Сабакка чейин
Сабактын темасы: Кислоталардын алынышы, химиялык касиети. (Лабораториялык тажрыйбалар. Кислоталардын индикаторлорго таасири, металлдар менен аракеттениши, суутекти сүрүп чыгаруу)
Сабактын методу: көрсөтмөлүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: түшүндүрүп берүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Кислоталардын алынышы, химиялык касиети, лабораториялык тажрыйбалар. кислоталардын индикаторлорго таасири, металлдар менен аракеттениши, суутекти сүрүп чыгаруусун окуп үйрөнүшөт. | Кислоталардын алынышы; химиялык касиети; металлдар менен аракеттениши; суутекти сүрүп чыгаруусун химиялык теӊдеме аркылуу жазып бере алышса; лабораториялык тажрыйбалар; кислоталардын индикаторлорго таасирин айтып бере алышса |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Оксиддер, негиздер, металлдар, металл эместер, химиялык формула, химиялык реакция, кислоталар, химиялык идиштер, реактивдер боюнча түшүнүгү өнүгөт. Өз алдынча жана топто иштөөгө, ынтымактуу болууга тарбияланышат | Оксиддер; Негиздер; Металлдар; металл эместер; химиялык формула; химиялык реакция; кислоталар; химиялык идиштер; реактивдер боюнча алган билимине таянып химиялык реакцияларды жазып аны тендеп бере алышса; кислоталардын жалпы формуласынын негизинде кислоталардын формуласын түзө алышса. |
Күтүлүүчү натыйжа:
Кислоталардын алынышы;
химиялык касиети;
металлдар менен аракеттениши;
суутекти сүрүп чыгаруусун химиялык теӊдеме аркылуу жазып бере алышат;
лабораториялык тажрыйбалар;
кислоталардын индикаторлорго таасирин айтып бере алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Кислоталардын алынышы, химиялык касиети, лабораториялык тажрыйбалар. кислоталардын индикаторлорго таасири, металлдар менен аракеттениши, суутекти сүрүп чыгаруусу боюнча жалпы маалымат алышат
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Оксиддер, негиздер, металлдар, металл эместер, химиялык формула, химиялык реакция, кислоталар, химиялык идиштер, реактивдер боюнча билими бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Комплимент баштыкчасындагы комплимент жазылган барактарды алып ошушат (ар бир окуучу бирден).
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1. Төмөнкү заттардын кайсы тобу менен Al(OH)3 реакцияга кирет? Химиялык теӊдемесин жазуу менен далилдүү жооп бергиле.
а) CO2, Fe2O3, Na;
б)HCl, NaOH, CO2;
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Кислоталардын номенклатурасы.
Көптөн бери белгилүү болгон кислоталар үчүн традициялык, ал эми кеңири таралбаган кислоталар үчүн системалык аттар сунуш кылынат. Кычкылтектүү кислоталарда кислотаны түзгөн борбордогу элементтин аты аталып «кислота» деген сөздү кошуп айтылат. Мисалы: H2SO4 - күкүрт кислотасы, HClO4 - хлор кислотасы, HClO3 -хлорат кислотасы, HClO2 - хлорит кислотасы, HClO - гипохлорит кислотасы, HNO3 - азот кислотасы, HNO2 - азоттуу кислота, H2SO3 – күкүртүү кислота. Кычкылтектүү кислоталарды түзгөн элементтердин аты, андан кийин суутек кошулуп айтылат, мисалы: HCl - хлордуу суутек, H2Se - селендүү суутек, HCN - циандуу суутек кислотасы. Гидроксил группасы менен кошулууга жөндөмдүү болгон кислоталардын составындагы суутектин атомунун санына карай кислоталар бир негиздүү (HCl, HNO3), эки негиздүү (H2S, H2SO4, H2СO3), үч негиздүү (H3PO4, ж.б.) болуп бөлүнөт. Системалык номенклатура боюнча кислоталардын аталышында кислота пайда кылуучу элементтин латынча аталышынын уңгусуна «-ат» мүчөсү, ал эми башка элементтер менен группалардын аниондоруна - байланыштыруучу үндүү «-о» кошулуп жазылат: H[Sb(OH)6] - суутектин гексагидроксостабиаты (V). Кашаанын ичинде кислота пайда кылуучу элементтин кычкылдануу даражасы бүтүн сан болсо көрсөтүлөт. Эгер андай болбосо кислотанын аталышында суутектин атомунун саны кошулуп жазылат: H2S4O6 - дисуутектин гексаоксотетрасульфаты H2B4O6 - дисуутектин гексаоксотетрабораты. Төмөн жакта кислота пайда кылуучу элементтин латынча аталышынын уңгусу берилген: Ag-аргент (ат), As-арсен (ат), Au-аур(ат), Cu-купр(ат), Fe-ферра(ат), Hg-меркур(ат), Рb-плюмб(ат), Sb-стиб(ат), Si-cилик(ат), Sn-станн(ат), S-сульф(ат). Кычкылтектүү кислоталардагы кычкылтектин атомунун ордуна күкүрттүн атомунун орун алмашуусунан пайда болгон тиокислоталардын формулаларынын жазылышына күкүрт эң акыркы болуп көрсөтүлөт: H3PO3S-тиофосфор кислотаcы, H2SO3S-тиокүкүрт кислотасы. Тиокүкүрт кислотасын H2S2O3-деп жазуу сунуш кылынбайт.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1.Төмөнкү заттардын кайсы тобу туз кислотасы менен реакцияга кирет? Реакциялардын теңдемелерин жазгыла. а) H2SO4, NaOH, CO2; б) H3PO4, NaOH, H2O; | |
Үйгѳ тапшырма:
Төмөндөгү айлануулардын реакцияларынын теңдемелерин түзгүлө:
1.C → CO2 → H2CO3 → CaCO3 → CaHPO4
Баалоо: