СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ийрим жетекчинин кейси

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ийрим жетекчинин кейси

Просмотр содержимого документа
«Ийрим жетекчинин кейси»





Майлуу - Суу шаардык балдардын экология, край таануу, туризм жана техникалык чыгармачылык борбору «Информатикалык технология» ийриминин жетекчиси



Атаканова Джамиля Шералыевна



РЕЗЮМЕ

Атаканова Джамиля Шералыевна

Туулган жылы: 1988-жыл, 28-декабрь

Улуту: кыргыз

Билими: 2005-2010-жылдары

Жалал-Абад Мамлекеттик

Университетинин Маалымат-

коммуникация технологиялар

факультетинин «Математика

мугалими» адистиги

Иш тажрыйбасы: 2012-2017-жылдары Майлуу-Суу

шаарындагы №3 жалпы билим

берүү орто мектебинде математика

мугалими

2017-2020- жылдары Майлуу-Суу

шаарындагы №3 жалпы билим берүү

орто мектебинде окуу- тарбия

иштери боюнча мүдүрдүн орун басары

2020-жылдан бери Майлуу - Суу

шаардык балдардын экология, край

таануу, туризм жана техникалык

чыгармачылык борбору

«Информатикалык технология»

ийриминин жетекчиси

Үй-бүлөлүк абалы: Жолдошум экөөбүз бир уул эки

кызыбызды тарбиялап келебиз.
















Балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин катышуусу менен ɵтүлүүчү «Кɵркɵм жана социалдык – педагогикалык багыттардагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн усулдук кейстеринин» программалык- усулдук иштелмелеринин Республикалык сынак «Аймактарды ɵнүктүрүү, ɵлкɵнү санариптештирүү жана балдарды коргоо» жылына арналган иш чаралардын алкагында мыйзамдык жана укуктук- ченемдик кагаздарга ылайык ɵткɵрүлүүдɵ:



  • Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жɵнүндɵгү» Мыйзамыдын №19;20;30;31;33; беренесине ылайык

  • Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жɵнүндɵгү» Мыйзамы №15 беренисине ылайык ;

  • Кыргыз Республикасынын 2020-жылга чейинки ɵнүгүү стратегиясы;

  • Кыргыз Республикасынын 2012-2020 жылдарда окуучуларды жана окуган жаштарды тарбиялоо Концепциясы;

  • Майлуу - Суу шаардык балдардын экология, край таануу, туризм жана техникалык чыгармачылык борборунун «2020- жылды Аймактарды ɵнүктүрүү, ɵлкɵнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына арналган иш чараларды аткаруу планы;

  • Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемесинин Кыргыз Республикасынын Билим берүү, Илим жана маданият министирлигинин 3.07.1997ж.№278/1 буйругу менен бекитилген «Типтүү жобосуна» ылайык жүргүзүлɵт.









,

«Информатикалык технология» ийриминин окуучуларынын үлгүлүү коллективи

Кɵркɵм багыттагы программалык-усулдук иштелмелердин

«Балдардын үлгүлүү коллективи» номинациясы



Аймактык денгээлде расмий таануунун бекитилген статусу бар терендетилген денгээлдеги көркөм багыттагы билим берүү программасынын усулдук кейси

Негизги суроолор

  1. Коллектив жөнүндө түшүнүк

  2. Балдардын үлгүлүү коллективин уюштуруу принциби

  3. Коллективдин келечегин уюштуруу

  4. Коллективдин калыптануу баскычтары

1. Коллектив жөнүндө түшүнүк

Инсанды жамаатчылык аркылуу тарбиялоо коомдун өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүнө туура келет.

Ийримдеги окуучулардын жамаатчылыгы - инсанды калыптандыруунун эң маанилүү фактору болуп эсептелет. Көп ийримдеги тарбия - таалим иштеринин негизги кемчилигинин себебин андагы окуучулардын бирдиктүү, ынтымак, иштиктүү жамаатчылыкка баш кошо албагандыгы менен түшүндүрсө да болот. Окуучулар жаматчылыгы - бир максатка умтулуп, бирдиктүү коомдук пайдалуу ишмердүүлүктө ынтымакташкан окуучулардын туруктуу уюму. Окуучулар жамаатчылыгынын мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп анын ишинин идеялык максатка умтулгандыгы, жамааттын ишмердүүлүгүнө катышкан бардык окуучулардын бири-бири менен бекем байланыштуулугу, иштеги жалпы жоопкерчилиги, жамааттын ар бир мүчөсүнө коюлган жогорку талаптуулук эсептелет.

Окуучулар жамаатчылыгы — бул өз алдынча демилгелүү уюм. Ал тарбиянын обьектиси гана эмес, субьектиси да болуп эсептелет. Чоң кишилердин жамаатчылыгынан айырмасы: анын ишмердүүлүгүндө оюндун түрдүү кооздук, романтикалуу, балдарды кызыктыруучу элементтери көп.

Иштиктүү, ынтымак жамаатчылыктын негизги өзгөчөлүгү болуп жогорку, аң-сезимдүү тартиптүүлүк эсептелет. А.С.Макаренко тартиптүүлүк жамаатчылыкты чырайына чыгарат деген тыянакка келген. Ошону менен бирге ал тартиптүүлүк дегенди бир ишти жасоодон баш тартуу гана деп эсептебестен, алдыга тынымсыз умтулуу, жаңылыктарга жетишүү үчүн тоскоолдуктар менен күрөшүү деп да эсептеген.

Ынтымак жамаатчылыктагы окуучулардын түрдүү мүнөздөрү, ар кыл шык, жөндөмдүүлүк, кызыгуулары бирин-бири толуктап, алардын баштан өткөргөндөрүн элестүүрөөк, жүрүш-турушу үчүн жоопкерчилигин күчтүүрөөк, ой чабыттарын тереңирээктей сездирет. Ошентип, ийрим жамаатчылыгы окуучулардагы коомдук талаптарды калыптандырып,

талант шыктарды ачып жөндөмдүүлүктөрдү түптөй турган социалдык чөйрө болуп эсептелет.А.С.Макаренко балдарды жамаатта, жамат аркылуу жана жамаат үчүн тарбиялоо системасын иштеп чыгып, жамаатчылык деген түшүнүккө илимий аныктама берген.Тарбия практикасында баарына маалым жана педагогикалык теорияда түзүгүрөөк изилденген жамаатчылыктын баштапкы уюму болуп тайпа жамааты эсептелет. Андан тышкары жалпы ийрим жамааты да көп айтылат.

Ийрим жамааты — ийрим окуучулары эле эмес. Ага педагогикалык персоналдар да кирет. Окуучулар менен мугалимдер жамаатчылыктары - ар бири өз мыйзам ченемдүүлүктөрү менен уюмдашып, өркүндөп өсүп жашай турган, бир-бирине толук сиңип, бирдей болуп кетпей турган, ошол эле учурда, бири-биринен ажырап турган, көзгө көрүнөө чеги да жок уюмдар.

2. Окуучулар жамаатын уюштуруу принциптери

Ийримдин ынтымак, иштиктүү, мугалим менен окуучулардын бирдиктүү жамаатчылыгын уюштуруп, окуу, тарбия иштеринде чоң-чоң ийгиликтерге жетишкен В.А.Сухомлинскийдин иш тажрыйбасына көңүлүн буралы.

Улуу педагог өзүнүн иш практикасында төмөнкү илимий принциптерди кыйшаюусуз жетекчиликке алган:

Жогорку идеялуулук. Ийрим өзүнүн көп кырдуу ишмердүүлүгүндө элдин түпкү максатын, мүдөөсүн чыгалдырууга тийиш. Идеялуулук - бул ой мүдөөнүн, ишенимдин, аң-сезимдин, ишмердүүлүктүн гармониялык биримдиги. Ушундай биримдик бар жерде гана жамаатчылыктын жана ар бир инсандын туруктуу ишеними пайда болот. Алардын ойлогон ою, ишеними жана жасаган иштеринин ортосунда ажырым болбойт. Бул принцип бузулган жерде бирди сүйлөп, башка бир ишти жасай турган эки жүздүүлүк өкүм сүрөт. Башка элдер сыяктуу биздин эл деле эки жүздүүлүктү өтө катуу айыптайт. Анткени эки жүздүү адамда инсандык касиет өлөт.

Ийрим жамаатынын идеялык жана уюштуруучулук негиздеринин биримдиги. Ийрим жамаатынын ишинин мазмунун жана формаларын идеялык жактан туруктуу, руханий бай, турмуштук тажрыйбадан үлгүлүү идея чыгарууга жөндөмдүү, кексе адамдар аныктап, аларга багыт берип, жаш муундардын жашоосун туура уюштуруусу зарыл. Туура жашоого үйрөтүү - бул өтө назик илим. Бул илимдин алиппеси: ар бир окуучу эртең эле эмне кылаарын билбестен, ал бир жылдан кийин, беш жылдан кийин эмне кылаарын да алдын ала билүүсү, жамааттагылардын бири-бири менен карым-катнаштары эмнеге негизделгендигин, ар бир адам жан дүйнөсүн байытуу үчүн жамаатчылыктан эмнени алаарын жана ага эмнени берээрин да так билүүсү ылазим.

Акыл-эстүү педагогдун жетекчилик ролу. Адептүүлүгү өтө бийик, акылы терең, турмуштук тажрыйбасы бай, идеялык ишеними күчтүү жетекчи - директор шыктандырган ийрим жамаатчылыгы гана тарбия берүүчү күчкө айланат. Ийрим директору 1-2 жыл иштеген жерде жамаатчылык, анын тарбиялык ролу жөнүндө эч кандай сөз болуусу мүмкүн эмес. Ошондой эле окуу, тарбия ишиндеги педагогикалык









маданияты төмөн жерде да тарбия, жамаатчылык жөнүндө кеп козгоонун кажети жок. Жамаатка жетекчилик кылып, анын ишине туура багыт бере турган ийрим башчылары жана тарбиячылар ар бир окуучунун психологиялык, руханий, интеллектуалдык өзгөчөлүктөрүн жакшы билүүгө тийиш.

Окуучулар менен мугалимдердин, окуучулар менен окуучулардын жана мугалимдер менен мугалимдердин карым-катнаш мамилелеринин байлыгы. Бала ийримде окуп эле жүрбөстөн, жашап да жатканын эстен чыгаруу жарабайт. Эгерде мугалим, тарбиячылар бул чындыкка көз жумуп коюшса, анда окуу балдарды тажатып жүдөтүүчү оор түйшүккө айланат. Окуу балдардын көп кырдуу руханий жашоосунун бир кыры сыяктуу болгон жерде гана кызыктуу жана көңүлдүү болот. Идеялык, граждандык, интеллектуалдык, эмгектик жана эстетикалык мамилелер өкүм сүргөн жамаатчылыкта гана адамдардын бай, толук баалуу руханий жашоосу бар. Андай жамаатчылыкта адамдын адамга жасаган мамилеси инсандын көп кырдуу кызыгууларына негизделет. Ийрим өзүнүн мазмундуу, кызыктуу турмушу менен окуучуну өзүнө магниттей тартууга тийиш. Ошондо гана окуу иши баланы өзүнө магниттей тартат.

Окуучулар менен тарбиячылардын руханий жашоосунун ачык-айкын граждандык чөйрөсү. Мугалим менен окуучу - бири окутуп, билим берип, тапшырма текшерип, баа койгон болуп, экинчиси партада отуруп анын суроосуна жооп берип, айтканын аткарып, билим алган киши болуп, тайпада сабак учурунда гана жолугушуусу таптакыр жетишсиз. Андай учурда жамаатчылык тарбиялоочу күчкө айланбайт. Мугалим менен окуучу эки гражданин катары бирге аракеттенсе гана бири тарбиялап, экинчиси тарбияланат. Ийрим турмушунда адам адам үчүн жоопкер экенин, адам коом алдында жоопкер экендигин сезген система күчүндө болууга тийиш. Адам, жамаатчылык, коом деген мамилелердин системасы өкүм сүрсө гана жамаат активдүү коомдук ишмерди, граждандык, коомдук маселелерге кайдыгер эмес, өлкөнүн кызыкчылыгы, мүдөөсү менен жашаган гражданды тарбиялай алат.

Жамааттын ар бир мүчөсү тарбия процессине активдүү катышканда гана өздүк ишмердүүлүк, демилгелүүлүк өсөт. Балдар билимди сабакта жана окуу китептеринен гана өздөштүрсө, алардын жан дүйнөсү толо болбойт. Бала активдүү коомдук ишмердүүлүктө гана идеялык жактан байыйт. Идеялык деңгээл билим деңгээлинен эч качан артта калбоого тийиш. Ансыз окуучулардын интеллектуалдык байлыгы күчөбөйт, ансыз алар өз алдынча ой жүгүртүүгө жөндөмсүз болушат.

Ийрим жамаатчылыгынын тарбия берүүчү күчү окуучуларда кандай руханий талаптар, кандай кызыгуулар калыптанат, бул талап, кызыгуулар окуучулардын каалоолору менен гармониялашуу деңгээлине жараша болот. Мындай гармония жок ийримде, орто жана жогорку окуу жайларында жаштардын жан дүйнөсү өтө жарды болот.





