СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Класстык саат
Билим күнү “Биз тоо арасында жана өрөөндүү тоолордо жашайбыз. Биздин ата-журтубуз – Ата-Тоо ...”.
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Сабактын темасы: “Гигиенаны сактайлы”
Cабактын максаты:
1. Тазалык жөнүндө маалымат алышат.
2. Жугуштуу оорулардын алдын алууну үйрөнүшөт.
3. Дене боюн таза, тыкан алып жүрүүгө тарбияланышат.
Күтүлүүчү натыйжа. Таза болуу бул көп жашоого өбөк болорун билсе;
Жугуштуу оорудан алдын алуу тазалык экенин билсе;
Таза, тыкан жүрүүгө тарбияланса;
Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу
б) Жаңы теманы түшүндүрүү.
Тазалык деген эмне? Тазалык – бул адептүүлүк. Адептүү бала ар убак өз боюн таза алып жүрөт. Таза жерлерди басып, кийимдерди кир кылбайт. Ар убак самын колдонуп, өзүнүн тиш щеткасы, сүлгүсү, жүз аарчысы болушу керек. Колунун, бутунун тырмагын алып, чачтарын тартипке келтирүү зарыл.Эгер жаныбарларды кармаласаң, сөзсүз колуңду жууп тамактан. Окуу куралдарыңды таза кармап, барактарын чийбей, булгабай сакта. Үй ичиндеги эмеректерди иретке келтирип, тазалап тур.
Анда, тазалык жөнүндө ырлардан билесиңерби?Кийинип жүр жасанып,
Досуң болсун тазалык.
Чач тарабай мыш болбо
Тазалыктан жаза алып.
Эсте эжей кептерин,
Кир болбосун дептериң.
Бүктөп, чийип булгаба
Китебиңдин беттерин.
Оркойбосун тырмагың,
Эске сакта бул жагын.
Кол, бетиңди жуу десе
Тартынчыктап турбагын.
Адаттарың таштагын, Кийимиң таза сактагын.
Апаң көрүп кубансын
Акыл кирген аппагын.
Эми силер эрежелерди сактабасаңар, эмне болооруңарды билесиңерби? Анда келгиле баарыбыз буга күбө болуп билели.
Тазалык ден соолуктун булагы
Азат жашы тогузга чыкса дагы өзү теңдүүлөрдөн кичине көрүнөт. Мектепте орто окуйт. Бирок жаныбарларды аябай жакшы көрөт. Талаадан кирпичечен кармап алып анны багат. Ит, мышыкты тим эле өөп, жыттап табагынан тамак берет. Анысы жакшы дечи, бирок өзү тазалыкты сактабайт. Жуулбаган колу менен тамак жейт. Кээде өзөндөгү суудан суусагандан ичип алат. Балдар бул жоругуна сын айтса мен дайым эле ичип жүрөм, эч нерсе болгон жокмун, анан чоң энем айткан «аккан сууда арам жок» деп жооп берет.
Мына ушинтип ал күндөрдүн биринде ооруп калды. Эч нерсеге көңүлү келбей, өңү керсары тартып, тамак ичпей жалдырап жаты.
Ата-энеси тынчсызданып доктур чакыртышты. Доктур келип, «тезинен ооруканага алып баргыла, ал жерден текшерип оорусун аныкташ керек» деди.
Азатты ооруканага жаткызышты. Доктурлар текшерип көрүп, «сарык» деген жугуштуу оору экендигин аныкташты. Бул оору таза эмес жүргөндүктөн, абада тараган микробдордон жуккан деген жыйынтыкка келищти.
Азат ооруканада бир айдай жатты. Дагы бир нече убакыт доктурдун атайы көзөмөлүндө текшерилип турушу керек болду. Балдар, ден соолукту сакташ үчүн тулку-боюңарды таза тутуп, дене бойду чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасагыла. Спорт менен машыгуу абдан жакшы, ден ссолукка ийгилик алып келет. «Тазалык – өмүр булагы» деп бекеринен айтылган сөз эмес.
Көрдүңөрбү кир жүрүү эмнеге алып келет? Гепатит оорусу. Кичинекей көнүгүү жасайлы.
Кичинекей көнүгүү
Ийилгин да сол жакка,
Өйдө көтөр оң колду.
Шашып кетип унутпа
Бутуңду түз койгонду.
Эми кандай болчу эле?..
Оңго ийилмей албетте.
Бөйрөктөгү сол колуң
Өйдө болот ал кезде.
Көргөндүрсүң көп ирет
Куштар канат какканын.
Колду шилте өйдө ылдый,
Кана эми баштагын.
«Бир» дегенде кош колду,
Жайгын эки тарапка.
«Эки» болсо – капталга
Келе калсын заматта.
Сол колуң ал бөйрөккө,
Оң колуңду алга сунн.
Кезектешүү – учуру
Унутулуп калбасын.
Эми болсо -отуруп,
Колуңду артка таягын.
Чалкала да, эсиңе ал
Буттун өйдө барарын.
Кроссворд
1. Апам дайым колдонгон бул сулуулук каражат.
2. Мунун түрү көп эле,
Колдоносуң күндө эле
Тазалайсың киймиңди, ага кошуп тишиңди.
3. Колдонобуз ар убак
Суюгун да катуусу.
Көбүгүн анын окшотом
Ташып жаткан булутка.
4. С ны улап жазасың
Жакшынын синонимин табасың.
5. Кесип алсаң колуңду,
Бул басат сенин ооруңду.
|
| Б |
|
|
| |
| Щ | Е | Т | К | А | |
|
| Т |
|
|
| |
С | А | М | Ы | Н |
| |
Ү |
| А |
|
| ||
Л |
| Й | О | Д | ||
Г |
|
|
| |||
Ү |
Накыл сөздөр
Өтүгү жаман төрдү булгайт.
Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген.
Тазалык – өмүр булагы.
Тазалык - соолук негизи, соолук байлык негизи.
Агын суда арам жок.
Биринчи байлык ден соолук.
Кыздуу үйдө кыл жатпайт.
Бүгүнкү сабак биз үчүн түшүнүктүү болду окшойт, анда ар дайым биз биле жүрчү «Эсиңе түй жана аткар!» көңүл буралы.
«Эсиңе түй жана аткар!»
Өзүңдүн дене боюңду ар дайым таза алып жүр.
Байпагыңды күн сайын жууп тур.
Көйнөк-жакаларың таза болсун. Таза жүрсөң ден соолугуң да чыңдалып, өзүңдү сергек сезесиң.
Эртең менен эрте туруп гимнастика жаса, чурка, муздак сууга жуун, кечке көңүлүң ачык жүрөт.
Өзүңө тиешелүү тиш щеткаң, сүлгүң болсун. Бут кийимиңди таза карма. Өзүңдүн жеке гигиенаң болсун.
Үйдө, мектепте, көчөдө өзүңдү таза, тыкан алып жүр, кийимдериңди, буюмдарыңды таза карма.
Эшиктен киргенде, тамак ичердин алдында колуңду жуу.
Көчөдөн, базардан ар нерсени жуубай жей бербе.
Ушуну менен бүгүнкү тарбиялык сабагыбыз аяктады.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Тил майрамы”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Эне тилин сыйлаган- Мамлекеттик тил күнү
Кылычын карап от чачып
Кызыгып кимдер келген жок.
Кыргында жанын берсе да
Кыргызым тилин берген жок.
Кыргыз тилин өзүм сүйүп үйрөнгөм
Мурунтадан ата-бабам сүйлөгөн.
Сен бар кезде мен тирүүмүн, мен бармын,
Сен жоголсоң мен жоголом дүйнөдөн.
Чыңгызымдын жат тили
Кылымдарды сапырган,
Доорлорду батырган
Ырдап бүткүс таңы бар.
Бирге жүрсөм кыргыз тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,
Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.
Энең берген эне тил,
Эне тилди жакшы бил.
Атаң айткан алтын тил
Ата тилин жакшы бил.
Кыргыз тилим кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан. Эгемендикти алган жылдардан бери мамлекеттик тилди колдоо боюнча жигердүү иш- аракеттер көрүлүп, улуу жана орто муун эмес жаштарыбыз да мамлекеттик тилде эркин ой жүгүртүү менен эркин сүйлөп, учурда кыргыз тилин колдонуунун чөйрөсү кеңейүүдө. Дегенибиз ,мамлекеттик тил мектепте билим берүү, көркөм адабият, маданият жана искусство, жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөлөрүндө, соодада жана коомдук-саясый турмушта колдонулат. Дагестандын көрүнүктүү акыны Р.Гамзатов «Эгер бүгүн менин тилим жоголсо, анда мен өлүмгө даярмын» деген ыр саптарын кимдер гана билбейт. Ал өз тилинин, демек элинин чыныгы атуулу болгондуктан мына ушул саптар жаралгандыр. Чындыгында биздин эң башкы байлыгыбыз — эне тилибиз, дайыма согуп турган жүрөгүбүздө, тынбай учууга көмөк болгон канатыбызда кыргыз катары бизди ааламга тааныткан эне тилибиз. Ошон үчүн анын келечегине кам көрүү мен кыргызмын деген ар бир атуулдун ыйык парзы экендигин айтпасак да белгилүү. Ал эми мамлекеттик тил катары мыйзам менен бекемделген тилибизге сөз жүзүндө, иш жүзүндө колдоо көрсөтө албасак, анда биздин кыргыздыгыбыз, элдүүлүгүбүз кайда?
Тил — биздин канатыбыз. Ансыз учуу мүмкүн эмес. Демек, тилсиз жашоо болбойт. күндөлүк турмуштун өзү канат менен коштолуп, ошол канат менен максаттарга багыт алат. Канатсыз бир да куш асманга көкөлөп уча албаган сындуу биз дагы кыргыз тилибиз болбосо жашай албайбыз. Кыргыз тилин сүйөм деп айтып коюу оңой, ал эми аны ошол деңгээлге турмушка ашыруу абдан кыйын, оор. Айтарыбыз, кылымдын үрөйүн учурган кыйын кезең өтсүн, мейли дүйнөгө атагың чыкса да өз элиңди, байлыгыңды, улутуңду, тилиңди унутпа. Кыргыз ушул тилде төрөлүп, ушул тилде кыргыз болуп түптөлгөн. Ушул тилде улуу тарых жазылган. Биз аны көздүн карегиндей сактап, ата-бабаларыбыздын мурасын улаган улуу журт болушубуз керек.
Мамлекеттик тил – бул мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили – кыргыз тили. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган. Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып өлкөбүздүн бардык булуң бурчтарында мыйзамды ишке ашыруу чаралары кабыл алынып, аткарыла
баштаган.
Кыргыз тили Мамлекеттик тил статусун алуу менен, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилдеринин өнүгүшүнө кам көрүү конституцияда, тил мыйзамында баса көрсөтүлгөн. Ошондуктан мектептерде орус, өзбек, казак, дуңган жана башка тилдерде окутуу жүргүзүлүүдө. 23-сентябрда кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген күнүнө байланыштуу бүгүн эне тил майрамынын урматына өлкө аймагында ар кандай иш-чаралар өтүүдө.
Илимий мекемелерде «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу илимий-практикалык иш-чаралар уюштурулууда.2014-жылы кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча улуттук программа кабыл алынган.Айрым байкоочулар орус тилине расмий макам берилгенден кийин, кыргыз тилине кайдыгер мамиле арбыганын айтып келишет.
Мамлекеттик тил кыргыздын канына сиңген камырабастыгы, кенебестиги, ыкшоолугунун кесепетинен азыркы кейиштүү жагдайга кириптер болууда. Эми биротоло чек коюп, учу-кыйыры жок чексиздикке, белгисиз мөөнөткө созо бербей жыйынтыктуу иш аракеттерди баштоого мезгил жетти. Иштиктүү аракеттердин жасалышы - турмуш талабы да, учурдун олуттуу маселеси да болуп чыңалып турган чагы.
Топудай кыргыз элинин өткөн улуу муундары кооз, бай жана көркөм кыргыз тилин жоготпой, өчүрбөй улам кийинки урпактарга кастарлап келишсе, бүгүнкү жаңы доордун жашоочулары, биз, улантууга күч-кубатыбыз жетпей жатканы өтө кечиримсиз иш.
«Суунун да сурагы бар» дегендей тилди кор тута берсек, кам көрбөсөк, алыс эмес убакытта азабын тартып калышыбыз айдан ачык нерсе. Тилим менен тикенек алам деп куру безенеп сүйлөгөндөн көрө келечектүү, натыйжалуу жана кайтарымдуу иштерди кечиктирбестен баштоо абзел.
Туура жазуу эрежебизди элдин талкуусуна салбай, ыгы жок өзгөртүп, окуучулар, мугалимдер, журналисттер жана жалпы коомчулук алты жыл азапты аябай эле тартышты.
Түркиянын мурдагы премьер-министри Сулейман Демирелдин: «Улутчулдуктун өзү - бактылуулук» деген сөзүн биз, кыргыздар, кыргыз экенибизди туу тутуп, коркпой эле ураан кылсак жарашат. Улуттук тилге кам көрүү - башка улуттардын тилин басмырлоо эмес. Тескерисинче, уңгулуу тилге (мамлекеттик тилге) урматтоо жаратып, ал аркылуу республикада жашаган улуттардын достугун, ынтымагын чыңдоонун негизи болуп саналат.
Ымыркайдын бешиктен бели чыккандан баштап, кыргыздын таалим, тарбия, нарк-насил, каада-салт ж.б. багыттагы айтымдарын кулагына куюп, көөдөнүнө сиңирүү - ар бир ата-эненин ыйык милдети. Мисалы: Израилде еврейлер балдарын кичине кезинен баштап «сен келечекте улуттун чыгааны, элдин баатыры болосуң» деп мактап, иврит тилин (1949-ж.) каны-жаны менен коргоого үйрөтүшөт. Ошондуктан бардык тарабын араб өлкөлөрү курчап турса да, мамлекетте эне тилин №1 маселе деп эсептешет.
КРдин билим берүү жана илим министрлиги мектептин кыргыз тили боюнча программасын түп-тамырынан кайра оңдоп чыгуусу зарыл. Курулай эрежелерди жаттатуудан көрө, өз оюн эркин, оозеки айтууга, кептик карым-катышка активдүү катышууга, сабаттуу, туура жазууга көнүктүрө турган ыкмаларды, усулдарды иштеп чыгуу - турмуштук зарылдыкты жаратууда.
Республикадагы жогорку жана атайын орто окуу жайларынын бардык адистиктеринин, мамлекеттик стандарттагы окуу планына кеп маданияты курсун киргизүү керек. Сүйлөшүүнүн талаптарын (туура, так, таза, көркөм ж.б.), эрежелерин (оозеки, жазуу кебинин нормалары), вербалдык эмес каражаттарды (кыймыл-аракет, ымдоо, жамдоо, ишарат), кептик этикет (учурашуу, коштошуу, жүрүм-турум манералары ж.б.), учкул сөз, макал-лакап, даанышман айтымдарды ыктуу колдонуп, сүйлөөгө көнүктүрүү - кыргыз тилинин пикир алышуудагы кызматын арттырат.
«Иш кагаздарынын практикуму» предмети ЖОЖдордо (кыргыз филологиясы факультетинен башкасы) жана атайын орто окуу жайларында окутулбай келүүдө. Мамлекеттик стандарттагы окуу пландарында бул предмет өтө зарыл экендигине карабастан дагы эле киргизилбей калган. Келечекте жумуш орунга сабатсыз (иш кагаздары боюнча) адистер бүтүп барганына ичиң ачышат. Андыктан бул предметти окуу планына кылчактабай эле чечкиндүүлүк кылып киргизүү - жетекчилердин кулагына күмүш сырга болсун .
Бишкек,Ош шаарларындагы мекеме-ишканаларда, күч структураларында ж.б. иш кагаздары
жалпы бирдей талап менен окутулбай, ким билген намазын окуп, сабаттуулук, эреже бузулуп
жатат. Борборлоштурулган (республикалык, облустук, шаардык, райондук, айыл өкмөттүк) бирдей талаптагы, иретке келтирилген иш кагаздарын окутуунун жоопкерчилигин, үлгүлөрү пайдаланылышы керек.
«Сууну башынан тундур» дегендей кыргыз тилге болгон мамилени мамлекеттин, өкмөттүн жетекчилери, эл жакшыларынан баштоо максатка ылайыктуу болот. «Улуу көч кайда көчсө, кичүү көч ошондо көчөт» деген накыл сөз ар бир кыргыздын көөдөнүндө орноп, жогору жакты үмүттүү карап кыймылдаган адаты дале жашап келүүдө.
Коңшу мамлекеттердегидей (Казакстан, Өзбекстан) кызмат орунга кыргызча так сүйлөп, туура жаза алганына сынак жүргүзүү (чиновниктерди) же атайын мыйзамга талаптарды киргизүү керек. Ошондо гана муктаждыктын, зарылчылыктын шарапаты менен кыска убакытта өнүмдүү натыйжага жетүүгө болот. Бул багытта тилдин кашкөй, жалаң төш азаматтарынын карааны көзгө чалдыкпай келүүдө. Кыргыз тилинин такыба чыгааны, профессор Жээнбай Мукамбаевдин: «Кыргыз сөздөрү китепке түшүп, жашарып, көптүн көзүн ачып, билимдин каражатына айланганда гана Кыргызстанда кыргыз тилинин келечеги алга жылат»,-деген кеби калетсиз айтылган. Андыктан билим берүү тармагында кыргыз тилин окутууда (тарбиялануучуларды, окуучуларды, студенттерди, курсанттарды) сүйлөө кебин өстүрүү, дүйнө таанымын калыптандыруу адеп-ахлак жаатындагы сезимдерин жандандыруу, сабаттуулугун арттыруу маселесине терең көңүл буруу зарыл.
Кыргыз элинин жөрмөлөгөнүнөн таяк жөлөнгөнүнө чейин көкүрөгүнө эне тилин коргошундай уютуп, мекенчил сезимин оттой жалындатып, сүйлөшүүдө ыктуу колдонулганда гана тилдин келечегине үмүт жанат.
Кыргыз тилинин чыгаан кырааны, акын, жазуучу, сынчы, коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун ыр саптарынан үзүндү келтирели.:
Кыргыздын кыргыздан башка жоосу жок,
Кыргыздын Ала-Тоодон башка тоосу жок.
Эл эмеспиз, журт эмеспиз туугандар,
Эне тилдин ар намысын жоготсок-деген.Демек, баарыбыз мамлекеттик тилди-эне тилди барктап,бааласак.Анын өсүп-өнүгүшүнө салым кошсок.
Тилиң – тарых, тилиң-кузгу дилиңе.
Кимдигиңе тилиң күбө ириде.
Өз тилиңди кадыр тутуп, туу тутуп
Өтүүң парыз, бу дүйнөдө, тирүүдө.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Мугалим мөмөлүү - дарак”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Мугалим жана мугалимдер күнүКыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын бирден-бир маанилүү тармагы, билим берүү системасы экенин эске алып, ошондой эле билим берүү жана тарбия жумушчуларынын маанилүү ролун эстен чыгарбай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-февралындагы №36 Токтому аркылуу “Октябрь айынын биринчи жекшемби күнү” - жыл сайын мугалимдердин профессионалдуу майрамын белгилөө күнү деп кабыл алынган.
Мугалим... кандай гана ардактуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баёоо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан.
Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат.
Ар бир замандын өзүнө жараша мугалими болот. Бул сөз асыресе азыркы мезгил үчүн айрыкча мааниге ээ. Анткени бүгүн мектеп да түп тамырынан кайра түзүлүү тагдырына туш келип, заманбап окутуунун методикаларынан артта калбай, өз өнүгүүсүнүн кыйла кыйын кезегин баштан кечирип жаткан кези десек ашык болбос.
Ошондуктан педагогтун азыркы учурда аткарчу милдети бир жагынан өтө ардактуу болсо, экинчи жагынан ошончолук жооптуу. Себеби билим берүү, таалим-тарбия жана агартуу тармагын өркүндөтүү ишинде мугалимге өзгөчө милдет тагылган. Республикада жүрүп жаткан ар кандай реформаларга аралашып, аны алдыга жылдыруучу жаңы күчтөр дал ушул мектептер аркылуу даярдалып, улуттар аралык ынтымакка, адамдар ортосундагы өз ара жылуу мамилеге жана жалпы журт ичиндеги бейпилчиликке бекем данакер.
Мугалимдер
Мугалимдер - зирек жашап, ат багат,
Мээ коротуп, мектеп ишин аркалайт.
Мажурум тал шактарындай ийили,
Мээрим төгүп, окуучусун калкалайт.
Эч кири жок жүрөгүндө, сезимде,
Эл-жер менен жаңы бирге, дил бирге.
Эс-акылга ыйман менен жаңы ой,
Эгип келет көтөрөр деп кезинде.
Өз тагдыры бир жыйынга,
Өзгө тагдыр тынчтык бербей тыйымга.
Өмүр сүрөт мугалимдер изденип,
Өчпөс жарык чачамбы деп, кылымга.
(Жусуп Айдарбеги, Баткен шаары)
Скрыть объявление
Мугалимдер жөнүндө учкай сөздөр:
Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгү болоорлук сабак, эң жандуу мисал бул - мугалим. (А. Дистервег)
Ким эскини алпештеп, жаңыны аңдап-билсе, андай адам, мугалим боло алат. (Конфуций)
Биз кимден билим алсак, алар биздин окутуучубуз атына ээ, бирок үйрөткөндүн бардыгы окутуучу атынын баркына жете бербейт. (И. Гете)
Жакшы мугалим болуу үчүн, окуткан сабакты жана окуучуну сүйүү зарыл. (В. Ключевский)
Мектеп мугалимдери, ушундай бийликке ээ болуп, премьер-министрлердин андай бийлик кыялында гана болот. (У. Черчилль)
Мугалим бул - оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)
Эгер мугалимде жумушуна гана сүйүүсү болсо, анда ал жакшы мугалим.
Эгер мугалимде окуучуларга, анын атасы жана энесиндей сүйүүсү болсо, анда ал бардык китептерди окуган, бирок жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү жок мугалимден жакшы. Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал - мыкты мугалим. (Л. Толстой)
Мугалим бул - убакытка, географиялык жайгашууга көз карандысыз уникалдуу жана ары ардактуу кесип. Байыркы кесиптердин бири болгондугуна карабастан, мугалимдер бүгүнкү күнгө чейин талаптуу жана көптөгөн окуу жайлар аларга муктаж. Ожеговдун сөздүгүндө мугалим бул - адамдарды, кандайдыр бир нерселерге, билимге үйрөтүүчү адам деп жазылган. Эгер мурда мугалим деген түшүнүк «мектеп» деген сөз менен гана байланыштуу болсо, бүгүнкү күндө бул түшүнүк абдан зор тармакты камтыйт. Мугалимдер бизге ЖОЖда (Жогорку Окуу Жай) билим берип, мектептерде окуучуларга билимин берет, ал гана эмес жонокой кеңеш берген адам, кандайдыр бир мугалимдик сапаттарга ээ болот, бүгүнкү күндө эң керектүү бизнес сабактарын да өткөрөт, жада калса ушул текстти жазып жаткан Алина деген Түп районунун сайтынын контент-тарыхчысы да кандайдыр бир деңгээлде мугалимдин ролунда болуп, Сиздерге мугалим жөнүндө маалымат берүүгө өз аракетин жасап жатат. Темадан алыстап кеттик окшойт :)
Кесиптин кыскача тарыхы
Байыркы убакта, качан эмгектин түрү бөлүштүрүлбөгөн кезде, мугалимдин ордун улуу адамдар ээлечү, уруунун же коомдун тажрыйбалуу өкүлдөрү десек туура болот. Адам баласы эмгекти бөлүштүрүүнү үйрөнгөн сон, мугалимдин ордун кандайдыр бир кол өнөрчүлүктүн, бул же тигил билимди изилдеген адамдар болгон. 18-19 кылымдарда гана мугалимдик кесип официалдуу түрдө Европада жана дүйнө жүзүндө массалык көрүнүшкө ээ болгон.
Билим берүү системасынын майрамы жыл сайын октябрь айынын биринчи жекшембисинде өткөрүлөт, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы «Кыргыз Республикасынын башталгыч профессионалдуу билим алуу системасынын жумушчуларынын күнү жөнүндөгү» №376 токтому куч-кубатын жоготкондугу кабыл алынган.
Айтмакчы, Кыргыз Республикасынын башталгыч профессионалдуу билим алуу системасынын жумушчуларынын күнү 15-апрелге бекитилген. 1942-жылдын 15-апрелинде Кыргызстанда башкы эмгек резервтеринин башкармалыгы уюшулуп, Кыргыз Республикасынын башталгыч профессионалду билим алуу системасына башат болгон. Бул майрам 2007-жылы гана бир жолу белгиленген.
Билим берүү тармагынын майрамын жарыялоо жөнүндөгү биринчи инициативаны Өкмөткө Республикалык Эмгек жана Биримдик партиясы 2006-жылы киргизген. Бирок Кыргыз Өкмөтү ал инициативаны колдобой койгон. 2007-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарынын тьютер мектеби, ал инициативаны кайра көтөрүп, республикадагы бардык билим берүү тармактарынын майрамын бекитүүнү сунуштаган. Ошол эле жылдын октябрь айында Кыргызстан мугалимдеринин 2-съезди ал мектептин сунушун колдоп, өлкө башкармалыгына педагогтордун элдик күнүн кабыл алуусун сунуштаган.
Кыргызстандын аймагындагы билим берүү тармагынын профессионалдуу майрамы бирден-бир СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунда 1965-жылдын 29-сентябрында мугалим күнү деп кабыл алынган.
Ал эми азыркы учурдагы билим берүү системасынын күнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын бирден-бир маанилүү тармагы, билим берүү системасы экенин эске алып, ошондой эле билим берүү жана тарбия жумушчуларынын маанилүү ролун эстен чыгарбай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-февралындагы №36 Токтому аркылуу «Октябрь айынын биринчи жекшемби күнү» - жыл сайын мугалимдердин профессионалдуу майрамын белгилөө күнү деп кабыл алынган.
Мугалимдик кесиптин коомдогу социалдык орду
21-кылымда, ар түрдү билим тармактары көбөйгөндөн көбөйүп, илим чоң-чоң кадамдар менен алга карай умтулуп, мугалим кесиби коомду жана дүйнөнү интеллектуалдык жактан өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн кесиби болуп калды. Мугалимдер бизди бала-бакчадан баштап өмүрүбүздүн акырына чейин коштоп жүрөт десек ашык болбос. Мектепте, ЖОЖда (Жогорку Окуу Жай) да, ар кандай бизнес-окутуучулар жаңы-жаңы өнөрлүк кеңештери менен бөлүшүп, бизди мурдагыдан да ийгиликтүү кылат. Албетте мугалимдин коомдогу орду абдан маанилүү жана бийик. Мугалим болбосо, тракторду айдаган адам кайдан чыгаар эле? Мугалим болсосо дан эгип элдин курсагын тойгузган дыйкан кайдан чыгаар эле? Мугалим болбосо адам баласын өлүмдөн сактаган дарыгер же доктур кайдан чыгаар эле? Мугалим болбосо мамлекет башкарган президент кайдан чыгаар эле?
