Интерактивдүү усулдар жана анын натыйжалары
Акыркы жылдары окутуунун интерактивдүү усулдары мугалимдердин кызыгуусун арттырып,алар тарабынан кеңири пайдаланылууда.Ошону менен бирге окуучуларга билим берүүдөгүмугалимдин ролу да өзгөрүүдө.Бул багытта мугалимдер тарабынан ар кандай ой-пикирлер айтылып келүүдө.Бирөөлөрү интерактивдүү усулду пайдаланган учурда мугалимдин ролу азаят деп ойлошсо,экинчилери аны пайдалануунун эң женил жана жөнөкөй экендигин айтып,өз милдетин окуучуларды топторго бөлүп,аларга тапшырма берүүдөн гана көрүшөт.Дагы башкалары болсо,интерактивдүү усулдардын артыкчылыгын көрүп-билип турса дагы аны пайдаланып сабак өтүүгө кош көңүлдүк кылып батынбай келүүдө.Ал эми чындыгына келгенде ар бир жаңы теманы өздөштүрүү,ал ыкманы окуучулар менен иштөөдө пайдалана билүү,анда керек болуучу таркатма,көрсөтмө материалдарды даярдоо булардын бардыгы мугалимдер үчүн көп эмгекти талап кылаары баарыбызга белгилүү.
Белгилүү окумуштуу ,профессор Советбек Байгазиев агайыбыз өзүнүн “Окутуунун интерактивдүү медтоду” аттуу китепчесинде инсанга багыттап билим берүүнүн башкы максаты болгон интерактивдүү ыкманын ролуна жана аны менен иштөөдөгү мугалимдин ролуна кеңири токтолуп өзгөчө көңүл бурган.Мисалы,инсанга багыттап окутуунун башкы максаты окуучунун инсандыгын өркүндөтүү,анын кызыкчылыгын,шыгын эсепке алуу менен чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн,талантын өстүрүү,ичте катылып жаткан мүмкүнчүлүктөрүн ачуу,өз алдынчалыгын жана өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болсо,анда ушул максаттарды жана милдеттерди жүзөгө ашырууга жарамдуу,ылайыктуу,ийкемдүү методикалык технология – бул интерактивдүү метод болуп эсептелет.Бул методдор окуучуну ойлонууга аргасыз кылат,мээсин кыймылдатып,ич жактан күүгө келүүгө ,изденүүгө түртөт,аналитикалык жөндөмүн козгойт,ой жүгүртүү активдүүлүгүнүн өсүшүнө шарт түзөт.
“Интерактив”сөзү “Inter”өз ара жана “act”кызматташуу деген англис сөзүнөн алынган жана өз ара кызматташуу дегенди түшүндүрөт.Бул термин педагогикада ХХ кылымдын 80-жылдары пайда болгон. Советтик педагогикада ал “Кызматташтык педагогикасы “деп аталган. -советтик мектептин алдыңкы тажрыйбаларын ; -орус психология-педагогикалык илимдин жана практиканын жетишкендиктерин -чет элдик психология –педагогикалык илимдин жана практиканын жетишкендиктерин бириктирип,80-жылдардагы алдыңкы мугалимдер тарабынан берилген.
Интерактивдүү ыкма менен окутуу – бул окуу процессинде өз ара байланышта болуу жана түгөйлөрдүн же чакан топтордун өз ара аракеттениши жана кызматташтыгы болуп эсептелет.Демек,интерактивдүү ыкмалар –бул мугалим менен окуучунун жана алардын окуучулар менен болгон байланыштары болуп эсептелет.Интерактивдүү окутуунун башкы өзгөчолүгү ,балдарды окутуу чакан топтордо биргелешип аракеттенүү аркылуу жүргүзүлгөндүгүндө.Биргелешкен иш-аракеттер бир окуучунун жалпы ишке кызыгуусун жаратат жана тырышып аракеттенүүнү ,ойлонууну,чыгармачылык активдүүлүктү талап кылат.Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө карап көрсөк,интерактивдүү ыкма менен окутууда окуучулардын билим сапаты да бир кыйла жогорулагандыгын байкайбыз -дискуссияда-50% -практикалык иште-70% -бири-бирин окутууда-90% жогорулайт. Интерактивдүү усулдарды пайдалануу,окуучулардын туруктуу активдүүлүгүн камсыз кылат.Ошондой эле алдыга коюлган максатка жетүү үчүн окуучулар өз ара кызматташууга өтүшөт.Психологдордун изилдөөлөрү көрсөткөндөй команданын же топтун ички иш-аракеттери,алардын мүчөлөрүнүн бири-биринен үйрөнүүсүнө шарт түзөт.Топто иштөө жана жалпы ишмердикке өз салымын кошуу билгичтиктери,окуучулардын демократиялык,лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрөт.Аткарып жаткан иштери үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө ала билүүгө үйрөтөт.Окуучулардын предметти өздөштүрүп түшүнүүсүн жакшыртат.Теориялык билимден практикага өтүүсүн жеңилдетет.
Окутуунун интерактивдүү усулдарын пайдаланууда: -окуучулардын таанып-билүү жөндөмүн арттырат; -окуучулардын активдүүлүгү артат; -окуучулар өз ара жана мугалим менен тыгыз кызматташтыкта,пикир алмашуу жүрөт; -ар бир окуучу өз билимин ,шыгын,жөндөмүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлук алат; -окуучулардын сынчыл ой-жүгүртүүсү калыптанат; -түгөйлөрү менен же чакан топтордо иштешет; -мугалим фасилитатор,насаатчы катары окуучуларга багыт берип турат; -проблеманы көрө билишет жана аны чечүүнүн жолдорун издешет; -тапшырманы аткаруу учурунда окуучулар өздөрүнө башкалардын иш-тажрыйбаларын пайдаланышат; -топтордо иштөөдө окуучулар өздөрүн эркин сезишет; -туура эмес жооп берип алам деген коркунуч болбойт. -окуучулар маалымат эле албастан,жаңы идеяларды дагы иштеп чыгышат жана аны башка варианттардан жакшы экендигин логикалуу түрдө түшүндүрө алышат. -өз ара мамиледе толеранттуулукту көрсөтүшөт. -бири-бирин угуу ,сыйлоо сапаттарына ээ болушат.
Төмөндө биз интерактивдүү ыкмалар менен өтүлгөн инновациялык сабакты жана салттуу өтүлгөн сабакты салыштырып көрөлү.
Инновациялык сабак
Мугалим | Мугалимдин аракети | Окуучу | Окуучунун аракети | Мындай окутуунун кыймылдаткыч күчү |
Окуучуну барктайт,окуучунун мүмкүнчүлүгүнө кучүнө ишенет,окуучулардын жеке өзгөчөлүгүн жакшы билет | Кеңеш берет,жардам көрсөтөт,окуучунун инсандыгын кадырлоо менен андан талап кылат,кызматташат, жолдоштугун көрсөтөт,окуучунун иш-аракетиндеги оң көрүнүшкө таянат,боорукерлик кылат,кошо кайгырып,кошо кубанат,мактайт, ынтызар кылат, стимул берет,ишендирет, ынандырат,кызык-тырат,көңүлүн көтөрөт,чоңоюга, эркиндикке умтулууга,өсүп-өнүгүүгө болгон муктаждыктарды канааттандырууга таасир этет, окуучунун инсан болуп калыптанышына да таасир берет,чыдамкай-лыкка үндөйт | Мугалимди кадырлап сыйлайт,ага ишенет | Кызыгып окуйт,чыгар-мачылыкты, демилгелүү-лүктү көрсөтөт,мугалимге толук ачылып баарын айтат,муга-лим менен кызматташат | Мугалим менен окуучунун биргелешкен натыйжалуу ,продуктивдүү ишмердүүлүгү |
Салттуу сабак
Мугалим | Мугалимдин аракети | Окуучу | Окуучунун аракети | Мындай окутуунун кыймылдаткыч күчү |
Окуучуну анча баркта-байт,окуу-чунун мүмкүн-чүлүгүнө, күчүнө ишенбейт, окуучунун жеке өзгөчөлүк-төрүн билбейт | Мажбурлайт ,буйрук берет,жазалайт,тилдейт,орой сөз айтат | Мугалимди сыйлабайт, мугалимге ишенбейт, мугалимге каршы ачуусу тез келет,окууга кызыгуусу жоктугу байкалат | Пассивдүү, мугалимдин талаптарын эч кызыгуусуз аткарат, чыгармачы-лыкты көрсөтпөйт, мугалимге чечилип сүйлөбөйт | Коркутуу, буюруу, тынымсыз тыю салуу,жазалоо |
Салттуу сабактардан айырмаланып интерактивдүү усулдарда мугалим негизги фигура эмес,ал фасилитатор(багыттоочу,уюштуруучу)милдетти аткарат.Америкалык педагог-психолог Карл Роджерс “Фасилитация”түшүнүгүн киргизген.(англисче “facilitate”жеңилдетүү,көмөктөшүү,жардамдашуу,колдоо,жагымдуу шарт түзүү)окутуу процессинде окуучунун изденүүсүн коштоп,ага жардамчы болуу.Фасилитатор даяр жоопту айтып бербестен,окуучунун оюндагысын аныктап,маалымат алмашууга багыттай турган,окуучулардын тажрыйбасын тартууга ,алардын дараметин пайдаланууга жол ача турган изилдөөчү суроолорду берет.Фасилитатор мугалим класста чыныгы баалуу мамилеси менен мүнөздөлүүчү жагымдуу маанайды түзөт.
