү аткарууда кол менен кармап алууга жол берилбейт;

  4. Чалкасынан жаткан абалда тулку бойду көтөрүү (гимнастикалык матта жаткан боюнча буттар кыймылдабастан аткарылат).

  5. Топту алыстыкка ыргытуу, гранатаны алыстыкка ыргытуу, сыноо ар кандай тегиз аянтчада, кеңдиги 15 метр болгон коридорлордо аткарыла берет. Аракет үч жолу аткарылат, мыктысы жыйынтыгы деп алынат;

  6. Бут түз туруу абалда алдыга эңкейүү.

  7. Ок атуу. Сыноо пневматикалык нтовкадан атуу менен жүргүзүлөт. (1- жана 2-тикемеге ылайык жаш курагынын топтору үчүн талаптарга ылайык аткарылат.

Атуулар: 3 сынамык 5 эсептик жана убакыт – 20 минут;

  1. Сууда сүзүү (25, 50метр) сыноо бассейндерде коопсуз чараларын сактоо менен жургузулөт (25, 50мерт);

Шаарада же райондо бассейин болбогон учурда “убакытты эсепке албастан 25, 50 метрге сууга сузүү” сыноолорунун туру “тоскоолдуктардан кросс чуркоого” алмаштырылат.

  1. Туристтик көндүмдөрдү текшерүү менен 10 км туристтик жүрүш кошумча түрдө жогорку класстардын 9-11-класс окуучулары үчүн киргизилген.



  1. Окуучулардын дене боюнун даярдыгын Ченемдерин аткаруу боюнча иштерди уюштуруу

  1. Жалпы билим берүү мектептердин жана билим бер уу мекемелеринин жетекчилери менчиктин түрүнө карабастан окуучулардын саламаттыгын жакшыртуу максатында бардык мумкунчулуктөр менен Ченемдерге даярданууга жана тапшырууга көмөк көрсөтүшөт;

  2. Билим берүү мекемелеринин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин аймактык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте окуучулардын дене-боюнун даярдыгынын Ченемдерине даярданууну жана тапшырууну камсыздашат;

  3. Баардык билим берүү мекемелеринде Ченемдерди тапшырууга даярдануу түздөн-түз уюштурууну дене тарбия мугалимдери ишке ашырат.































1-тиркеме

Ченемдерди тапшыруу үчүн окуучуардын жаш курагы боюнча топтору

Даражанын аталышы жана баскычтары

Курактык диапазон (жашы)

Балдар

Кыздар

1 ДАРАЖА – “ДЕНИ САК МУУН”

1-Баскыч

8-9 жаш

8-9 жаш

2-Баскыч

10-11 жаш

10-11 жаш

3-Баскыч

12-13 жаш

12-13 жаш

4-Баскыч

14-15 жаш

14-15 жаш

5-Баскыч

16-17 жаш

16-17 жаш