Жакшы салт-санаа түзүп, аларды камкордук менен коргоп, муундан муунга руханий дарамет катары өткөрүү. Салт - бул ар бир муун өзүнүн кичине үлүшүн кошуп олтуруп, бай кенчке айланган руханий мурас. Бул кенчти опсуз коромжулукка учуратпастан, жаңы баалуулуктар менен байытып, жаш муундарды руханий жактан жетилдирүүдө чеберчилик менен пайдалануу үчүн жүрөгү жалындаган, акылы токтоо жетекчи керек.Ийрим жамааты коом үчүн материалдык жана руханий байлыкты өндүрүп жаткан жамааттар менен бекем байланышта болуп, окуучулар коомдук байлыкты өндүрүп жаткаңдардан үлгү алып, адамдын жашоо максаты эмнеде экендигине акыл жүгүртүп түшүнсө гана тарбиянын натыйжасы жакшы болот. Андай учурда окуучулар «мүмкүн», «уруксат эмес», «керек» деген сөздөргө туура маани берип, аң-сезимдүү тартипти сактоо үйүтүн үйрөнөт.

Ийрим жамаатчылыгында түрдүү турмуштук, адептик деңгээлдеги тажрыйбалары бар, түрдүүчө талап, кызыгуу, удургуу жана ар кыл жөндөмдүүлүктөрү бар түрдүү курактагы адамдар бар. Ийримге биринчи жолу келген жана эки жыл окуууган окуучулардын, ошондой эле буурул чач болуп калган педагогду бирдей деңгээлде кызыктыра турган ишти уюштуруу кыйын, андай жумуш болушу мүмкүн эмес дешет көптөгөн ийрим жетекчилери. Ошол эле учурда теңтуштары жөнүндө, өзүнөн кичүү же улгайган камкордукка, жардамга муктаж адамдар жөнүндө тынчсыздануу маанайында иш жүргүзүүнү камсыз кылган ийрим жетекчилери да бар. Коллективизм деп аталган кубаттуу дарыянын биринчи булагы жамааттагы ар бир инсан өзүнөн башка жамаатташтарынын кубаныч, бактысы үчүн өз руханий күчүн сарптоосунан башталат. Тарбиячынын чеберчилигин окуучулардагы бирөө үчүн кылган пайдалуу ишине ырахаттануу жөндөмүн ойгото билүү усулунун өркүндөгөндүгү көрсөтөт.

Башка бирөө жөнүндө кам көрүү - балдардын идеялуулугунун алиппеси - балдарды уюмдаштыруучу чоң руханий күч. Балдардагы инсандын мындай мыкты касиетин калыптандыруу үчүн адамды аңдап сезүүнү, анын жан дүйнөсүндөгүнү акылы менен гана эмес, жүрөгү менен да туюуну үйрөтүү зарыл. Балдардагы мындай жөндөмдүүлүктү өстүрбөй туруп жамааттын руханий жашоосу жана андагы карым катнаш мамиленин байлыгы жөнүндө сөз кылуу кажетсиз. Камкордукка муктаж бечеранын кубанычы же кайгы-муңунун башка бирөөлөрдүн жүрөгүнөн орун алышына жетишүү - бул жамаатчылыктын чоң тарбия берүүчү күчкө айланганынын далили болуп эсептелет. Демек, адамдын адам жөнүндө кам көрүүсү, адамдын жамаатчылык, коом алдындагы жоопкерчилиги - жамааттагы ар бир инсан үчүн (1-тайпанын окуучусубу же бүтүрүүчү тайпатабы, же буурул чач ардыгерби) бирдей мааниге ээ. Жамааттын алдында ушундай милдет дайыма турса, жамаатчылыктын инсанды тарбиялоочу мүмкүнчүлүгү оожала берет. 

Өспүрүм жана бойго жетээр алдында бала мүмкүн болушунча башка бирөөлөргө көбүрөөк күчүн жумшаганы жөн. Жакшы пейил, көркөм ой, изги







тилек менен эле баладагы айкөлдүк калыптанбайт. Адамдагы жакшы касиет өз аракетин, катуу түйшүк, кара күч эмгеги менен айкалыштырганда гана калыптанат.

Ошентип балдардагы чыныгы коллективизмди калыптандыруу деген аларга ааламдагы эң негизги нерсени - адамды көрө билүүнү, анын кубаныч, бактысы үчүн өзүнүн руханий жана кара күчүн аябай сарптоону үйрөтүү болуп эсептелет. Адамдын арасында жашоо жана адамдар үчүн жашоо - бул өзүн граждандын көзү менен көрүү, өзүн коомдун кызыкчылыгынын көз карашынан баалоо дегенди түшүндүрөт. Өнүккөн граждандык намыскөйлүк - коллективизмдин каны менен жаны. Өзүн, башка бирөөлөрдө жаратчудай бардык жакшы жактарын аларга сарптап, жамааттын чыгармачылык ишинде жашынан калыптанган балада гана жогоркудай сапат түптөлөт. Андай балдар башка бирөөлөрдү тарбиялоо жараянында өзүн да тарбиялайт. Жамааттын ушундай өзү жанып турган мүчөсү гана башкаларды тутандыра алат. Башкаларды тутандыра албагандар өздөрү да өчөт. Жамаатчылыктагы тарбиянын логикасы мына ушундай.

Тайпа - ийрим коллективинин негизи. Ийрим коллективи ондогон баштапкы жамааттардан (тайпа жамаатынан) турат. Алардын арасында түрдүү карым катнаш мамилелер ийрим жамаатынын руханий жашоосун байытат. Жамааттын руханий турмушу байып, акыл жактан кызыгуулар достук, жолдоштук кызыгууларга аралашып кетип, жамааттын ынтымагы күчөйт. Ой жүгүртүүсүз, акылдын кызыгуусуз, таанып билүүгө болгон умтулуусуз жамааттагы мамиле бай болбойт. Жогорку тайпанын окуучулары жаш балдарга өз билимин берүү процессинде акылын байытышат. Ушундай кырдаалда гана балдардын билимге болгон чыныгы чаңкоосу, таанып билүүгө болгон күчтүү талабы пайда болот.

Ийрим жамаатында окуучулардагы коомдук активдүүлүктү өркүндөтүү үчүн ар бир жогорку тайпа окуучусу өзүндөгү идеялык, граждандык баалуулуктарын майда тайпанын окуучуларына берүүгө тийиш. Түрдүү эмгек жамаатындагылар менен ийрим жамаатынын байланышы балдарды өндүрүштүк ык, машыгууларга ээ кылат. Өндүрүштө иштегендер жана жогорку тайпа окуучулары жаш балдардын түрдүү чыгармачылык ийримдерине жетекчилик кылышат. Ошентип руханий көп кырдуу, бай жашаган жамаатчылыкта улуулар кичүүлөрүнө билимин, турмуштук тажрыйбасын, коомдук активдүүлүгүн, идеялык ишенимдерин, граждандык түрдүү баалуулуктарын берүүнүн формалары өтө эле көп.

