СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне сыйлаган - элге жагат.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эне  сыйлаган - элге  жагат.

Просмотр содержимого документа
«Эне сыйлаган - элге жагат.»

Эне сыйлаган --- элге жагат.



САБАКТЫН МАКСАТЫ:

Ата – энени сыйлоо керек экенин түшүнөт.

Текстти окуп анын мазмуунун түшүно алат.

Эненин үй-бүлөдөгү орду кандай экенин билишет.

Окуучулар өз ойлорун эркин айтууга уйрөнүшөт.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ:

Текст боюнча тартылган түстүү сурөттөр, эки ватман,(эки,көк)

Темага байланыштуу таркатмалар .ж.б.

САБАКТЫН ЫКМАСЫ:

Багыттап окутуу.

САБАКТЫН ЖҮРҮШУ:

Муз жаргыч .

МУГАЛИМ:

Окуучум, сенин ыймандуулугуң ата-энеңдин сыймыгы ата-энеңден алган мыкты тарбияңды коомго көрсөтүшүң сабакты мыкты окушуң,элпектигиң, эл оозуна алынгандыгың, акылы тетик чыгаан эл инсаны, болгондугуң эне сүтүн актоого кошкон зор үлушуң.

Кандай учурда уул-кыз эне сүтүн актай алат?-деген суроого төмөндөгү окуялардан жооп издеп көрөлү.

ТАЛКУУ УЧҮН ТЕКСТ:

Энемди ыраазы кыла алдымбы?

Бир адам акылманга келип:

-Эй даанышманым!Энем отө карып калды. Кыялы жаш баладай,балдарга окшогон иштерди кылат, ордунан тура албайт.

, кыдыр таалай жолун табасыАга өз колум менен тамак ичирем, дааратына жардам берем,намаз окуган жерине көтөрүп бара.Айтканын жасаым ээ даанышман, мен энемдин сүтүн актай алдымбы,жокпу?-деп сурады.

Ал даанышман:

-Энеңдин акысынын жүздөн бирин дагы актай албагансың, деди.

Ал адам:

-Эмне үчун? Эй даанышман! Мен энемдин айтканын эки кылбаймын.

-Даанышман:

-Энең сага: “УУлум өсүп чоңойсун, улуу адам болсун”-деп кызмат кылып жүрду.Сен болсо качан көз жумат, көз жумса кутулат элем деп кызмат кыласың.булардын арасында тоодой асман менен жердей айырма бар.Сен энеңе канча кызмат кылсаң да энеңдин сүт акысынан кутула албайсын.муну жакшылап билип ал.Эч бир перзент ата-эненин акысын актай албайт.ушуну жакшы билгин сен энеңе кызмат кылсаң АЛЛА Сага көп соопторду берет.ата-эненин ыраазылыгын алган адам жараткандын ыраазылыгына карк болот,ыраазылыгын алат-деди.

Суроолор:

1.Сенин ыймандуулугуң ата-энеңдин сыймыгы дегенди кандайча түшунөсүң?

2.Кандай учурда эне сутүн актоого болот?

3.Эмне үчүн энесине канчалык кызмат кылса дагы анын акысынын жүздөн бирин дагы актай албады?

4.Ата менен энени ыраазы кылган адам АЛЛАНЫН ыраазылыгын алат дегенге кандайча түшүнөсүң?

Келгиле балдар ата-энебиздин улуулугун даңазалап өз калемибизден көркөм чыгарма жараталы. Аны ата-энебизге

,

Аска зоодой чалкып жатса эмгегиОкуп берип, батасын алып алардын кубанычына ортоктош бололу. “менин сүйуктүү ата-энем” деген темада дилбаян жазып көрөлүчү.

Өзүңө ишен калемди колго ал!Төмөндөгүдөй ыр да жаратасың.

ЭНЕ ЫЙЫК

Эне ыйык жашообуздун жарчысы.

Эне-дайра, биз булактын тамчысы.

Бешиктеги балтыр бешик баланын.

Эне өзү жүрөгунүн жартысы.



Эне кымбат чындыгында баарынан,

Бир мүнөткө белек болсо сагынган

Эне сүтүн эмип жатып наристе.

Ыракаттанып көзүн ачпай уйкудан.

Эне куйөт эне сүйөт баласын,

Энеең кыдыр таалай жолун табасың,

Аска зоодой чалкып жатса эмгеги,

Кыялданып толкунданып каласың.

БААРЫНАН КЫМБАТ.

Бала учун эне кылат далалат,

Жанын кечип отко сууга сала алат.

Перзент үчүн жабыркаса жүрөгү,

Кандай пенде ага дары таба алат.

Ата болот бала үчүн аска тоо,

Бала өсөт аска тоону мекендеп.

Акыл айтат алтын сөзүн чуурутуп,

Уул өстүрөттүп тамырын бекемдеп.

“БЕЙИШТИН ЭШИГИ ЭНЕНИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДЫ”

Хадис.



НУСКА СӨЗДӨР.

УУлуң жаман болсо урматың кетет,

Келиниң жаман болсо уятың кетет.

Уул урматтабаса ата-энени

Келин зыйнаттабайт.

Эненин тогуз уулу болсо дагы кеп кербейт,

Эне көргөн тон бычат,

Ата көргөн жол бычат.

Атаны сыйлаган абийир табат,

Энени сыйлаган элге жагат.

ТАПШЫРМАЛАР:

1.Эне жөнүндө жазылган ырларды таап жаттагыла.

2.Эне жөнүндо эссе жазгыла.

3.Нуска создорду окуп. Класста талкуулагыла.

4.Эненин улуулугун даңазалаган хадистерди. Элдик уламыштарды таап, класста талкуу жургузгулө.