Баяндама
Тема:“Инновациялык
усулдарды колдонуу менен бирге окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана ар тараптуу тарбиялоо ”
Аткарган: ___________________________
Инновациялык методду колдонуу менен бирге окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана ар
тараптуу тарбиялоо
Азыркы учурдагы билим берүүнү ѳркүндѳтүүнүн концепциясына ылайык, окуу предметтерин анын ичинен математиканы жогорку илимий деңгээлде окутуунун негизинде окуучулардын билимдери, билгичтиктери жана кѳндүмдѳрүнүн сапаттары жогорулоо менен ѳз алдынча эмгектенүүгѳ үйрѳнγшѳт, окуп таанып-билүү кызыкчылыгы жогорулайт.Ошондой эле математиканын стандарттык мазмунун камтыган окутуунун психологиясын жакшыртуу жана анын негизинде окутуу процессиндеги мүчүлүштүктѳрдү талдап, аларды жоюунун ыкмаларын, жолдорун кѳрсѳтүү зор мааниге ээ. Ошол себептен окутуунун актуалдуу проблемаларын психология-педагогикалык талаптарга ылайык негиздѳѳнүн, окутуунун жакшыртылган инновациялык
ыкмаларын иш жүзүндө кеңири колдонуунун зарылчылыгы келип чыгууда. Окутуу процессинде тγшγнγктѳрдγ окуучулардын реалдуу мγмкγнчγлγгγнѳ ылайык калыптандыруу, алардын ѳз алдынчалыгын ѳстγрγγ жана билимдерин системалуу деңгээлдеп текшерγγнγ жогорку даражада уюштуруу бγгγнкγ кγндγн талабына жооп бергендик болот.
Математика сабагын талапка ылайык берγγнγн негизги факторлорунун бири болуп, окуучуларды математикага кызыктыруу болуп саналат.
Метод-бул аныкталган максатты ишке ашыруудагы аракеттердин ыкмасы.
«Метод» латын сѳзγнѳн алынган, ал кандайдыр бир максатка багытталган жол дегенди тγшγндγрѳт.Окуучунун окуу чыгармачылыгы билим алуу же γйрѳнγγ деп аталат. Ал эми мугалимдин чыгармачыл аракети окутуу деп аталат. Окуучу менен мугалимдин чогуу аракети билим берγγ болот.
Окутуунун методу деп, окутуу процессинде аныкталган
педагогикалык максат менен окуучулардын чыгармачылыгын, ой жγгγртγγсγн ѳзгѳртγγгѳ,ѳнγктγрγγгѳ багытталган мугалим жана окуучунун иш-аракеттер системасы аталат.
Окутуунун методдорунун проблемасы «Кандайча окутуу керек» деген суроону чечγγ болуп эсептелинет. Окуучуларды кандайча окутуу керек экендигин чечγγ γчγн тѳмѳндѳгγлѳрдү тактоо зарыл.
Окуучулар берилген тγшγнγктѳн кандай билим, билгичтиктерди жана кѳндγмдѳрдγ алыш керек.
Бериле турган тγшγнγктγн логико-дидактикалык анализин жγргγзγγ.
Жаңы тγшγнγктγ берγγдѳ окуучулар кандай ойлоо иш-аракеттерин жасайт, кандай билим жана билгичтиктери, кѳндγмдѳрγ бар. Демек, окутуунун методунун моделинде тѳмѳнкγлѳр кѳрсѳтγлγш керек:
Максатынын коюлушу боюнча мугалимдин иш аракеттери жана колдонулуучу каражаттар.
Окуучунун иш-аракеттери.
Максатка жетүү үчүн мугалим менен окуучунун ортосундагы байланыш. 4.Окутуунун жыйынтыгы.
Окутуунун максаттарынын, мазмундарынын ар тγрдγγлγгγ жана окуучулардын жаш ѳзгѳчѳлγгγ, билим денгээлдери ж.б.у.с. ѳзгѳчѳлγктѳрдѳн методдордун ар тγрдγγлγгγ келип чыгат. Жогорудагылардын негизинде Ю.К.Бабанский методдорду тѳмѳндѳгγдѳй классификациялайт:
-Жаңы материалдарды берγγнγн, аны кабыл алуунун жана окуучулардын ѳз алдынчалык методдору.