Бир саам элестетип көрсөк, эгер мугалим болбосо, адамдын баары сабатсыз болуп, инстинк менен гана жашап калмак. Асыресе адамдар сүйлөшүү сабатын, коомдо өзүн алып жүрүүнү да билмек эмес, анын аркасында ар кандай уруш талаштар, түшүнбөстүк, андан аркысын айтпай эле койсок болот.
Ийгиликтүү мугалимдин негизги компетенциясы, окуткан сабагынан жана аудиториясынан көз каранды эмес болуп, анын эффективдүү коммуникациялык сапаттары эсептелинет. Дал ушул коммуникациялык же башкача айтканда «сөз табыша билүү» сапаттары билимди жетишээрлик деңгээлде окутууга, окуучуну эмгекке ынандырууга, коомдогу конфликттерди башкарууга мүмкүндүк берет. Андан кийинки маанилүү сапат бул - чыдамдуулук, чыдамдуулук жана дагы бир жолу чыдамдуулук.
Бала бакчада балдар менен, мектепте окуучулар менен, ЖОЖда студенттер менен иштоо байыркы кездегидей эле коом үчүн зор мааниге ээ жана ардактуу. Ошого карабастан мугалимдердин эмгегин оңой деп айтууга таптакыр болбойт. Мугалимдерге канчалаган окуучуларды окутуп, ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле жасоого туура келет, а бул көптөгөн... жок калп айтам... “Зор” энергияны талап кылат десек туура болоор. Бекеринен айтылбаса керек “мугалим - мөмөлүү дарак” деп, анын сыңарындай көптөгөн окуучуларга чыдап, көп жылдан бери агартуу системасында иштеп келе жаткан адамдарга данк!
Эгер мугалим болгунар келсе...
Учурда мугалимдик кесип менин жеке баамым боюнча, анча авторитетке ээ эмес, эмне учун андай болууда? Анткени, коомдун 90 пайызы мугалимдин чыныгы маанисин билбейт. Акырындан убакыттын отушу менен мугалимдер жүздөгөн, а түгүл миңдеген окуучуларга билимин берип, ак жолго салат. Мугалим бул - көзгө сайган, билимсиздик караңгычылыгы менен тымызын согуш жүргүзүп келген, билимдүү келечекке сүрөгөн, ардактуу жана сыймыктуу баатыр-полководецтер. Бирок тилекке каршы муну баары эле түшүнө бербейт. Эгер мугалим болгуңар келсе, азыркы кезде эл агартуу системасы мугалим болом деген жарандарга көптөгөн мүмкүндүктөрдү бере алат. Эң башкысы кайсы тармакта жана кандай форматта окутуучу болооруңарды чечип алуу зарыл. Эгер наристелер менен болууну жактырсаңар, балдар бакчасына тарбиясы же башталгыч класстардын мугалими болсоңор болот, жана мындайга педагогикалык институтта билим алууга болот. Ал эми ЖОЖдо (Жогорку Окуу Жайда) окуутуучу кесибине ээ болуу үчүн, кем дегенде эле толук жогорку билимге ээ болуу керек, илимий деңгээлдеги билиминер болсо идеалдуу болот.
Жеке сапаттар
Мугалимдик кесипте ийгиликке жетүү үчүн, мүмкүндүктөрдүн жогорку деңгээлде болуусу
зарыл (интеллектуалдык, комминикативдик, уюштуруучулук), ошондой эле мугалимдик кесипке туюндуруучу жеке сапаттардын да кереги чоң тиет. Окутуп жаткан сабактарды мыкты билүү, окутуунун жана тарбиялоонун заманбап ыкмалары, балдар жана өспүрүмдөр менен баарлашууну билүү жана каалоо, мындай кесиптеги жумушка жогорку деңгээлдеги мотивация жана башкалар зарыл, анткени, чыныгы мугалим болуу бул - жөн эле кесип эмес, бул - чоң талант жана ынтаа.
Мына ушундай өтө жооптуу мугалимдердин ишине ийгилик каалап, жыл сайын октябрдын биринчи жекшемби күнү өтүүчү кесиптик майрам күнүңүздөр кут болсун, кымбаттуу агай-эжейлер! - демекчибиз.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Карысы бардын ырысы бар”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Сабактын темасы: Карысы бардын ырысы бар
Сабактын максаты: а) Жаңы теманы терең түшүнүшөт.
б)Окуучулар турмуштагы оң-терс жагдайларга карата баамчылдык сезимдерин, көз караштарын
өнүктүрүшөт, өз алдынча ой жүгүртүүгө багыт алышат.
в) Окуучулар ата-энеге кайрымдуу болууга, аларды терең урматтоого жана сыйлоого тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар , түстүү сүрөттөр, комуз
Сабактын жүрүшү:1) Уюштуруу
2) Үй тапшырманы суроо
3)Бышыктоо
Жаңы тема:
Мугалим: Жок болсо да ак сарайым алтыным,
Бүт ааламдан бүт дүйнөдөн мен баймын.
Менин дүйнөм, менин мүлкүм байлыгым,
Ата, апа, сиздердин тирүүлүктө барлыгың.
Ата-дөөлөт, эне- таалай бала үчүн,
Кадырлоого жумша андыктан бар күчүң.
Кылбасаң да чеке тердеп алп мээнет,
Ошол болсун коомго кошкон үлүшүң.
Ата менен эне тирүү барында ,
Эң башкы ишиң жан дилиңден кадырла.
Каза тапса арзыбайт бир тыйынга ,
Сен короткон алтының да, ыйың да.
Мактай албайм үйдөй алтын жыйнасам,
Мага десең академик , аалым бол!
Ата-энеңди терең урмат кылбасаң,
Адам деген асыл наамың болот кор.
Саламатсыздарбы! Урматтуу коноктор жана окуучулар “Ата- аскалуу тоо,эне-анын боорундагы булак, бала -экөөнө тең жанып турган шам чырак ” бул ар бир инсандын жүрөгүнөн түнөк тапкан нарктуу нуска.Окуучум! ,бул нуска сенин да жүрөгүңдөн түнөк табышын каалайм.Силердин бул жарык дүйнөгө келишиңерге себепкер болгон , тарбиялап өстүргөн ата-энеңердин сүт акысын актагы.Аларга болгон урматтооңорду ширин тил менен таза эмгегиңер менен көрсөткүлө.Өмүр боюу аларга ак кызмат кылып, алардын ыраазылыгын алгыла.
“Кулактууга бир сөз” дейт элибизде. /йдөн ата-эне айтса, мектептен биз мугалимдер айтсак эстүүсү илип кетээр.
Ата-эненин балага болгон мээрими чексиз, көргөн камкордугу , келечегинен күткөн үмүтү чоң. Анда эмесе көрүнүшкө көңүл буралы
Баласы: — Ата, сиз мени чын эле жакшы көрөсүңбү?
Атасы: — Балам, менин сени канчалык деңгээлде жакшы көрөөрүмдү өзүң балалуу болгондон кийин гана данаарак түшүнөсүң!
Ошондон бери : “Балам балалуу болгондо билерсиң ” деген лакап калыптыр.
1)“Ким көрсөтсө ата-энеге урмат-сый
Эрте-кечпи ал өзүнө кайтаттыр”. деген темада көрүнүш аткарышат.
Көрүнүштө Бир үй –бүлөнүн тамактанып жаткан учуру: чоң энеси,ата-энеси жана кичинекей небере. Чоң эне тамактанып жатып идишин сындырып алат. Аны көргөн келини каарданып карганып урушуп кирет.Апасы энесине каарданып урушуп жатканда уулуна тамак ичүүгө чакырат да ,уулунун жыгач оюп жатканын көрөт. Баласынын эмне кылып жатканын сурайт.Ошондо уулу: — “Эртең силер да картайганда идиш сындырып , жаңжал чыкпасын деп силерге жыгачтан идиш жасап жатам” –деп жооп берди.
Көрүнүш боюнча талкуу жүргүзүлөт.Келген конок карыяларга да сөз берилет.
2)Окуучулар ата-эне жөнүндө макалдарды айтышат.
1.Ата-эне сыйлаган абийир табат,
Энени сыйлаган элине жагат.
2.Алты күн ачка калсаң да, атаңды сыңла.
3.Атасы үчүн баласын айыпка жыкпайт,
Баласы үчүн атасы эмнени гана укпайт.
4.Уул – тукум, жакшыбы, жаманбы- ысым чакыртат,
Кыз- кыйкым,жакшысы кадыр артырса, жөнү кепке калтыртат.
5. Ата көргөн ок жонот,
Эне көргөн тон бычат.
6.Карынын сөзүн капка сакта.
3) Турмушта ар түрдүү жагдайлар, тагдырлар кездешет.Ата-энесин бакпай карылар үйүнө жеткиргендерди ата-энесине муздак мамиле жасап жаткандарын сын алгыдан, чыгармалардан окуп, көрүп, күбө болуп жүрөсүңөр. Анда эмесе акын Болуш Керимбаевдин “Таш боорлор кандай немесиң?” деген чыгармасын 2 окуучу көркөм окуп беришет.
Ээндеп айдап кемесин,
Элимдин укпай жемесин.
Каарыптар кайрым жайына,
Жеткирди кызы энесин!
Алкаган ыйман батасын,
Агарткан кирсиз жакасын.
Карыптар кайрым жайына,
Жеткирди жигит атасын .
Бышыктоо: Окуучулар сүрөт боюнча иштешет.Өз ойлорун сүрөт боюнча айтып беришет.
Сен билесиңби? деген оюну ойнотулат. Мында окуучулар биринен экинчисине улам гүл узатышып, ата-эненин ыйыктыгын даңазалаган сөздөрдү айтышат. Мисалы:
1)Ата-энең ыйык жана ардактуу билесиңби?
2)Ал сенин эң жакын адамың, билесиңби?
3)Сен орой, ичкич, жолу болбогон адам болсоң да, сени бүт дити менен коргоп, сен үчүн сыздап өтөт, билесиңби?
4)Сен канчалык оорукчан, түрү суук, майып болсоң да , сени эч кимге алмаштырбайт, билесиңби?
5)Сенин кыйынчылыгынды мойну менен көтөрүп, кайгы касиретиңе жүрөгү канап азап чегет, билесиңби?
6)Өзүңдө болбогон кымбат буюмду сенде болсун дейт , билесинби?
Уйгө тапшырма: “Карысы бардын ырысы бар” деген темада дил
баяндарды жазуу
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Жолдо жүрүү эрежесиндеги белгилер.”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Күз майрамы”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Күз мезгили
Күн жай мезгилиндегидей жылуулугун жана коротулбай калган энергиясын тартуулаганга аракеттенип, көк асманда булуттар анда-санда гана көрүнөт. Бир гана шамал муздак тартып, чукул болуп, сентябрь айы кирип келгенин эскерткенсийт. Жашыл өсүмдүктөрдүн арасында күздүн биринчи белгилери: сары жана саргыч-кызыл жалбырактар көрүнөт. Канаттуулар чогулуп узак учууга даярданып жаткансыйт. Борошон жана узакка созулган жаан-чачындар баштала эле бирок асманды кээде кара булут каптап, жаан жаайт. Жолго чогулган чалчыктар күндүн көрүнөөрү менен тез эле кургап жок болот. Эртең менен суук болгонсуйт, бирок асман чайыттай ачык, таза жана терең.
Абада өзгөчө күзгү жыпар сезилет: жаңы чабылган чөптүп жана кыпкызыл болуп бышкан алмалардын жыты. Табият ачык күзгү түстөргө боёлуп, ак-кара түстөгү кыштын алдында мактанып жаткансыйт. Мындай көрүнүш күздүн бардык көркөмдүгүн көрсөтүүгө аракеттенип жаткан коштошуу карнавалына окшош. Ал гана эмес жадатма жана карматпаган чымын-чиркейлердин кыймыл аракеттери жай жана уйкусу келгендей. Ал эми баба-дыйкандар оруп-жыйуу иштери менен алек болуп, айыл аймактарында трактор, компбайндардын дүркүрөгөн үндөрү угулат. Эртен менен окуучулар сумкаларын көтөрүп алып мектепке жөнөп бараткандарын көрүүгө болот. Бул күз мезгили. Күз жай жана кыш мезгилдеринин ортосундагы жыл мезгилдеринин бири, байыркы элдердин түшүндүрмөсү боюнча оруп жыйуу убагы, күүгүмдүн келиши дегенди түшүндүрөт.
Скрыть объявление
Күз өтмө мезгил десек дагы болот. Күндүн тийүүсү кыскарып, айлана чөйрөнүн температурасы төмөндөй баштайт. Календарлык күз Календарлык күз үч айдан турат: түндүк жарым шарда - сентябрь, октябрь жана ноябрь, түштүк жарым шарда болсо - март, апрель жана май. Астрономиялык күз болсо календарлык күздөн кечирээк келет: Түндүк жарым шарда календарлык күз 1-сентябрдан 30-ноябрга чейин созулса, астрономиялык күз 22-23-сентябрга күзгү күн теңелүү - кышкы күндүн турушу (күндүн же түндүн эң кыска болгон убагы) 21-22-декабрь болуп баяндалат. Ал эми түштүк жарым шарда календарлык күз 2-марттан (толук жылы б. а. 29-февралда 1-марттан баштап) 31-майга чейин созулса, астрономиялык күз 20-21-март күзгү күн теңелүү - кышкы күндүн турушу (күндүн же түндүн эң кыска болгон убагы) 20-21-июнь болуп баяндалат. Жер планетасына күн энергиясынын кирүүсүнүн теңелүүсү ага туура келүүчү мезгилдин ортосу болот. Бирок температуранын өзгөрүүсүнүн кечигүүсү (жердин жана суунун физикалык касиетининин аркасында) климаттык мезгилдерди астрономиялык мезгилге салыштырмалуу кечиктирип коет. Температуралык кечигүү конкреттүү аймакка жараша өзгөрүп турат, ошондуктан кээ бир маданияттарда күзгү күн теңелүү күз ортосу болуп саналат, ал эми кээ бирлеринде күздүн башталышы болуп эсептелинет.
Климаттык күз Климаттык күздү бир нече мезгилчелерге бөлсөк болот, алар: 1.Күздүн башталышы - августтун аягынан башталып, сентябрь айынын экинчи жарымына чейин созулат. Бак-дарактардын биринчи сары жалбырактарынын пайда болушу менен коштолот. Көлдөрдөгү, көлмөлөрдөгү жана дарыялардагы суулардын температурасы акырындык менен төмөндөй баштайт. Анда-санда жаан жайт. 2.Алтын күз мезгилчеси деп атап койсок да болот. Сентябрдын аягынан баштап октябрдын ортосуна кээде аягына чейин созулат. Бул мезгилчеде бак-дарактардагы жалбырактар интенсивдүү сары боёкко боёло берет, флорофилл өз ишин токтотот десек да болот.
Түндүктө жашаган келгин канаттуулар түштүктү көздөй учуп кете башташат. Бардык муздак кандуу жандыктар температуранын төмөндүгүнөн анабиоз абалына өтөт. Жаан-чачындын жаашы көбөйөт. 3.Терең күз мезгилчеси. Октябрь айынын экинчи жарымынан башталып ноябрь аянын башталышына чейин.
Бул мезгилчеге биринчиден келгин канаттуулардын учуп кетүүсү мүнөздүү. Канаттуулар
сутканын орточо температурасынын төмөндөөсүнө жараша акырындык менен кете башташат. Абанын жана суунун температуралары кескин төмөндөп, жан-жаныбарлардын активдүүлүгү төмөндөйт. Жырткыч жаныбарлардын активүүлүгү тескерисинче аз-аздан жогорулай баштайт, бирок көбүн эсе бул мезгилчеде анча билинбейт. Мекемелерде жана көп кабаттуу үйлөрдө жылытуу системалары ишке кирише баштайт. Жаан карга айланып, биринчи кар жаашы мүмкүн. 4.Кышка карай мезгилчеси. Ноябрдын биринчи жарымынан тарта.
Бул күзгү мезгилчелердин соңкуларынын бири. Мезгилчеге мүнөздүү өзгөчөлүк - жалбырактардын активдүү түшүүсү. Түнкү үшүктүн жүрүшү туруктуу боло баштайт. Биринчи кар жаап, бирок кар толук түшпөйт. 5.Биринчи кыш мезгилчеси. Ноябрь айынын экинчи жарымынан декабрь айынын башталышы.
Кез-кез кар жаап, убактылуу кар жер бетин жаап калуусу жана биринчи күндүзгү температуранын нөлдөн төмөн болуучу мезгилчеси. Орточо температура нөл мамычасынан төмөндөп, биринчи бороондордун караандары байкала баштайт. Биринчи кыш мезгилчеси толук кыш мезгилине өтүү менен, климаттык
кыштын келүүсү менен аяктайт. Оруп-жыйуу иштери Күзүндө жылуу аба ырайы муздак аба менен алмаша баштайт дагы, негизги оруп-жыйуу, түшүм алуу иштери жүрөт. Ушундай сүрөттөлүштөр күзгө арналган көптөгөн адабий чыгармаларда чагылдырылат. Батыш маданияттарда негизинен жер жемиш, мөмө жемиш, дан өсүмдүктөрү менен кооздолгон аял затынын образы абдан кеңири таралган. Көптөгөн байыркы маданияттарда күз мезгилинде оруп-жыйуу майрамын майрамдашкан, жана бул майрам байыркы элдерде эң маанилүү майрам болгон.
Күзгү зээригүү Көп учурда поэзияда күз мезгили зээригүү, кандайдыр бир кайгы менен ассоциацияланат. Жайкы жылуулук кетип, күндөн күнгө кышкы суук жакындайт. Асман бозомтук тартып, адамдар өз ойлоруна чөмүлөт. Зинакан Пасаңованын Күзгү маанай аттуу ырында күздү төмөндөгүдөй баяндаган: Саратандуу маанай күтүп жүрсөк биз, Сары убайым санаа болуп келди күз. Суз ойлорду дуу учуруп үркүтүп. Сүйгүм келди мен бирөөнү күтүүсүз. Астрологияда күз мегилине туура келүүчү белгилер: бийкеч, тараза, чаян жана жаачы.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“СПИД ге каршы күрөшү”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Сабактын темасы: СПИД – кылымдын маселелери
Сабактын максаты:
Окуучулар СПИД дарты жөнүндө маалымат ала алышат
СПИДдин зыяндуулугун айтып бере алышат.
Бири – бирин угуп, ойлорун толукташат.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу
Теманы түшүндүрүү:
1988-жылдан тартып 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күн катары белгиленип келет. Мурда көбүнчө Европа мамлекеттери өзгөчө маани берип белгилеп келсе, азыр күнөстүү Азия мамлекеттери да кошулуп, бул датанын маанилүүлүгүн арттырууга чоң салым кошту. Ал тургай өзүбүздүн эле чокусунан ак кар, көк муз кетпеген Ала-Тоолуу өлкөбүздө бул өнөкөт, өлөрман оору кеңири кулачын жайганы көнүмүш иш болуп калгандай көрүнөт.
ВИЧ деген эмне?
ВИЧ-адамдын иммун жетишсиздик вирусу (Вирус Иммунодефицита Человека), ал СПИД оорусуна алып келет. ВИЧти СПИД оорусу деп түшүнүү туура эмес. ВИЧ - адамдын организминде пайда болгондон тартып, СПИДге өрчүп кетүү убагы алты айдан тартып, он беш жылга чейин созулушу мүмкүн. Ага чейин ал организмде билинбей жүрө берет. Ал эми СПИД - иммунитет жетишсиздик оорусунун синдрому болуп эсептелинет. Ал адам баласына гана таандык, коркунучтуу жаңы жаралган жугуштуу оорулардын бири. Акыркы жылдары бир канча мамлекеттерде СПИДге каршы вакциналарды, химиялык препораттарды, дарыларды табуу иштери тынымсыз жүрүүдө. Бир кыйла дары-дармектер практика жүзүндө, дартты жугузуп алгандарды, ооруларды дарылоодо колдонулууда. Бирок, азырынча СПИДди толугу менен алдын-алуучу вакцина жана вирусун биротоло жок кылуучу активдүү, эффективдүү дары-дармектер дагы эле табыла элек. Демек, СПИД адамдын өмүрүнө душман бойдон калууда.
Дарттын жугуу жолдору:
ВИЧ - организмдеги белгилүү бир суюктуктардын курамында болот. Канда, спермада, сүт бездеринде кездешет. Мындан улам ВИЧ төмөнкү жолдор менен жугат деген жыйынтык чыгарсак болот:
*Жыныстык катнашта.
*Кан алмаштырганда.
*Тазаланбаган медициналык аспаптарды колдонгондо.
*Организмге кан куйганда.
*Кош бойлуу учурда энеден балага.
*Эмизгенде жана төрөттөн жугушу ыктымал.
ВИЧ - сасык тумоо сыяктуу аба аркылуу башкаларга жугушу мүмкүн эмес. Ал организмдин суюктугунда жашайт жана клетканын ичинде гана көбөйөт. Бирок, ВИЧ өбүшкөндө, кол кармашканда, кучакташканда, чогуу бир идиш-аяктарды колдонгондо, бассейнге түшкөндө, чогуу тамактанганда, коомдук транспортто жана жалпы дааратканадан жукпайт.
СПИДке каршы вакцина табыла элек
Бул коркунучтуу илдеттин пайда болгону тууралуу ар кандай сөздөр айтылып келет. Бирок, 1926-жылы биринчи жолу адамга маймылдан жуккан деген аныктама эң көп тараган. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзү боюнча СПИД оорусуна чалдыккандардын саны 60 млн адамдан ашкан. Ал эми көз жумган адамдардын саны 25 млн адамга жеткен. СПИД оорусу менен эң көп ооруган өлкө катары биринчи кезекте Америка Кошмо
Штаттары эсептелет. Бул өлкөдө эркектерге караганда аялдардын саны күч. Мисалы Нью-Йорк шаарында бир жылдын ичинде 20 миң наристе ВИЧ оорусу менен
төрөлүшөт. Африка өлкөлөрү да АКШдан ашып кетпесе да, кем калышпайт. СПИД оорусуна каршы дары ушул кезге чейин жок деп так кесе айтылып келет. СПИДге чалдыккан адамдын айыгып кеткен учуру да дүйнөдө каттала элек. Бүгүнкү күндө дүйнө окумуштуулары СПИДге каршы 40 вакцинаны сыноодон өткөзүү менен алек. Бирок, ал вакциналардын бири да жакшы жыйынтык берген жок.
Кыргызстанда…
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясына чалдыккандардын саны саат сайын өсүп бараткандай таасир калтырууда. Статистика боюнча 1997-жылы 53 адам ВИЧти жугузуп алган болсо, 2010-жылы бир жылдын ичинде 570 адам болгон. Ал эми 2011-жылдын акыркы күндөрү эле 300дөн ашуун кичине балдар ВИЧ оорусуна чалдыгып отурат. Кыргызстан 2015-жылга чейин бүткүл дүйнөлүк СПИДди токтотуу боюнча 2000-жылы кабыл алынган миң жылдыкты өнүктүрүү программасына үн кошкон. Ошондой эле ПРООНдун «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ВИЧке каршы күрөшүүсүн колдоо» аталган программасы да иштөөгө киришкен.
СПИДдин алгачкы белгилери:
- Ар бир адам кандайдыр бир белгилерден улам ВИЧке чалдыкканын аныктай албайт.
Бирок, ошентсе дагы медицинада СПИДдин ар кандай белгилери аныкталган. Алар салмактын дароо азайып кетиши, кургак жөтөлдүн пайда болушу, температуранын жогорулашы, белгисиз бир себептерден улам уйку суроо, ич өтүү, мурунда жана ооздо кызыл, күрөң тактардын пайда болуусу, депрессия, стресс сыяктуу оорулар болушу мүмкүн. Бирок, мындай белгилерди байкаган соң дароо ВИЧ-инфекциясы бар экен деген түшүнүк болбош керек. ВИЧти мындай белгилерден тышкары анализ аркылуу лабораториялык тестирлөөдөн соң гана аныктоого болот.
- Алдын алуу жолдору:
- СПИДди алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштуруп келген өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын саны бүгүнкү күндө Кыргызстанда 100гө жакын. Бул коомдук уюмдар ВИЧ СПИДке каршы ар кандай багытта иш алып барышат. Алар көбүнчөсү шаарда жана областардын белгилүү бир аймактарында гана болгондуктан, алыскы мектептердеги окуучулар, жаш улан-кыздар мындай маалыматтан кур жалак калууда. Ошондуктан, ВИЧ СПИД дарты менен күрөшүүнү бир гана медициналык кызматкерлер эле эмес, жалпы коомчулук, жергиликтүү жетекчилер, жаштар бардыгыбыз колго алышыбыз керек. «Жабыла көтөргөн жүк жеңил» демекчи, баарыбыз чогуу аракет кылсак, ошондо белгилүү бир натыйжа чыгарына ишеним артсак болот.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Атадан – акыл, ападан - тарбия”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Сабактын темасы: “Атадан – акыл, ападан – тарбия”
Сабактын максаты:
Баланын өнүгүүсүнүн негизи катары үй-бүлөдөгү тарбиянын маанилүүлүгүн талкуулоо;
Ата-энелердин балдардын жана балдардын ата-энелердин астындагы жоопкерчиликтин моралдык жана укуктук нормаларын талкуулоо;
Инсандандын калыптануусундагы үй-бүлөнүн орду боюнча ой жүгүртүүгө түрткү берүү. Сабактын милдеттери:
Үй-бүлөдөгү позитивдүү жүрүм-турумдун үлгүсүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү.
Керектелүүчү ресурстан: ватмандар, маркерлер (эгер алар жок болсо, досканы, дептерди жана ручканы колдонсо болот).
Сабактын планы:
Көнүгүү
Көңүлдү буруу
Топтордо иштөө
Мини-лекция
Жыйынтыктоо.
Окуучулардан эмне үчүн сабакта баланы тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду деген темада сүйлөш керектигин сураңыз. Жооптор ар түрдүү болушу мүмкүн, анын ичинде мындай сабактын керектүүлүгү жок деген дагы жооптор болушу мүмкүн.
Маанилүү нерсе: ал жоопторду туура эмес деп айтпаңыз, тескерисинче, ыраазычылык билдирип, сабактын аягында алардын бул суроого толук жообун алыныз.
Сабактын жүрүшү:
Көңүлдү буруу (5 мүн.)
Мугалимге сунуш:
Сабакты окуучулар менен төмөнкү суроолорду талкуулоо менен баштаңыз:
Үй-бүлө мүчөлөрүнө кандай таасирин берет?
Үй-бүлөдө кандайдыр бир жүрүмтурумдун эрежелери болуш керекпи, эмне үчүн?
Үй-бүлөдө ага- эжелер, балдар, ата-энелер кандай болуш керек?
Үлгүлүү үй-бүлө деген эмне?
Окуучуларга талкууга даярдануусу жана суроолорду түшүнүүсү үчүн бир
Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат. Макал болгон мамилесинин өзгөрүлгөндүгү тууралуу сураңыз. Эгерде жооп “жок” болсо, бул окуучулардын оюу жана ал ойду сыйлоо керек.
Мугалим: Бүгүн биз силер менен адамдын - баланын, андан кийин толук жарамдуу жаран катары тарбиялануусунда биринчи кыштар үй-бүлөдө коюлат- бала кимдерди карайт, кимдердин айланасында чоңоет, кимдерден үлгү алат. Бирок биз канчалык деңгээлде жүрүм- турумубузга маани беребиз? Биздин жүрүмтурумубуз (ата-энелер, балдар, ага, эжелер) айланадагыларга таасир бере тургандыгыбыз боюнча ой жүгүртөбүзбү?