Окуучулар жамаатын уюштуруп тарбиялоо процесинде анын ар бир мүчөсү да тарбияланат, аларга жамаатчылык да өз таасирин тийгизет. Жамаатчылыкка таянып тарбия ишинде жеткен ийгиликти ар кандай эле таланттуу педагог өз алдынча камсыз кыла албайт. Окуучулардын жамаатчылыгындагы ынтымакчылыкты чыңдоо үчүн аларга мугалимдер жамаатчылыгы, ата-энелер жана коомчулук койгон талап бирдей болуусуна жетишүү өтө маанилүү. Жамаатчылыктын ишине окуучуларды активдүү катыштыруу максатында алардын ар бирине коомдук тапшырма берүү керек. Окуучулардын бош убактысын туура уюштуруп, жамаатчылыктын салт-санаасына этият мамиле жасоо керек.

Жамаатчылыкты туура уюштуруп, окуучуларды тарбиялоочу чоң күчкө аны айландыруучу негизги факторлордун бири болуп активдерди туура тандоо жана туура жайгаштыруу эсептелет. Активдердин составы канчалык көп болсо, жамаатты уюштуруу ошончолук жемиштүү болот. Балдардын арасында түрдүү уюштуруучулук иштерди жан дили менен чебер аткара ала турган ишмерлер болот. Жамаатчылыктын активин ошолор түзөт. Алар жамаатчылыктын ишинин айрым жактары үчүн жоопкер болгондуктан, жамаат аларга талапты өтө жогору коет.



3. Коллективдин келечегин уюштуруу

Окуучулардын жамаатчылыгын уюштуруунун жана чыңдоонун күчтүү каражаты болуп анын алдына кызыктуу перспективаларды коюу эсептелет. Перспектива - ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн чечкиндүү күрөшүп, жамааттын баары жетүүгө умтулган кызыктуу окуя, жакшы ниет, тилек, максат. Жамаат жетүүгө умтулган перспектива окуучулардын ишмердүүлүктөрүнүн жемиштүүлүгүн артырып, темпин күч алдырат. Эртеңки жакшылыкка умтулган үмүт жамаатты алдыга жетелейт.

А.С.Макаренко тынымсыз алдыга умтулуу - жамаатчылыктын жашоо мыйзамы. Жамааттын ишинде токтоо болбос керек. Жамаатчылыктын ишиндеги ар кандай эле аялдама - бул жамаатчылыктын өлүмү болуп эсептелет. Ошондуктан анын алдына кызыктуу перспектива, түрдүү милдеттер тынымсыз коюлуп турууга тийиш.

Адамды тарбиялоо деген анын эртенки кубанычы жайгаша турган перспективалуу жолдорун тарбиялоо болуп эсептелет. Адамдын жашоосуна түрткү берүүчү чыныгы күч - анын эртеңки кубанычы. Чындыгында эле жамааттын алдына коюлган ар кандай эле перспектива окуучулардын демилгесин күчөтүп, ынтымагын чындайт. А.С.Макаренко перспективалуу линиялардын теориясын иштеп чыгуу менен перспективанын үч түрүн аныктайт. Алар: жакынкы, ортоңку жана алыскы перспективалар. Жакынкы перспективага, алсак, тайпа жамааты алдыдагы окуу жылын ийгиликтүү аяктоого ниеттенсе, ортонку перспектива - ийримди ийгиликтүү бүтүп, жогорку же атайын орто окуу жайына ийримде тандаган адистиги боюнча өтүүгө үмүттөнүү. Ал эми алыскы перспектива - жакшы адис, жакшы жубай, жакшы ата-эне болуп, элге кызмат өтөп, бала тарбиялоо, элдин, ата-эненин, мугалимдердин үмүтүн актоо. Алыскы перспективасы жок киши - бул начар адам деген корутундуга келет Алдыга койгон максаты, жакшы тилеги, тагыраак айтканда, кудайдан үмүтү жок жаштар жан дүйнөсүндөгү боштукту түрдүү убактылуу удургуулар менен толтурууга аргасыз болушат. Ар кандай эле бузулган бирөө жүр деген жакка эч нерсени ойлобой кете берет, барган жеринде ичкилик ичип, акылынан ажыраган соң өзүнчө «баатыр» болот. Аягы эмне болоорун ойлобой туруп ар кандай ишти жасай берет. Кыздар абийиринен, балдар кадыр-баркынан ажырап жатканын сезишпейт. Түрдүү уятсыздыктарга, адепсиздиктерге, кылмыштуулуктарга жаштарыбыз ушинтип дуушар болуп жатышат. «Пейилиңди оңдо», «Ниетиңди оңдо» - деген ата-бабаларыбыздын осуятын таназар албай жүрүп, ушуну көрүп жатабыз.



4. Коллективдин калыптануу баскычтары

А.С.Макаренко окуучулар жамаатчылыгынын өсүү процессин шарттуу төрт баскычка бөлгөн.

Биринчи баскычта коомдук талапты окуучуларга мугалим коет. Ал эми окуучулар ар кимиси өзү үчүн гана жооп берет. Алар өз жолдошторуна талап коюуну али билишпейт. Тарбиячы жалгыз аракеттенет. Мындай кырдаалда педагогикалык жамаат окуучуларга талапты бирдей, катуу койбосо, окуучулар коомдо чогу жашоонун нормаларын мугалимдин жеке каалосу катары кабыл алуусу ыктымал. Ошондуктан жамаатты уюштуруунун бул баскычында талап катуу, ырааттуу, эч кандай келишимсиз коюлуусу ылазым. Бирок, бул, балдарга карата орой, алардын үшүн алып мамиле кылуу керек дегендикке жатпайт. Тескерисинче балдарга ачык маанай менен жагымдуу мамиле жасалса, жүрүш-туруштун катуу талап коюлган нормалары жамаатчылыктын жыргалчылыгы үчүн зарыл деп кабылдашат балдар. Жамаатта жалпы тартиптүүлүктүн нормалары ишке ашып, жаңы чыккан актив жамаатка мугалимдердин талабын кое баштаган учурда биринчи баскыч негизинен аяктайт. Бул жамаатчылыктын жетилүүсүндөгү экинчи баскычты токтоосуз улантууга өбөлгө түзөт. 

Экинчи баскычта жамаатка коомдук талапты мугалим гана койбостон, актив окуучулар да кое башташат. Бул баскычта актив өтө чабал, туруктуу абалга жете элек. Бирок, кантсе да тарбиялык милдеттерди ишке ашырууда мугалим жалгыз эмес. Жамаатчылыктын органдары да пайда боло баштайт. Тарбиячылардын милдети окуучулар арасынан бул органдарды башкарууга жөндөмдүү балдарды тез аранын ичинде таап, окуучуларга жардам көрсөтүү. Активдер жамааттын муктаждыктарын билип, милдеттерин түшүнүп, күндөлүк жетекчиликтин ык, машыгууларына ээ болуусуна мугалимдер көмөк көрсөтүл турууга милдеттүү. Негизгиси активдердин принциптүү болуп, жамааттын ишине астейдил берилүүсүн камсыз кылууга жетишүү. Анткени окуучулар активдердин ушундай сапаттарын гана урматтап, алардын ар кандай талаптарын аткарышат. 

