СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физика сабагынан "Акыл Ордо" оюн сабагынын иштелмеси

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Физика сабагынан "Акыл Ордо" оюн сабагынын иштелмеси»

АКЫЛ ОРДО ОЮН САБАГЫ

Сабактын максаты:

  • Физикага болгон кызыгуубузду арттырабыз,кругозорду кеңейтебиз.

  • Алган билимдерибизди системалаштырып, жалпылаштырабыз.

  • Тез ойлонуу, тапкычтык жөндөмдүүлүктөрүбүздү арттырабыз.

Жабдылышы: компьютер, мультимедиялык проектор, экран, магниттик доска;

“Акыл ордо” интеллектуалдык оюну теле берүүдөгү оюндун негизинде өткөрүлөт.Оюндун өткөрүлүшү боюнча алдын ала мектептеги радио түйүн аркылуу кулактандырылат же чоң баракка жазылып коюлат.Оюнга физика боюнча даярдыгы жакшы болгон 10-11 класстардын окуучулары катыша алышат.Калган окуучулар күйөрмандар катары чакырылат.Бардык суроолор компьтерден видеопроектор аркылуу экрандан көрсөтөтүлүп турат же мугалимдин окуп берүүсү менен оюнду өткөрсө болот.Финалдык турда жеңген окуучу физика боюнча кошумча маалымат берүүчү китептер менен сыйланат.

1.Уюштуруу моменти

Мугалимдин кириш сөзү: Саламатсыңарбы урматтуу окуучулар! “Акылың болсо озоорсуң, акылсыз болсоң тозоорсуң” демекчи мектеп ичинен акылдуулар суруулуп чыгып, физика боюнча “Акыл ордо” интелектуалдык оюнуна катышып жатасыңар. “Билими күчтүү миңди жыгат” деп айтылгандай бүгүн физикалык билимдерибиз боюнча күч сынашабыз. Оюнду баштоодон мурда катышуучулар менен тааныштырып кетели.

  1. Оюнга катышкан окуучуларды тааныштыруу

(Оюнга 10-11 класстын окуучуларынан тандалып, 8 окуучу алынат)

  1. Оюндун шарттары менен тааныштыруу.

Мугалим: Эми оюндун жүрүшү менен тааныштырып кетели. Оюн 3 раунд менен өтөт. 1-раунд “Тесттик суроолор” деп аталат да, 6 окуучу катышат. Эң төмөнкү упай алган 2 окуучу оюндан четтетилип, 2-раундга 4 окуучу катышат. 2-раунд “Ар кандай категориядагы суроолор” деп аталат. Бул оюнда силер ар кандай категориядагы суроолорду тандап аласыңар жана 1 минута ичинде канча суроого жооп бергениңер эске алынат. 3-раунд “Финалдык оюн” деп аталат. Эң жогорку упай топтогон 2 окуучу финалда таймашышат. Ар бир туура жоопко бир упайдан берилет жана ар бир раунддагы топтолгон упайлар эсептөө гтурат. Анда оюндун 1-раундун баштайлы.

  1. Оюндун жүрүшү

1-раунд. Тесттик суроолор

1. «Фюзис» деген созду орус тилине «Физика» деп колдонгон орус окумуштуусу….

а) А.С.Попов в) М.В.Ломоносов б) В.И.Ленин г) Архимед

2.Жарык кубулуштарын уйротуучу физиканын болуму ….

а)механика б)электр в)оптика г)квант физикасы

3. 1-эсептоочу машинаны ким ойлоп тапкан?

а) Паскаль б) Карль Бенц

в) Фарадей г) Лорнец

4. Суу куюлган идиште муздун сыныгы сузуп журот. Муз эриген сон суунун денгээли…

а) томондойт б) озгорбойт в) озгорот г) которулот

5. Машина туз жол менен 8км аралыкты, андан кийин ага тик багытта 6км аралыкты отту. Машинанын откон жолун тап.

а) 14км б) 8км в) 6км г) 2км

6. Нерсенин массасы анын …муноздойт.

а) коломун б) инерттуулугун в) зарядын г)температурасын

7. Томонку толкундардын кайсылары узатасынан термелуучу толкундар болушат?

а) радиотолкундар б) ак жарык в) рентген г) ун толкундары

8. Идеалдык газдын жумушу …прцессте нолго барабар.