Бир күндүн ичинде ар бир үй-бүлөнүн мүчөсү эмнени жасайт жана эмнени жасабай
тургандыгын карап чыгабыз. Биздин кадимки күнүбүз кандай өтөт, эмнеге көңүл бурабыз же көңүл бурбайбыз, ошолор боюнча жалпы абалды карайбыз..
Топтордо иштөө (33 мүн.)
Мугалимге сунуш: Кичи топтордо иштөө эки этапта өткөрүлөт.
Биринчи этап:
Классты 5 топко бөлүп, төмөнкү тапшырмаларды бериңиз. Топтор болгон жоопторду камтуулары керек, ата-энелердин дагы адаттарын, ал адаттар жакшы болбосо деле киргизүү керектигин топторго айтыңыз (балдар сүрөттөр, ырлар аркылуу чагылдыра алат). Жумуш үчүн 10 минут берилет.
1-топ. Бир күндүн ичинде апам өзүн кандай алып жүрөт (эмнени жасайт жана эмнени жасабайт?).
2-топ. Бир күндүн ичинде атам өзүн кандай алып жүрөт (эмнени жасайт жана эмнени жасабайт?).
3-топ. Бир күндүн ичинде агам өзүн кандай алып жүрөт (эмнени жасайт жана эмнени жасабайт?).
4-топ. Бир күндүн ичинде эжем өзүн кандай алып жүрөт (эмнени жасайт жана эмнени жасабайт?).
5-топ. Бир күндүн ичинде мен өзүмдү кандай алып жүрөм (эмнени жасайм жана эмнени жасабайм?).
2. Топтор өздөрүнүн жоопторун презентация кылат жана калгандары комментарий берип жана кошумчалайт (ар бир презентацияга 2 мүнөт убакыт берилет).
3. Презентациялардан кийин жоопторго эмне дагы жетишпей жаткандыгын сураңыз, мүмкүн алар тамеки чегүү, спирттик ичимдиктерди ичүү боюнча айтуудан уялышкандыр же тарбиялык иш өткөрүүгө көңүл бурулбашы боюнча айтыңыз (мисалы, келечекке, жумада ишке аша турган пландарга, жашоодо, сабакта үлгү боло турган үй-бүлөнүн тарыхы, ата-бабалар жөнүндө ата – энелер балдары менен сүйлөшүшпөйт; ата-энелер балдары менен чогуу эс алууга чыгышпайт, чогуу ойношпойт, сейилдешпейт; балдардын материалдык мүмкүнчүлүктөрүнө карата ата-энелердин функциясы орто болуп калды ж.б.).
Экинчи этап:
Топторду төмөнкү тапшырмалар менен иштөөсүн сураныңыз (8 мүн.):
1-топ. Үй-бүлөдө апам өзүн кандай алып жүрүүсү керек?
2-топ. Үй-бүлөдө атам өзүн кандай алып жүрүүсү керек?
3-топ. Үй-бүлөдө эжем өзүн кандай алып жүрүүсү керек?
4-топ. Үй-бүлөдө агам өзүн кандай алып жүрүүсү керек? • 5-топ. Үй-бүлөдө өзүмү кандай алып жүрүүм керек?
5. Топтор өздөрүнүн жоопторун презентация кылат жана калгандары комментарий берип жана кошумчалайт (ар бир презентацияга 1 мүнөт убакыт берилет).
6. Мини-леция катары сабактын жыйынтыгын чыгарыңыз.
3. Мини-лекция (2 мүн.)
Мугалим: Адамдын жашоосунда жанындагылардын таасири жана үйбүлөнүн орду эң маанилүү. Балдар чоңдордун жүрүм-турумунан үлгү алат, эгерде алар ырайымдуулук, боорукердик, сүйүү, сый-
урмат жөнүндө сүйлөшсө, бул үй-бүлө мүчөлөрүнө таасирин берет. Үй-бүлөдө атмосфера начар, атаэнелер бири-бири менен урушса, бир туугандар бири - бирин жаман көрүп, көңүл бурбаса бири-бирине, бул дагы биздин жүрүм-турумузга ачык же ачык эмес тескери таасирин берет (адам түнт, агрессивдүү, жалгыз, сүйлөбөгөн болуп, теңтуштары дагы начар мамиле жасай башташат). Теңтуш катары биз башкача мамиле жасашыбыз керек, адамдын үстүнөн күлбөй, түшүнүүгө аракет жасоо, өзүбүздү анын ордуна коюп, шылдыңдоо, ачуулануу жакшылыкка алып барбай тургандыгын сезип көрүшүбүз керек. Үй-бүлөдөгү мамиле этикалык нормада жана моралдык деңгээлде болсо дагы, үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бир нече жоопкерчилик мыйзамдын чегинде каралган. Мамлекет үчүн үй-бүлөдө эмне болуп жаткандыгы маанилүү, анткени Үй-бүлө коомчулуктун ячейкасы жана коомчулук үй-бүлөдөн түзүлөт. Мисалы: үй-бүлө кодексинде ата-энелер балдарынын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүп берүүсү, тарбиялоосу, сыйурматка үйрөтүүсү керек деп жазылган. Туура тарбиялоо деген-балага эмне керек, ал үчүн эмне жакшы экендигин түшүнүү, аны угуу жана өнүгүүсүндөгү муктаждыктарды камсыз кылуу, аны менен сүйлөшүү жана мамиле кылуу болуп саналат. Ата-энелерден башка балдардын дагы үй-бүлө мүчөлөрү катары өзүнүн милдеттери бар. Эгерде силер балдардын чоңу болсоңор, анда кичинекейлерге жардам берүүнү үйрөнгүлө. Кыргыздарда төмөндөгүдөй макалдар бар: “Аганы көрүп, ини өсөт, эжени көрүп, сиңди өсөт”, ”Улуусун тарбияласаң, кичүүсү өзү тарбияланат”. - Бул макалдардын маанисин кандай түшүнөсүңөр?
Жыйынтыктоо: Адамзат жашоосунда ар бир инсандын үй-бүлөсү, тууган уругу бар, тамыры
болбой эл болбойт. Элде эгерде бир адам келин алса, кимдин кызы, кайсы уруудан деп сурашат. Себеби, ошол кыздын, баланын үй-бүлөсү кандай болсо, ал бала же кыз жөнүндө элдин арасында ошондой ой түшүнүктөр калат. «Ал эми ал үйбүлө ынтымактуу, тартиптүү, эмгекчил же тескерисинче «ой, ал үй-бүлө жалкоо, ынтымаксыз» ж.б. деп сырттан жыйынтык чыгарып коюшат. Себеби, кыргыз эли ушунчалык даанышман калк. Турмуштагы окуяларды макал менен аныкташкан. Чындыгында, алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат. Мааниси адам төрөлгөндө ак барактай тап-таза болуп жаралат. Ага кандай жазсаң, ошондой болуп калат. Ошондуктан, үй-бүлө мүчөлөрү бири– биринин алдында милдеттүү. Айрыкча ата-эне, эже, ага өзүнөн кичүүлөргө үлгү болушу керек. Ата-эненин балдарына каалары жалаң гана жакшылык. Өз баласынын туура багыт алып, өсүүсү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, акыл-насаат айткандан тажабайт. Баланын келечегине ата-эне жооп берет. Ата-эне баласы жаман болуп чоңойсо уятка калат.
Жыйынтыктоо (5 мүн.) Мугалимге сунуш:
Окуучуларга төмөндөгүдөй суроолорду бериңиз:
Кандай сабак алдыңар жана үй- бүлөдө эмнеге көңүл буруу керек?
Ата-энелер менен дагы ушундай жолугушууларды өткөрүү керекпи?
Эгерде сабактын башында “мындай сабактарды мектепте өткөрбөө керек” деген жооптор болгон болсо, ошол окуучулардан алардын ою өзгөрүлгөндүгү тууралуу жана анын себептерин сураңыз.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Зоордук зомбулукка каршыбыз”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Сабактын максаты: Зоордук зомбулукка каршыбыз
Сабактын максаты:
Зордук-зомбулук көйгөйүнүн болуп жаткандыгын окуучуларга түшүндүрүү.
Зордук-зомбулуктун ар түрдүү түрлөрү менен тааныштыруу.
Сабактын жүрүшү: Зордук-зомбулуктун таасири жөнүндө кеп баштаардын астында, анын түрлөрү тууралуу маалымат алып алсак. Азыркы учурда зордук-зомбулуктун төрт түрүн ажыратышат:
денелик;
психикалык –эмоциялык;
сексуалдык;
баланын керектөөлөрүнө жана кызыкчылыгына кайдыгер мамиле жасоо.
Физикалык зордук–зомбулук
Зомбулуктун бул түрүнө, баланын өмүрүнө, ден-соолугуна терс таасирин тийгизген коркунучтуу жагдайлар кирет. Мисалга, уруп –соккулар (жаактан ары чабуу, чымчып алуу, тиштөө), күйгүзүү (ысык буюмдар, суюктуктар, тамеки). Балага алкоголдук ичимдиктерди, наркотиктерди, дарыгердин сунуштамасы жок уйку дарыларын берүү, муунтуу жана сууга чөктүрүү зомбулуктун ушул түрүн толуктайт.
Сексуалдык зордук–зомбулук
Сексуалдык керектөөсүн канааттандыруу максатында баланы (кызды, эркекти) колдонуу. Зомбулуктун бул түрүнө секстин бардык түрлөрү, жыныстык органдарын кармалоо, балага өзүнүн жыныстык органдарын көрсөтүү жана анын жыныстык органдарын аңдып кароо, порнобизнеске, сойкулукка балдарды тартуу кирет.
Психикалык-эмоциялык зордук-зомбулук
Бул зомбулуктун белгиси-ата-энеси, баккан адамдар, тарбиячылар тарабынан дайыма же мезгил-мезгили менен баланын адамдык кадыр-баркына шек келтирүүчү, коркутуп-үркүтүүчү сөздөрдү айтуу, күнөөсүз айыптоо, жек көрүүсүн көрсөтүү. Мындан сырткары баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыксыз талаптарды коюу, дайыма калп айтуу дагы психикалык-эмоциялык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.
Баланын керектөөлөрүнө жана кызыкчылыгына кайдыгер мамиле жасоо
Баланын эң негизги керектөөлөрүн (тамактануу, кийинүү, жашай турган жай, билим алуу, медициналык кызмат) ата-энелери, баккан кишилери тарабынан камсыз кылынбоосу. Мисалга алсак, балдарын кароосуз калтырып, анын кесепетинен баланын өмүрүнө, ден-соолугуна зыян келтирген абалдар түзүлгөн учур. Дагы бир коркунучтуу абал, бул баланын түйүлдүк кезинен эне мээримине, сүйүүсүнө ээ болбошу. Мындайча атканда, каалоосуз бойго бүтүү. Төрөлгөнгө чейин эле эмоционалдык жокко чыгарылган түйүлдүк, айынан мурун төрөлүп, төрөлгөндөн кийин дагы көп ооруп, денесинин салмагы төмөн болуп, өнүгүүсү начар болот.
Зордук–зомбулуктун жакынкы жана алыскы залакалары:
Жакынкы: Көк алалар, сыныктар, ички органдарынын жабыркашы, кусуусу, эстен тануусу.
Алыскы: Баланын денелик жактан жана психикалык өнүгүүсү жабыркап, ар кандай соматикалык ооруларга, инсандык жана эмоционалдык бузулууларга дуушар болушу.
Денелик жактан жана психикалык өнүгүүсүндөгү мүчүлүштүктөр
Мээрим, көңүл буруу, сүйүү жок үй-бүлөдө чоңойгон балдардын көпчүлүгүндө денелик жана психикалык жактан өнүгүүсүндө арта калуу байкалат. Балдарда “жаман адаттар” манжаларын соруу, тырмагын тиштөө, онанизм манен алектенүү пайда болот. Мындай шарттарда жашаган балдардын сырткы көрүнүшү да бөлөкчө болуп турат. Көздөрү шишип, чачы саксайып, кийим-кечеси кир, өңү куп-куу, биттеген.
Зомбулуктан жабыркаган балдардын психикалык өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр
Зомбулуктун бардык түрлөрүнө чалдыккан балдар психикалык жаракатка учурашат, бул кийинки өнүгүүсүнө чоң таасирин берет. Балдар өздөрү ашыкча ачуулуу, жининин келгенин башкара албай, өзүнөн кичүү, алсызыраак балдарга, жаныбарларга зомбулук көрсөтөт. Көпчүлүк учурда, оюн маалында себепсиз агрессия пайда болот. Кээ бир учурда бала тескерисинче өтө пассивдүү болуп, өзүн коргой албай калат. Бала өзүнө көңүл бурдуруш үчүн ар кандай акылга сыйбаган жүрүм-турумдарды көрсөтөт.
Зомбулуктан жабыркаган балдардын социалдык өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр
Зомбулукка учураган балада жетиштүү билими жок болгондуктан, коомго аралашууда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болот. Мындай бала көйгөйлөрдүн чечилишин криминалдык тармактардан издеп, уурулукка берилет. Алкоголдук ичимдикти, баңгизаттарды колдонуп, кыз бала болсо сойкулук менен алектенип кетиши ыктымал.
Алгач адепсиздик менен кылмыштуулукту бири -биринен айырмалап, түшүнүп алсак класстер түзүлдү.
-Адепсиздик деген эмне?
Бул коомдогу адеп ахлак нормаларын бузуу.
-Кандай сапаттар кирет? Адепсиздик, калпычылык ушактоо мазактоо, ыймансыздык оройлук, ач көздук көрө албасттык.
-Кылмыштуулук деген эмне? Бирөөгө зыян келтирүү, коомго туура эмес мамиледе болуу.
— Кандай сапаттар кирет?
Кылмыш
Уурулук
Рекетчилик
Баңгилик
Араккечтик
Чыгуу себептери ?
Кылмыштуулук, бекерчилик, бээбаштык. Кароосуз калган балдардан, чыр — чатактуу үй- бүлөлөрдөн, интернет, убакытты туура эмес пайдалануудан.
Рэкетчилик- англис тилинен которгондо зордук- зомбулук деп айтылат. Видео тасмадан өспүрүмдөрүн кылмыштуулукка тартылганын көрөлү.
Талкуулоо
Статистикалык маалыматтар берилди.
Окуучулар ушул элерден талкууну токтотуп, келген коноктордон талкууну сурап көрөлү. Себеби алар да ушундай өспүрүм курактан өтүшкөн.
— Сиздин оюңуз боюнча балдарын кантип адептүүлүккө үйрөтүшкөн? (жомок, уламыш, каада- салт) Рахманова Г. (ата-эне)
Сиздин оюңуз боюнча азыркы жаштардын адепсиздиги эмнеден?
Адептүүлүккө балдарды мектеп тарбиялаш керекпи эле же ата- энеби?
Сапаттуу билим алуу кылмыштуулукту азайта алабы?
— Кылмыштуулукту кандай жол менен азайтса болот?
— Мектептеги рэкетчиликти түп тамыры менен жок кылуу мүмкүнбү?
Мындан жыйынтык чыгарсак кылмыштуулук: — чыр- чатактуу үй- бүлөдөн, максатсыз көчөгө чыгуудан, бекерчиликтен, кароосуз калган балдардан, социалдык абалы начар үй- бүлөдөн, кол телефондон, ДВД, дисктерден келип чыгат.
Баарыңыздардын көңүлүңүздөрдү доскадагы макал- лакаптарга бурмакчымын.
— Окуучулар кыска- нуска, кылып өз ойлоруңарды айтып чечмелеп кетесиңер.
Жакшы болгон баланын атасы жаман болсо да,
Төрдө туруп сый табар.
Жаман болгон баланын атасы жакшы болсо да,
Төө үстүнөн ит кабар.
Өсөрубуз да, өчөрүбуз да тарбиядан.
Балдарга мээримибиз,бактылуу келечегибиз.
Майда кылмышты жазаласаң, чон, кылмыштын алдын аласын, Кыргыз эли илгертен эле балдарды тарбиялоодо учкул сөздөрдү, макал- лакаптарды, кылымдарды карыткан акылдарды айтып келишкен. Мына ошолорду силерден уксак.
Жакшы киши ачык сүйлөйт,
Сөз тамырын казып сүйлөйт.
Жаман киши сасык сүйлөйт,
Өзгөлөрдү басып сүйлөйт.
Амалкөй былык сүйлөйт,
Адептүү сылык сүйлөйт.
Улама менен бир жүрсөң,
Сөз кадырын билесин,.
Жакшы менен бир жүрсөң,
Эл кадырын билесин.
Жакшылыкка жакшылык- ар кишинин ишидир,
Жакшылыкка жамандык- көр кишинин ишидир. Жамандыкка жакшылык- эр кишинин ишидир, Жамандыкка жамандык- кем кишинин ишидир.
Жалтанат адам эмнеден?
Жаман сөз айткан пендеден.
Тартынат адам эмнеден?
Табалап күлгөн пендеден.
Талантка таамай сын берер,
Тараза болот эл деген.
Доскадагы сүрөттөр боюнча талкуулоо.
Азыр окуучулар алдынарга жандуу көрүнүш көрсөтүлөт. Эмнени байкадыңар, бул кандай көрүнүш?
Катышуучулар: мугалим, окуучулар, энеси
Мугалим: Жавахир! Сага эмне болгон? Окууну таштап койдуң, сабакка көңүл бурбайсын? Тур! Ата- энеңди ээрчитип кел. Ушул күнү чоң класстын 2 окуучусу Жавахирди уруп, акча талап кылат. үйүнө барып энесинен да сөз угат. Эки анжы ойдо калат- өмүр, өлүм. Мектепке соц. педагогко кайрылып, мектепти ийгиликтүү аяктап, жумушка орношот. Көп жыл мурун урган бала Жавахирден жумуш сурап кайрылат. Жавахир аяды, боору ооруду, колтуктап көтөрүп, ылайыктуу жумуш берет.
Жыйынтык: Улуу адамыбыз И. Раззаков айткандай «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген сөздү өзүбүзгө ураан кылып, бир жакадан баш ,бир жеңден кол чыгарсак ошондо гана кылмыштуулукту, рэкетчиликти жеңебиз деген ойдомун. Ал эми коноктор силерге чоң рахмат. Келип катышып, акыл- насааттарыңыздарды айтып бергениңиздерге.
Каныкей: «Кыргызстан» ыры менен бүгүнкү маекти аяктайбыз.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Мен жана менин укутарым”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Сабактын темасы: Мен жана менин укуктарым
Сабактын максаты:
Окуучуларды адам укугунун негизги жоболору, балдардын укугу боюнча эл аралык жана мамлекеттик документтер менен тааныштыруу;
Өзүңө жана башкаларга болгон урматтоого негизделген принциптер жана өзүңдүөзүң урматтоонун сырткы элементтери боюнча түшүнүк берүү;
Кандай гана адам болбосун ал өзүн-өзү урматтоого жана айланадагы адамдардын урматтоосуна укугу бар экенин негиздөө.
Даярдоо иш-чаралары: Үч окуучуга көрүнүш даярдоону сунуштоо (сценарийдин тексттин сабактын иштелмесинен караңыз).
Керектелүүчү ресурстар: 5-6 карточкаларды (окуучулардын санына жараша) даярдоо, «Өзүнө болгон ишенимин бекемдөө» оюнунда колдонула турган карточкаларга бирден төмөндөгү сүйлөмдөрдү жазуу.
Карточкаларда балдардын укугу боюнча документтердин аталышы бар:
- Адам укуктарынын жалпы декларациясы;
- Балдардын укугу боюнча декларация;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
Жарандардын милдеттери («Сабакты жыйынтыктоо» бөлүгүнөн тексттин караңыз).
1. Барак аласыңар, тоголоктоп ыргытасыңар. Эй, бала, баракты алып бер! - деп өтүп бараткан балага айтасыңар.
2. Эй, акчам пирожкиге жетпей жатат, беш сом бер, угуп жатасыңбы?
3. (Рюкзакты алып) Бул рюкзакты бекитип кой, (класстагы окуучунун атын айтып) издесин өзүнүн рюкзагын, математикада тамашалап көрөбүз.
4. Бүгүн алтынчы сабактан кийин бардыгыбыз качабыз, уктуңарбы?
5. Сенин саатың барбы (телефон, наушниктер, ручка, саат)? Кана көрөйүнчү, (алып көрөт) Жакшы нерсе го (наушниктер, ручка, сааттар ж.б.), болду, меники болот!!!
6. Үй тапшырмасын жаздыңбы? Жазсаң, көчүргөнү бересиң.
УКУК БОЮНЧА ДАТАЛУУ КҮНДӨРДҮН КАЛЕНДАРЫ:
2001–2010-ж.ж. – Планетадагы балдардын кызыкчылыгы үчүн тынчтыктын жана зомбулуксуздуктун эл аралык он жылдыгы.
1-июнь – Эл аралык балдардын укугун коргоо күнү.
4-июнь – Агрессиянын курмандыгы болгон балдардын эл аралык күнү 2
0-ноябрь – Дүйнөлүк балдар укугунун күнү.
10-декабрь – Адам укугу күнү.
5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү.
Көнүгүү Киришүү бөлүгү. «Мен укуктуумун, мен укуктуу эмесмин» Негизги бөлүк: - «Сенин укугуң конвенциясы» мини-лекция - Интерактивдүү маек «Өзүн-өзү урматтоо деген эмне?» - Кырдаалды талдоо жана ага баа берүү - Өзүнө болгон ишенимди бекемдөө - Ролдордо ойноо: «Өзүмө болгон ишенимди бекемдейм» Жыйынтыктоо: - Ачык микрофон - Коштошуу адеби
Сабактын жүрүшү:
Киришүү бөлүгү
Максаты: окуучуларды жаңы теманы түшүнүүгө даярдоо.
Мугалим: Окуучулардын тегерек болуп турушун, эмнеге укуктуу жана эмнеге укуктуу эместиги боюнча бирден сүйлөм айтуусун суранат. Болжолдуу жооптор:
• «Мен өзүмдүн ой пикиримди айтканга укуктуумун»;
• «Закондорду бузганга укугум жок».
Жыйынтык: Ар бир адам өзүнүн жана башка адамдардын укугун билүүсү керек. Ошентип, мугалим сабактын темасын жана максатын окуучуларга айтат.
2. Негизги бөлүк
2.1. «Сенин укугуң боюнча конвенция» мини-лекция.
Максаты: окуучуларга адам укугу боюнча эл аралык жана мамлекеттик документтер жөнүндө
маалымат берүү. Адам укуктары негизги укук болуп саналат, ал бардык элде болуш керек. Адам укуктары адам баласына эркин жашоого, коомдук жашоого катышууга, өзүнүн дараметин жогорулатууга мүмкүнчүлүк жана адамдарга сый-урмат, адилеттүү мамиле жасоого кепилдик берет. Биз адам баласыбыз жана ал укуктарды тартып алууга болбойт, ошондуктан бизде адам укугу бар. Силер кайсы бир мамлекеттин жарандары болгонуңар үчүн эмес, адам болгонуңар үчүн укугуңар бар. Адам укугу дүйнө жүзүнүн кайсы гана жери болбосун бардык адам баласы үчүн бирдей, мындайча айтканда жалпы. Бул адам укугу улутуна, расасына, диний көз карашына, жынысына, жашына жана башка айырмачылыктарына карабай бардыгына тиешелүү. Адам укугун бузуу- бул аны адам катары көрбөй мамиле жасоо дегенди түшүндүрөт. Негизги принцип бул укуктун улуулугу. Адам баласында болгон айырмачылыктарга карабай бардыгы мыйзамдын алдында бирдей. Адам укугу бекитилген азыркы замандагы негизги документ – бул адам укугу боюнча жалпы декларация болуп саналат, ал 1948-жылы Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан иштелип чыккан жана кабыл алынган.
Ар бир адам баласынын төмөндөгүдөй укуктары бар: билим алууга, жашоого, азыктанууга, мыйзам чегинде тең мамилеге, саламаттыкты сактоого, адилеттүү сот, шайлоого, эркин ой пикирин айтууга, эркин дин тутууга, мүлккө ээ болууга, басмырлануудан коргонууга, коомчулуктун маданий жашоосуна катышууга укуктуу. 1996-жылы 2-мартта Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп кирген. Кыргызстан адам укугун сактоо боюнча негизги эл аралык конвенцияларды бекиткен. Бириккен Улуттар Уюму өлкөдө адам укугу сакталып жаткандыгын текшерет. Мамлекет өлкөдө адам укугунун сакталышына, корголушуна, аткарылышына жоопкерчиликтүү. Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча адам укугу жана эркиндиги негизги баалуулук болуп саналат жана мыйзам чыгаруу, аткаруучу бийликтин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн маанисин жана мазмунун аныктайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандарынын ар-намысын, кадырын сыйлоо укугуна, тең укуктуулук, жынысына, расасына, улутуна, диний көз карашына, динге ишенүү эркиндиги боюнча басмырланбаганга кепилдик берет. Мугалим: Балдардын дагы укугу бар. Алардын кандай укугу бар? Болжолдуу жооптор: жашоого, билим алууга укуктуу…. Мугалим: Балдардын укугу боюнча конвенцияда бала жашоого, ата-эненин камкордугуна, медициналык жардам алууга, билим алууга, эс алууга укуктуу. Бардык балдар эркин жүрүүгө жана ой пикирин эркин айтууга укуктуу. Бардык балдар жеке жашоого, ар тараптан
өнүгүүгө укуктуу. Эч кайсы бала кыянат мамилеге, зордук-зомбулукка, кемсинтүүгө кабылбоосу керек жана ар бир бала кадыр-баркын урматтоого укуктуу. Бүгүнкү күндү ушул урматтоо укугуна арнайбыз. Бардык ушул укуктар эл аралык документте, Балдардын укугу боюнча конвенцияда жазылган. 2.2. Интерактивдүү маек «Өзүн-өзү урматтоо деген эмне?» Максаты: өзүн-өзү урматтоо дегенге түшүнүк берүү. Мугалим: Ар бир бала урматка укуктуу. Бирок, сени урматташ үчүн сен өзүңдү өзүң урматташың керек. Бул сөздү кандай түшүнөсүңөр? Болжолдуу жооптор:
Өзүн-өзү урматтоо - бул адам өзүнөзү сыйлагандык;
Ата-энени, үй-бүлөнү сыйлагандык;
Адам өзүн аны сыйлагандай, урматтагандай алып жүрүүсү.
Мугалим: Кандай ойлойсуңар, өзүнөзү урматтагандык адамга эмне берет?
Болжолдуу жооптор: • Өзүн-өзү урматтаган адам, башкалардын ой-пикиринен көз каранды болбойт, дайыма өзүнүн пикири болот.
Өзүн-өзү урматтоо бул ишенимди жана токтоолукту берет;
Өзүн-өзү урматтаган адам эч кимди туурабайт;
Өзүн-өзү урматтаган адам башка бирөөлөрдү дагы урматтай билет.
Мугалим: Өзүн урматтаган адамдар ар дайым аракет кылат. Алар дайыма өзүнө-өзү ишенет, өздөрүнүн укугун, ой пикирин коргошот. Өзүңдү өзүң урматтоого жана сый-урматка ээ
болууга аракетсиз жетише албайсың. Өзүңө өзүң ишенүүң зарыл.