Үчүнчү баскычта жамаатчылык гүлдөй баштайт. Коомдук талапты жамаатка көпчүлүк коет. Мугалим менен активдерди окуучулардын көбү колдоп, коомдук пикирди ошолор түзөт. Көпчүлүк учурда окуучулар досторунун жүрүш-туруштарын мугалимдин жардамысыз эле туура баалай алышат. Жамаатчылыктын ийгиликтери, коомдук пикирдин жеңгендери салт-санаага айланып, жамааттагылардын жашоо нормаларын аныктай баштайт.

Төртүнчү баскыч үчүнчү баскычтын уландысы, анда окуучуга - коомдук талапты жамааттын ар бир мүчөсү кое баштайт. Ар ким өзүн-өзү көзөмөлгө алып, өз уяты менен коомдук талапты аткара берет. Эч ким талап кылбаса деле өз каталыгын өзү оңдоого умтулат. Жамааттын өсүүсүндө көзгө ачык уруна турган чек байкалбай калуусу да мүмкүн, анткени бул өтө татаал, бир эле багытта кете бербей турган жараян.

Окуучулар жамаатын уюштурууда курак жаш өзгөчөлүктөр эске алынат. Төмөнкү тайпатарда жамааттын уюшуусу өзгөчөрөөк өтөт. Айрыкча биринчи тайпанын балдары тайпа менен жалпылыгын сезбейт, жүрүш-турушунун бири-бирине көз карандылыгын анчалык байкабай, бирок ийрим жана тайпаындагы көп нерселер аларды дайыма кызыктырат. Алардын активине да көз көрүнөө жардам керек.

Окуучудардын жамаатчылыгынын ынтымагын чыңдап, иштиктүүлүгүн өркүндөтүүдө мурда окуучулардын өзүн-өзү башкаруу органдары чоң ролө ойночу эле. Ар бир окуучунун адам жана анын тагдыры жөнүндө кооптонгон сезими анын жүрөгүн же жайнап ачылган гүлдөй назик, же куураган дүмүрдөй жансыз кылып коюусу - окуучулар жамаатынын руханий интеллектуалдык жашоосунун идеялык деңгээлине жараша болоорун мугалимдер коллективи, ата-энелер жана коомчулук эсинен чыгарбоосу зарыл.











































Майлуу - Суу шаардык балдардын экология, край таануу, туризм жана техникалык чыгармачылык борборундагы окуучулардын жүрүш-туруш эрежелери

Аталган эрежелердин максаты болуп билим алуу үчүн жагымдуу кырдаалдарды, борбордун ичинде жана тегерегинде коопсуз шарттарды түзүп берүү, инсанга карата сыйлоо сезимин, маданияттуу жүрүм-турум, коомчулукта сүйлөшө билүү көндүмдөрүн өстүрүү.

Окуучу милдетүү:

  • борборго сабак башталардан 15-20 минут эрте келгенге;

  • өзүнүн окуу жерин жана окууга керектүү керек-жарактарын алдыда боло турган сабакка даярдоо;

  • борбордо жана борбордон тышкары жерлерде өзүн татыктуу, маданияттуу алып жүрүү;

  • борбордун ички тартибин жана жүрүш-турушун сактоо (окуу процессин бузбоо, сабактарга ар дайым даяр болуу, сабактарга кечикпөө);

  • ийгиликтүү адаптацияга бүт күчүн жумшоо;

  • педагогдор, борбордун техникалык персоналдары жана окуучулары менен өз ара сыйлоо жана этият мамиле түзүү (улууларга сый мамиле менен "Сиз" деп аты- жөнү менен кайрылуу);

  • борбордун территориясында тазалыкты жана тартипти сактоо;

  • борбордо,ийрим канасында коопсуздук атмосфераны түзүү жана колдоо;

Окуучуларга тыюу салынат:

  • администрациянын уруксаатысыз сабак учурунда борбордон кетүүгө;

  • терезенин алдына, шкафтарга, имараттык жабдууларга чыгууга;

  • тосмолордо жылгаяк тебүүгө жана тосмолорго, терезе алдына отурууга;

  • электр жана техникалык шкафтарды ачууга;

  • окуучуларды акча жана башка бир баалуу буюмдарды алуу максатында психологиялык жактан коркутуу;

  • сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонуу;

  • сабактарды себеби жок калтыруу.













Окуучулардын ийрим сабагындагы жүрүш-турушу:

  • коңгуроо кагылаары менен окуучулар өз ордуна келип, сабакка тиешелүү нерселерди даярдоосу керек;

  • ар бир окуучу ийрим канасындагы иш ордунун тазалыгы жана сакталышы үчүн жооп берет;

  • мугалим ийрим канасына киргенде окуучулар саламдашуу үчүн ордунан турушу керек;

  • партанын үстүндө ашыкча эч нерсе болбошу керек; китептер жана дептерлер мугалимдин уруксааты менен ачык турушу керек;

  • сабак учурунда окуучулар түз отуруп, ашыкча сүйлөбөй, башка иштер менен алек болбошу керек;

  • окуучу сабакта мугалимдин бардык талаптарын аткарышка милдеттүү;

  • эгерде, окуучу сабак учурунда эшикке чыккысы келсе, педагогдон жооп сурашы керек;

  • окуучу жооп берүүгө күндөлүгү менен чыгуусу жана жооп берип жатканда түз туруп, ачык жана катуу сүйлөшү керек.

  • эгерде окуучу мугалимден бир нерсе сурагысы келсе, кол көтөрүп, мугалим урксаат бергенден кийин туруп, суроо бериши керек;

  • окуучулар башкаларга өз кошумчасын, алардын катасын оңдоого мугалимдин уруксааты жок эле айтууга ээ;

  • коңгуроо кагылгандан кийин мугалимдин уруксааты менен окуучулар тынч гана класстардан танаписке чыга алышат;



























Компьютердик класстагы коопсуздук эрежеси



Компьютердик класста адамдын өмүрүнө коркунучтуу 220В чыңалуу бар!

  1. Мугалимдин уруксатысыз компьютерди иштетпе.

  2. Кабинеттеги 220В чыңалууну бөлүштүрүүчү автоматка тийбе.

  3. Кир же суу колуң менен компьютерде иштебе.

  4. Монитордун экранын колуң менен кармаба.

  5. Окуу куралдарын , сумкаңды компьютердик столго койбо.

  6. Компьютердин проводдорун кармаба.

  7. Мугалимдин уруксатысыз маалыматты сактоочу түзүлүштөрдү(CD, флешка ж.б.) колдонбо.

  8. Компьютер иштебей калса дароо мугалимге билдир.

  9. Өз алдыңча компьютерди оңдобо.

  10. Иш учурунда компьютердин күйгүзүлгөн учурунда клавиатураны, чычканды, мониторду алмаштырба.

  11. Күйүк жыттанса же түтүн чыкса дароо мугалимге билдир.