Мугалим фасилитатор катары:
-иш тартибин жана күн тартибин даярдай -теманы,суроолорду аныктайт; -окуучуларга сабактын максатын айтат; -окуучулар менен биргеликте баалоо критерийлерин иштеп чыгат; -окуучуларга тапшырманы түшүндүрөт; -тапшырманы аткаруунун убактысын белгилейт; -окуучулардын иштөө тартибин жана алтын эрежени окуучулар менен биргеликте кабыл алат; -маалыматтарды топтоп,идеяларды тактоого жардамдашат; -бардык идеяларды иликтейт жана аларды бириктирет;
Мугалимдин сабакка жагымдуу чөйрө түзө билүүсү жана анын натыйжасы
-окуучуларды шыктандырат; -окуучуларда ишенимди пайда кылат; -камкордугун көрсөтөт; -кубандырат; -рухий азык берет; -сабакка кызыктырат; -турмушка даярдайт; -ийгиликтүү жашоону үйрөтөт; -кызматташууга тарбиялайт; -инсандын ийгиликтүү жашоосуна көмөктөшөт; -толеранттуулукка багыттайт; -мамилени чыңдайт; -үйрөтөт; -ишеним жаратат; -ойлоп табууга үйрөтөт;
Окуучулардын активдүүлүгүн жана алардын окууга болгон жоопкерчилигин арттырууда интерактивдүү оюндар да маанилүү роль ойнойт.Мисалы:”Аралдарга саякат”,”Домино”,”Чымын чапмай”,”Портреттер галереясы”,”Бири-бирибизге жылмаябыз”,”Чыканак менен учураш”,”Парталашыңа белек бер”,”Кино менен оюмда”,”Күтүү дарагы”,”Кар бүртүкчөлөр талаасы”,”Ар түстүү кагаздар”,”Жемиштүү бак”,”Таанышуу оюн”,”Жакшы каалоо-тилектер”,”Комплимент жазуу”,”Беш манжа”,”Отургучтун сүрөттөлүшү”,”Аралча”,”Хаос”,”Карусель”,”Саякатчы”,”Ким жаңылбайт?”,”Мен суктанган адам” жана башка көптөгөн инновациялык оюндар белгилүү.
Улуу кытай элинин макалында “Мен уксам...унутам,көрсөм...эске түшүрөм,өзүм жасасам ... түшүнөм”демекчи,бүгүнкү студент,эртеңки мугалим,учурдун педагогдору жаңы технологиянын мезгилинде,окуучу менен мугалимдин ортосундагы кызматташтыктын терең,бекем жана түбөлүктүү болушу үчүн окутуунун активдүү ыкмаларын кеңири жеткиликтүү пайдаланып,өз окуучуларыбыздын укса унутуп,көргөндө гана эске түшүнөөрүнө эмес,өздөру практикалык түрдө жасап,түбөлүктүү түшүнөрүнө өз салымыбызды кошуп,талыкпаган эмгегибизди жумшай берсек,коомубуздун таланттуу,шыктуу жана билимдүү жаштарын тарбияланат деп ойлойм. “Катардагы мугалим айтып берет, Жакшы мугалим-түшүндүрөт, Алдыңкы мугалим-көрсөтүп берет, Улуу мугалим-шыктандырат”дегендей улуу мугалим катарында окуучуну шыктандыра алсак,бул биздин чоң жетишкендигибиз.
Secondary school named after M.Mamytov
REPORT
Theme::Interactive methods of teaching and its results
Made by: Alibaeva Nurkan