Кырдаалды талдоо жана ага баа берүү. «Өзүнө болгон ишенимди бекемдөө»
Мугалим: Окуучулардын жашоосунан алынган мисалдарда адамдардын жүрүмтурумунун чегин көрсөтүү Мугалим: Психологдор ар бир адам эле өзүнө болгон ишенимди бекемдей ала албай тургандыгын байкашкан. Мен силерге үч өспүрүм балдар катышкан көрүнүштү көрүүнү сунуштайм. Эмне жөнүндө сүйлөшүп жаткандарын уккула, балдардын жүрүм-турумун байкагыла жана ким өзүнүн ишенимдерин ырастай алат, ким ырастай албагандыгы боюнча жыйынтык чыгаргыла. Азамат: (уялбастан, агрессивдүү). -Тест тапшырып жатканда мен сени менен олтурам! (Мырзанын желкесине урат) Мырза: -Эмне үчүн? Азамат: -Мен сенден көчүрөм! Мырза: -Менин жоопторум туура эмес болуп калышы мүмкүн! Азамат: -А сен туурасын жаз. Аракет кылсаң, алгебра сабагында дагы көчүрөм! Арген: (токтоо) -Алгебрада ар түрдүү вариант болот. Азамат: -О! Анда сен мен үчүн чыгарып бересиң! Түшүндүңбү? Арген: (токтоо) -Эч нерсени түшүнгөн жокмун, сен үчүн мен эч нерсе жасабайм. Азамат: -Эмне? Сен эмне деп сүйлөп жатасың? Арген: (токтоо) -Жок, мен жөн эле каалабай жатам.
Мугалим: Кандай ойлойсуңар ким өзүнө болгон ишенимди бекемдеп жатат, ким өзүнө болгон урматты көрсөтүп жатат?
Болжолдуу жооптор: • Мырза абдан пассивдүү, өзүнө болгон
ишенимди ырастаган жок, күчү барга баш ийип, кечке кечирим сурап, башкаларга караганда өзүн төмөн коюп жатты;
Азамат өзүн өтө агрессивдүү алып барды. Өзү жөнүндө гана ойлоп, башкаларды сыйлабай кемсинтти;
Арген өзүнүн укугун коргоду, башкалардын укугун басмырлаган жок, ал өзүнүн оң жана терс сезимдерин айтты, өзүнө ишенди.
Мугалим: Силердин байкооңордон жыйынтык чыгарабыз. Азамат өзүнө болгон ишенимди бекемдеш үчүн бирөөнү кемсинтүүсү керек. Өзүн-өзү сыйлабаган, өзүнө ишенбеген адамдар өздөрүн ушундай алып жүрүшөт. Бул өзүнө болгон ишенимди бекемдөөнүн жаман жолу, эгерде ага каршылык болсо, анда курулай өзүн-өзү урматтоосу жокко учурайт. Мырза өзүн коргой албайт, ал өзүнөзү урматтоого татыктуу эмесмин деп ойлойт. Бул туура эмес. Адам баласы болуп жаралгандыгы үчүн кандай гана адам болбосун ал урматка татыктуу. Ал эми Арген болсо, психологдордун оюу боюнча өзүнө болгон ишенимди туура бекемдеди. Ал башка бирөөлөрдүн укуктарын басмырлабай, токтоо жана ишенимдүү өзүнүн оюн айтып жатат жана ошол эле мезгилде өзүн кемсингендей сезген жок.
- Бул жүрүм-турумдун кайсы стилине жакыныраак?
- Мырзанын ордунда болгонду каалайт белеңер?
- Өзүн-өзү урматтоого тарбиялоо үчүн Мырзага кандай кеңеш берет элеңер?
Болжолдуу жоопторду доскага жазуу:
Мугалимге жана ата-энеге арыздануу;
Чоң агасынан же классташтардан капа кылган адам менен «маселени териштирүүнү» сурануу;
Спорт менен машыгуу;
Бокс боюнча чемпион болуу;
• «Жок» деп айтууга үйрөнүү;
Коркунучту жеңүү;
Башкалардын оюн эске алуу;
Сүрөт тартуу, музыка, бий менен алектенүү;
Кандайдыр бир иште биринчи болуу.
Мугалим: Бизде 9 пункттан болгон план түзүлдү (сүйлөмдүн санына карай).
Бул пункттарды биз кандай атайбыз? Болжолдуу жооптор:
Кантип күчтүү жана көз карандысыз боло алабыз?
Өз ишенимдерин бекемдөө же өзүнө ишенүү планы;
Кандай ойлойсуңар пландан өзүнө болгон ишенимди бекемдебеген пункттарды алып коюш керекпи? Болжолдуу жооптор:
1-жана 2-пункттарды алып ташташыбыз керек. Адам өзүнүн ишенимин өзү бекемдеш керек, башка бирөөлөргө ишенбей. (талкууласа болот).
4-пунктту алып коюш керек. Бардыгы эле боксер же чемпион боло албайт. (талкууласа болот).
3-8- пункттарды алып коюш керек. Адам баласы башка кызыктуу жана пайдалуу нерселер менен алектенип, өз ишенимдерин бекемдесе болот.
Мугалим: Кандай ойлойсуздар, бул планга төмөндөгүдөй пункттарды киргизсе болобу? «Кымбат телефонду сатып алуу» же «Кымбат кийим кийүү».
Болжолдуу жооптор: • Албетте, кимдин кымбат телефону болсо, ал өзүн-өзү сыйлагандык болуп саналат; • Кымбат кийим өзүн-өзү урматтаганы үчүн керек, ким өзүн-өзү урматтабаса анда начар кийинет; • Кымбат кол телефон урмат алып келбейт, баары бир кимдир бирөөнүн кол телефону кымбатыраак болот; • Кымбат кийим кийинүү бул аздык кылат, анткени сени аны өзүң иштеп алган жоксуң, аны ата-энең сатып алып берген.
Мугалим: Мындай пункттар өзүнөзү урматтоо үчүн керек эмес деп айткандарга мен кошулам, адам баласы өзүн урматтоосу керек, кымбат кийим кийгендиги же кымбат телефонду колдонгондугу үчүн эмес, ал адам болгону үчүн урматтоо керек. 2.4. Ролдордо ойноо: «Өзүмө болгон ишенимди бекемдейм» Максаты: кырдаалдарды түзүү. Мугалим: Балдар «Өзүмө болгон ишенимди бекемдейм» деген ролдордо ойноочу көнүгүүнү аткарабыз. Анда 2 топто 5-7 адамдан катышат. Биринчи топ «Чабуул» деп аталат. Ким ушул топко катышат? Доскага 5-7 адам чыгат. Биринчи топ түзүлдү, силер Азаматтын ролун ойнойсуңар, анын ролу агрессивдүү, өзүнө-өзү ишенген, орой, өзүнө болгон ишенимди бекемдеш үчүн дайыма айланасындагыларды басмырлайт. Силердин тобуңардын ар бир мүчөсү бирден фраза алып айтат. Мугалим топтун ар бир мүчөсүнө сүйлөмдөр жазылган
карточкаларды берет: 1. Барак аласыңар, тоголоктоп ыргытасыңар. Эй, бала, баракты ал! - деп өтүп бараткан балага айтасыңар 2. Эй, акчам пирожкиге жетпей жатат, беш сом берчи, угуп жатасыңбы?
3. (Рюкзакты алып) Бул рюкзакты бекитип кой, (окуучунун атын айтып) издесин өзүнүн рюкзагын, математикада тамашалап айтабыз!
4. Бүгүн алтынчы сабактан кийин бардыгыбыз качабыз, уктуңарбы?
5. Сенин саатың барбы (телефон, наушниктер, ручка, саат)? Кана көрөйүнчү, (алып көрөт) Жакшы нерсе го (наушниктер, ручка, сааттар ж.б.), болду меники болот!!!
6. Үй тапшырмасын жаздыңбы? Көчүргөнү бересиң. Топтун өкүлдөрү атаандаштарына чабуул кыла турган фразалар менен таанышканча, экинчи топту түзөбүз. Ким катышканды каалап жатат?
Доскага 5-7 бала чыгат. Бизде экинчи топ да түзүлдү – ал «Коргонуу» тобу. Аргендин ролун аткарууга туура келет. Алар токтоо, ишеничтүү, Азаматтын сөзүнө татыктуу жооп беришет. Бул сөздү алар өздөрү ойлоп табышат. Топторду 2 катарга тизилүүсүн сурануу. Мен «Чогулгула!» деп айтсам, эки топтон биринчи адам ортого чыгып, жанаша турушат. Мен «Ринг» деген сөздү айтсам, «Чабуул» тобунун мүчөсү өзүнүн сөзүн айтат. Ошол эле мезгилде «Коргонуу» тобунун мүчөсүнөн жоопту угабыз. Ал эми калган балдар байкоочуэксперт болушат, көнүгүүнүн акырында өздөрүнүн «Коргонуу» тобунун мүчөлөрү өздөрүнө болгон ишенимди бекемдей алгандыгы тууралуу ойлорун айтышат. Көңүл бургула! Топтор даярбы? Мугалим жана окуучулар ушинтип аткарышат.
Мугалим: Чогулгула! (2 окуучу чогулат, бири-биринин жандарына турушат) Мугалим: Оюнду баштайбыз! Бир окуучу сүйлөмдү окуйт, экинчи жооп берет жана экөө тең катардын акыркы тарабына турушат. Мугалим бардыгы өздөрүнүн ролдорун аткарып бүтмөйүнчө, ошентип көнүгүүнүн ар бир кадамын аткарат. Мугалимге сунуш: Мугалим этият болуусу зарыл, биринчи топто экинчи топтун балдарына караганда күчтүү балдар болуп калбаш керек. Биринчи топко – (чабуул койгон топко) пассивдүү, алсыз балдарды алыш керек, алар дагы
күчтүү болуу кандай болгондугун сезүүсү зарыл. Аларга сөздөрдү катуу жана ишеничтүү айтуу боюнча кеңеш бериңиз. Экинчи топко – (коргонуу тобуна) күчтүү, башкаларды басынтканды жакшы көргөн балдарды алуу керек, алар дагы басмырлоо кандай болот экендигин сезүүсү керек. Мугалим: Эки топтун окуучуларына суроо берет: Сиз кандай ойлойсуз? Эмне үчүн? Андан кийин байкоочулардан сурашат: «Коргонуу» тобунун жообу боюнча эмне айта аласыңар? «Коргонуу» тобуна окуучулар өздөрүнүн сын пикирин айтат. Мугалим: Тилекке каршы кээ бир балдар коргонуунун ордуна кайра айыптап киришет, токтоолукту, ишенимди көрсөткөндүн ордуна агрессивдүү, орой жооп беришет. Мүмкүн кимдир бирөө өзүнөн мындайды байкагандыр? «Коргонуу» тобунун мүчөлөрү өздөрүнүн пикирин айтышат. Мугалим: Бул көнүгүүдөн кандай жыйынтык чыгарса болот?
3. Жыйынтык чыгаруу
3.1. «Ачык микрофон» көнүгүүсү Максаты: кайтарма жооп алуу, теманы эске тутууга үндөө. Мугалим: Балдар, бүгүнкү сабактан эмнени билдиңер? Кандай ачылыштарды жасадыңар? Болжолдуу жооптор: • Ар бир адам баласы өзүн урматтоосу керек экендигин билдик; • Адам баласы адам болгону үчүн өзүнөзү урматтоосу керек; • Ким өзүн урматтаса, ал башкаларды дагы урматтайт; • Урмат-сыйга татыктуу болуш үчүн, ал биринчи өзүнө-өзү ишениш керек; • Башка бирөөлөрдүн эсебинен өз ишенимдерин бекемдөөгө болбойт; • Биз адам укугу жана балдардын укуктары жөнүндө билдик; • Эгер биз ар бирибиз негизги адам укуктарын билсек, анда биз аны натыйжалуу колдоно алабыз. Биз өзүбүздүн жүрүм-турумубуздун чегин так билишибиз керек жана ал чектен өтүп кетпешибиз зарыл, башка бирөөнүн укугун басмырлабашыбыз керек. Адам укугун билүү менен биз башка бирөөлөргө урмат менен мамиле жасасак, башкалар дагы бизди урматтайт. Мугалим: Доскага алдын ала жазылган текст менен ватман илинет:
Жарандардын милдеттери:
Ар бир жаран мыйзамды урматтоого милдеттүү;
Ар бир жаран жаратылышты коргоого милдеттүү;
18 жашка толгон бала Ата Мекенди коргоого милдеттүү;
Балдар ата- энесине камкордук көрүүгө милдеттүү;
Ар бир жаран билим алууга милдеттүү.
3.2. Коштошуу адеби: «Кошунаңа жылуулук жана жылмаюу тартуулоо»
Максаты: жакшы эмоцияларды пайда кылуу жана сабакты жакшы бүтүрүү. Мугалим: Бардыгыңар туруп, кошунаңардын колун кармап, бири- бириңердин көзүңөргө карап жылмайгыла.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Ч. Айтматовдун ааламы”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Айтматов ааламы»Чыңгыз Айтматов бул тирүүлүктө (XX-XXI кылымда) чагылган сыяктуу бир жарк эткен, Ала Тоонун чакан айылынан ааламга нуру чачыраган улуу жазуучу.
Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча маалымат эң эле арбын деп айтылган менен жазуучу жөнүндө буга дейре библиографиялык энциклопедия жок болчу. Жазуучу жөнүндөгү маалыматты энциклопедиядан, китептерден же китепканалардан табар элек. Жакында китеп дүйнөсүнө «Айтматов ааламы» деген көптөн күткөн салабаттуу библиографиялык энциклопедия жарык көрдү. Бул китепти түзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы (башчысы Ж.К.Бакашова) демилге кылган. Ал эми энциклопедияны чыгарууга Жусупбек Бакиев атындагы коомдук фонд жардам берген экен. Ушул сымал республикадагы ар түрдүү фонддор, коомдор элибиздин келечек өсүшүнө салым кошуп, көмөгүн аянбай көрсөтүшсө, жеке кызыкчылыктан мурда улуттук кызыкчылыкты ардакташса, анда рухий маданиятыбыз кыйла алдыга жылар эле.
Арийне энциклопедияны астейдил барактаган адам аруу таланттын өмүрүн жана чыгармачылыгын кайрадан кенен, ар тараптан көз алдыга элестетээр. Анын улуулугу ушунда — ар бир саатын, күнүн бекер кетирбеген, чыгармачылыкты жедеп мисир туткан, турмуштун ысык-суугуна чыдап, кара жанын аябай, эч чаалыгып-чарчабаган эмгектин дулдулу, чындыктын жана сулуулуктун ырчысы экен. Китептен Ч.Айтматовдун ааламга кеткен рухий куту, духу, дарманы сезилип турат. Ал чын ыкласы менен ар бир шаанисин тандап, талдап, өз ордуна кынаптап коюп, кундуу кеп түйүнүн чечмелеп, ой уюткан.
Жазуучунун интеллектуалдуу макалаларынын, маектеринин, публицистикаларынын, ой толгоолорунун, кыскасынан көлөмдүүсүнө дейре тематикасы, койгон маселелери, идеялары ар тармактуу, терең маанилүү. Жазуучу очерктен романга чейин ар бир чыгармасына зор маани берип, ак дилден, жетиктүү, жанын үрөп иштеген эмеспи.
Тагдырдын жазмышы экен, улуу залкар менен бирге иштешип, ылымыбыз жакын болуп, анын адамгерчилик, жазуучулук, атуулдук ураанчыл касиетин көрүп-сезип калдык. «Чыке» деп айтканыбызга устат көнүп да кеткен. Анын ажарынан жылдызы жанып, башкаларга рух нуру чачырап турар эле. Ал жазуучулар биримдигин башкарган учурда күндүр-түндүр чыгарма жазып чарчаганына карабай, түштөн баштап кеңсесинде нөөмөт күткөн жазуучулардын, чолосу жок болсо да республиканын ар бурчунан келгендердин арыз-муңун укканга шаасы жетип, жардамын берер эле. Анан да көптөгөн каттарга Ч.Айтматов берген жоопторду машинистка араң үлгүрүп басып турчу.
«Айтматов ааламы» энциклопедиясы бир эле жазуучунун чыгармаларынын карандай тизмеси эмес, ал — адамдын өзүн, коомду, табиятты ойлонтоор, элдин рухий бийлигин кастарлап, сүйүүгө, байытууга, чыгармачылыкка, Теңир шыпаа кылган жашоону куру шаан-шөкөтсүз, таза жашап, мыкты эмгектенип өтүүгө, өмүргө жол көрсөткөн экимет чакырык — программа экенин сезип-туясың. Ушу жерден Чыкенин жазуучулук кесипке койгон талабы эске түшөт. Кайсы бир жазуучу күнүнө он беш-жыйырма бет көркөм чыгарма жазамын деп мактанганын уккан Чыке, ага таң кала карап, «Мен күнүнө үч бет зорго жазамын, непада ага жетпесем, башымды тамга ургум келет» деген эле.
Ч.Айтматов жөнүндө мектеп окуучусунан Президентке чейин Ала-Тоодон ааламга жар салган жазуучуга мээримин төгүп, урмат менен айтышканы китептен даана байкалып турат. Алардын сөзү Айтматов дүйнөсүн ачууга, түшүнүүгө жана асыроого жардамын гана берет.
Ч.Айтматовдун рухий дүйнөсүнө ынтызарлар китептен кыйла кабарды ала алат. Жазуучунун өмүрү, дүйнөлүк маданият, адабият, искусство чөйрөсүндөгү сүйлөгөн сөздөрү, басмадан жарык көргөн китептери, макалалары, жазуучунун чыгармаларына жазылган сын макалалар, деле залкар жөнүндө толук маалымат бар. Айрыкча, Ч.Айтматов жөнүндө чет элдик жазуучулардын, сынчылардын, изилдөөчүлөрдүн пикирлери, чыгармаларынын кинодо, сүрөттө, музыкада, театрда чагылдырылышы, замандаштарынын эскерүүлөрү, ага арналган ырлар азыркы китепке таңсык болуп турган жаштарга, студенттерге, мектеп окуучуларына, деле рухка, адабият менен искусствого кызыккандарга өтө пайдалуу маалымат.
Энциклопедия эки тилде — орус жана кыргыз тилинде жазылган. Орусча басылышын чет элдик окурмандар, батыш-чыгыш изилдөөчүлөрү кеңири пайдаланышы мүмкүн.
Жоромолдосок «Айтматов ааламы» акыркы энциклопедия эмес. Келечекте улуу жазуучуга байланыштуу ар кандай багыттагы, мазмундагы китептер жарык көрөрү абзел. Непада энциклопедия кайтадан жаңырып калса, китепке Ч.Айтматов жөнүндө чет элдик изилдөөчүлөр, замандаштар жана окурмандардын маалыматы дагы толукталар деген ойдомун.
Энциклопедияда Ч.Айтматовдун айрым макалалары аталбай калгандай туюлат. 1962-жылы жаңы жыл алдында «Комсомолец Киргизии» гезитине жазуучунун кыргыз жаштарынын чыгармаларына карата жазылган макаласын таппадым. «Бетме-бет», «Жамийла» сыяктуу чыгармалары менен дүйнөгө шыкыбалы тарай баштаган Ч.Айтматовдун укум сөзү жаштарга пайдалуу жол көрсөткүч болмок.
Менин жеке баамымда Ч.Айтматовдун кастарлуу ички дүйнөсү дагы эле бизге купуя бойдон шекилдүү. Дагы эле биз ага көп карызбыз, дагы ача элекпиз. Жазуучунун акыбетин кайтара албай жаткансыйбыз. Анын күндөлүктөрү, каттары жана ага жазылган каттар, жооптор, эскерүүлөр анын өмүрүн, чыгармачылык психологиясын толуктаар эле. Буга ылажы табыш келечектегилердин парзы.
«Айтматов ааламынын» басмадан жарык көрүшү жакшы рухий табылга болду. Ал эми мурас — олжону кандайча пайдалана алабыз, бул ар бирибиздин маданиятыбызга, билимибизге, атуулдугубузга, ынсабыбызга жараша болот. Бул китептин куту жана куну — жалаң гана рухий тутка жазуучу Ч.Айтматовдун ааламы эмес, жалпы кыргыз элинин тарыхын, жашоо турмушун, рухий маданиятын, байыртан берки духун дүйнө элине таанытууга жол ачат.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар күнү”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Сасык тумоодон сактаналы”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Сасык тумооСасык тумоо — вирустар жана бактериялардын айрым түрлөрү пайда кылуучу жогорку дем алуу органдарынын (мурундун, кекиртектин, трахеянын, бронхтордун), кээде көздүн былжыр челинин сезгениши менен өтүүчү, клиникалык белгилери окшош жугуштуу оорулар. Аны менен көп учурда жаш балдар ооруйт. Себеби алардын организминде анын козгогучтарына каршы коргоочу заттардын (иммунитеттин) жоктугуна байланыштуу болот. С. т-ну аденовирустар, парагрипп вирустары, риновирустар жана башкалар вирустар, бактериялар чакырат. С. т. жылдын жылуу мезгилинде сейрек учурап, суук мезгилинде эл арасында массалык (эпидемиялык) же көп таралат. Оорунун булагы — оорулуу киши.
Вирустар дени соо кишинин дем алуу органдарына аба менен кирип, алардын былжыр кабыкчаларынын клеткаларына өтүп, ошол клеткаларда өсүп көбөйөт да, алардын бузулушуна жана сыйрылып түшүшүнө алып келет. Бул учурда козгогучтардын айрымдары өлүп, ошону менен катар уу заттарды (эндотоксинди) бөлүп чыгарышат. Вирустардын аралашмасы бар клеткалар бөлүнүп, сүйлөгөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, какырык же шилекей тамчылары, мурун суюктугу менен абага бөлүнүп чыгып, аны булгайт. Ушул булганган аба менен дем алганда вирустар кайра дем алуу органдарына жугат. С. т. үй-тиричилик буюмдары (идиш-аяк, сүлгү, оюнчук жана башкалар) менен да жугушу ыктымал.
Парагриппти чакырган вирустар сырткы чөйрөнүн таасирине анча туруктуу эмес. Парагрипп жылдын бардык мезгилинде кездешет. Бирок оору суук мезгилде көп болот. Ал оорулуу кишиден жугат. Көбүнчө балдар ооруйт.
Оорунун жашыруун мезгили 3—4 күнгө созулат. Оору башталганда мурун бүтүп, жөтөлөт, эти анча ысыбайт. Бир жаштан 3 жашка чейинки балдарда муунткан дем кыстыгуу пайда болот. Ал кекиртектин былжыр челинин сезгенишинен шишик пайда болуу менен түшүндүрүлөт. Оорулуунун дем алуусу кыйындап, үнү кырылдайт. Айрым учурда өпкөнүн, кулактын, алкым бездеринин кабылдоосуна алып келиши мүмкүн. Кабылдоо айрыкча жаш балдарда көп болот. Парагрипптин кабылдап кеткен түрлөрүн ооруканада дарылайт.
Риновирус ооруларын пайда кылган вирустар 50°ка чейинки ысыкта 2 саатка чейин сакталат. Ал жылдын бардык мезгилинде бирин-серин кездешет. Оорунун көбөйүшү кыш айларында көбүрөөк байкалат. Анын жашыруун мезгили 2—3 күнгө созулат. Оору сыркоологон кишинин тынчын кетирип, кыңкыстатып башталат. Оорулуунун температурасы калыбында болот же бир аз көтөрүлөт. Башы ооруйт, мурду бүтөт андан суюктук көп бөлүнүп чыгат, жөтөлөт. Риновирустарга жаңы төрөлгөн жана эмчектеги балдар өтө сезгич келишет. Ошондуктан бул жаштагыларда дарт оор өтөт, кабылдап кетиши (өпкө, ортоңку кулак сезгенет) мүмкүн.
Респиратордук-синцитиаль вирус оорусун синцитиаль вирусу чакырат. Вирус сырткы чөйрөнүн шартына өтө туруксуз, ал бөлмө температурасында өтө тез өлөт. Ал оорулуу кишиден соолорго аба аркылуу дем алуу органдарына жугат. Оору денени 38—39°ка чейин ысытып башталат; мурун бүтүп, жөтөл пайда болот. Өпкөнүн бронхторунун сезгенүүсү байкалат. Айрыкча бир жашка чейинки балдарда көп кезигет жана өмүрүнө өтө коркунучтуу. Мындай балдарды тезинен ооруканага жаткызып дарылоо талапка ылайык.
С. т. үйдө дарылаган учурда, аларды өзүнчө бөлмөгө жаткызып, гриппти дарылагандай дарылайт. Оорулууну баккан үй-бүлө мүчөлөрү дакиден жасалган маска тагынып, аны мезгили менен жууп, үтүктөп туруу зарыл. Ошондой эле оорулуу жаткан бөлмөнү маалы менен желдетип, убактысы менен төшөнчү, кийимин алмаштырып туруу талапка ылайык. Оорулуунун эти ысыса аны жылуулап жаап, лимон же дан куурай кыямы салынган чай берип, тердетүү керек. Оорулууга суюктукту (чай, жемиш маңызын, компот жана башкалар) көп берген жакшы. Сыркоологон кишинин тамак - азыктары жеңил сиңимдүү жана белок заттарга, мөмө-жемишке бай болушу зарыл. Оорулууга өзүнчө идиш бөлүп, аны колдонгондон кийин кайнатып, жууп, бөлмөнүн полун, буюмдарды күнүнө 2 жолу ным чүпүрөк менен сүртүп туруу керек.
С. т-ну алдын алуу чаралары грипптики сыяктуу болот. Ошондуктан ал массалык башталганда жалпы коомдук жайларда, балдар мекемелеринде, ооруканаларда, тамак-аш ишканаларында санитария-гигиеналык, эпидемияга каршы эрежелердин так сакталышы талап кылынат. Бул ооруларды алдын алууда дененин коргонуу күчүн чыңдоо, физкультура жана спорт менен машыгуу, ошондой эле туура жана сапаттуу тамактануу чоң мааниге ээ,
Сасык тумоодон сактанабыз!Күз келип күндүн илеби кайтып, суук күч алган сайын элдин көпчүлүгү чүчкүрүп, жөтөлүп жүргөнү адатка айланат. Бул сасык тумоонун таасиринен кабар берет. «Грипп болуп калыптырмын» деп маани бербей жүрө берсеңиз, бара-бара чоң дартка айланат. Андыктан анын кантип алдын алсак болот жана убагында кантип дарылайбыз? Ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн Ош шаардык ҮМБнун №3 филиалынын үй-бүлөлүк дарыгери Ахунбаева Таттыгүл эжекебизге кайрылганбыз.
- Сасык тумоо (грип) кандай оору?
- Сасык тумоо - бул инфекциялык оору болуп эсептелинет. Биздин түшүнүк боюнча сасык тумоо анча деле коркунучтуу эмес болбогону менен ал эпидемиялардын «королу» деп аталып келет. Башка оорулардын көбү дал ушу сасык тумоо учурунда өрчүп, козголуп, андан айрыкча кары-картаңдар, балдар көп жабыр тартышат. Вирус адамдын организмине киргенден тартып башка адамдарга да тез жайыла баштайт. Эгер вирусу бар адам жөтөлсө, чүчкүрсө, аба менен башкаларга жугат. Мындай учурда мурундан жана ооз көңдөйүнөн микротамчылар кошо чыгып башка адамга жабышат. Андан тышкары вирусу бар буюмдарды кармап, оозуна же мурунга колун тийгизгенде же колду жуубай тамактанганда жугат.
