СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дин маданияты тушунук

Нажмите, чтобы узнать подробности

Дин маданияты  тушунук

Просмотр содержимого документа
«Дин маданияты тушунук»

Дин маданиятынын тарыхы балдарга эмне үйрөтүп жатат?

13 октябрь 2016

Бөлүшүү

Кыргызстандагы тандалып алынган он мектепте дин маданиятынын тарыхы сабагы кире баштаганына бир айдан ашты. Бул сабак учурдагы диний кырдаалдарга байланыштуу көп талкуулардан кийин киргизилген болчу. Учурда балдар дин маданиятынын тарыхы сабагынан эмнелерди үйрөнүп жатат?



Шаардагы номер 24-мектеп гимназиясы пилоттук негизде дин маданиятынын тарыхы сабагы киргизилген окуу жайларынын бири. Тогузунчу класстарга жаңы кирип жаткан бул сабакты тарых мугалими Кайрыл Сагынбекова өтөт:



“Балдарга эң оболу дин манадиянын тарыхы сабагы абдан жакты. Биз талапка ылайык тогузунчу класстарын тандап алып, жумасына бир жолу сабак өтүлөт. Мен билим берүү министрилиги тарабынан бекитилген программа боюнча иштейм. Бирок айрым учурда балдардан диндер, алардын ич-ара келишпестиги, учурдагы экстремизм тууралуу кызыктуу, күтүлбөгөн суроолор болуп, аларга түшүндүрүүгө туура келет. Кээде дин маданиятынын тарыхы сабагын бергениме кубанам, анткени балдарда чоң кызыгуу бар, суроо-жооп көп болот. Өткөөл курактагы бул окуучуларга туурасын багыт кылсаң ошо бойдон кетет, андыктан бул сабактын кириши балдардын диний сабатсыздыгын жакшы эле жоюп жатат деп ойлойм”



Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты реформалоо жана диний уюмдардын иштерин тартипке келтирүү максатында 2014-жылы Коргоо кеңешинде атайын концепция бекитилип, бир топ иш-чараларды өткөрүү боюнча чечимдер кабыл алынган. Ошол концепциянын эң негизги багыттарынын бири -бул дин таануу жана диний билим берүү тармагын реформалоо жана сапатын жогорулатуу болчу. Аны ишке ашыруу боюнча өкмөттүн буйругу мектептерде дин маданиятынын тарыхын окутуу маселеси да каралган. Бир канча ай дин таануу жана диний билим берүү тууралуу изилдөөлөр, талкуулардан өткөн соң окууга кирген бул сабак дүйнөнү экстремизм торуп турган чакта балдарга абдан керек деген негизде кабыл алынган. Андан соң бул сабакты берген мугалимдер атайын окуудан өткөн.



Ошентип дин тарыхы сабагы учурда пилоттук негизде Ош жана Бишкек шаарларындагы он мектепте окутулууда. Концепцияга ылайык, бул сабакта окуучулар дүйнөдө диндин орду жана ролу, түрдүү тарыхый доорлордо дин менен саясаттын өз ара мамилеси жана азыркы дүйнөдөгү дин жана саясат, экстремизм сыяктуу темалардын алкагында билим алып жатышат дешет расмийлер.



“Учурда бул сабактын өтүлүшү министрлик тарабынан көзөмөлгө алынууда. Окуучулар өздөрүнүн ой-пикирин ушу сабакта айтып, өзгөчө кызыгуусу бар. Бирок бул сабактын маңызы дагы толукталып, жаңыланат. Тогузунчу класстарга бир эле дин эмес, дүйнөлүк бардык диндер тууралуу маалымат берилүүдө”, - дейт Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү сапатын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова.



Мектептерде дин маданиятынын тарыхы тууралуу сабак кригизүү соңку 3-4 жылдан бери көтөрүлүп келаткан маселе. 9-класстарга өтүлүп жаткан пилоттук негиздеги сабакты мындан да кеңейтүү аракети дале болсо көрүлүп жатат.



“Бул сабак ушу бойдон токтоп калат деп айтуу туура эмес. Тогузунчу класстардан чоңдордун баарына тарых сабагынын алкагында кириши керек. Азыр баарыбыз дин аралашкан көйгөйлөргө күбө болуп жатабыз. Кыргызстанда мунун алдын-алып, жаштарды эктремисттик, радикалдык агымдардын таасиринен ооздуктоо аракетин көрүп жатабыз”, - деди Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы Мурат Иманкулов.



Он мектепте жарым жыл бою өткөрүлгөн дин сабагынын жыйынтыгы көңүл толтурса, ал өлкө боюнча бардык мектептерге сабак болуп киргизилет. Диний кырдаал курчуп, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрундө диний коркунуч жаралып жаткан учурда балдарга бул дин маданиятынын тарыхы сабагын өтүү, сабатсыздыгын жоюу көптөгөн көйгөйлөрдүн алдын алат деп ишендирет расмийлер.