СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саат "биз тоолордо жашайбыз"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класстык саат "биз тоолордо жашайбыз"»

Тема: «Биз тоо арасында жана өрөөндүү тоолордо жашайбыз. Биздин Ата-Журтубуз-Ала-Тоо...»

Сабактын максаты: 1. Билим берүүчүлүк: Ата Журт, Ала -Тоо, Ата конуш, Эне тил, Ата – бабаларыбыздын каада – салттары, Ата Мекен деген түйүндүү сөздөрдөн чечмелеп, түшунүшөт.
Ч.Айтматовдун “Республикага ода” очерки жана М.Шахановдун “Төрт эне үчүн болгон күрөш- күрөштөрдүн улуусу!” ырынын мазмуну менен таанышышат.
2. Сабактын өнүктүрүүчүлүк жагы: Тексттердин негизги идеялык маанисин аныкташат.
Сабактын темасына тексттердин мазмунун салыштыра билүүгө көнүгүшөт.
3. Тарбия берүүчүлүк: Ч.Айтматовдун “Республикага ода” жана Мекен тууралуу тексттерге таасирленип, Мекен алдындагы жоопкерчилигин билишет.
Кыргызстанга жана өлкөнүн көрүнуктүү адамдарына урмат- сый көрсөтүү керектигин түшүнүшөт.
Өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошууга мүмкүнчүлуктөрүн биргелешип иштеп, аныктоого машыгышат.
Сабактын формасы: Өз алдынча кичи топтордо иштөө, Текстти окуп – түшүнүүнүн формалары: Өз алдынча купуя окуу, биргелешип окуу.
Сабактын тиби: Билимдерин жалпылоо жана системалаштыруу .
Сабактын жабдылышы : КРнын Мамлекеттик Гимни, таркатма материалдар( тексттер № 1,2,3,4,5; 1- тиркеме) Флипчарт- ватман,фломастер, 2- түстөгү стикерлер. Кыргызстандын кооз жаратылышы жөнүндө сүрөттөр же слайддар, “Ааламга жол айылдан башталат” деп аталган Айтматовдун портрети(№3 тиркеме), таяныч сөздөр, тексттер жазылган карточкалар топтому ( Ата Журтум Ала Тоо” “Тууган жер”, “Эне тил”,”Ата конуш”, “Менин Республикам”

Күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрү( индикатору)

Эгерде окуучулар сабактын аягында :

1.Тексттердин негизги идеялык мазмунун кыскача айтып беришсе:

Кичи Мекен, Ата Мекен деген сөздөрдүн маанисин , масштабын, чегин айырмалай алышса:

Текст боюнча суроолорго жооп беришсе.

2. Текстердин маанилерин салыштырып, негизги идеясын аныкташса:

Текстке өз оюн кошумчалашса:
Тапшырма боюнча топ менен биргелешип, оозеки жана графикалык формада презентациялап, жакташса.

3. Топ менен иштөө аркылуу жазуучу үчүн маанилүү болгон тесттеги адамдык баалуулуктардын негизин аныктаса;

Мекен тууралуу чыгармаларга таасирленип (сүрөттөп, кыялданып) айтып бере алышса; Мекен алдындагы атуулдук жоопкерчилик, аны көздүн карегиндей сактоонун баалуулугун биргелешип талкуулап, өз оюн кошумчалап айта алышса;



САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ

Сабактын этаптары

Убактысы

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

Уюштуруу/ шыктандыруу

2 мүнөт

Саламатсыңарбы балдар! 2018-2019-жаңы окуу жылыңардын башталышы менен куттуктайм! Сабагыбызды биз үчүн ыйык болгон Кыргыз Республикасынын гимни менен баштайлы. Бүгүн баарыбыз үчүн жакшы күн, анткени жайкы каникулдан жакшы эс алып, билим күнүндө кубанычта жолугушуп жаткандыгыбыз үчүн! Бири-бирибизди карап жылмаюу тартуулап коелу. Биздин жыймаюуга жана пикир алышууларыбыз кубаныч тартуулайт деген ойдомун.

Окуучулар жана мугалим орудунан туруп, оң колун жүрөгүнүн тушуна коюп видеонун коштоосунада чогуу ырдашат. Жагымдуу маанай. Окуучулар жанында отурган окуучуга бурулуп бири -бирине жылмайышат. Андай кийин баары мугалимге жылмайышат.

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу

3- мүнөт

Анда эмесе, тактада жазылган же (слайддагы) Менин Республикам, Ала-Тоом, Ата-Конушум, Ата-Журтум, туулган жер деген түйүндүү создөрдү айтканда, силер эмнени элестетесиңер? Кандай ойлойсуңар? Бул сөздөрдүн өз ара байланышы барбы? Бул сөздөрдү бириктирген негизги ой эмне? сөздөрдү жалпылап, бириктирип бир сөз менен айтып көргүлөчү (Мекен)


Менин Республикам, Ала-Тоом, Ата-Конушум, Ата-Журтум, туулган жер- деген түйүндүү создөрду үн чыгарып окушат. Жупта биргелешип талкуулап, өз көз караштарын, ойлорун кыскача айтышат.