Майлуу - Суу шаардык балдардын экология, край таануу,

туризм жана техникалык чыгармачылык борбору

Детский центр экологии, краеведения, туризма и технического творчества

города Майлуу - Суу



_____









«Информатикалык технология»

ийрими боюнча жумушчу программа Рабочая программа по

«Информационный технология»







Ийрим жетекчи

Атаканова Джамиля Шералыевна











Майлуу -Суу шаары

2020- жыл









Түшүндүрмө кат

Бул программа Кыргыз Республикасынын Конститутциясы жана Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдын №19,20,30,31,33 беренесине, билим берүү системасы үчүн кабыл алынган мыйзамдык жана нормативдик актыларга, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, Илим жана маданият министирлигинин 3.07.1997ж.№278/1 буйругу менен бекитилген «Типтүү жобосуна», Майлуу-Суу шаардык балдардын экология, край таануу, туризм жана техникалык чыгармачылык борборунун уставын жетекчиликке алып, иш алып барат. «Информатикалык технология» ийримин окутуунун методикасы педагогика илиминин тармагында калыптанат жана баланын ар тараптан өнүгүүсүнө шарт түзө алат. Себеби, илимдин жана техниканын өнүккөн доорунда компьютерди өздөштүрүү мезгил талабы катары болгон себептүү балдар программалардын элементардык баштапкы бөлүктөрүн түзүүнү жана аны башкарууну жана компьютерде так, туура жана тез иштөөнү үйрөнүшөт.

Ал эми практиканын негизине балдар алган билимдерин өз алдынча иштеп, программаларды, рекламалык слайддарды жана китепчелерди иштеп чыгууга жетише алат.
























Окуу программасын өркүндөтүүдөгү ыкмалар:

1. Теориялык жана практикалык сабактар ар бир баланын жөндөмдүүлүгүнө, шыгына жараша жекече иш жургүзүлөт.

2. «Информатикалык технология» ийриминин программасындагы тандалып алынган темалар жөнөкөйлөтүлүп, теория жана практика аркылуу, жекече иштөө ыкмалары менен жекече түрдө тематикага жараша ар бир баланын кызыгуусуна ыңгайлаштырылып өтүлөт.











































Багыттуулуктун таянычтары:

Илимий-педогогикалык болуп саналат.

«Информатикалык технология»ийриминде окуу мөөнөтү II жыл.

Ийримге 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар кабыл алынат.

I окуу жылында жумасына эки жолу 2 сааттан, жыл бою 144 саатты түзөт.

II окуу жылында жумасына эки жолу 3 сааттан, жыл бою 216 саатты түзөт.





Программанын максаттары жана милдеттери:

Окуунун милдети, максаты жана мотиви, аткаруучулук жана өзүн-өзү көзөмөлдөө, өзүн-өзү баалоо.

1.Окуучулардын компьютердик билимин терендетүү менен заман талабына жараша керектүү жана пайдалуу информацияларды издей билүүгө жана программаларды иштеп чыгуу, башкаруу жөндөмдүүлүгун арттыруу.

2. Окуучулар мектептен тышкаркы билим берүү уюмунда, билгичтиктерди информатиканын жана информатикалык-комуникациялык технологиялык методдорунун, каражаттарынын жана ыкмаларынын негизинде ɵнүктүрүү тактап айтканда, информациянын ар кандай түрлɵрү менен иштɵɵ, ɵз алдынча иш-аракеттерди пландоо, жекече жана топтоо маалыматттык ишмердүүлүгүн жүргүзүү, натыйжаларга жетишүү жана аларды балоо жɵндɵмдүлүктɵрүн ɵздɵштүрүү
3.Учурдагы информациялык билим берүү –заманбап мектептен тышкаркы билим берүү уюмунун окуучуларынын информациялык маданиятын калыптандыруу









Ийримдин эң негизги милдеттери:

«Информатикалык технология» ийрими аркылуу окуучулардын техникалык чеберчилигин , ой-жугуртуусун, тез жана так иштөө жөндөмдүүлүгун өнүктүрүү

А).Билим беруучулук: Өтулүүчү темалар жөнүндө окуучулар кеңири маалымат алышып практикада колдоно алышат

Б)Тарбия беруучулук: Окуучулар патриоттулукка мекенди сүйүүгө жана анын келечеги учун салым кошууга , билимге кызыгып акылдуу , эстүү ,болууга жана бири-биринин ой-пикирин сыйлоого тарбия алышат.

В). Ɵнүктүрүүчүлүк : Чыгармачылык менен иштөө, Өз алдынча иштөө, эске тутуу, кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүшөт.




Болжолдуу жыйынтык:

Окуу программасы бүткөндөн кийин

- Ийрим окуучуларынын белгиленген техникалык жана чыгармачылык өнөргө ээ болушу

- Теориялык алган билимин практикада толук колдоно билүүсү

-Компьютерде иштөө жөндөмүн өнүктүрүп сапаттуу иштөөгө, уюштурулган иш-чараларга активдүү катышууга

- Убакытты туура пайдалана билүугө жана баштаган ишти сапаттуу, туура бүтурүүнү үйрөнүү

-Өз ой-пикирин жеткире айта билүүнү жана уккан ,көргөнүн көркөмдөп жазуу чеберчилигин көрсөтүү











2020-2021-окуу жылы үчүн түзүлгөн

Информатикалык технология” ийриминин

ОКУУ-ТЕМАТИКАЛЫК ПЛАНЫ

I окуу жылы

Бөлүмдөрдүн жана темалардын аталышы

Сааттардын саны

Теория

практика

1

Киришүү. Техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштыруу.

6

3

3

2

Маалымат:түшүнүк,

сүрөт,маалымдоо

2

1

1

3

Маалымат процесстери:булактар,

кабыл алгычтар,

байланыш каналдар.

Маалыматтык процесстердин түрлөрү

4

2

2

4

Маалыматты издөө жана анализдөө.Маалыматты уюштуруу.Таблица.

Каталог.Справочниктер.

6



5

Информация берүү булактары: телефон, телеграф, пейджер, телевизор, радио, электронная почта.

6

3

3

6

Өздүк компьютер.

Компьютердин негизги компоненттери.

8

4

4

7

Практикалык иш “клавиатура менен таанышуу”

6

3

3

8

Персоналдык компьютер туралуу ребурстарды түзүү жана табуу

6

3

3

9

Программа жана файлдар в оюн режиминдеги клавиатуралык тренажёр

2

1

1

10

Көрсөтмөлүү маалыматты берүүнүн формалары

8

4

4

11

Текстик маалымат жөнүндө түшүнүү Текстик маалыматты иштеп чыгуу 

2

1

1

12

Word пунктусунун айнеги туралуу билүү.Тексти редакциялоо 

8

4

4

13

Windows Media программасы менен таанышуу

2

1

1

14

 Объектерди импортто жана редакциялоо.