- Эмне себептен сасык тумоо суук түшөрү менен башталат?
– Анткени адам үшүгөндө анын организминин коргонуу күчү төмөндөйт. Ал эми сасык тумоонун вирустары эң төмөнкү температурага да туруштук бере алат. Ошондуктан, бул жылдын суук мезгилинде көп өрчүйт.
– Сасык тумоону убагында дарылабаса акыр аягы эмне болот?
– Сасык тумоо болгондо адамдын ооз, мурун көңдөйү аркылуу жуткан абадагы вирустар аркылуу козголот. Көпчүлүгү бул оору башталганда ага көп маани бербей, дарыланбай эле жүрө беришет. Мындайда ал күчөп өтө оор акыбалга алып келет. Ал катуу кармаганда жүрөк кан тамыр системасы дем алуу органдары борбордук нерв системасы жабыркап, пневмония, трахеобронхит, менингоэнцефалит өңдүү ооруларды күчөтөт. Мындай учурда убагында эмдөө жасатуу, сасык тумоонун татаалдашкан түрүнөн сактоо менен аны дарылоого кеткен акчага караганда алда канча арзан түшөт.
– Алдын-ала эмдөө жасатуу үчүн кимге, кайда кайрылуу керек?
– Мындай учурда ар бир адам вирустан сактануу үчүн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, сасык тумого каршы вакцинанын акысын төлөп жасатууга укуктуу. Тилекке каршы бүгүнкү күндө мамлекеттин бардык жарандарды акысыз эмдөөгө каражаты жетишпейт. Акысыз эмдөө балдар үйүндөгүлөргө, карылар үйүндөгү адамдарга, төрөт үйлөрүндөгүлөргө жүргүзүлөт. Ошондой эле азыркы күндө медициналык кызматкерлерге эмдөө бекер жасалат.
Билип алсаңыз пайдасы тийет.
Сасык тумоонун алдын алуу
- Дүкөнгө же коомдук жайларга барууда бет кап пайдаланыңыз.
– Үйгө кирериңиз менен колуңузду самындап жууп, анан кийимиңизди которуңуз.
– Үйдө сасык тумоологон адам болсо, оксолин майын колдонуңуз.
– Жуулбаган колуңуз менен көзүңүздү жана мурдуңузду ушалабаңыз.
– Үйдү дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп жана тез-тезден желдетип туруңуз.
– Иммунитетти көтөрүүчү азыктарды көп колдонуңуз.
Сасык тумоонун алгачкы белгилери байкалганда
– Бутуңузду горчица салынган жылуу сууга 10-15 мүнөт салып, процедурадан кийин бутуңузду жылуу кармаңыз.
– Тамагыңызды ромашка, сода, фурацилин жана марганцовка менен чайкаңыз.
- Суюктукту көп ичиңиз. Карагат, малина жана лимон кошулган чай сасык тумоодо эң сонун жардамчы боло алат.
Өмүр байлыгы ден соолук, ден соолугуңузга кам көрө билиңиз!
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Терс адаттардын зыяндуу жактары”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Терс адаттар
Адат – дайыма кайталанып туруучу иштин түрүн аткарууда улам автоматташып жана талапка айланып кеткен иш-аракет. Мына ушул жагынан ал машыгуудан (навык) жана билгичтиктен (умение) айырмаланат. Көндүм болгон талаптар аткарылбаса, адам өзүнө ыңгайсыз, жагымсыз болгон абалды сезип турат. Бул баш мээдеги шарттуу рефлекстин калыптанышына негизделген.
Адат тескери (өзүнө, чөйрөгө зыяндуу) жана оң (бардыгына жагымдуу) болушу мүмкүн. Мисалы, чылым тартуу, кумар ойноо – терс адат. Оң адаттар – спорттук көнүгүүлөр, тазалык көндүмдөр, кайсы бир эмгектин түрлөрүн так, сапаттуу аткаруу, кандайдыр жүрүм-турум эрежелерин колдонуу, сактоо көндүмдөрү. Оң адаттартар жекече жана коомдук турмушта адамдын жашоосун жеңилдетет. Аларга эмгектенүү ыктарынан калыптанган адаттартар кирет. Ал ар кичине жаш куракта педагогдун жана ата-эненин системалуу аракетинен улам өнүгөт. Ошондой эле оң адаттын калыптанышы үчүн үй-бүлөдөгү чоң адамдарды, мектепте педагогдорду туурап эмгектенүү да чоң роль ойнойт.
Терс адаттардын бири бул тамеки чегүү боюнча айтып берейин.
Тамеки чегүү
Тамеки
Тамеки чегүү — өтө кеңири тараган зыяндуу адаттардын бири.
Калыптануу мезгилиКөбүнчө өспүрүмдөрдө чоңдорду тууроодон калыптанат. Тамеки чегүүнүн адатка айланып кетишине андагы негизги таасир этүүчү зат — никотиндин бир аз дүүлүктүрүүчү касиетке ээ болгондугу да түрткү берет. Мунун негизинде тамеки чегүүнүн сергитүүчү таасири бар, интеллектуалдуу активдүүлүктү стимулдаштырат деген ой пайда болот. Бирок мындай физиологиялык эмес стимулдоо акырында адамдын нерв системасын бошоңдотот.
Тамеки никотини таасир берүүчү органдардын схемалык көрсөтүлүшү.
ТаасириСтимулдаштыруу натыйжасына жетүү үчүн ден соолукка зыяндуулугуна карабастан тамекини көп чегүүгө туура келет. Психикалык күчтү талап кылуучу кырдаалда тамеки чеккендер үзгүлтүксүз чегет, натыйжада көп учурда никотинге катуу ууланышы мүмкүн (башы ооруп, оозу кургайт, уйкусу бузулат жана башкалар). Тамекини узак убакыт чегүүдөн никотинге көнүп алат, абалы начарлап, тамеки чекпей калса же аз чексе кыйналат. Никотин жана тамекинин күйүү продуктулары ден соолукка өтө зыян болгондуктан тамеки чегүүдөн баш тартуу зарыл. Тамеки чегүүнүн баштапкы стадиясында эле дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системасынын функциясынын бузулушуна, органдар жана ткандардын кычкылтек менен камсыз болуусунун начарлашына (тамекинин түтүнү артерия канын кычкылтек менен камсыз кылуучу гемоглобинге терс таасир этет) байланыштуу бузулуулар болот. Тамеки чеккендер инфекциялык ооруларга тез кабылып (мисалы, алар тамеки тартпагандарга караганда сасык тумоо менен 4 эсе көп оорушат), жаратылыш жана өндүрүштүк жагымсыз факторлорго чыдамсыз келет. Тамеки чегүү жүрөк-кан тамыр системасынын, дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынын, коркунучтуу шишиктин пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Айрыкча оорулуу адамдар үчүн тамеки чегүү коркунучтуу. Тамеки чекпегендерге караганда тамеки чеккендерде өлүм өпкө эмфиземасынан 25 эсе, өнөкөт бронхиттен 21 эсе, жүрөктүн ишемиялык оорусунан 3—5 эсе көп болот. Ичеги-карынында жара бар оорулуулардын абалын абдан начарлатат. Тамеки чегүүдөн баш тартуу — миокарддын инфарктын, облитерациялоочу эндартериитти жана башкалар айрым ооруларды дарылоонун бирден бир шарты. Кош бойлуу мезгилде тамеки чегүү түйүлдүктүн өсүшүнө тескери таасир тийгизет. Тамеки чегүү өзүнө гана эмес, аны менен бирге болуп, тамекинин түтүнү менен дем алгандар үчүн да зыяндуу. Айрыкча тамеки чегилген үйдө балдардын болушу коркунучтуу, ошондуктан жалпы бөлмөдө тамеки чекпөө керек, үйдү тез-тез желдетип туруу зарыл.
Тамеки таштоого чараларТамеки чегүү адамдардын ден соолугуна чоң зыян келтиргендиктен, көп өлкөдө тамеки чегүүгө каршы күрөшүү боюнча атайын чаралар (тамекини рекламалоого, коомдук жайларда чегүүгө жана башкалар тыюу салуу) көрүлүүдө. Ар бир эрки күчтүү адам тамеки чегүүнү таштай алат. Аны дароо таштоо керек, тамекини аз-аздан чегип, акырындык менен таштоого аракет кылуу максатка жеткирбейт, мындай чектөөдөн чегүүгө кумарлануу күчөйт (дароо таштаганда 3—5 күн гана кыйналышы мүмкүн). Тамекини таштоону жеңилдетүүчү медикаменттик каражаттар да бар. Аны пайдаланууну врач менен кеңешүү зарыл. Көп учурда Тамеки чегүүнү таштаганда аппетит жакшырып, адам семирип кетиши мүмкүн. Бирок, демейде ал тез эле кайра калыбына келет. Тамекини таштагандан кийин толуп кетпөө үчүн сүт-өсүмдүк диетасына жана акырындык менен күч эмгегине өтүү керек.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Жолдоо жүрүүнун эрежелери”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Жолдо жүрүүнүн эрежелери
Байыркы заманда, машина жок кезде, көчөлөрдө ар ким өзү каалагандай басып жүрө берген. Ал эми азыркы чоң шаарлардын көчөлөрүндө жеңил жана жүк ташуучу автомобиль, автобус, троллейбус, маршруттук таксилер, трамвайлар кыйма-чийме жүрүп турат. Көчөлөрдөгү башаламандык адам өмүрү үчүн өтө опурталдуу болду: жолду машиналар бөгөп, жөө кишилерди коюп кетүү коркунучу чоң. Үйлөргө кат жана гезиттер, дүкөндөргө товарлар өз учурунда ташылбай, врачтар оорулууларга, өрт өчүргүчтөр өрткө үлгүрө алышмак эмес. Башаламандык болбос үчүн Мамлекеттик автомобиль инспекциясы (МАИ) жолдо жүрүүнүн эрежесин - көчөдө жана жолдо жүрүү мыйзамдарын түзгөн. Көчөдө ар кимдин өз орду бар. Транспорт жолдун унаа жүрүүчү бөлүгү - төшөлмө жол аркылуу, жөө жүрүүчүлөр тротуар же жолдун чети менен жүрүүгө тийиш. Шаардагы транспорт көп жүргөн көчөдөн өтүш үчүн ак тилкелер менен белгиленген өтмө жолчодон же жер алдындагы өткөөл аркылуу гана өтүш керек. Эгер андай жолчо да, өткөөл да жок болсо, көчө кесилишинен гана өтүүгө болот. Көчө кесилиши - көчөдөгү эң маанилүү жер. Эгер айдоочулар жана жөө жүрүүчүлөр көчөдө жүрүүнүн эрежелерин туура сактабаса, дал ушундай жерден авария, кырсык көп болот.
Көчө кесилишиндеги кыймылды светофор жөнгө салып турат. Анын кызыл, сары жана жашыл жарык берүүчү үч фонары болот, кээде капталында да жебелүү фонарлар кездешет. Көчөдө жүрүүгө жана андан өтүүгө уруксат жашыл фонарь жанган багыт боюнча гана берилет. Ал эми кызыл жанганда көчөдө бир да машина болбосо да жүрүүгө жана өтүүгө тыюу салынат. Анткени өтө ылдам келе жаткан машина жакын арадан чыга калышы ыктымал.
Сары фонарь көчөдөгү кыймыл жакында башталарын же токтолорун эскертип турат. Ал күйүп турганда айдоочулар жана жөө бара жаткандар көчө кесилишин тезирээк бошотуулары зарыл, же болбосо токтоп туруш керек. Айдоочуларга кайсы тарапка бурулууга уруксат экендигин жебе көрсөтүп турат. Эгер жебе жок болсо, жашыл жанып турган тарапка бурулуу керек. Бирок бул эки учурда тең айдоочу жөө бара жаткандарды өткөрүп жиберип, андан кийин өзү өтүүгө милдеттүү. Кээде көчө кесилишиндеги кыймылды светафор эмес, көчө кыймылын жөнгө салуучу милиционер башкарган учур да болот.
Ал колунун кыймылы менен машиналардын агымын токтотуп, жөө бараткандарды көчөдөн өтүүгө уруксат берет. Бирок бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла: көчө кыймылын иретке келтирүүчү бизге бет маңдай же далысын салып турса - бул эки учурду тең кызыл жарык (өтүүгө болбойт), ал эми капталынан турганда - жашыл жарык (өтүүгө уруксат) деп түшүнүү керек. Светофордон башка да көптөгөн белгилер болот. Андай белгилерди айдоочу жатка билиши керек. Белгинин маанисин андагы сүрөт боюнча да түшүнүүгө болот.
Эң негизгиси кызыл жээктүү үч бурчтук белгилер - эскертүүчү, тегеректери - тыюучу, ал эми түрдүү формадагы көгүлтүрлөрү милдеттендирүүчү, нускоочу белгилер экендигин эске тутуу зарыл. Мисалы, кызыл тегерекченин ичинде велосипеддин сүрөтү тартылса, анда ал жерде велосипедчен жүрүүгө тыюу салынган. Эгер ал көгүлтүр фондо болсо, анда бул жол атайын ошолорго арналган. Андан башка бир да транспорт жүрүүгө болбойт. Көчөдө болгон бардык жол кырсыктарына айдоочулар гана жооптуу деген айрым туура эмес түшүнүктөр да бар. Эгер жөө киши жүрүп келаткан автомобилдин дал алдынан чуркап чыкса да айдоочу күнөөлү болмок беле?
Өтө ылдам келе жаткан автомобилди көз ирмемде токтотушка мүмкүн эмес, анын үстүнө тоскоолдук капыстан пайда болсо, автомобилди токтотуу андан бетер кыйын. Ошондуктан көчөдөгү тартип жана коопсуздук үчүн баарыбыз жооп беребиз. Ошондой болсо да айдоочунун жоопкерчилиги өзгөчө чоң. Ал өз машинасынын ишенимдүү жүрүшүнө, өз жүргүнчүлөрүнүн аман-эсендигине, алардын өмүрүнө, ошондой эле жөө өтүүчү адамдар үчүн да жооп берет. Биз жолдо жүрүүнүн эң негизги эрежелери жөнүндө гана айттык. Кошумча маалымат бул жерде. Аларды толук баяндаш үчүн өзүнчө эле бир китеп керек. Силер төмөнкү эң негизги жети эрежени жатка билгидей болгула: төшөмө (чоң) жол - автомобилдерге, тротуар - жөө жүрүүчүлөргө арналат.
Сен тротуардын оң тарабы менен жүрүшүң керек, ошону дайыма оюңа сакта! Көчөдөн өткөндө адегенде автомобилди өткөрүп анан өзүң өт! Жөө кишилер өтүүчү жолчо же жер астындагы өткөөл аркылуу гана өт! Көчө кесилишинен жашыл жарык күйгөндө гана өтүүгө болот! Бул белгилерди сөзсүз билишиң керек! Жол коопсуздугу үчүн айдоочулар да, жөө кишилер да жооп берет.
Жол белгилери жана көрсөткүчтөрүЖол белгилери жана көрсөткүчтөрү – жолдо жүрүүчүлөргө (унаа айдоочу жана жөө жүрүүчүлөр) жолдо жүрүү шарты, жүрүү маршруту жөнүндө маалымат берүүчү белгилер жана жазуулар. Алар белгилүү түстө, формада жана чоңдукта жасалып, көчөнүн, жолдун, магистралдардын боюна, жүрүү багытынын оң жагына орнотулат. Автомобиль кыймылы боюнча Париж конвенциясында (1909) төрт (жолдун кесилиши, темир жол кесилиши, ийри-муйру жол, өңгүл-дөңгүл жол) эскертүүчү белгиси бар алгачкы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө макулдашуу кабыл алынган.
Кийинки конвенцияларда улам толукталып, Венадагы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө конвенциянын (1968), Женевадагы Европалык макулдашуунун (1971) талабына ылайык мамлекеттик стандарт иштелип чыккан жана ага ылайык 4 топко бириктирилет: эскертүүчү, тыюу салуу, милдеттендирүүчү, нускоочу белгилер, кээде кошумча кабарлоочу белгилер орнотулушу мүмкүн. Эл аралык концепциялардын жол кыймылы, белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттын талаптарын эске алуу менен КРдин Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы токтомунун редакциясына ылайык КРдин жол белгилери жана көрсөткүчтөрү 7 топко бөлүнгөн.
Эскертүү белгилери: кызыл жээктүү сары үч бурчтук – алдыдагы жолдун опурталдуулугун жана ага карата чара көрүү зарылдыгын унаа айдоочуга эскертет. Тыюу салуу белгилери: жердиги ак, кызыл жээктүү сары тегерек – транспорттун айрым түрлөрүнүн жүрүшүнө тыюу салат же белгилүү чектөө менен жүрүү керектигин эскертет. Милдеттендирүү белгилери: жалпы белгиси көк тегерек – белгилүү жакты көздөй, белгилүү ылдамдыкта жана транспорттун тийиштүү түрүнүн гана жүрүүсүнө уруксат кылынат.
Маалыматтык - жол көрсөтүү белгилери: көк, сары түстөгү чарчы – жолдун аралыгын, калктуу жерлерди, транспорт токтоочу жайды, кыймылдын урксат берилген багытын жана башка көрсөтөт. Сервис белгилери – тийиштүү объектилердин жайгашуусу жөнүндө маалымдайт. Кошумча маалымат белгилери (табличкалар) – белгилердин колдонулушун тактайт же чектейт. Булардан сырткары транспортту айрып таануучу белгилер өзүнчө топко бириктирилген. Бардык белгилерге түнкүсүн жарык берилет же жарык чагылтуучу материалдан жасалат жана 100 м аралыктан көрүнүшү керек.
Салам достор, бүгүн жол белгилери жонундо таанышып алалы. Дароо айтып коелу. Бул макала айдоочулар үчүн эмес жөнөкөй жөө жүргүнчүлөр, айрыкча мектеп окуучулары үчүн.
Эскертүүчү белгилер
Эскертүүчү белгилер эч нерсеге тыюу салбайт, бирок алдын ала боло турган кырсыктардан алдын алуу үчүн эскертет. Бардык эскертүүчү белгилер кызыл кыюусу бар үч бурчтук формага ээ.
| Таштардын кулоосу |
| Майда таштардын чачыроосу |
| Жол иштери |
| Балдар |
| Тоскучу жок темир жол кесип өтүүсү |
| Тоскучу бар темир жол кесип өтүүсү |
Атайын коюлган жана маалымдоочу белгилер
Мындай белгилерди атайын режим кыймылындагы айдоочуларга киргизилетже алынып салынат, о.э. кандайдыр бир объекттер жөнүндө маалымдалат.
| Жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгү |
| Жер асты менен өтүүчү өтмөк |
| Автобустун жана троллейбустун токтой турган жайы |
Сервис белгилери
Сервис белгилери ылайык келген объекттердин жайгашуусун маалымдайт.
| Медициналык жардам пункту |
| Оорукана |
| Телефон |
| Ичкенге жарамдуу суу |
| Тамактандыруу пункту |
| Мейманкана же жатакана |
Жол белгилери зебрасыз, таптакыр болбойт го, «зебра» бул жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшү үчүн чийилген сызыктар. Ал ак түстө болот. Жол бетине чийилген мындай белгини горизонталдуу (түүрасынан чийилген) сызык дешет.
Вертикалдуу (тикесинен чийилген) сызыктар да болушат. Алар ак жана кара түстөгү сызыктардын кезектешип (көпүрөлөргө, тосмолорго, бордюрларга) чийилет. Мындай сызыктар курулуштардын алыстан көрүнүп туруусу үчүн жасалат.
Светофор
Светофор дароо эле үч түстүү болгон эмес. Светофорду кыймылды жөндөө үчүн автомобиль пайда болгонго чейин эле колдонушкан. Башында ал темир жолдо пайда болгон. Ал темир жол светофору - семафор деп аталган.
Биринчи светофор Лондондо 1868-жылдын 10-декабрында орнотулган. Ал шаардын борборунда 6 метр бийиктикте орнотулган. Светофордо кызыл жана жашыл айнектер болгон. Ал убакта сары белги болгон эмес. Полицейскийлер чыракты өзүлөрү ачып жана жаап турушкан, ал чырактар жарык кылуучу газ менен иштеген. Биринчи электр светофорлору Америкада пайда болгон. Алар дагы эки түстө: жашыл жана кызыл түстө болушкан. Сары сигналды полициянын ышкыруусу алмаштырган. Үч сигналдуу светофор дагы Америкада пайда болгон (1938). Жол белгилери светофорсуз элестетүү кыйын болсо керек, кандай дейсинер?
Светофор түстүү сигналдардын жардамы менен жол кыймылын жөнгө салат, алар төмөнкүдөй чечмеленет:
| Кызыл сигнал - кыймылга тыюу салат, кооптуулуктун түсү болгондуктан тандалып алынган. Ошондой эле күндүр-түндүр, туман жана жаанда ачык-так көрүнгөн. |
Сары сигнал - негизги түстөрдүн ортосундагы белги. Сары сигналда кыймылга тыюу салынат. | |
Жашыл сигнал - кыймылга уруксат берет жана кызыл түстөн кескин айырмаланып турат. Жашыл түстү кызыл менен чаташтырууга мүмкүн эмес жана көрүнүктүү түс. |
Жөө жүргүнчүлөрдүн светофору жөө жүргүнчүлөрдүн жолдон өтүү кыймылын жөнгө салат
|
Кызыл сигнал - өтүүгө тыюу салат |
Жашыл сигнал - өтүүгө уруксаат берет |
Жөнгө салгыч (регулировщик)
Жол кыймылын ала-була таяктын жардамы менен жөнгө салган (регулировщик) адамдын пайда болгондугуна 90 жыл болду. Анын орду жолдун кесилишинин так ортосу болгон. Анын сигналдары денесинин жана колунун абалы менен берилет. Сигналдар (белгилер) даана көрүнүшү үчүн ал колуна ачык түстөгү таякча кармап алат.
Жол белгилери жондундогу кыргызча макалабыз ушундай достор. Адаттагыдай кошумча шилтемелер берилмекчи.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Коопсуздук эрежелери”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Тиричилик коопсуздугу
Салам достор, бүгүн биз турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери жонундо соз кылмакчыбыз. Тиричилик коопсуздугу деген эмне? Келгиле үйрөнүп алалы.
Адам баласынын турмуш тиричилик коопсуздук маселеси заманбап жашоодо - бирден бир маанилүү нерсе. Жашоодо адамдын өмүрүнө коркунуч жаратуучу көптөгөн учурлар болот, келгиле алардын көп кездешүүчүлөрү менен таанышып алалы.
Газ
Газ абдан коркунучтуу. Биринчиден газ жарылып кетиши мүмкүн. Экинчиден, ууланып калууга мүмкүн. Ошондуктан, газдын жыты чыгып жатканы сезилгенде, төмөнкүдөй эрежелерди сактоо зарыл:
Газ жыттанып жатат деп чоң кишилерге айтуу керек.
Дароо терезелерди, эшиктерди ачып, бөлмөнү желдетүү зарыл.
Эгер шаарда жашасаңар 104 номерине телефон чалыңыздар.
Турмуш тиричилик коопсуздугунда газ жыттанып жаткан учурда эмне кылбаш керек: Жарыкты күйгүзбөө (электроприборлорду колдонбоо зарыл), ширеңке чакпоо жана кайдан газ чыгып жатканын ширеңке чагуу менен текшербөө керек. Жарылуу болушу мүмкүн. Эң кичинекей учкундан да газ жарылып кетиши мүмкүн. Жарыкты өчүрүп-күйгүзүүчү жана өткөргүчтөрдөн (розеткалардан) ушундай учкундар чыгат.
Электр тогу
Эгер өткөргүчтөр иштебесе, электрди колдонуу коркунучтуу. Кээде адам колу менен өткөргүчтү кармап алса, ток урушу мүмкүн. Өткөргүчтөр бири-бирине тийишип, кыска тийишүүдөн (жарык өчөт), же өртчыгышы мүмкүн. Ошондуктан сырты сыйрылып калган өткөргүчтөрдү, зымдарды, өчүрүп-күйгүзгүчтү, же шнур саюучу ток бузук экенин байкасаңар дароо чоң кишилерге айтуу керек!
Электр тогунун коопсуздук эрежелери.
үйдөн, бөлмөдөн чыгып бара жатканда сыналгы, үналгы, электр чайнек, үтүк, зарядкага сайылган уюлдук телефон жана башка электр приборлорун сөзсүз өчүрүп кетүү керек.
эч качан электр өткөргүчтү, зымды колуң менен тартпа!
эч убакта сыйрылган өткөргүчтүн, зымдын жанына барба, аларды кармаба!
эгер телевизордон, чаң соргучтан же башка электр приборлорунан күйгөн резина жыттанса, андан учкун чыгып жатса - анда аны дароо сууруп салуу керек. Мындай приборду оңдоо керек же колдонудан баш тартуу жакшы.
Өрт
Өрт дагы адамга коркунучту, эч качан ширеңке менен ойнобогула. Кандайдыр бир күйүк жыт чыгып жатканын байкасаңыз. Дароо чоң кишилерге айтуу керек. Эгер үйдө эч ким жок болсо, 101 телефонуна чалып, үйдө өрт же түтүн чыкканын билдирип, атыңызыды, фамилияңызды, көчөңүздү, үй номуруңузду айтып берүү зарыл. Андан соң өрт кызматкерлери келгиче, эшикке чыгып туруу талап.
Кооптуу коркунучтар
Үйдө адам өмүрүнө коркунуч жарата турган кооптуу буюмдар көп. Мисалы, кадимки эле адамдын температурасын өлчөгөн градусник. Кээ бир градусникте сымап болот - ал абдан уулуу зат, адамдарга да, жаныбарларга да зыяндуу. Эгер градусник сынып калса, үйдөгү чоң кишилерди чакыруу зарыл! Сымап жылтырактарын кол менен кармоого болбойт. Уулануу - бул жабыркоо.
Жуулбаган жер-жемиштерди, мөмөлөрдү жебегиле - алар химиялык пестициддер менен өстүрүлүшү мүмкүн. Мөмө-жемиш, жер-жемиш, жашылча-жемиштерди сөзсүз жууп жеш керек.
Жабыр тартуу
Бул сөз ар түрдүү жабыр тартууларды түшүндүрөт. Алардын жеңил түрүнө - чийип кетүү, кокустоо, оорутуп алуу кирет. Адам өмүрүнө катуу коркунуч жараткан сынык, мээ чайкалуу, күйүк ж.б. оорулар болушу мүмкүн.
Эсиңерге түйгүлө: бардык жабыркоо, кандай болсо да туура жана өз убагында тазалануусу керек. Кичинекей чийилип кеткен жерди убагында тазалабаса, кандын бузулушуна алып келип, адам өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.
Жабыркоолор төмөндөгүдөй түрдө болушу мүмкүн: кокустатуу, жараат алуу, кан агуу, сынык, күйүк, ысык өтүү, чөгүп кетүү. Жарааттын мүнөзүнө жараша атайын же колдо болгон каражаттар пайдаланылат.
