СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Каныбек" романы боюнча тарсия макет

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили                11-класс

Сабактын темасы: Үндүү тыбыштардын классификациясы

Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк:

Үндүү тыбыштар боюнча маалымат алышат,алардын классификациясын билишет.

Өнүктүрүүчүлүк: 

Үндүү тыбыштарды талдоону үйрөнүшөт,талдай алышат.

Тарбия берүүчүлүк:

Биринин сөзүн бири угат,компетенттүү боло алат.

Негизги компетенттүүлүк:

НК 1. Маалыматтык компетенттүүлүк

НК 2. Социалдык коммуникативдик 

НК 3. Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү

ПРЕДМЕТТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК

ПК 1. Тилдик               ПК 2. Кептик                        ПК 3. Этномаданий

Сабактын тиби: Билим жана билгичтикти өркүндөтүү

Сабактын жабдылышы: Таблица, слайд , сүрөттөр, тарсия макет

Сабакты уюштуруу:(3 мүн.) Саламдашуу. Жагымдуу маанай түзүү

Үй тапшырмасын суроо:(7 мүн.) 1.Тыбыш деген эмне?

2. Тамга деген эмне?          3.Тилдин тыбыштык түзүлүшүн окуп үйрөтүүчү илим     4.Графика деген эмне?

Физ минутка:(5 мүн)  "Чачылган тамгалар" оюнун ойношот  

Жаңы тема боюнча түшүнүк берүү:(17 мүн)  Үндүү тыбыштардын классификациясы

Үндүүлөр: тилге,жаакка,эринге,үндүн созулушуна карай төрт топко бөлүнөт( таблица слайд аркылуу көрсөтүлөт)

ТИЛГЕ КАРАЙ : ичке үндүүлөр: э,ө,ү,и       жоон үндүүлөр: а,о,у,ы .Жоон,ичке үндүүлөр үндөшөт.

Эринге карай:  эринсиз үндүүлөр: а,э,и,ы       эриндүү үндүүлөр: о,ө,у,ү

Жаакка карай: кең үндүүлөр:а,о, ө,э     кууш үндүүлөр: у,ү,и,ы

Сабакты бышыктоо:(10 мүн)  Фонетикалык көнүгүү жана талдоо

маал.м.т      (маалымат) 8 тамга, 7 тыбыш

.лак (улак)  4 тамга, 4 тыбыш   у-үндүү тыбыш ,тилге карай жоон үндүү, жаакка карай кууш үндүү , эринге карай эриндүү үндүү, созулушуна карай  кыска үндүү.

 оор.к.н. (оорукана)  8 тамга , 7 тыбыш

к.т.п (китеп) 5 тамга , 5 тыбыш                   б.л.т  (билет)    5 тамга ,5 тыбыш

м.з.к.  (музыка) 6 тамга , 6 тыбыш              д.кт.нт (диктант)  7 тамга , 7 тыбыш

Ким барктаса өз энесин - өз тилин ,

Барктай билет дүйнө элинин көп тилин

Ар улуттун энеси -улуу , тили- улуу,

Өйдө-ылдый деп айта албайбыз эч бирин . ( Б. Сарногоев)

Текстте берилген сөздөрдү диограммага бөлүп жазабыз

                   Венндин диограммасы

Жоон үндүүлөр:                                     Окшоштугу:                                     Ичке үндүүлөр:

барктаса                                                 үндүүлөр                                             тилин              (үлгүгө карап өз алдынча аткарышат)

Үйгө тапшырма: (1 мүн.)   Фонетикалык талдоо 

Баалоо: (2 мүн.) Билимине карап баалоо