а) изохоралык б) изотермалык в) изобаралык г) адиабаттык

9. Эгерде суусу бар идишти терен шахтага тушурсо, суунун кайноо температурасы …

а)озгорбойт б)томондойт в)жогорулайт г)мумкун эмес

10. Он элементардык заряд … таандык

а)электронго б)протонго в)позитронго г)нейтронго

11. Электр тогу өтуп жаткан өткөргүчтүн ички энергиясы өзгөрөбу?

а)азаят б)өзгөрбөйт в)байланыш жок г)чоңоёт

12. Металлдардагы электр тогу бул...иреттелген кыймылы.

а)протондордун б) электрондордун в)терс иондордун г) он иондордун

13. Бир жуманын жетиден бир бөлүгү...

а)саат б)минута в)секунда г)сутка

14. Мейкиндикте магниттик талаанын бар экендигин... жардамы менен аныктаса болот.

А) Түндүк уюлдун Б) Магниттик жебенин В) Темир нерсенин Г) Түштүк уюлдун

15. Генератор-бул ... өзгөртүп түзүүчү түзүлүш

а) Механикалык энергияны электр энергиясына

б) Электр энергиясын механикалык энергияга

в) Электр энергиясын ички энергияга

г) Потенциалдык энергияны кинетикалык энергияга

16. Адиабаттык процесс деп ... процесс деп аталат

а) Турактуу температурадагы б) Турактуу көлөмдөгү

в) Турактуу басымдагы г) Сырткы чөйрө менен жылуулук алмашпаган

17. Аморфдук заттардан монокристалл кайсы касиети менен айырмаланат?

а) Тунуктугу б) Бекемдиги в) Катуулугу г) Анизотроптуулугу

18. 120 секундда канча минут бар?

а)2мин б)4мин в)1мин г)3мин

19. Жер бетинен жылуулук энергиясы кобуроок чыгып кете турган бир кундөгү убакыт?

а)күн б)түн в)эртен менен г)кечинде

20. Жерге эн жакын турган жылдыз?

а)жетиген б)марс в)күн г)үркөр

2-раунд. Ар кандай категориядагы суроолор

1. Физикалык куралдар

  1. Суу астында сүзүүчү кемеде колдонулуучу курал.(Перископ)

  2. Ультра үндүн жардамы менен тереңдикти аныктоодо колдонуулучу курал (Эхолот)

  3. Күчтү өлчөгөндө колдонобуз (Динамометр)

  4. Ал жок болсо нерселердин массасын ченей албайбыз (Тараза)

  5. ЭМ толкунду нурдантуучу курал. (Вибратор)

  6. Бир нече зым оромдорунан турган түзүлүш (Катушка)

  7. Эң алгач Галилео ойлоп тапкан.(Телескоп)

  8. Туюк темир өзөкчөгө киргизилген, эки катушкадан турган түзүлүш.(Трансформатор)

  9. Бардык оптикалык куралдардын негизги бөлүгүн,түзүүчү түзүлүш (Линза)

  10. Сырттан энергия албай иштөөчү (Түбөлүк кыймылдаткыч)

  11. Ортосу диэлектрик менен бөлүнгөн, эки жарыш пластинадан турган түзүлүш.(Конденсатор)

  12. Ток күчүн өзгөртүүчү курал (Реостат)

  13. Атмосфера басымын өлчөөчү курал (Барометр)

  14. Гигрометр эмнени өлчөйбүз? (Нымдуулукту)

  15. Спектрескоп эмнеге арналган курал? (Нерселердин заряддалгалганын билүүгө)



2. Физик окумуштуулар

  1. Физиктерден эң алгач Нобель сыйлыгын алган окумуштуу.(В. Рентген)

  2. Электронду ачкан окумуштуу.(Томсон)

  3. Жер баары бир айлана берет деп айткан окумуштуу (Галилей)

  4. Эки жолу Нобель сыйлыгына татыктуу болгон окумуштуу (Мария Кюри)

  5. ЭМ толкунду экспериментте далилдеген окумуштуу (Герц)

  6. Атомдун планетардык моделин киргизген окумуштуу (Резерфорд)

  7. 10 жыл бою чөнтөгүнө магнит салып жүргөн оумуштуу (Фарадей)

  8. Мага таяныч чекитин таап берсеңер, Жерди да ордунан жылдырар элем деп айткан окумуштуу. (Архимед)

  9. Жылуулук санынын бирдиги кайсы окумуштуунун атынан коюлган. (Джоуль)

  10. Жарык-бул корпускулалардын агымы деп кайсы окумуштуу айткан? (Ньютон)

  11. 20-кылымдын генийи деген атка конгон окумуштуу (Эйнштейн)