Атайын каражаттар - бул бинт, медициналык вата, лейкопластрь, бактерициддик йод, нашатыр спирти ж.б. Мунун бардыгы үйдө, класстагы жана жумуштагы аптечкада болушу зарыл. Колдо болгон каражаттар - кокустук болгон жердеги колдо болгон нерселер, мисалы, бинт жок болсо таза бетаарчыны пайдалануу.
Урунуп алуу, жараат
Эгер урунуп алган жер жумшак ткандарда болсо (мисалы, булчуң), ал жерге тезирээк муздак нерсе басу керек (муздак сууга салынган сүлгү же муз салынган бөтөлкө).
Эгер адам баш менен кату урунса, дароо аны жаткырып, тынчын албоо жакшы. Эгер анын бети бозоруп кетсе, башын ылдыйраак кылуу. Сөзсүз чоң кишилерди чакыруу абзель. Башы, ичи, көкүрөгү менен кату урунганда ички кан агуу болушу мүмкүн. Ошондуктан бул адамды тезирээк доктурга көрсөтүү талап.
Жараат жана чийдирип алууда (бир нерсеге тилдирип алууда) кийимди чечип, жараатты ачык калтыруу зарыл. Эгер йод болсо, жарааттын тегерегин, колуңуздун манжаларына йод сыйпап, андан кийин гана таза бинт менен таңуу зарыл. Жараатка кебез же майларды сыйпабаган оң. Жараат аркылуу организмге инфекция кирип кетиши ыктымал. Ошого байланыштуу жараатты таза кармоо маанилүү.
Башка жарааттар
Жараат алуу - сырткы эле жабыркоону түшүндүрбөйт. Эгер силер күн ысыкта эшикте ойносоңор башыңарга күн өтүп кетиши мүмкүн. Сууга түшүп, кумда жатканда да баш кийим кийбесе, күн өтүп кетет. Башка күн өтүп кеткендин белгиси: баш оору, баш айлануу, кулак шуулдоо, кускунун келүүсү, чыйрыгуу, тез-тез дем алуу, бети кызаруу, мурундун каноосу, дененин ысышы, кээде эстен тануу. Күндө жүргөндө эле башка күн өтпөстөн, 6-8 саат өткөндөн кийин болушу мүмкүн. Күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн баш кийим кийип жүрүү зарыл. Башка күн өтүп кеткенде, адамды көлөкөгө же салкын жайга алып барып, муздак суу берип, башына муздак компресс коюу талап кылынат.
Жайында, жаан-чачын учурунда чагылганга урунуп калуу коркунучу бар. Чагылганга кабылбоо үчүн өзүнчө турган бийик бактарга жашынбагыла, узун, темир антенналардан алыс болууга аракет кылуу жакшы. Алар магнит сыяктуу чагылганды өзүнө тартышат.
Токойдо аарылар, курт-кумурскалар, майда жаныбарлар чагып же тиштеп алуу коркунучу. Курт-кумурскалар, аарылар чакканда ооруйт жана шишийт. Адегенде алардын сайган ийнесин алып салу керек, чагып кеткен жерге нашатыр спирти же бор кислотасы сиңирилген тампонду коюу керек. Эгер майда жандыктар, тыйын чычкан, кирпи, келемиш сыяктуу жандыктар тиштеп же тытып алса, дароо, тезинен, кечиктирбестен чон кишилерге айтып, ооруканага алып баруусун талап кылуу керек. Жандыктардын тиштеп же тытып алышы менен өтө коркунучтуу «кутурма» оорусун жуктуруп алуу ыктымал. Кутурма оорусу айыкпайт, аны
жуктурган адам сөзсүз өлүмгө учурайт. Эгер тезирээк оорунага кайрылганда ооруну жуктуруп алуу мүмкүндүгү жокко чыгат.
Кутурма, жана башка жугуштуу оорулар үйдөгү ит-мышыктардан дагы жугушу мүмкүн, ошондуктан ит-мышыктарды өбүү, аларды төшөккө алып жатуу таптакыр болбойт. Ит-мышыктарды кармаган сайын сөзсүз колду самындап жууп туруш керек.
Көз жабыркаган учурда, аны кайра-кайра ушалай бербей, дарыгерге кайрылуу зарыл. Кышында тоңголокто жабыр тартуулар да аз эмес. Тайгакта таманы менен так басып, шашпай жүрүү керек. Муздардан оолагыраак болуу жакшы.
Достор, турмуш тиричилик коопсуздугу жөнүндөгү макалабыз ушундай болду, силер кандай дагы коркунучтарды билесиңер? силердин оюңар боюнча жашоо тиричилик коопсуздугу деген эмне? Пикир калтырып жазып койгула.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Суицид жөнүндө кеңири түшүнүк берүү”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Суицид түшүнүгү
Эң оболу айтылчу сөздүн маанисин так жана даана түшүнүп алуу туура болор. Суици́д (лат. sui caedere — өзүн өлтүрүү) – атайын аракет кылуу менен өз жанын кыюу деген маанини берет. Сыртынан караганда адам суицидге өз каалоосу менен жана өзүнүн аракети менен баргандай көрүнөт.
Бардык жан кыюуларды чыныгы жана ашкере суицид (парасуицид же псевдосуицид) деп эки чоң топко бөлсө болот. Ашкере суицид (псевдосуицид) аффект абалында аткарылып, жанын кыюудан мурун бул жагымсыз аракетине коомдун көңүл буруусун каалайт. Муну жапакечтин айлана-чөйрөсүнөн “жардам сураган” чыңырыгы деп түшүнсө да болот. Чыныгы суицид (парасуицид) болсо жакшылап ойлонулган аракет. Анын максаты кандай болбосун жанын кыюу.
Андан сырткары аракечтик, баңгилик, чылым чегүү, оор илдетке кабылганда сакаюуга аракет кылбоо, жол эрежелерин жана коопсуздук эрежелерин сактабоо, спорттун экстремалдуу түрлөрү менен машыгуу сыяктуу дароо жана түздөн-түз өлүмгө алып келбөөчү, бирок ден-соолук менен өмүргө коркунуч туудурган жүрүм-турум да кээ бир окумуштуулар тарабынан жашыруун суицид деп аталган экен.
Коомдун суицидге жакын тайпалары
Жаш жигиттер, кыздар жана өспүрүмдөр улууларга караганда көбүрөөк жан кыйышат. Аялдар өз жанын кыюуга 4 эсе көп аракет кылганы менен, эркектердин аракети аялдарга караганда үч эсе көбүрөөк ишке ашат.
Ал эми Кыргызстан тууралуу айта турган болсок, 2014-жылы 106 бала өз өмүрүнө кол салган. Адистердин айтуусу боюнча Кыргызстанда 40% адам бул илдеттин кырында турат.
Андан сырткары, өлкөбүздө 2009-жылы 8 айдын ичинде 112 окуучу, башкача айтканда, үч күндө бирден окуучу жанын кыйган. Суицидге көбүнчө 6-9-класстын окуучулары барууда.
Суициддин себептери жана алдын алуу жолдору
Жаш балдардын өмүрүн кыюусунун эң негизги себеби “бул улуу муундун, коомдун жана мамлекеттик органдардын кайдыгерлиги, балдарга жетишерлик көңүл бурулбаганы”, - дешет окумуштуулар.
Буга негизги себеп катары мектепте рэкеттик жана абак субмаданиятынын жайылышы, бала тарбиялоонун түркөй аракеттер менен коштолушу, үй-бүлөдө атанын же эненин жоктугу (толук эмес үй-бүлөлөр), суицид чегине келип калган баланын эч кимге кайрыла албашы, мектеп психологдорунун жетишсиздиги жана алардын чылкый материалисттик көз-карашта болушу сыяктуу чиркешкен себептер кирет. Бул себептерге чара катары үйдүн улуулары айрыкча, ата күнүнө балдарына эң кеминде 20 мүнөт убактысын бөлүүсү өтө маанилүү. Балдар үчүн эбегейсиз чоң жана чечилгис болуп көрүнгөн көйгөй чоң адамдын жардамы менен тез эле чечилип, улууларга болгон ишеними менен сүйүүсүн арттырат. Албетте, бул проблемаларды тоготпоо да туура эмес.
Коомдогу жалпы үмүтсүздүк дагы суицидге алып баруучу негизги себептерден болуп саналат. Коомдо жана үй-бүлөдө өкүм сүргөн жалпы депрессивдүү жана агрессивдүү тенденциялар, “биз (биздин мамлекет) эч качан оңолбойбуз”, “булар да болбой калды”, “жалган дүйнөдөн өлүп эле кутулбасаң” сыяктуу сөздөр баладагы жашоого болгон негативдүү көз-караштын калыптанышына алып келет. Бара-бара бала өлүмдү гана туура чечим катары көрө башташы мүмкүн. Ошондуктан тарбия берип жаткан адам Жараткандын табиятка койгон мыйзамдарын жакшы түшүнүшү керек. Мындан сырткары коомдо, мамлекетте жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан кубулуш жана тенденциялардын нугунда болуп, баланын курагына,
чөйрөсүнө жана интеллектуалдык деңгээлине жараша кеп-кеңештерин бере алышы зарыл. Мектептеги сынактар сыяктуу катаал деп саналган күндөр адам баласынын тагдырында сейрек эле кездешерин, анан калса, алар адамдын мүнөзү курчутуп, акылды курчутарын эскертип туруш керек экенин адистер айтып келишет.
Адистер дагы бир суициддик себеп катары азыркы ата-энелер менен педагогдордун балдарга өтө жогору талап коюусун жана маалыматты “кынтыксыз чагылдыргандыгы” үчүн гана баа алгандыгын белгилешкен. Мындай талап адилетсиз аракеттер менен коштолгондо, тагыраак айтканда, бир балага “көкүрөк күчүк”, башкасына “барынан жогу” катары мамиле кылынганда ого бетер оорлошот. Ушундан улам, биздин министирликтин аталышына бир гана билим берүү эмес, тарбия берүү деген сөз жана маани да кошулуп, мектепте бир гана билим үчүн эмес, тарбия үчүн да баа берүү зарылдыгы туулгандай.
Ыйманга байланыштуу маселелер
Жин-шайтан, албарсты, үйдүн же бир чөлкөмдүн ээси, азыткы, жез тумшук, жалгыз аяк ж.б.у.с. көбүбүз көрбөгөн, бирок далай уккан нерселер азгырып, адамдын жанын кыюуга себеп болушу мүмкүн. Анткени жалпы коомдун адал-арам, туура-натуура, кирлик-тазалык маселесинде толук билим жок. Жакында эле тааныштарыбыздын 1-класстагы уулун адам кебетесиндеги эки жин шифоньердин ичине кирип асылууга азгырган. Үйүңүздүн жанындагы мечитке барсаңыз мындай окуянын далайына күбө болосуз. Бул албетте массалык психоз эмес, адамдарга Жаратканын таануу үчүн сунулган дагы бир себептерден. Эгер бул айтылгандарга ишенбегендер болсо Гогольдун “Диканькадагы хутор кечелери” (Вечера на хуторе близ Диканьки), Островскийдин “Жиндер” (Бесы), Есениндин “Кара киши” (Черный человек), Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” (Мастер и Маргарита) чыгармаларын жана албетте, “Манас” эпосубузду жакшыраак окуп чыксак болот.
Буга статистика дагы бир далил сунат: суициддин 48% белгисиз себептерден улам ишке ашса, дагы 18%ы психологиялык оорулардын айынан жүзөгө ашары айтылып келет. Демек 66% адамдын өз жанын кыюусуна жогоруда айтылган далил толук себеп болушу мүмкүн. Ушундан улам Ушинский айткандай, адамды ар тараптан изилдеп, ошого жараша тарбия берүү туура болчудай. Анткени материалисттик идеология 20-кылымда бурмалоо жолу менен табылып, күч менен таңууланган идеология экени азыр айдан ачык далилденип отурат. Ошондуктан динибиздин негизги булактары болгон Куран менен хадистерде келген дубаларды жаттап, алар менен сактанууну ар бир жараныбыз эсине түйүп койсо жаман болбочудай.
Корутунду, же коом менен мамлекеттин милдеттери
- психолог жана педагогдорду Ислам дининин адам, үй-бүлө, билим жана тарбияга болгон көз карашы менен тааныштыруу,
- Манас эпосубуздун (Бүбү Марьямдын вариантын эмес) баалуулуктарын билим берүү структураларынын бардык тармактарында окутуу,
- жамааттык дубалардын кылынышы (түлөө өткөрүү, курмандык чалуу сыяктуу),
- суицид боюнча социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү,
- маселенин мамлекеттик деңгээлде каралышы жана коомдун бардык мүмкүнчүлүктөрүн жапырт көтөрүү,
- балдарга жардам берүү үчүн адистердин ыкчам бригадаларын түзүү,
- балдарга зулумдук кылган адамдардын кылмыш иштерин аягына чыгаруу,
- үй-бүлөлүк көйгөйү бар өспүрүмдөрдү убактылуу жайларга жайгаштырып, үй-бүлө
конфликти бышып жетилип баратканда кандай аракеттер кылыныш керектигин үйрөтүү,
- теологиялык илими бар педагогдордун ата-эне жана балдарга туруктуу сабак берүүлөрүн мамлекет тарабынан каржылоо,
- жаштарга кумир боло алчу адамдар, үлгүлүү үй-бүлөлөр тууралуу фильмдер тартылып көргөзүлүшү жана каармандары менен чыгармачылык кечелерин уюштуруу,
- окуу жайларда жана аскердик бөлүктөрдө атайын психологиялык кабинеттерди уюштуруу,
- суицидден арылуу темасында кызыктуу китептердин жазылышы,
- жогорудагы иш-чаралардын ММК аркылуу кеңири чагылдырылышы.
Кыскасы, суицидди чечим катары көргөзгөн бардык нерселердин баалуулугун, кызыктыруучу кооздугун жокко чыгаруу керек. Адамдарга жана жаш муунга өлүм бул жашоонун бүтүшү эмес, тескерисинче, чыныгы жашоонун башталышы экенин, тагырак айтканда, акырет түшүнүгүн берүү өтө зарыл.
СУИЦИД ЖЕ ОЗ ОМУРУН КЫЮУ!
Өзүнүн өмүрүн кыюу же суицид маселеси адам баласы жаралгандан бери эле бар. Акыл эстүү адамдардын бул жашоодо өз өмүрлөрүн өз каалоолору менен кыюусу азыр жаңылык деле эмес жана анын себептери өсүп гана олтурат. Сөз адамдын өмүрү тууралуу болуп жаткандан кийин, бул маселе дайыма эң олуттуу боюнча калмакчы. Ал баардык мамлекеттерде бар болгон жана болуп турат. Мисалы, Шведдердин суициддерди изилдөө борбору 15 жаштан баштап 19 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөрдүн өзүнүн өмүрүн кыйгандардын саны Россияда биринчи оорунда турарын белгилешет. Суицид Кыргызстанда Бизде да бул маселе олуттуу. Өзгөчө өтө эле жаш периштедей күнөөсү жок балдардын, секелек кыздардын өмүрлөрүн өздөрү кыйып жаткандары абдан жүрөктү оорутат. Кайсыл жакта, канча адам, кандай себептерден улам мындай учурларга кезигишип жаткандары тууралуу сөз кылуудан мурун өз башыман өткөн жакын курбумдун өз өмүрүн кыйып койгону тууралуу сөз кылсам... Өз каалоосу менен өмүрүн кыйган жакын курбум Алиманын (Аты өзгөртүлдү) он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек секелек сулуу кыз эле. Өзү мөлтүрөгөн, жутуп жиберчүдөй сулуу, кол жазмасы да сулуу, өмүрү сырын айтпаган сырдуу, жоош, назик кыз эле. Экөөбүз мектепте жакшы курбулардан болчубуз. Жигиттер менен жүрбөгөн тартиптүү сапатын абдан баалайт элем. Ошентип он биринчи классты чогуу бүтүп, ал башка шаарга, мен борбор калаабызга жогорку окуу жайына тапшырып, экөөбүз эки жакта калдык. Ошол менен мен аны көргөн жокмун. Бир жылдан кийин анын өзүнүн өмүрүн кыйып салганын угуп, уккан кулагыма ишене албадым. Дагы деле ишенбейм. Анын андай жолго барышы түбөлүк сыр боюнча калмакчы. Эмнеге өз өмүрүн кыйды? Баары бар болчу? Ата-энеси эч нерседен кем кылчу эмес, керек болсо башкалардан да жогору жүрчү. Жакшы окучу. Ушул суроо менин эле эмес жакындарынын да жүрөгүн оюп келсе керек. Бир чети жиним келсе, бир чети аярымды да билбейм, анын жок экенине ишенбейм. Негизи окуя мындай болуптур. Жогорку окуу жайлардын биринде окуган Алима классташым ошол күнү кадимкидей туруп жуунуп жашынакай эле эл менен учурашып жүргөн. Түшкө маал анын колуна пакеттеги уксусту көтөрүп келе жатканын ошол жатаканадагы кыздар көрүп, эч нерседен деле кабатыр болушкан эмес. Бирок, бир күн кечке бөлмөсүндө ичинен бекинип алып такыр чыкпаган Алиманы кыздары карап аябай коркунучтуу шишип кеткенин көрүшүп, дароо тез жардам чакырышкан. Ошентип Алима кыйналып жатып, эки күндө шишип-көбүп жатып көз жумуптур. Уксус ичин куйкалап, ички органдары иштебей же жаны чыкпай, айтор, ажал аябай кыйнап жатып алып кетиптир. Уксусту өтө көп ичип алгандыктан дарыгерлер да сактай алышпаптыр. Алима өз өмүрүн өз каалоосу менен кыйгысы келип, атайын ушул жолго барган. Бирок эмнеге? Ушул күнгө чейин сыр боюнча калды. Жакындары жана досторунун жүрөгүнөн кан агып гана ишенип-ишенбеген боюнча калышты. Сыр боюнча калды “Эл оозунда элек жок” дегендей, анын өлүмүн эл ар кандай жооруп жүрүштү. Алардын айтымында, Алима акыркы күндөрү артынан көп ушак ээрчитип, ал имиштер боюнча балдар
менен көп жүрүп кеткен. Акыры ал ушакка чыдабай өз өмүрүн кыйгысы келген. Мүмкүн бирөө жарым намысына тийип койгон. Кыргызда “уят өлүмдөн катуу” деген сөз бар эмеспи. Мүмкүн чындыгында эле ар кандай ушактарга туруштук бере албай өмүрүн кыйдыбы же башка себептенби, бир Кудай билет. Бирок, анын балдар менен жүрүп кеткенине да такыр ишене алган жокмун. Дайыма тартиптүү жүргөн, жакшы окуган Алима андай жолго барбай же өз өмүрүн кыйбайт эле. Ал эч убакта сырын бирөөгө айтпагандыктан эмне маселеси бар экенин да эч ким билбей калды. Ошондуктан психологдор адамдардын өтө эле сырдуу боло бербей ишеничтүү адамдар менен сыр бөлүшүп туруусун сунушташат. Өзгөчө мындай учурда жакын туугандары, достору жакшы жактан таасир көрсөтүшөт. Бирок, бизде баары башкача. Тескерисинче, кызы же жакын адамы ушакка кабылып калса, колдоо көрсөткөндүн ордуна кулак мээсин жеп, психикалык жактан жабыркатып, анын өз өмүрүн кыйып салуусуна да себепчи болушу мүмкүн. Уят жана укук Уят бизде биринчи кезекте турат. Өзүбүздүн жакыныбыздан да элдин айтканы маанилүү, ошондуктан көптөгөн кыздар кордолуп калышса да уят үчүн унчукпай, өз укуктарын коргой албай, ушакты болсо көтөрө алышпайт. Мисалы, гинеколог Айнура эженин айтуусунда борбордогу иш канада иштеген бир кызды кечкисин бейтааныш жигиттер зордуктап кетишкен. Кыз өзүн өзү өлтүрүп салайын деген. Бирок өз учурунда эжеге кайрылып, моралдык жактан колдоо болгон. Психологдордон кеңеш алып жатып, араң дегенде стресстен чыккан. Бирок, баары бир деле уят үчүн эч кимге айтпай, балдарды жазалаш үчүн издеген эмес. Айнура эже, “Бизде мындай учурлар көп эле болот. Кыздарыбыз ушактан, уяттан абдан коркушат. “Ушак болгончо өлүп калганыбыз жакшы” - деп өз өмүрлөрүн да кыйып салышы мүмкүн. Ал эми эркектер болсо бул нерсени жакшы пайдаланып жатышат” дейт. Эмнеге эл өз каалоолору менен өзүлөрүнүн өмүрүн кыйышат? Албетте, мамлекет үчүн бул суроого, адамдардын эркин жашоосун эске алып, алардын баары акыл эсинен тайгандар деп жооп берген ыңгайлуу. Жокчулук, жакырчылык, кедейчилик, билимсиздик, ыймансыздык, тартипсиздик жана башка маселелерди чечүү - бул маселени алдын алуу экенин айткылары келбейт. Бул маселени изилдөөнүн жыйынтыктары башында эле көрсөткөндөй алардын бардыгы жан дүйнөсүнөн жабыркагандар. Башкача айтканда көпчүлүк учурда психологиялык түзүлүштүн суицидге тиешеси деле жок. Өз өмүрүн кыйып жаткан адам өзүн гана ойлонот. Оюнда бардык маселелерден кутулуп, жан дүйнөсү тынч болуп калчудай элестетишет. Суициддердин аныкталган классификациясы бар: 1. Муздак суицид – бул качан адам чындап жашагысы келбей калганда; 2. Өзүнө көңүл бурдургусу келген суицид - ал аны айланасындагылар сөзсүз сактап каларын билет, ошондуктан аларды көңүл бурдуруу үчүн ушул жолдорго бара баштайт; 3. Башына түшкөн маселелерден кутулуунун жолу. Студенттердин өз өмүрлөрүн кыюусунун бир нече себептери: Жаңы шарттарга көнө албоо, үйдөгү коргоонун жоктугу, окуу убагында өз деңгээлинин түшүп калышы, жатаканадагы шарттын жоктугу, ар кандай ушактардын таркашы, өз алдынча боло албашы, мугалим же теңтуштары тарабынан басмырланышы, ийгиликсиз сүйүү сезимдери, эрте үйлөнүү, айыкпас ооруга чалдыгуусу, баңгизат колдонуусу, депрессияга чалдыгышы жана башка. Белгилүү болгондой көпчүлүк учурда ата-энеси, үй бүлөсү менен тил табыша албаганда да бул көрүнүш көп байкалат. Сиздин жакыныңыз, досуңуз, классташыңыз, курбуңуз, айтор, таанышыңыз өзүнүн өмүрүн кыйгысы келип жүргөн болсо кантип байкаш керек? Төмөндөгү негизги бир нече себептерге көңүл буруңуздар: Өзүнүн ар кандай маселелерине токтолуу Депрессия (куса болуу, сагынуу, жоопсуз сүйүү, уйкунун качуусу, көңүл кош мамиле кылуусу) Окуудагы маселелери - Баңги заттарын колдоно башташы - Досторунан алыстап кетиши - Ден соолугунан тынчсыздануу Жакында эле жоготуп алган жакын досу же келинчеги сыяктуу адамдар тууралуу көп сөз кылышыжана башка Эгер сиз ушул сыяктуу сапаттарды байкап калсаңыз, сөзсүз ал менен тил табышып, моралдык, материалдык жардам кылганга аракет кылыңыз. Аны менен сырдашып, аны тынчсыздандырган маселени билип, аны чечкенге жардам көрсөтүңүз. Өспүрүмдөрдүн өзүлөрүнүн өмүрүн кыюулары Жаш өспүрүмдөрдүн өзүлөрүнүн өмүрлөрүн кыюусуна жакырчылык, үй бүлөсү, тең туштары менен болгон начар мамиле, зордук-зомбулук, айыкпас
оорулар, мазактоолор себеп. Көпчүлүк учурда гомосексуал жаш өспүрүмдөр төрт эсе көп өзүлөрүнүн өмүрүн кыйышат. Коргоо факторлору Өспүрүмдөрдүн суициддерин азайтуу үчүн атайын коргоо факторлору бар. Алар адамдык сапаттарды баалоо, өзгөчө үй-бүлө менен достордун арасындагы байланыш кандай маанилүү, жашоодо татыктуу болгонго үйрөтөт. Балдардын эрте психологиясынын бузулушун өз убагында дарылоо суицидди алдын алуудагы стратегиянын эң негизги бөлүгү. Андан сырткары психологиялык жардамдарды көрсөтүү керек. Өзүн өзү өлтүрүүнүн жолдору Адамдын өзүнүн өмүрүн кыюунун жолдору өтө эле көп: • Асынуу • Мууну • Уулануу. Күчтүү уулар бир нече секунддан кийин таасирин берет, кээ бирлери 2-3 күндөн кийин, химикаттын түрүнө жараша болот. • Кабаттан, тоодон, бийик жерден, көпүрөдөн, учактан же жана башка жерлерден өзүн таштап жиберүү же секирүү • Куралдарды колдонуу • Өзүн өрттөп жиберүү • Кан тамырларын кесип салуу, өзүн поезд же машинаны алдына таштоо. Дин жана өзүнүн өмүрүн кыюу Ислам, иудаизм, христиан диндери өзүнүн өмүрүн кыйгандарга терс көз карашта жана аны чоң күнөө деп эсептейт. Буга жооп бар. Дин адамынын көз карашы боюнча – жашоо бул кудай берген күч. Кудай аны жараткандан кийин, ал гана анын качан өлүшүн чече алат. Ал эми адамдын өзүнүн өмүрүн кыйганга акысы жок.
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Балдар жөнүндө конвенция”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Баланын укуктары жөнүндө конвенция1989-жылы 20-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 44/25 резолюциясы бириктирилип, кабыл алынып, кол коюга жана ратификацияланууга жол берилген.
Күчкө кирүүсү: 49-статьяга ылайык 1990-жылы сентябрда.