-Стимулдаштырып окутуучу методдор.
-Текшерγγ, лабораториялык-практикалык иштерди уюштуруу жолу менен окутуу методдору.
Окутуунун методдору ѳз ара байланышта пайдаланылып келет. Конкреттγγ окуу шарттарында ар кандай окутуунун методдорун айкалыштырып
пайдалануу мугалимдин педагогикалык чыгармачылыгына байланыштуу. Бир эле сабакта мугалим бир нече методдордун ыкмаларын пайдаланышы мүмкүн. Сабакты ѳтγγдѳ методдорду тандоо жана аларды туура
айкалыштыруу татаал педагогикалык проблема. Бул проблеманын чечилиши болуп мугалимдин методикалык билиминин, билгичтигинин жана
педагогикалык чыгармачылыгынын болушу абзел.Билим берүүнү орто мектепте модернизациялоонун негизги багыттарынын бири группаларда окутуунун инновациялык технологияларын уюштуруу болуп саналат. Башкача айтканда окуутуга жаны мамиле тузуу. «Инновация» деген тушунук латын тилинен алынган «жаныдан киргизилген» деген маанини түшүндүрөт. Инновациялык процесси- бул жаны технологиянын
жаралышы, иштелип чыгышы, колдонулушу жана жайылтылышы боюнча болгон комплекстүү ишмердүүлүк.
Окутуудагы инновация ушул мезгилге чейин колдонулуп келген
ыкмаларды, маалыматтык технологиянын талабына ылайык жаңылануу жолу менен «таанып билүү - түшүнө билүү - колдоно билүү» концепциясынын негизинде иш жүргүзүүнү талап кылат.
Жогорудагы максатты иш жүзүнө ашыруу үчүн ар кандай окутуунун технологиялары пайдаланууда: оюн, тренинг, маалымат- компьютердик
технология, интеграцияланган технология, структуралык – логикалык технология , маектешуу технологиялары, кейс, инсерт, кластер ж.б.
Оюн технологиясы – ар кандай альтернативдик варианттарды тандоо менен түшүнүктөрдү калыптандыруучу дидактикалык система.
Тренингдик технология – бул кандайдыр бир максатты чечүү үчүн жүргүзүлгөн иш- аракеттердин системасы.
Маалымат- компьютердик технология – бул ар кандай үйрөтүүчү программалардын жардамы менен компьютердик окутуунун дидактикалык схемасында маектешүүнүн иш жүзүнө ашырылышы.
Интеграцияланган технология – бул ар бир класстын денгээлинде өткөрүлүүчү предметтердин каралуучу темаларынын, окуу
проблемаларынын чогуу чечилиши.
Структуралык – логикалык технология – бул окутуунун системасын этап менен уюштуруу, мында дидактикалык маселелердин чечүү окутуунун мазмунун, формасын, методдорун жана каражаттарын тандоо менен иш жургузулот. Ар бир этаптын жыйынтыгы талкууланат.
Критикалык ( сын коз караш менен) ой- жугуртуу. Идеялар жана маалыматтардын өз ара аракеттенуусунун ыкмалары жана жыйынтыгы Рефлексия – озун-озу таануу жана баалоо.
Инсерт технологиясы-эффективдүү окууга жана ойлоого жардам берүүчү маалыматтар жана маркировкалар менен иштөө.
Кластер технологиясы - идеяларды графикалык сурөттөлүш менен чагылдырууну уюуштуруу.
Кейс технологиясы- конкреттүү окуу ситуациясын пайдалануу менен окутуу. Мында жаны тушунукту беруучу бардык касиеттери, негизги терминдери, критерийлери, аргументтери, проблеманын чечилиш жагдайлары, проблемманын чечууго карата суроолор, конугуулор берилет. Кейсти жазууда окутуучудан теориялык жана практикалык билиминин жогору болушу талап кылынат.
Кейс технологиясы менен окутуунун максаты.
Атайын шарттарда мурдагы алган билимдерди колдонуп проблеманы аныктоо;
Проблеманы чечүүнүн жолдорун сунуш кылуу.