6

3

3

15

Paint графикалык программа. Paint программасынын негизги элементтери

6

3

3

16

Ctrl и Del клавишалары аркылуу сүрөттөрдү көчүрүү жана өчүрүү


2

1

1

17

Сканер,принтер жана фотоаппарат менен иштөө

6

3

3

18

Компьютердик вирустар.

Маалыматтарды компьютердик вирустардан сактоо

6

3

3

19

Комьютердик техникалардын өнүгүү тарыхы жана заманбап маалыматтык технологиядын мумкунчүлүктөрү

6

3

3

20

Үндөрдү настройкалоо.

Үндөрдү жазу жана аларды форматтоо

6

3

3

21

Тексти форматтоо:размери,түсү,шрифти,чийүү

6

3

3

22

Практикалык иш "Алгоритм куру менен иштетилет

4

2

2

23

Сүрөттөрдү коюу боюнча иштөө

6

3

3

24

Word Art объектиси. Word Art программасын форматтоо жана коюу

2

1

1

25

Практикалык иш “Word до жарыялоолорду түзүү”

6

3

3

26

Интернеттен “Улуу Ата-Мекен согушу “туралуу маалымат издөө

4

2

2

27

Практикалык сабак

"23-февральга карата открытка жасоо”

4

2

2

28

Word дун негизинде таблицаларды түзүү

2

1

1


Практикалык сабак “Сабактардын ыраттамасын түзүү”

144

72

72






























Программанын ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгаруу формалары

  • маектешүү;

  • программа боюнча суроолор;

  • билим таймаштарына жана иш чараларга активдүү катышуу;

  • сынактарда жана мелдештерде чыгуу;

  • викторина;

  • ачык сабак;

  • диагностикалык процедураларды ишке ашыруу;

  • Сүрөт тартуу.




Программанын окуу-усулдук каражаттар менен камсыздалышы




  • Оюндардын, маектердин, экскурсиялардын, сынактардын, ж.б. усулдук иштелмелери;

  • Мамлекеттик денгээлдеги өткөрүлгө иш-чаралардын видио дисктери

  • Интернет булактары

  • Компьютер жана проектор менен керектүү маалымат дисктери



















БИЛИМ САПАТЫ БОЮНЧА МОНИТОРИНГ
















































































































Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөрү менен иштөө





































Ата-энелерге кенеш.



Урматтуу ата-эне!

Канткенде баланын окууга болгон кызыгуусун күчөтүп жана жакшы ийгиликке жетишүүсүнө көмөк көрсөтө алабыз?

Төмөндө сиздер үчүн кеп кенештер:

  • Эртен менен баланызды жакшы тамактандырып, мектепке же ийримге ачык маанайда, жагымдуу сөздөрдү айтып жөнөтүнүз.

  • Окуучунун кийиминин таза,тыкан, ынгайлуу болуусуна көнүл бурунуз.

  • Сабак даярдоодо бала ийримден келгенден 1-1,5 сааттан кийин отургузуу керек, анткени, окуучу бир аз эс алуусу абзел.

  • Баланын тапшырма аткаруусуна убакыт болуп, атайын сабак даярдоочу ынгайлуу жай даярдап бериниз.

  • Бала сабак аткарып жаткан учурда ага тоскоол болбонуз. Анын оюн болуп, шаштыра бербениз. Баланы зордоп окутсаныз анын нерв системасы бат чарчайт.

  • Баланызды өзүн өзү көзөмөлдөөсүнө үйрөтүнүз. Бул анын ишмердүүлүгүнө эн мыкты денгээлде өнүгүп өсүүсүнө шарт түзөт.

  • Баланыздын жасаган жумушуна баа берип,кенеш айтып, мактап турууну эсинизден чыгарбаныз.





















Программанын ишке ашыруунун жыйынтыктарын коомдун таануусун тастыктаган маалымат























Кыска мөөнөттөгү дасыгууну жогорулатуу тууралуу























Ийримдеги сабактын иштелмелери































7-кл

Сабактын темасы: Компьютердин түзүлүшү.

Сабактын максаты:

1.Билим берүү максаты.

Информатика сабагынын өзөгү болгон, техникалык каражат жанан анын түзүлүштөрү тууралуу балдарга айтып берүү.

2.Тарбиялык максаты.

Компьютердин түзүлүштөрү жана алардын аткарган функциялары менен окуучуларга тааныштыруу.

3. Өнүктүрүүчүлүк максаты.

Алган билимдерин турмуш-тиричилигинде кеңири пайдалануу.

4.Тилдик максаты: Окуучулар компьютердин түзүлүштөрүнүн аталыштарын орус тилинде билүү жана турмушунда колдонуу.

ТСО: Компьютер.

Көрсөтмө курал: Слайд, сүрөттөр, таяныч барактар.

Сабактар аралык байланыш: математика, тарых, черчение, сүрөт, англис тили, орус тили, кыргыз-тили.

Сабактын методу: Түшүндүрүү методу.

Сабактын тиби: Жаңы материалдарды окуп-үйрөнүү, билгендерин жана билгичтиктерин андан ары өркүндөтүү.

Сабактын формасы: Аралаш.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

  • Компьютерди ишке даярдоо

  • Нымдуу тазалоо

  • Программалык камсыздоону даярдоо

  • Саламдашуу.

Өткөн теманы кайталоо:

Балдар, биз өткөн темаларды кайталап эсибизге салып алалы. Кана, балдар айткылачы информатика илими эмнени окутуп үйрөтөт экен?

Информация деген эмне экен?

Информациянын кандай касиеттерин билесиңер?

Жаны темага өтүү





















(Архитектура компьютера) -Компьютердин аппараттык жабдылышы

-(Процессор)- процессор

-(Блок питания)- ток булагы

-(Оперативная память)- ыкчам эс

-(Материнская плата)- энелик такта

-( жесткий диск)- Катуу диск (винчестр)

-(дискавод) –DVD-ROM. DVD дисктерин иштетүүчү түзулүш

- Видеокарта)-видеокарта







Компьютердин негизги түзүлүшу

Системный блок – системалык блок. Устройства для обработки информации.

Манитор. Устройство для вывода информации.

Клавиатура . Устройство для ввода информации.



Компьютердин кошумча түзүлүштөрү:

























Принттер

Чычкан (мышь)

Сканер

Санарипттик видеокамера, фотоаппарат

Колонкалар

Телевизор

Веб камера

Джойстик

Трекбол

Сабакты жыйынтыктоо : Компьютердин аталыштарын бышыктап эсибизге түйүп алуу үчүн алдыбыздагы турган түзүлүштөрдүн атын атап, курайбыз. Компьютердин запчасттары чачылып коюлат. Балдар кармаган запчаттарды атап курап башташ керек.

Үйгө тапшырма: Окуп келүү.

Окуучулардын билимин баалоо.

Коштошуу. Саламатта баргыла!









































Сабактын темасы: Клавиатурада иштөөнүн негиздери.

Сабактын максаты:

1.Билим берүү максаты.