Башкы Ассамблея, өздөрүнун мурдагы резолюцияларына таянып, өзгөчө 1978-жылы декабрдан баштап 33/166 резолюциясы жана 43/112 1988-жылдын 8-декабрь айында, ошондой эле Комиссия резолюциясынын адам мүнөзү боюнча Экономикалык жана Социалдык Совети Баланын укуктары жөнүндө конвенция суроону эске алып, ошону менен бирге 1989-жылдын 8-март айынан баштап 1989/57 резолюциясы Адамдын укуктары боюнча комиссиясы Баланын укуктары Конвенциянын проектин Башкы Ассамблеясы, Экономикалык жана Социалдык Совет аркылуу жиберүүгө токтом чыгарды, 1989/79 резолюциясын Экономикалык жана Социалдык Совети 1989-жылдын 24-майынан баштап, кайрадан аныктап, балдардын укуктары өзгөчө коргоону талап кылаарын жана бүткүл дүйнөдөгү балдардын абалын үзгүлтүксүз жакшыртууга, ошондой эле алардын коркунучсуздукта, тынчтык шарттарында өнүгүүсүн жана тарбиялануусун кайрадан аныктап, дүйнө жүзүнүн көптөгөн райондорунда балдардын абалы адекваттуу эмес социалдык шарттардын негизинде, стихиялык балаа, куралдуу конфликттер, эксплуатациялар, сабаттуу эместүүлүк, ачкачылык жана оорулар, улуттук жана эл аралык шарттарда оор учурда тургандыгына терең тынчсызданып, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду жана балдардын жыргалчылыгынын жогорулашына жана алардын өсүүсүнө түрткү берип жаткан Бириккен Улуттар Уюму негизги ролдо экендигин моюнга алып, баланын укуктарын коргоодо эл аралык Баланын укуктары жөнүндө конвенция позитивдүү кошумча болооруна жана алардын жыргалчылыгын камсыз кылууда Бириккен Улуттар Уюму адамдын укуктарынын областында өзүнүн жетишкендиктери менен тууроого татыктуу мисал экендигине көзүбүз жетти, 1989-жылы Балдардын укуктарынын декларациясынын отуз жылдыгын жана Эл аралык балдардын жылынын он жылдыгын эске алып,
1. Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын проектин ишке ашыргандыгы үчүн адамдын укуктары боюнча иштеген Комиссияга урматтап кадырлоосун билдирет;
2. Баланын укуктары жөнүндө конвенцияга азыркы ратификацияланган резолюцияларынын токтомуна ачык маанилүү сунуштарды кабыл алмакчы;
3. Бардык мамлекеттик бөлумдөрду биринчи кезекте Конвенцияны карап чыгып ратификациялап кол коюп кошулууга чакырат жана жакын арада анын күчүнө кирип иштешине ишенишет;
4. Конвенция тууралу маалыматты таратуу боюнча колдон келген мүмкүнчүлүк, каражаттардын бардыгын камсыз кылууну Башкы Секретардан өтүнүшөт;
5. Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелери жана уюмдары ошондой эле башкаруу бийликтери жана мамлекеттик эмес уюмдар Конвенция жөнүндөгү маалыматтарды жайылтуу иштерин жандандыруудагы бирдиктүү аракеттер, аны тереңирээк түшунүүгө шарт түзөт.
6. Башкы Ассамблеянын кырк бешинчи сессиясында Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын абалы тууралуу докладында билдирүүсүн Башкы секретардан өтүнөт.
7. Башкы Секретардан өзүнүн кырк бешинчи сессиясындагы докладынын «Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу» деген аталышын карап чыгуусуна токтом кылат.
61-пленумдук жыйналыш, 1989-жылы 20-ноябрда.
Баланын укуктары жөнүндө конвенция
Окуучуларды топко бөлүп, ар бирине конвенцияларды бөлүштүрүп окутуу
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жарыяланган принциптерге ылайык, коомдун бардык мүчөлөрүнө таандык кадыр-баркты, теңчиликти жана ажырагыс укуктарды таануу жер жүзүндө эркиндикти, акыйкаттыкты жана тынчтыкты камсыз кылуунун негизи деп эсептеп,
Бириккен Улуттардын элдери Уставда адамдын негизги укуктарына, адам инсанынын кадыр- баркына жана дөөлөтүнө өз ишенчиликтерин ырастаган кеңири эркиндиктин тушунда социалдык прогресске жана жашоо шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө чечкиндүү экендиктерин көңүлгө алып, Бириккен Улуттар Уюму Адам укуктарынын жалпы декларациясында жана Адам укуктары жөнүндө эл аралык пактыларда, ар бир адам аларда көрсөтүлгөн бардык укуктарга жана эркиндиктерге расасы, өңүнүн түсү, жынысы, тили, дини, саясий же башка ынанымдары, улуттук же социалдык теги, мүлктүк абалы, туулушу же башка жагдайлары сыяктуу белгилер боюнча эч кандай айырмасыз ээ болууга тийиш зкендигин жарыялагандыгын жана макул тапкандыгын таанып, Бириккен Улуттар Уюму Адам укуктарынын жалпы декларациясында балдар өзгөчө камкордукка жана жардамга укуктуу экендигин жарыялагандыгын эскертип, коомдун негизги уюткусу жана анын бардык мүчөлөрөнүн жана айрыкча балдардын өсүшү жана жыргалчылыгы үчүн табигый чөйрөсү катары үй-бүлө коомдун чектеринде ал өз милдеттерин толук көтөрө алыш үчүн зарыл болгон коргоого жана көмөк көрсөтүүгө эгедер болууга тийиш экендигине ынанып, баланын инсан катары толук жана телегейи тегиз өнүгүшү үчүн ал үй-бүлөнүн камкордугунда, бактынын, сүйүүнүн жана түшүнүүнүн кучагында өсүшү зарыл экендигин таанып, бала коомдук турмушта өз алдынча жашоого толук даяр болушу керек жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жарыяланган идеалдардын рухунда, айрыкча тынчтыктын, кадыр-барктын, сабырдуулуктун, эркиндиктин, теңдиктин жана тилектештиктин рухунда тарбияланууга тийиш деп эсептеп, баланы мындай өзгөчө коргоонун зарылдыгы 1924-жылдагы Баланын укуктарынын Женева Декларациясында жана 1959-жылы 20-ноябрда Башкы Ассамблея кабыл алган Баланын укуктарынын декларациясында каралгандыгын жана Адам укуктарынын жалпы декларациясында, Граждандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактыда (атап айтканда 2З-жана 24-статьяларда), Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл аралык пактыда (атап айтканда 10-статьяда), ошондой эле балдардын жыргалчылыгынын маселелери боюнча иш жүргүзгөн адистештирилген мекемелердин жана эл аралык уюмдардын уставдарында жана тиешелүү документтеринде таанылгандыгын эске алып, баланын укуктарынын декларациясында көрсөтүлгөндөй «өзүнүн мүчө боюнун жана акылынын жетиле электигине байланыштуу бала атайын коргоого жана кам көрүүгө, анын ичинде туулганга чейин да, туулгандан кийин да тиешелүү укуктук коргоого муктаж» экендигин эске алып, балдарды коргоого жана алардын жыргалчылыгына, айрыкча балдарды улуттук жана эл аралык деңгээлде тарбиялоого берүүгө жана аларды асырап алууга тиешеси бар Социалдык жана укуктук принциптер жөнүндө декларациянын, жашы жете элек балдарга карата сот акыйкаттыгын аткарууга тиешеси бар Бириккен Улуттар Уюмунун минималдуу стандарттык эрежелеринин («Пекин эрежелери»), өзгөчө жагдайларда жана куралдуу чыр-чатактардын мезгилинде аялдарды жана балдарды коргоо жөнүндө декларациянын жоболоруна таянып, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө өтө оор шарттарда жашаган балдар бар экендигин жана мындай балдар өзгөчө көңүл бурууга муктаж экендигин таанып, баланы коргоо жана аны ар тараптан өнүктүүру үчүн ар бир элдин каада-салтынын жана маданий дөөлөттөрүнүн маанилүү экендигин тиешелүү турдө эске алып, ар бир өлкөдөгү,
асыресе, өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү балдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн эл аралык
кызматташтыктын маанилүүлүгүн таанып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-БӨЛҮК
1-статья
Эгерде, ар бир 18 жаш куракка толо элек адам баласы, өзүнө карата колдонулуучу мыйзам боюнча эрезеге эрте жетпесе, ал ушул Конвенцияда бала катары таанылат.
2-статья
1. Катышкан мамлекеттер өздөрүнүн юрисдикциясынын чектеринде болгон ар бир баланын ушул Конвенцияда каралган бардык укуктарынын эч кандай басмырлоосуз, расасына, өңүнүн түсүнө , жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук, этностук же социалдык тегине, мүлктүк абалына, баланын, ден соолугунун абалына жана туулушуна анын ата-энесине же мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнө же кандайдыр-бир башка жагдайларга карабастан урматташат жана камсыз кылышат.
2. Катышкан мамлекеттер баланын, анын ата-энесинин, мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнүн же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн статусунун, ишинин, көз караштарынын же ынанымдарынын негизинде баланы басмырлоонун же жазалоонун бардык түрлөрүнөн коргоону камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүшөт.
З-статья
1. Балдарга карата бардык аракеттерде, алар социалдык жактан камсыз кылуу маселелери жагында иш жүргүзгөн мамлекеттик же жекече мекемелер, соттор, административдик же мыйзам чыгаруу органдары тарабынан колдонулгандыгына карабастан биринчи кезекте баланын таламдарын эң мыкты камсыздоого көңүл бурулат.
2. Катышкан мамлекеттер баланын жыргалчылыгы үчүн зарыл болгон коргоону жана камкордукту камсыз кылууга милдеттенишет, мында бала үчүн мыйзам боюнча жоопкерчиликте болгон анын ата- энесинин, көзөмөлчүлөрүнүн же башка адамдардын укуктары жана милдеттери эске алынат жана ушул максатта тиешелүү бардык мыйзамдык жана административдик чараларды көрүшөт.
З. Катышкан мамлекеттер балдар жөнүндө кам көрүүгө же аларды коргоого жооптуу болгон мекемелер, кызматтар жана органдар компетентүү органдар тарабынан белгиленген нормаларга жооп беришин, атап айтканда коопсуздук жана саламаттыкты сактоо жагында, аларда иштегендердин саны жана алардын жарактуулугу жагында жооп беришин, ошондой эле компетентүү көзөмөлду камсыз кылышат.
4-статья
Катышкан мамлекеттер ушул Конвенцияда таанылган укуктарды жүзгө ашыруу үчүн бардык зарыл болгон мыйзамдык, административдик жана башка чараларды көрүшөт. Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жагында катышкан мамлекеттер мындай чараларды өздөрүндө болгон ресурстардын максималдуу чектеринде, зарыл учурда эл аралык кызматташтыктын чектеринде көрүшөт.
5-статья
Катышкан мамлекеттер ата-энелердин жана тиешелүү учурларда жергиликтүү каада-салтта каралгандай кеңири үй-бүлөнун же жамагат мүчөлөрүнүн, көзөмөлчүлөрдүн же мыйзам боюнча бала үчүн жоопкерчиликте болгон, ал ар тарабынан ушул Конвенцияда таанылган укуктарды жүзөгө ашырууда балага тиешелүү таалим-тарбия берүүгө жана аны баланын өсүп жаткан
жөндөмдүүлүгүнө ылайык жасоого мыйзам боюнча жооптуу болгон башка адамдардын жоопкерчилигин, укуктарын жана милдеттерин урматтайт.
6-статья 1. Катышкан мамлекеттер ар бир бала жашоо үчүн ажырагыс укукка эгедер экендигин тааныйт.
2. Катышкан мамлекеттер баланын жан сакташын жана мыкты өнүгүшүн мүмкүн болгон даражада камсыз кылат.
7-статья
1. Бала туулгандан кийин дароо катталат жана туулган учурдан тартып ысым алууга жана граждандыкка ээ болууга, ошондой эле мүмкүн болушунча өз ата-энесин билүүгө жана алардын кам көрүшүнө укуктуу болот.
2. Катышкан мамлекеттер бул укуктардын улуттук мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылышын жана алардын милдеттенмелеринин бул жагындагы тиешелүү эл аралык документтерге, атап айтканда баланын граждандыгы жок болгон учурга ылайык аткарылышын камсыз кылышат.
8-статья
1. Катышкан мамлекеттер мыйзамсыз кийлигишүүгө жол бербестен, баланын жекече өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде граждандыгын, ысымын жана үй-бүлөлүк байланыштарын сактоorо болгон мыйзамда каралган укугун урматтоого милдеттенет.
2. Эгерде бала өзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүнүн бир бөлүгүнөн же бардык элементтеринен мыйзамсыз түрдө ажыратылса, катышкан мамлекеттер ага зарыл жардам көрсөтүүнү жана анын жекече өзгөчөлүгүн тезинен калыбына келтирүү үчүн зарыл жардам көрсөтүүнү жана коргоону камсыз кылат.
9-статья
1. Катышкан мамлекеттер соттун чечими боюнча компетенттүү органдар колдонуудагы мыйзамдарга жана жол-жоболорго ылайык баланын жогорку таламдарында аны ата-энесинен ажыратуу зарыл деп аныктагандан башка учурларда, өзүнүн ата-энеси каалабаса, алардан баланын ажыратылбашын камсыз кылат. Мындай аныктама тигил же бул айкын учурда зарыл болуп калышы мүмкүн, мисалы ата-энеси балага катаал мамиле жасаса, же ал жөнүндө кам көрбөсө же ата-энеси бөлөк жашаса жана баланын жашаган жери тууралуу чечим кабыл алуу зарыл болсо, ушундай аныктама чыгарылат.
2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык ар кандай териштирүүнүн жүрүшүндө ишке тиешеси бар бардык тараптарга териштирүүгө катышууга жана өзүнүн көз карашын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
З. Катышкан мамлекеттер мунун өзү баланын жогорку таламдарына карама каршы келгенден башка учурларда, ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыратылган баланын ата-энесинин экөө менен тең такай негизде u1078 жеке мамиледе жана тикелей байланышта болуу укугун урматтайт.
4. Мындай ажыратуу катышкан мамлекет тарабынан кабыл алынган кандайдыр бир чечимге байланыштуу болгондо, мисалы баланын ата-энесинин бири же экөө тең камакка алынганда, түрмөгө отургузулганда, айдап жиберилгенде, депортацияланганда же өлгөндө (ал адам мамлекеттин карамагында болгон мезгилде ар кандай себеп боюнча өлүмгө дуушар болгондо) катышкан мындай мамлекет баланын ата-энесине, балага же бул зарыл болсо, эгерде мындай маалымат берүү баланын жашоосуна зыян келтирбесе, үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө алардын .
өтүнүчү боюнча үй-бүлөнүн жок болгон мүчөсү (мүчөлөрү) тууралуу зарыл маалымат берет. Катышкан мамлекеттер мындай өтүнүчтү канааттандыруу мындан кийин өзүнөн-өзү тиешелүү адамга (адамдарга) терс натыйжаларды пайда кылбашын камсыз кылат.
10-статья
1. Катышкан мамлекеттердин 9- статьянын 1-пункту боюнча милдеттенмелерине ылайык баланын же анын ата-энесинин үй-бүлөнү бириктирүү максатында катышкан мамлекетке келүү же андан кетүү максатында берген арызы катышкан мамлекеттер тарабынан оңунан гумандуу жана тез аранын ичинде каралууга тийиш. Катышкан мамлекеттер мындай өтүнүчтү канааттандыруу мындан кийин арызберүүчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жагымсыз натыйжаларды пайда кылбашын камсыз кылышат.
2. Ата-энеси ар кандай мамлекетте жашаган бала өзгөчө жагдайлар болгондон башка учурларда, ата- энесинин экөө менен тең туруктуу негизде жеке мамилелерде жана тикелей байланыштарда болууга укуктуу. Ушул максатта жана катышкан мамлекеттердин 9-статьянын 2-пункту боюнча милдеттенмелерине ылайык катышкан мамлекеттер баланын жана анын ата-энесинин ар кандай өлкөдөн, анын ичинде өзүнүн өлкөсүнөн кетүүгө жана өз өлкөсүнө кайтып келүүгө болгон укугун урматташат. Ар кандай өлкөдөн кетүү укугуна карата мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден-соолугун же адеп-ахлактуулугун же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн мыйзамда белгиленген u1078 жана зарыл болгон жана ушул Конвенция тарабынан таанылган башка укуктарга ылайык келген чектөөлөр гана колдонулат.
11-статья
1. Катышкан мамлекеттер балдардын мыйзамсыз түрдө чет өлкөгө жер которушуна жана кайтпай калышына каршы күрөшүү үчүн чараларды көрөт.
2. Бул максатта катышкан мамлекеттер кош тapaптyy же көп тараптуу макулдашууларды түзүүгө же колдонуудагы макулдашууларга кошулууга көмөк көрсөтүшөт.
12-статья
1. Катышкан мамлекеттер өзүнүн жеке көз караштарын билдирүүгө жөндөмдүү болгон баланын өзүнө тиешелүү болгoн бардык маселелер боюнча бул көз караштарды эркин билдирүү укугун камсыз кылат, мындан тышкары баланын көз караштарына анын курагына жана жетилгендигине ылайык тиешелүү көңүл бурулат.
2. Бул максатта балага, атап айтканда тиешелүү ар кандай соттук же административдик териштирүүнүн жүрүшүндө аны угууга мүмкүнчүлүк берилет, же болбосо түздөн-түз, же болбосо өкүлү аркылуу же тиешелүү орган аркылуу улуттук мыйзамдардын процессуалдык нормаларында каралган тартипте кайрылууга мүмкүнчүлүк берилет.
1З-статья
1. Бала өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу; анын бул укугуна ар кандай түрдөгу маалыматтарды жана идеяларды чек арага карабастан ооз эки, кат жүзүндө же басылган түрдө, искусство чыгармалары түрүндө же баланын тандап алышы боюнча башка каражаттардын жардамы менен эркин издеп табуу,алуу жана берүү кирет.
2. Бул укукту жүзөгө ашырууга айрым чектөөлөр коюлушу мүмкүн, бирок алар:
а) башка адамдардын укуктарын жана беделин урматтоо үчүн;
b) же мамлекеттин коопсуздугун же коомдук тартипти, калктын ден-соолугун же адеп-
ахлактуулугун коргоо үчүн мыйзамда каралган жана зарыл чектөөлөр гана болушу мүмкүн.
14-статья
1. Катышкан мамлекеттер баланын ой-пикиринин, ар-намысынын жана дининин эркин болуу укугун урматташат.
2. Катышкан мамлекеттер ата-энелердин жана тиешелүү учурларда мыйзамдуу көзөмөлчүлөрдун баланын укуктарын жүзөгө ашырууда баланын өнүгүп жаткан жөндөмдүүлүктөрүнө ылайык ыкмалар менен жетекчилик кылууга болгон укуктарын u1078 жана милдеттерин урматташат.
3. Баланын дин тутуу жана динге ишенүү эркиндигине мыйзамдарда белгиленген жана мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын адеп-ахлактуулугун жана ден-соолугун коргоо же башка адамдардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл болгон чектөөлөр гана колдонулушу мүмкүн. 15-статья
1. Катышкан мамлекеттер баланын эркин ассоциациялашууга жана жөнөкөй топторго эркин катышууга болгон укугун таанышат.
2. Бул укукту жүзөгө ашырууга карата мыйзамга ылайык жана демократиялык коомдо мамлекеттик коопсуздуктун же коомдук коопсуздуктун, коомдук тартиптин таламдары, калктын ден-соолугун же адеп-ахлактуулугун коргоо же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл болгон чектөөлөрдөн башка эч кандай чектөөлөр колдонулушу мүмкүн эмес.
16-статья
1. Бир да бала өзүнүн жеке турмушун, үй-бүлөлүк турмушун жүзөгө ашырууга, турак жайынын кол тийгистигине же кат-кабарлардын жашырындуулугуна болгон укугун зомбулук менен бузуунун же мыйзамсыз кийлигишүүнүн же анын ар-намысына жана беделине мыйзамсыз шек келтирүүнүн объектиси болушу мүмкүн эмес.
2. Бала мындай кийлигишүүдөн же шек келтирүүдөн мыйзам тарабынан корголууга укуктуу.
17-статья
Катышкан мамлекеттер массалык маалымат каражаттарынын маанилүү ролун таанышат жана бала ар кандай улуттук же эл аралык булактардан, айрыкча баланын социалдык, руханий жана моралдык жыргалчылыгына, ошондой эле анын мүчө боюнун жана психикасынын мыкты өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган маалыматтарды жана материалдарды алууга мүмкүнчүлүк алышын камсыз кылышат. Катышкан мамлекеттер бул максаттарда:
а) бала үчүн социалдык жана маданий жагынан пайдалуу болгон жана 29-статьянын мазмунуна тура келген маалыматтарды жана материалдарды жайылткан массалык маалымат каражаттарын колдошот;
Ь) ар кандай маданий, улуттук жана эл аралык булактардан мындай маалыматтарды жана материалдарды даярдоо, алмашуу жана жайылтуу жагындагы эл аралык кызматташтыкты колдошот;
с) улуттук азчылыктын кандайдыр-бир топторуна же жергиликтүү калкка таандык болгон баланын тилдик керектөөлөрүнө айрыкча көңүл бурган массалык маалымат каражаттарын колдошот;
d) 13 жана 18-статьялардын жоболорун эске алуу менен баланын жыргалчылыгына зыян келтирүүчү маалыматтар менен материалдардан баланы коргоонун тиешелүү принциптерин иштеп чыгууну колдошот.
18-статья
1. Катышкан мамлекеттер баланын тарбияланышы жана өнүгүшү үчүн ата-эненин экөөнүн тең жалпы жана бирдей жоопкерчилигинин принцибин таанууну камсыз кылууга карата колдо болгон бардык куч- аракеттерди көрүшөт. Ата-энелер же тиешелүү учурларда мыйзамдуу көзөмөлчүлөр баланын тарбияланышы жана өнүгүшү үчүн негизги жоопкерчиликте болушат. Баланын жогорку таламдары алардын негизги камкордугунун предмети болуп эсептелет.
2. Ушул Конвенцияда баяндалган укуктарды гарантиялоо жана аларды жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында катышкан мамлекеттер баланын ата-энесине жана мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнө алардын балдарды тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткарышы үчүн тиешелүү жардам көрсөтүшөт жана балдар мекемелеринин тармагын өнүктүрүүнү камсыз кылышат.
3. Катышкан мамлекеттер ата-энеси иштеген балдар алар үчүн арналган кызматтардан жана балдарды багуучу мекемелерден пайдаланууга укуктуу болушун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүшөт.
19-статья
1. Катышкан мамлекеттер баланы тикелей же психологиялык зомбулуктун, мазактоонун же кыянат мамиле жасоонун же эзүүнөн бардык түрлөрүнөн, анын ичинде ата-энеси, мыйзамдуу көзөмөлчүлөрү же бала жөнүндө кам көрүүчү ар кандай башка адам тарабынан сексуалдык кыянаттык кылуудан сактоо максатында бардык зарыл болгон мыйзамдык, административдик, социалдык жана агартуу чараларын көрүшөт.
2. Зарыл учурларда коргоонун мындай чараларына: балага жана ал тууралу кам көрүүчү адамдарга зарыл болгон колдоо көрсөтүү,ошондой эле балага катаал мамиле жасоонун жогоруда айтылган учурларын болтурбай коюу жана аныктоо, билдирүү, берүү жана кароо, иликтее_______, дарылоо, ошондой эле зарыл учурда соттук жол-жобону козгоо жана анданкийинки чаралардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу максатында социалдык программаларды иштеп чыгуу үчүн натыйжалуу жол-жоболор киргизилет.
20-статья
1. Өзүнүн үй-бүлөсүндө убактылуу же такай болбогон бала же өзүнүн жогорку таламдарына ылайык мындай үй-бүлөдө кала албаган бала мамлекет тарабынан езгөчө коргоого жана жардам көрсөтүүгө укуктуу болот.
2. Катышкан мамлекеттер өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык мындай баланы багуучуларды алмаштырууну камсыз кылат.
З. Үй-бүлөдөн мындай кетүүгө, атап айтканда тарбиялоого берүүгө ислам укугу боюнча «кафала», асырап алуу же зарыл учурда балдарды бага турган тиешелүү мекемелерге жайгаштыруу киргизилиши мүмкүн. Баланы багуучуну алмаштыруунун варианттарын кароодо баланы тарбиялоонун жолун жолдоп улантуунун зарылдыгы жана анын этностук келип чыгышы, диний жана маданий таандуулугу жана эне тили тиешелүү түрдө эске алынууга тийиш.
21-статья
1. Асырап алуу системасынын болушун тааныган жана (же) уруксат берген катышкан мамлекеттер баланын жогорку таламдары биринчи кезекте эске алынышын камсыз кылышат жана алар:
а) колдонуудагы мыйзамга жана жол-жоболорго ылайык жана ишке тиешеси бар так
маалыматтардын негизинде баланын ата-энесине, туугандарына жана мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнө карата статусун эске алуу менен асырап алууга жол берүүгө боло тургандыгын, эгерде ушундай талап кылынса, ишке тиешеси бар адамдар мүмкүн болуучу мындай зарыл консультациялардын негизинде асырап алууга өзүнүн ар тараптан ойлонулган макулдугун бергендигин аныктай турган компетенттүү бийликтер тарабынан гана баланы асырап алууга уруксат берилишин камсыз кылышат;
b) эгерде баланы аны тарбиялоону же асырап алууну камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар үй-бүлөгө тарбиялоогo берилиши же жайгаштырылышы мүмкүн болбосо жана бала туулган өлкөдө анны кандайдыр-бир ылайыктуу багууну камсыз кылуу мүмкүн болбосо, баланы башка өлкөдө асырап алууну аны багуунун альтернативалуу u1099 ыкмасы катары таанышат;
с) бала башка өлкөдө асыралган учурда, ал өлкөнүн ичинде асыралган балага карата колдонулуучу ошондой эле гарантиялар жана нормалар колдонулушун камсыз кылышат;
d) баланы башка өлкөдө асырап алуу учурунда баланы жайгаштыруу бул адамдарга байланыштуу өзүн актабаган финансылык пайдаларды алууга алып келбешин камсыз кылуу максатында бардык чараларды көрүшөт;
е) зарыл учурларда ушул статьянын максаттарына жетүү үчүн кош тapaптyy жана көп тapaптyy келишимдерди же макулдашууларды түзүү аркылуу көмөк көрсөтүшөт жана ушул негизде баланы башка өлкөдө жайгаштыруу компетенттүү бийликтер же органдар тарабынан жүзөгө ашырылышына аракеттенишет.
22-статья
1. Катышкан мамлекеттер колдонуудагы эл аралык же ички укуктарга жана жол-жоболорго ылайык качкындын статусун алууну каалаган же качкын болуп эсептелген өзүнүн ата-энеси же башка ар кандай адамдын коштоосунда жүргөн, ошондой эле коштоосунда жүрбөгөн балага ушул Конвенцияда жана башка адам укуктары боюнча эл аралык документтерде же аталган мамлекеттер катышуучулары болуп эсептелген гуманитардык документтерде баяндалган колдонуудагы укуктарын пайдаланууну тиешелүү түрдө коргoону жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүшөт.
2. Катышкан мамлекеттер бул максатта, Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка компетенттүү өкмөттөр аралык уюмдардын же Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташкан өкмөттүк эмес уюмдардын мындай баланы коргоо жана ага ата-энесин же башка үй-бүлө мүчөсүн издөө боюнча жардам көрсөтүү боюнча ар кандай күч-аракеттерин зарыл деп тапкан учурда, аларды өз үй-бүлөсүнө кошуу үчүн зарыл маалымат алууга көмөк көрсөтүшөт. Ата-энеси же үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү табылган учурларда, мындай балага кандайдыр-бир себеп боюнча туруктуу же убактылуу өз үй- бүлөсүнөн ажыраган башка ар кандай бала сыяктуу эле ушул Конвенцияда каралгандай коргоо камсыз кылынат.
2З-статья
1. Катышкан мамлекеттер акыл-эси же мүчө бою жагынан кемчилдиги бар бала анын u1082 кадыр-баркын камсыз кыла турган, анын өзүнө ишенимине көмөк көрсөтуп жана анын коомдун турмушуна активдуу катышуусун жениилдете турган толук кандуу жана татыктуу турмуштун шарттарында жашоогo тийиш экендигин таанышат.