Кейсти талкуулоонун кадамдары.
Даярдануу.
Дискуссияны уюштуруу. Окуучулардын мотивациялары. Дискуссиянын журушу.
а) Кейстин анализи.
«Дискуссияга активдуу катышу ишмердүүлүгүн уюштуруу»
Дискуссияны жакшы денгээлде откоруу иш- аракеттерин жүргүзүү.
Жыйынтыктоо.
Бул технологиялар интерактивдүү окутуу менен тыгыз байланышкан.
«Интерактив» сөзү англис сөздөрүнөн келип чыккан(«inter-өз ара»,«act- аракет кылуу»). Окутуучу менен окуучунун жана маалыматтардын ортосундагы өз ара аракеттешүү методу.
Интерактивдуу окутуу – бардыгынан мурда, бул окутуучу менен окуучунун ортосундагы маектешүү, баарлашуу. Маектешуу педагогикалык кызматташтыктын негизинде жүргүзүлөт. Педагогикалык кызматташтык
сабагын уюштурууда класста ишмердүүлүк атмосферасын уюштуруу зарыл. Окуучулардын чыгармачылыгы мугалимдин көрсөтмөсү аркылуу уюштурулат. Ар бир катышуучу мүмкүнчүлүгүн иш жүзүнө ашырууга шарт түзүлүшү пландаштырылат. Окутуучу мындай сабактарда уюштуруучу, кенешчи, жардамчы гана болот. Анын маанилүү орду ошол сабакка керектүү окуу материалдарын тандоо. Мында « таанып – билүү, тушунө
билүү, колдоно билүү» иш жүзүнө ашырылат. Сабак уюштуруу жана аны даярдоо процессинде, окуучу жана окутуучу ар бири өзүнүн функциясын
аткаруусу зарыл. Сабакты уюштуруунун эң негизги түйүнү болуп аны алдын ала стратегиялык пландаштыруу болуп саналат.
Стратегиялык пландаштыруу:
Стратегиялык пландаштыруу – коюлган пландын ишке ашуусун, ыктымалдуулугунун жогору болушу. Алдын ала толук стратегиялык пландаштырууга окутууга жана окутуунун мазмунуна карата жаны мамиле жасоого багыт берет.
Окутуучунун функциясы: Сабакты максаттуу жана багыттуу ойлоо жана стратегиялык пландаштыруу. Окуу процессинде анализдөөнү жана каталарды убагында оңдоо жана туура багыт берүү. Бул максаттарды иш жүзүнө ашыруу учун стратегиялык пландаштырууда окутуучу төмөндөгүдөй факторлорду эске алуусу зарыл:
-Окуу предметин окутуу процессинде окучуу кандай билим, билгичтиктерге жана кондумдорго ээ болот? Билимдер кандай удаалаштыктарда,
тереңдиктерде жана эмнелер менен айкалыштыруу аркылуу берилет?
-Каралуучу теманын сырткы курчаган дуйнө менен кандай байланышы бар? Кандай турмуштук элестетүүлөрдөн, фактылардан, кубулуштардан каралуучу тушунуктөр пайда болот?
-Каралуучу проблема кандай окуу китептеринде, окуу- методикалык колдонмолордо берилет жана башка окуу предметтерин окутуу менен кандай байланышта?
-Сабак кандай технология менен берилет?
-Окуучу кандай окуйт, предметке карата кандай кызыгууну туудурат? Өзүнүн алган билимдерин практикада пайдаланабы?
Окуучунун функциясы: Өзүн- өзү анализдөө, окуу процессинде коюлган шарттарды түшүнүү менен проблемаларды өз алдынча чечүүгө аракеттенүү, башкалардын ойлорун угуу жана сын көз караш менен кароо.
Стратегия эмнени берет:
окуучулардын жеке иштөөсүн тыкандык менен текшерүүнү камсыз кылат.
маалыматтарды көңүл буруп окууга багыт берет.
жаңы материалды мурдагы материалдар менен байланыштырууга жардам берет.
жаңы материалдарды терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
ар кандай маалыматтарга ишенимин өнүктүрөт.
теманы андан ары үйрөнүүгө кызыгуусун артырат.