Клавиатуранын түзүлүшүнүн жана тамгалардын жайгашуусун окутуп үйрөтүү.

2.Тарбиялык максаты.

Клавиатурада туура кол коюу, туура жазууну жана ар бир кошумча клавишалардын функцияларын окуп үйрөнүү.

3. Өнүктүрүүчүлүк максаты.

Балдарды кызыктыруу менен эс тутумун калыптандыруу.

4.Тилдик максаты: Окуучулар клавиатуранын түзүлүштөрүнүн аталыштарын орус тилинде билүү жана турмушунда колдонуу.

ТСО: Компьютер.

Көрсөтмө курал: Слайд, сүрөттөр, таяныч барактар.

Сабактар аралык байланыш: математика, тарых, черчение, сүрөт, англис тили, орус тили, кыргыз-тили.

Сабактын методу: Түшүндүрүү методу.

Сабактын тиби: Жаңы материалдарды окуп-үйрөнүү, билгендерин жана билгичтиктерин андан ары өркүндөтүү.

Сабактын формасы: Аралаш.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

  • Компьютерди ишке даярдоо

  • Нымдуу тазалоо

  • Программалык камсыздоону даярдоо

  • Саламдашуу.

Өткөн теманы кайталоо:

Биз комптютердин түзүлүшүн билебиз. Ким айтып коет?

Жаны темага өтүү

Бүгүн биз клавиатуранын түзүлүшүн окуп үйрөнөбүз.

Клавиатура-бул информацияны ЭЭМдин эсине киргизүүчү түзүлүш. Негизинен америкалык стандарт боюнча 101 ден 103 кө чейин клавишалуу клавиатуралар колдонулат.

Клавиатура 3 бөлүктөн турат:

  1. Алфавиттик-цифралык түзүлүштөн. (Орус жана латын алфавитинен)

  2. Функционалдык клавишалар F1,F2,F3…F12.

Для разных программ эти клавиши выполняют различные функции, но некоторые из них стали традиционно одинаковыми, например, клавиша всегда вызывает справку или помощь.

  1. Кошумча клавишалар.

  • TAB выполняет команду табулирования, т. е. переводит указатель ввода символов в следующее поле.

  • Переключение регистра (верхний/нижний) производится при удержании клавиши или включении клавиши .

  • Ctrl- выполняющие вспомогательные функции.

  • Alt- выполняющие вспомогательные функции.

  • Enter- завершает ввод команд и данных

  • Insert

  • Delete- нажатие которой приводит к удалению символа, расположенного справа от указателя.

  • Page Up

  • Page Dn

  • End

  • Home

  • Ins

  • Print Screen

  • , предназначенная для отказа от выполненной команды.

  • удаляет символ.

  • . С этой клавиатуры очень удобно вводить цифры и символы арифметических действия.

Сабакты жыйынтыктоо:

Үйгө тапшырма: Окуп келүү.

Окуучулардын билимин баалоо.

Коштошуу. Саламатта баргыла!







Онлайн тест

..\..\..\..\..\..\..\Desktop\онлайн тест.htm

(ссылка менен кирип тест тапшырла)



















































Тест

1.Windows объектери убактылуу сакталуучу оперативдуу эстин атайын областы.

а) корзина

б) алмашуу буфери

в) табулятор

г)аспаптар панели

д)папка

2. Документте таблица түзүү үчүн ...командасын аткаруу керек

а) вставка

б) кадр

в)таблица

г)вставка

д)клип

3. Шрифттин, абзацтын, беттин жана текстин башка бɵлүктɵрүнүн параметрлерин ɵзгɵртүү ....деп аталат

а) редактирлоо

б)фрагментирлоо

в)форматирлоо

г)табуляциялоо

д)параметрлоо

4. Word документине формулаларды кийруугɵ мумкунчулук берген обьектти кɵрсɵткүлɵ.

а)MS Graft

б) MS Map

в) MS Equation

г) MS Excel

д) MS Chart

5. Формат командасы азыркы тексттик процессорлордо ... мүмкүндүк берет.

а) папкада документти сактоого

б) таблицаны коюуга

в) орфографияны текшерүүгɵ

г) сүрɵттɵрдү коюуга

д) параметрлерди тандоого

6. Фрагменттерди кɵчүрүүдɵгү арекеттердин удаалаштыгын тандагыла..

а) фрагментти белгилеп :Правка/Копировать

б) фрагментти белгилеп:Правка/Копировать,Правка/Вставить

в) фрагментти белгилеп:Правка/Копировать, курсорду керектуу жерге коюп, Правка/Вставить

г) фрагментти белгилеп:Правка/Копировать,Правка/Вставить

фрагментти белгилеп: Правка / Копировать, белгилɵɵнү алуу, Правка / Вставить

7.Акыркы аткарылган операцияны кайтаруу үчүн ... керек.

a)Delete клавишасы менен ашыкча обектерди ɵчүрүү

б) Документти сактоосуз жаап, кайра ачуу

в) Правка/Отменить командасын тандоо

г) Back Space клавишасы менен ашыкча обектерди ɵчүрүү.

д)Вырезать командасын тандоо.

8. Таблицада ячейкадан ячейкага ɵтүү ... клавишаларды басуу менен журот.

а) Tab+Enter

б) Enter

в) Shift+Ctrl

г) Tab

д) ^nd

9. Windows обьектисин белгилɵɵ үчүн мыштын кɵрсɵткүчүн алып келип ....керек.

а)мыштын он кнопкасын басуу

6)Insert клавишасын басуу

в)мыштын сол кнопкасын басуу

г)Delete клавишасын басуу

д) Enter клавишасын басу

10. Башкы менюну ... басуу менен чакырууга болот

а) мыштын сол кнопкасын

б)Пуск кнопкасын

в) мыштын он кпопкасын

г) Мой компьютер значогун

д) меню сапчасын


11. .doc кенейтилишине...терилген файлдар ээ болот

а) текстик редактордо

б)ДОСто

в)текстик процессордо

г)графикалык редактордо

д)электрондук таблицада

12Текст документке... киргизилет

а)дайыма беттин башынан

б)курсор корсоткон жерден

в)мыштын жебеси корсотуп турган жерге

г)печаттуу эмес символдор менен “

д)дайыма чон тамга менен

13.ЭЭМде эстин канча туру бар?

а)сырткы гана

б)ички гана

в)оперативдик гана

г)оперативдик жана сырткы эс

д)туруктуу гана


14.Дискета эмне кызмат

аткарат?

а)маалыматтарды кагаз бетине чыгарат.

б)маалыматтарды окуйт

в)маалыматтарды чыгарат

г)маалыматтарды сактайт.

д)видеоклиптерди жазат.

15. Графиктик редактордо жургузулуучу негизги функцияларга... кирет

а)болуп кɵрсɵтүү,кɵчүрүү, коюу

б)карандаш, кист, ластик

в)фигуралар

г)түз сызык, айлана, тик бурчтук

д)фондун түрлɵрү (палитра)