Сабактын темасы,

максаты жана күтүлүүчү натыйжалар

2 мүнөт

Демек , балдар, биз бүгункү сабакта Мекен жөнүндө сүйлөшөбүз. Бүгүнкү сабактын темасын жалпы үн чыгарып окуйлу: “ Биз тоолордо жана тоо арасында жашайбыз”- бул Ала Тоо”

Сабактын максаты жана күтүлүүчу натыйжалар менен таанышышат. Бул темага киришерден мурда 1,2,3,4,5 чейин санап,5 топко бөлүнөбүз.


Жаңы материалдарды түшундүрүү. Тексттер менен иштөө

22 мүнөт

Ар бир топ ватман , маркерлерди жана даярдалган тиркемедеги (№1,2,3,4,5) тексттерден алышат.

Текстти өз алдынча окуп чыгышат. Тексттин мазмунун топто талкуулап, биргелешип чыгармачылыктары менен презентация даярдашат. ( сүрөт, графикалык формада долбоорж.б.)

Даярдаган иштерин топтон 1 ден окуучу же жалпы топ класска жарыялашат.( презентациялашат)

Топтор суроо берип кошумчалашат.

Резюме – жыйынтыктоо.

Демек, балдар, биздин Ата –Бабаларыбыздын жери-Ала Тоо,кыргыз элинин бешиги. Кайда барбагын, ак мөңгүлүү Ала – Тоолорду көрөсүң. Шаркырап аккан кагка сууларга , карагайлуу токойлорго бай. Сансыз малга толуп, жашыл өрөөнүндө түнкүсүн жылдыздан көп оттор жанган кыштак, биздин тарыхыбыз жана маданиятыбыз, улуттук баалуулуктарыбыз. Залкар жазуучубуз Ч. Айтматов үчүн да кыргыз жеринин ар бир кокоту – колоту көрктүү , көк шиберлүү жайлоосу, түркүн- түстүү гүлдөрү, шаркырап аккан мөлтүр кашкар суусу, түбөлүк жаткан мөңгүлөр, керемет үн салган куштары,жайкалып өскөн эгин талаасы – баары – баары өтө ыйык, сыймык5. Ч.Айтматов жан дүйнөсундө сезимтал, боорукер, гумандуу болгондуктан, бул сезимдер анын чыгармаларында кеңири орун алган.

“Ар бир улуу жол кичине жолдон башталат, ал эми Ааламга кеткен жол айылдан башкача айтканда кичи мекенден башталат” деген учкул сөз бекеринен айтылган эмес.


Бышыктоо

10 мүнөт

Балдар, кичи мекен дегенди кандай түшунөсүңөр?




Кичи мекениңер жөнүндө ой бөлүшкүлө. Топто талкуулап, кластер түзуп, ойлорун айтып беришет.

Мугалим: “ Ата Мекен” дегенде биз ата конуш, туулуп өскөн жер,Ата Журт сыяктуу түшүнүктөрдү билебиз. Ал эзелтен ата – бабабыз жашап өткөн жерди туюндурат.

Мамлекет үй – бүлөдөн куралган сымал, Ата Журт да ар бир адамдан туулуп өскөн жеринен, башкача айтканда, кичи Ата -Мекенинен түзүлөт.

Кичи мекен – бул биз төрөлгөн, биздин ата – энелерибиз жашаган жана ата – бабаларыбыз жашап өткөн жер. Балалыгыбыздан бул жерде бизди курчап турган дүйнө, үй- бүлө досторубуз, жакындарыбыз баары тааныш.

Топто иштөө. “Кичи мекен” кластер түзүү.

Топто талкуулоо(2 мүнөт) Окуучулардын болжолдуу жооптору

Кайсы жерде жашасам, ошол менин Мекеним! Менин тилимде сүйлөгөн жер – менин Мекеним. Менин үйүм – менин Мекеним.

Жакындарым , досторум жашаган, ата – бабаларымдын жашаган жери – менин Мекеним! Менин кичи мекеним _ Кароа – Көл шаары. Мен ал жерде төрөлгөм ж.б.



Эске түшурүп көрөлүчү: Ч.Айтматовдун “ Өлкө куру чакырыктарга,калп сүйүүгө жана жасалма патриотизмге муктаж эмес” деген жакшы сөзү бар. Ойлонуп көргүлөчү, куру чакырыктар,калп сүйүү,жасалма патриотизм деп эмнени айтып жатат?

Ата Мекенин сүйүү деген эмне?

Ата Мекен менен патриоттуулуктун кандай байланышы бар?

Силердин Мекенге болгон сүйүүңөрдү эмнеден билсек болот?

Өлкөбүздун гүлдөп өсүшү үчүн биз эмне кылышыбыз керек?

Резюме – жыйынтыктоо.

Демек, Мекенге болгон сүйүү ата – энесин сүйүү,үйүн,үй- бүлөсүн мектебин сүйүүдөн башталат.

Адамдын бир гана Ата – Мекени бар. Аны көз карегиндей ыйык сактап, даңазасын врттыруу – ар бирибиздин парзыбыз. Мекенибиз – бүткүл кооздуктун, сулуулдуктун өлкөсү- Кыргызстан.


Окуучулар өз ойлорун айтышат.