  12. Жарыктын толкундук касиетин жактаган окумуштуу (Гюйгенс)

  13. Индукциялык токтун багытын аныктаган окумуштуу (Ленц)

  14. Кыймылдагы зарядка магнит талаасы тарабынан аракет эткен күч ушул окумуштуунун атынан коюлган (Лоренц)

  15. Атомдун түзүлүшү боюнча 2 постулатты киргизген Даниялык физик (Нилсь Бор)



Сандар суйлөйт

  1. 1895-жылы. ( Рентген нурунун алынышы)

  2. 1957-жылы. (Биринчи жасалма спутниктин учурулушу)

  3. 1821-1831-жылдар. (Фарадей. ЭМ индукция кубулушунун устундө иштеши)

  4. 1896-жыл. (Радиоактивдуулуктун ачылышы)

  5. Стандарттык 50. (Гц. Өзгөрмө токтун жыштыгы)

  6. Максималдык маани. 300000 (км/с. Жарыктын ылдамдыгы)

  7. Турактуу 9,8 (м/с2. Эркин тушуунун ылдамдануусу)

  8. Турактуу 6,6·10-34 (Дж / Гц. Планк турактуулугу)

  9. Турактуу 6,67·10-11 (Н·м2/кг2). (Гравитация турактуулугу)

  10. 1905 –жыл. (Эйнштейндин фотоэффект теориясы)

  11. 17-20000 чейин (Гц. Ун толкундарынын жыштыгы)

  12. 108 же 100 000 000 (Гц. Эм толкун нурданган жыштык)

  13. 7 (Жарыктын тусу)

  14. 1895-жыл. (Поповтун радиону ойлоп табышы)

  15. 1000 (кг/м3. Суунун тыгыздыгы)

Физикалык бирдик.

  1. Ылдамдыктын бирдиги. (м/с)

  2. Ом кайсы чоңдуктун бирдиги. (электрдик каршылык)

  3. Ундун катуулугунун бирдиги (Деци Белл)

  4. Амплитуданын бирдиги? (метр)

  5. Герц кайсы чоңдуктун бирдиги? (термелуу жыштыгы)

  6. Ылдамдануунун бирдиги? (м/с2)

  7. Толкун узундугунун бирдиги? (метр)

  8. 1Дж/с га барабар болгон бирдик? (Ватт)

  9. 1Н/м2 ка барабар болгон бирдик? (Паскаль)

  10. 1кг·м/с2 ка барабар болгон бирдик? (Ньютон)

  11. Чыңалуунун бирдиги? (Вольт)

  12. Ток кучунун бирдиги? (Ампер)

  13. Кельвин кайсы чоңдуктун бирдиги? (Абсолюттук температура)

  14. Джоуль кайсы чоңдуктун бирдиги? (Жумуш, энергия, жылуулук саны)

  15. Оптика бөлумүндө кездешет, кыскартып жазылганда 4 тамгадан турган бирдик (дптр) Диоптрий



М тамгасы

  1. Затты тузгөн бөлукчөлөр? (Молекула)

  2. Узундуктун бирдиги? (Метр)

  3. Эм толкундарды теорияда далилдеген окумуштуу? (Максвел)

  4. Грек тилинен которгондо “Магнесиянын ташы” дегенди билдирет . (Магнит)

  5. Термелуу кыймылын жасаган тузулуш. (математикалык маятник)

  6. Грек тилинен которгондо “курал жарак” же “машина” дегенди тушундурөт. (механика)

  7. Ичинен куйуучу кыймылдаткычтын бир бөлугу? (маховик)

  8. Нерсенин инерттуулугун мунөздөөчу физикалык чоңдук? (масса)

  9. Катуу абалда кездешет. Эруу температурасы 00С. (муз)

  10. Суюктунтун көлөмун өлчөөчу курал. (Мензурка)

  11. Рычагга аракет эткен кучтун, анын ийинине болгон көбөйтундусу кучтун эмнеси деп аталат. (моменти)

  12. Суюктуктардагы басымды өлчөөчу курал? (манометр)

  13. Попов менен катар радионун өнугушунө салым кошкон Италиялык окумуштуу. (Маркони)

  14. 7-8-9- класстардын физика окуу китеби. (Мамбетакунов)

  15. Идеалдык газ абалынын теңдемеси? (Менделкеев)



Аралаш

  1. Электр лампасынын кызытма зыны кайсы металлдан жасалат? (Вольфрам)

  2. Пьер Кюри менен Мария Кюри ачкан элемент. (Полоний)

  3. Кыймылдаткычтын кубаттуулугунун бирдиги катары Ваттан башка даагы кайсы бирдик колдонулат. (ат кучу)

  4. Нобель ойлоп тапкан аны атактуу кылган тузулуш. (Динамит)

  5. Оң заряддалган элементардык бөлукчө. (протон)

  6. Заряддалган блукчлрдун багытталган кыймылы эмне деп аталат? (электр тогу)

  7. Суудагы кемелер жана аба шаарлары кимдин законунун негизинде сузушт? (Архимет)

  8. Электр тогунун тегерегиндеги талаа эмне деп аталат? (магниттик талаа)

  9. Логикалык жол менен далилденбей турган негизги жобо. Аксиоманын синоними (Постулат)

  10. Биринчи космостук ылдамдык канчага барабар. (7,9км/с)

  11. Нерсеге ылдамданууну беруучу аракет . (куч)

  12. Цельсий улуту боюнча ким болгон. (Швет)

  13. Инерция тушунугун киргизген окумуштуу. (Галилей)

  14. Жарыктын таасири астында металлын бетинен электрондордун учуп чыгышы. (фотоэффект)

  15. Эң чоң табигый жарык булагы. (кун)





Ооба, жок

  1. Столдун устундө жаткан китеп абсолюттук тынч абалда болот? (жок)

  2. Басымды азайтуу максатында саймачылар манжасына оймок кийип алышат. (ооба)

  3. Гуктун закону серпилгич кучунун пружинанын узарышына болгон көз карандылыгын аныктайт. (ооба)

  4. Нерсенин айлана боюнча кыймылы ийри сызыктуу кыймылган кирет. (ооба)

  5. Жарык баардык чөйрөдө 300000 км/с ылдамдык менен таралат. (жок)

  6. Ньютондун биринчи законун инерция закону деп атаса болот. (ооба)

  7. Атом өзунө электронду кошуп алса оң ионго айланат. (жок)

  8. Диффузия баардык заттарда бирдей журөт. (жок)

  9. Токтун кучун вольтметр менен ченейбиз . (жок)

  10. Металлдарда токту ташуучу оң заряддалган бөлукчөлөр бар. (жок)

  11. Дистирленген таза суу электр тогун жакшы өткөрөт. (жок)

  12. Плазма заттын төртунчу абалы болуп эсептелет. (ооба)

  13. Адамдын денеси диэлектрик болуп эсептелет. (жок)

  14. Кундөн келген ак жарык жети тустөн турат. (ооба)

  15. Жарык толкундук касиетке гана ээ. (жок)



3-раунд. Финалдык оюн (адабий чыгармалардан физикалык тушунукту тапкыла)

  1. Калыгулдун Ысык-Көл жөнундө айтканы.

Кыш болуп кашкая суугу жок,

Жай болуп каткалаң ысыгы жок,

Мактанып жер жетерби?

Адам мындан кетерди?!

Ысык-Көлдөн чыкпагыла, балдар!...



Жооп: Салыштырма жылуулук сыйымдуулук. Суунун салыштырма жылуулук сыйымдуулугу бардык заттардыкынан чоң. Ошондуктан Ысык-Көл кышкысын жылуу, жайкысын салкын.



  1. Кавказ

Мен турам бийиктикте жалгыз гана

Кавказдын чокусунда карды басып,

Алыста мени менен катарлашып.

Бир буркут канат какпай, учат каалгып,



Жооп: Конвекция. Жер бетинен өйдө көздөй багытталган зор конвекциялык агымдар буркуттун канат какпай каалгып учушуна шарт тузөт.







  1. Кошой менен Жолой Дөөнун курөшу.

...Чоюлса токтоп айрылбас,

Бош тургандай жайылбас,

Тартып көрсө чоюлган,

Коё берсе жыйылган,

Кылдай өөнун байкаса,

Адамдын бейли кыйылган.

Кандагай калкта барбы? – деп,

Карыя Кошой айтып кеп,

Карап тура калганы.





Жооп: Катуу заттардын серпилгичтик касиетти. Серпилгичтуу деформация.



  1. Умутум.

... Минген тайым кучуктөн

Уркуп кетип жалт этип,

Тай устунө жылмышып,

Жерге туштум жалп этип.





Жооп. Инерция. Инерттуулук. Жаш баланын массасы кичине болгондуктан инерттуулугу кичине.



Жеңүүчү аныкталып, грамота менен сыйланат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!