2. Катышкан мамлекеттер кемчилдиги бар балага өзгөчө камкордук көрүүнө таанышат жана мындай укугу бар балага тиешелүү ресурстар болгон жана ал жөнүндө кам көрүүгө жооптуу адам
болгон шартта, ал жөнүндө өтүнүч берилгенде жана ал баланын абалына, бала жөнүндө камкордукту камсыз кылуучу анын ата-энесинин же башка адамдардын абалына ылайык келгенде буга мүмкүнчүлүк берүүнү колдошот жана камсыз кылышат.
З. Кемчилдиги бар баланын өзгөчө муктаждыгын таануу катарында ушул статьянын экинчи пунктуна ылайык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө жараша баланын ата-энесинин же бала жөнүндө камкордукту камсыз кылуучу башка адамдардын финансылык ресурстарын эске алуу менен акысыз берилет жана кемчилдиги бар баланын билим берүү, кесиптик даярдоо, медициналык тейлөө, ден соолугун калыбына келтирүү, эмгектенүүгө даярдоого жана эс алуу каражаттарына натыйжалуу мүмкүнчүлүк алышын камсыз кылууну максат кылып коёт жана мунун өзү мүмкүнчүлүгүнө жараша баланы социалдык турмушка кыйла толук тартууга жана баланын инсанынын, анын ичинде маданий жана руханий өнүгүшүнө жетишүүнү камсыз кылууга алып келүүгө тийиш.
4. Катышкан мамлекеттер кемчилдиги бар балдарды профилактикалык саламаттык сактоо, медициналык, психологиялык жана функционалдык дарылоо жагындагы тиешелүү маалыматтарды, анын ичинде реабилитациялоонун, жалпы билим берүүнүн жана кесиптик даярдоонун ыкмалары жөнүндө маалыматарды алмашуу жагындагы эл аралык кызматташтыкка, ошондой эле мындай маалыматты алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө, мунун өзү менен катышкан мамлекеттердин бул жагындагы мүмкүнчүлүктөрүн жана билимдерин жакшыртууга жана тажрыйбасын кенейтүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө көмөк көрсөтүшөт. Ушуга байланыштуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн керектөөлөрүнө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
24-статья
1. Катышкан мамлекеттер баланын саламаттыгын сактоонун ар тараптан өркүндөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрүнөн жана ооруларды дарылоонун жана ден соолугун калыбына келтирүүнүн каражаттарынан пайдаланууга болгон укугун таанышат. Катышкан мамлекеттер бир дагы бала саламаттык сактоо системасынын ушул сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу укугунан ажыратылбашын камсыз кылууга умтулушат.
2. Катышкан мамлекеттер аталган укуктун толук жүзөгө ашырылышына жетишишет жана атап айтканда, төмөндөгүлөр үчүн:
а) наристелердин жана балдардын өлүмүнүн деңгээлин төмөндөтүү;
b) баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү өнүктүүрүгө биринчи кезекте көңүл буру менен, бардык балдардын саламаттыгын сактоо жана медициналык зарыл жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу;
с) балдардын ооруларына жана ач-жылаңач балдардын болушуна каршы, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардамдын чектеринде, аш болумдуу азык-түлүктөрдү жана ичүүчү суну жетиштүү берүүнүн женил технологиясын колдонуу аркылуу, айлана чөйрөнүн булганышынын коркунучтуулугун жана опурталдуулугун эске алуу менен күрөш жүргүзүү;
d) энелердин төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки мезгилдеги саламаттыгын сактоо боюнча тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр;
е) коомдун бардык катмарынын, атап айтканда ата-энелердин жана балдардын ден соолугу жана тамактанышы, алардын эмчек эмишинин артыкчылыктары, бала жашаган жердеги гигиена, санитария жөнүндө билишин камсыз кылуу жана кырсыктардан алдын алуу, ошондой эле мындай билимдерди пайдаланууга жана аларды колдоого мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
f) агартуу ишин жана алдын алуучу медициналык жардам жагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүүрү жана үй-бүлөнүн санын пландаштыруу үчүн зарыл чараларды көрөт.
З. Катышкан мамлекеттер балдардын ден соолугуна терс таасир тийгизген салт болуп калган практиканы жоюу максатында ар кандай натыйжалуу жана зарыл чараларды көрүшөт.
4. Катышкан мамлекеттер эл аралык кызматташтыкты колдоого жана ушул статьяда таанылган укуктарды u1090 толук жүзөгө ашырууга акырындык менен жетишүү максатында аны өнүктүүрүгө милдеттенишет. Ушуга байланыштуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн керектөөлөрүнө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
25-статья
Катышкан мамлекеттер компетенттүү органдар тарабынан баланы багуу, коргоо, дене түзүлүшү же болбосо психикалык жактан дарылоо максатында камкордукка берилген баланын дарыланышына мезгил-мезгили менен баа берүүнү жана бала жөнүндө мындай камкордукка байланыштуу бардык башка шарттарды таанышат.
26-статья
1. Катышкан мамлекеттер ар бир баланын социалдык жактан камсыз кылуунун жыргалчылыктарынан, анын ичинде социалдык камсыздандыруудан пайдаланууга болгон укугун таанышат жана бул укуктун алардын улуттук мыйзамдарына ылайык толук жүзөгө ашырылышына жетишүү үчүн зарыл чараларды көрүшөт.
2. Бул жыргалчылыктар зарылдыгына жараша баланын жана аны багууга жоопкерчиликтүү адамдардын колдо болгон ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле баланын жыргалчылыгына жетишүү үчүн же анын атынан жасалган ар кандай ниеттерди эске алуу менен берилет.
27-статья
1. Катышкан мамлекеттер ар бир баланын өзүнүн мүчө боюнун, акыл эсинин, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине болгон укугун таанышат.
2. Ата-энеси же баланы тарбиялаган башка адамдар өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүнүн жана жашоо шарттарынын финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектеринде баланы өнүктүүрү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылуу үчүн негизги жоопкерчиликте болушат.
З. Катышкан мамлекеттер улуттук шарттарга ылайык жана өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чектеринде балдардын ата-энесине жана балдарды тарбиялап жаткан башка адамдарга жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрүшөт, ушул укуктарды жүзөгө ашырууда жана зарыл болгондо материалдык жардам көрсөтүшөт жана балдарды тамак-аш кийим-кече жана турак жай менен камсыз кылуу жагындагы программаларды айрыкча колдошот.
4. Катышкан мамлекеттер баланын ата-энеси же бала үчүн финансылык жоопкерчиликте болгон башка адамдар ошол мамлекеттин ичинде да, чет өлкөдө да баланы багышын калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүшөт. Атап айтканда, эгерде баланы багуу үчүн финансылык жоопкерчиликте болгон адам жана бала ар кандай мамлекеттерде жашаса, катышкан мамлекеттер эл аралык макулдашууларга кошулууга же мындай макулдашууларды түзүүгө, ошондой эле башка тиешелүү келишимдерге жетишүүгө көмөк көрсөтүшөт.
28-статья
1. Катышкан мамлекеттер баланын билим алууга болгон укугун бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде жүзөгө ашырууга акырындык менен жетишүү максатында ал укукту таанышат, атап айтканда:
а) акысыз же милдеттүү башталгыч билим берүүнү киргизишет;
b) жалпы да, кесиптик да билим берүү сыяктуу орто билим берүүнүн ар кандай түрлөрүн өнүктүүрүнү колдошот, анын бардык балдар үчүн мүмкүн болушун камсыз кылышат жана акысыз билим берүү жана зарыл учурда финансылык жардам көрсөтүү сыяктуу зарыл чараларды көрүшөт;
с) ар бир баланын жөндөмүнүн негизинде бардык балдар үчүн жогорку билимдин мүмкүнчүлүгүн зарыл болгон бардык каражаттардын жардамы менен камсыз кылышат;
d) бардык балдар үчүн билим берүү жана кесиптик даярдоо жагындагы маалыматтарды жана материалдарды алууга мүмкүнчүлүктү камсыз кылышат;
е) мектептерге үзбөй барууга жана мектепти таштап кеткен окуучулардын санын төмөндөтүүгө көмөк көрсөтүү боюнча чараларды көрүшөт.
2. Катышкан мамлекеттер мектептеги тартип баланын адамдык кадыр-баркын урматтоону чагылдырган жана ушул Конвенцияга ылайык келген ыкмалардын жардамы менен ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшөт.
З. Катышкан мамлекеттер билим берүүгө тиешеси бар, атап айтканда бүткүл дүйнө жүзүндө нааданчылыкты жана сабатсыздыкты жоюуга көмөк көрсөтүү жана илимий-техникалык билимдерге жана окутуунун азыркы кездеги ыкмаларына мүмкүнчүлүк алууну жеңилдетүү максатында эл аралык кызматташтыкты колдошот жана өнүктүрүшөт. Ушуга байланыштуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн керектөөлөрүнө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
29-статья
1. Катышкан мамлекеттер балага билим берүү:
а) баланын инсанын, талантын жана акыл-эси менен мүчө боюнун мүмкүнчүлүктөрүн эң толук көлөмдө өнүктүүрүгө;
b) Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жарыяланган адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин, ошондой эле принциптерин урматтоого тарбиялоого;
с) баланын ата-энесине, анын маданий өз алдынчалыгына, тилине жана дөөлөттөрүнө, бала жашаган өлкөнүн, ал төрөлгөн өлкөнүн улуттук дөөлөттөрүнө, анын өзүнүн өлкөсүнөн айырмаланган цивилизацияларды урматтоого тарбиялоого;
d) баланы эркин коомдо түшүнүү, ынтымак, сабырдуулук, эркектер менен аялдардын ортосундагы тең укуктуулуктун жана бүткүл элдердин, этностук, улуттук жана диний топтордун, ошондой эле жергиликтүү калктын ичиндеги адамдардын ортосундагы достуктун рухунда аң-сезимдүү жашоого тарбиялоого;
е) курчап турган табиятты урматтоого тарбиялооro багытталууга тийиш экендиги менен макул болушат.
2. Ушул статьянын же 28-статьянын эч бир бөлүгү айрым адамдардын жана органдардын окуу жайларын түзүү жана аларга ушул статьянын 1-пунктунда баяндалrан принциптерди такай
сактоонун жана мындай окуу жайларында берилүүчү билим мамлекетте белгилениши мүмкүн болгон минималдуу нормаларга ылайык келиши жөнүндө талаптарды аткарууну сактоонун шартында аларга жетекчилик кылуу эркиндигин чектөөчү нерселер катары түшүндүрүлбөйт.
30-статья
Этностук, диний же тилдик азчылыктар болгон мамлекеттерде же жергиликтүү калктын ичинен ушундай адамдар болгoндо, ушундай азчылыктарга жана жергиликтүү калкка таандык болгон балага өзүнүн тобунун башка мүчөлөрү менен биргелешип, өз маданиятын пайдалануу, өз динин тутуу жана анын каадаларын аткаруу, ошондой эле эне тилин пайдалануу укугунан баш тартылышы мүмкүн эмес.
31-статья
1. Катышкан мамлекеттер баланын эс алууга жана көңүл ачууга, өзүнүн курагына ылайык келген оюндарга жана оюн-зоок иш-чараларына катышууга, маданий турмушка эркин катышууга жана искусствого катышууга болгон укугун таанышат.
2. Катышкан мамлекеттер баланын маданий u1078 жана чыгармачыл турмушка ар тараптан катышуу укугун урматташат жана колдошот, маданий жана чыгармачыл иши, убактысын өткөрүшү жана эс алышы үчүн тиешелүү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн берилишине көмөк көрсөтүшөт.
32-статья
1. Катышкан мамлекеттер баланын ден соолугуна коркунуч келтирген же анын билим алышына тоскоолдук кылган, же болбосо анын саламаттыгына же мүчө боюунун, акыл эсинин, рухий, моралдык жана социалдык өнүгүшүнө зыян келтирүүчү экономикалык эзүүдөн жана ар кандай ишти аткаруудан коргоо укугун таанышат.
2. Катышкан мамлекеттер ушул статьяны жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн мыйзамдык, административдик жана социалдык чараларды, ошондой эле билим берүү жагындагы чараларды көрүшөт. Бул максаттарда башка эл аралык документтердин тиешелүү жоболорун жетекчиликке алуу менен катышкан мамлекеттер, атап айтканда:
а) баланын эң төмөнкү курагын же аны жумушка кабыл алуу үчүн зарыл болгон эң төмөнкү куракты белгилешет;
b) баланын жумуш күнүнүн узактыгы жана эмгек шарттары жөнүндө зарыл талаптарды аныкташат;
с) ушул статьяны натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн жазанын тиешелүү түрлөрүн же башка санкцияларды карашат.
33-статья
Катышкан мамлекеттер балдарды баңгилик каражаттарды жана психотроптук заттарды колдонуудан тиешелүү эл аралык келишимдерде аныкталгандай коргоо жана мындай заттарды мыйзамга жат өндүрүштө жана аларды сатууда балдарды пайдаланууга жол бербөө үчүн бардык чараларды, анын ичинде мыйзамдык, административдик жана социалдык чараларды, ошондой билим берүү жагындагы чараларды керүшөт.
34-статья
Катышкан мамлекеттер баланы сексуалдык мажбурлоонун жана сексуалдык жагынан бузуунун бардык түрлөрүнөн сактоого милдеттенишет. Бул максаттарда катышкан мамлекеттер, атап айтканда улуттук, кош тapaптyy жана көп тараптуу деңгээлдерде:
а) баланы ар кандай мыйзамсыз сексуалдык иш-аракетке тартууну же мажбурлоону;
b) балдарды сойкулук иштерге тартуу же башка сексуалдык практикада колдонуу максаттарында пайдаланууну;
с) балдарды ______порнографияда жана порнографиялык материалдарда колдонуу максаттарында пайдаланууну болтурбай коюу үчүн бардык чараларды көрүшөт.
35-статья
Катышкан мамлекеттер улуттук, кош тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдерде ар кандай максаттарда жана балдарды ар кандай түрдө уурдоону, балдар менен соода кылууну же алар менен контрабанда жүргүзүүнү болтурбай коюу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүшөт.
36-статья
Катышкан мамлекеттер баланын жыргалчылыгынын ар кандай аспектилерине зыян келтирүү менен ага зомбулук көрсөтүүнүн башка бардык түрлөрүнөн баланы коргошот.
37-статья
Катышкан мамлекеттер:
а) бир дагы баланын кыйноолорго же башка катаал, ырайымсыз же анын кадыр-баркын кемсинткен мамилеге же жазага тартылбашын камсыз кылышат. 18 жашка толо элек адамдар тарабынан кылмыштар үчүн аны жазадан бошотуунун мүмкүнчүлүгү каралбаган өлүм жазасы да, өмүр боюу түрмөгө отургузууда каралбайт;
Ь) бир дагы бала мыйзамсыз түрдө же зомбулук менен эркинен ажыратылбашын камсыз кылышат. Баланы камакка алуу, кармоо же түрмөгө отургузуу мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат жана өзгөчө чара катарында гана тиешелүү түрдө убакыттын мүмкүн болушунча кыска мөөнөтүнүн ичинде гана пайдаланылат;
с) эркинен ажыратылган ар бир бала өзүнүн курагына таандык бопroн керектөөлөрүн эске алуу менен өзүнүн инсандыгынын ажырагыс кадыр-баркынын урматталышынан жана ага гумандуу мамиле жасалышынан пайдаланышын камсыз кылат. Атап айтканда, эркинен ажыратылган ар бир бала, эгерде баланын жогорку таламдарында мындай кылууга болбойт деп эсептелбесе, бала чоңдордон бөлөк кармалууга тийиш, өзгөчө жагдайлардан башка учурларда ал өзүнүн үй-бүлөсу менен кат жазышуу жана жолугушуу аркылуу байланышта болууга укуктуу болушу керек;
d) эркинен ажыратылган ар бир бала укуктук жана башка тиешелүү жардамга токтоосуз мүмкүнчүлүк алышын, ошондой эле өзүнүн эркинен ажыратылышынын мыйзамдуулугун сот алдында же башка компетенттүү, көз карандысыз жана келишпес органдын алдында талашуу укугун жана мына u1091 ушундай ар кандай процессуалдык аракетке карата алардын токтоосуз чечим кабыл алышын талап кылуу укугун камсыз кылышат.
38-статья .
1. Катышкан мамлекеттер куралдуу чыр-чатактардын учурунда балдарга карата колдонулуучу жана балдарга тиешеси бар эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын урматтоого милдеттенишет жана алардын сакталышын камсыз кылышат.
2. Катышкан мамлекеттер 15 жаш куракка толо элек балдардын согуш аракеттерине тикелей катышпашын камсыз кылуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүшөт.
З. Катышкан мамлекеттер 15 жаш куракка толо элек ар кандай адамды өзүнүн куралдуу
күчтөрүндө кызмат өтөөгө чакыруудан карманышат. 15 жаш куракка толгон адамдардын ичинен, 18 жашка али толо элек адамдарды аскерге алууда катышкан мамлекеттер жашы кыйла улуу адамдарды алууга аракет кылышат.
4. Катышкан мамлекеттер куралдуу чыр-чатактардын убагында граждандык калкты коргоого байланыштуу эл аралык гуманитардык укук боюнча өз милдеттерине ылайык куралдуу чыр чатактарга аралашкан балдарды коргоону жана аларды багууну камсыз кылуу максатында бардык чараларды көрүшөт.
39-статья
Катышкан мамлекеттер этибарга албоонун, өзүүнүн же кыяналык кылуунун,кыйноонун же ар кандай башка катаал, ырайымсыз же кадыр-баркты кемсинткен мамиленин, жазанын же куралдуу чыр- чатактардын түрлөрүнүн курмандыгы болгон баланын дене боюу жана психологиялык жагынан калыбына келишине жана социалдык реинтеграцияланышына көмөк көрсөтүү үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүшөт. Мындай калыбына келтирүү жана реинтеграциялоо баланын ден соолугун, анын өзүн жана кадыр-баркын сыйлоону камсыз кылган шарттарда жүзөгө ашырылууга тийиш.
40-статья
1. Катышкан мамлекеттер жазык мыйзамдарын бузган катары эсептелген,аны бузгандыгы үчүн айыпталып же айыптуу деп таанылып жаткан ар бир баланын укугун таанышат, баланын кадыр-баркын жана маанилүүлүгүн өнүктүүрүгө көмөк көрсөткен, адам укуктарына жана башкалардын негизги эркиндиктерине карата урматтоону бекемдеген кайрылууларды таанышат жана u1084 мында баланын курагы менен анын реинтеграцияланышына жана анын коомдо пайдалуу ролду аткарышына көмөк көрсөтүүнүн талапка ылайык келиши эске алынат.
2. Бул максаттарда эл аралык документтердин тиешелүү жоболорун эске алуу менен катышкан мамлекеттер, атап айтканда:
а) бир дагы бала аракет же аракетсиздикти жасап жаткан мезгилде улуттук же эл аралык укукта тыюу салынбаган аракетти же аракетсиздикти жасагандыгынын себеби боюнча жазык мыйзамдарын бузган дел эсептелбешин, айыпталбашын жана айыптуу деп таанылбашын;
b) жазык мыйзамдарын бузган деп эсептелген же аны бузгандыгы үчүн айыпталып жаткан ар бир баланын эң жок дегенде төмөндөгүдөй гарантияларын;
1) мыйзамга ылайык анын күнөөсү далилденгенге чейин айыптуу эместигинин презүмпциясын;
2) ага каршы коюлган айыптоолор жөнүндө токтоосуз жана түздөн-түз маалымат берүүнү, зарыл болгондо анын ата-энеси же мыйзамдуу көзөмөлчүлөрү аркылуу өзүн коргоону жүзөгө ашыруу жана даярдоо учурунда укуктук жана башка зарыл жардам алууну;
3) мыйзамга ылайык адвокаттын же башка тиешелүү адамдын катышуусу менен акыйкат угуунун жүрүшүндө, эгерде бул баланын жогорку таламдарына карама-каршы келбейт деп эсептелсе, атап айтканда анын курагын же анын ата-энесинин же мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнүн абалын, курагын же анын ата-энесинин же мыйзамдуу көзөмөлчүлөрүнүн абалын эске алуу менен каралып жаткан маселе боюнча компетенттүү, көз карандысыз жана келишпес орган тарабынан кечиктирилгис чечим кабыл алууну;
4) күбө катары көрсөтмө берүүгө же күнөөсүн мойнуна алууга мажбурлоодон эркин болууну; айып коюучу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн өз алдынча, же болбосо башка адамдардын жардамы менен иликтөөну жана актоочу күбөлөрдүн бирдей катышуусун камсыз кылууну жана алардын көрсөтмөлөрүн иликтөөнү;
5) эгерде бала жазык мыйзамдарын бузду деп эсептелсе, ушуга байланыштуу кабыл алынган тиешелүү чечимди жана ар кандай чараны жогору турган компетентүү, көз карандысыз жана келишпес орган же сот органы тарабынан мыйзамга ылайык кароону;
6) эгерде бала u1082 колдонулган тилди түшүнбөсө же ошол тилде сүйлөбөсө тилмечтин акысыз жардамын;
7) териштирүүнүн бардык стадияларында анын жеке турмушун толук урматтоону камсыз кылышат.
З. Катышкан мамлекеттер жазык мыйзамдарын бузган деп эсептелген, аны бузгандыгы үчүн айыпталган же айыптуу деп таанылган балдарга түздөн-түз тиешеси бар мыйзамдарды, жол-жоболорду, органдарды жана мекемелерди, атап айтканда;
а) балдардын жазык мыйзамдарын бузууга жөндөмсүз деп эсептелген эң төмөнкү курагын белгилөөнү;
b) зарыл жана керек болгондо мындай балдар менен адам укуктарын толук сактоо жана укуктук гарантияларды сактоо шартында соттук териштирүүнү пайдаланбастан мамиле жасоо боюнча чараларды көрүүнү белгилөөгө көмөк көрсөтүүгө аракеттенет.
4. Баланын жыргалчылыгына, ошондой эле анын абалына жана кылмышынын мүнөзүнө ылайык келген мамилени камсыз кылуу максатында аны мекемелерде багууну алмаштырган багуу, камкордук кылуу жана көзөмөлдүк кылуу жөнүндө жобо, консультативдик кызмат көрсөтүүлөр, сыноо мөөнөтүн белгилөө, тарбиялоо, окутуунун жана кесиптик даярдоонун программасы жана багуунун башка түрлөрү сыяктуу ар кандай иш чаралардын болушу зарыл.
41-статья
Көпчүлүк даражада баланын укуктарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөткөн жана төмөндөгүлөрдө камтылган:
а) катышкан мамлекеттин мыйзамында;
b) аталган мамлекетке карата колдонулуучу эл аралык укуктун нормаларында камтылышы мүмкүн болгон ар кандай жоболорго ушул Конвенциянын эч тиешеси болбойт.
42-статья
Катышкан мамлекеттер тиешелүү жана таасирдүү каражаттарды пайдалануу менен чоңдорго да, балдарга да Конвенциянын принциптери жана жоболору жөнүндө кеңири маалымдоого милдеттенишет.
4З-статья
1. Ушул Конвенцияга ылайык кабыл алынган милдеттенмелердин катышкан мамлекеттер тарабынан аткарылышына жетишүүнүн прогрессин камсыз кылуу максатында Баланын укуктары боюнча комитет түзүлүп, ал төмөндө каралган милдеттерди аткарат.
2. Комитет жогорку адеп-ахлактык сапаттарга ээ болгон жана ушул Конвенцияда камтылган жактарда компетенттүү деп таанылган он эксперттен турат.
Комитеттин мүчөлөрү катышкан мамлекеттер тарабынан алардын граждандарынын ичинен шайланат жана жеке сапаттары менен айырмаланышат, анын үстүнө географиялык жактан
акыйкат бөлүштүрүүгө, ошондой эле башкы укуктук системаларга көңүл бурулат.
З. Комитеттин мүчөлөрү катышкан мамлекеттер көрсөткөн адамдардын тизмесине киргизилгендердин ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. Катышкан ар бир мамлекет өз граждандарынын ичинен бир адамды көрсөтө алат.
4. Комитетке алгачкы шайлоолор ушул Конвенция күчүнө кирген күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен, ал эми кийин эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Ар бир шайлоого эң жок дегенде төрт ай калганда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы катышкан мамлекеттерге өз кандидатураларын эки айдын ичинде көрсөтүүнү сунуш кылган кат менен кайрылат. Андан кийин Башкы катчы мына ушундай жол менен көрсөтүүлгөн бардык адамдардын тизмесин бул адамдарды көрсөткөн катышкан мамлекеттерди көрсөтүү менен алфавиттик тартипте тизме түзөт жана бул тизмени ушул Конвенциянын катышуучуларына берет.
5. Шайлоо Башкы катчы тарабынан чакырылган катышкан мамлекеттердин кеңешмелеринде Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук мекемелеринде өткөрүлөт. Катышкан мамлекеттердин үчтөн экиси кворум түзгөн мындай кеңешмелерде Комитеттин курамына добуштардын көпчөлүгүн жана катышкан мамлекеттердин өкүлдөрүнүн добуш берүүгө катышкандарынын көпчүлүк добушун алган кандидаттар шайланды деп эсептелет.
6. Комитеттин мүчөлөрү төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Алар өз кандидатуралары кайталап көрсөтүлгөндө кайра шайланууга укуктуу болушат. Алгачкы шайлоолордо шайлануучу беш мүчөнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эки жылдык мезгилдин акырында аяктайт; алгачкы шайлоодон кийин токтоосуз түрдө бул беш мученун ысымдары кеңешменин председатели тарабынан жребий боюнча аныкталат.
7. Комитеттин кандайдыр бир мүчөсү өлгөндө же отставкага кеткенде же ал кандайдыр бир себеп боюнча Комитеттин мүчөсүнүн милдетин андан ары аткара албаганда, Комитеттин ошол мүчөсүн көрсөткөн катышкан мамлекет Комитет жактырган шартта калган мөөнөткө өз граждандарынын ичинен башка экспертти дайындайт.
8. Комитет өзүнүн жол-жоболорунун жекече эрежелерин белгилейт.
9. Комитет өзүнүн кызмат адамдарын эки жылдык мөөнөткө шайлайт.
10. Комитеттин сессиялары, эреже катары, Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук мекемелеринде же Комитет тарабынан аныкталган башка ар кандай ылайыктуу жерде өткөрүлөт. Комитет, эреже катары, өз сессияларын жыл сайын өткөрөт. Комитеттин сессияларынын узактыгы Башкы Ассамблея жактырган шартта ушул Конвенцияга катышкан мамлекеттердин кеңешмесинде аныкталат жана зарыл учурда кайра каралат.
11. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Комитет өзүнүн функцияларын ушул Конвенцияга ылайык натыйжалуу жүзөгө ашырыш үчүн зарыл болгон кызматкерлерди жана материалдык каражаттарды берет.
12. Ушул Конвенцияга ылайык түзулген Комитеттин мүчөлөрү Бириккен Улуттар Уюмунун каражаттарынан Башкы Ассамблея тарабынан белгиленүүчү тартипте жана шарттарда алышат.
44-статья
Катышкан мамлекеттер Комитетке Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Катчысы аркылуу Конвенцияда таанылган укуктарды бекемдөө жана бул укуктарды жүзөгө ашырууда жетишилген прогресс жөнүндө докладдарды:
а) тиешелүү катышкан мамлекет үчүн Конвенция күчүнө киргенден кийин эки жылдын ичинде;
b) кийин ар бир беш жылда берип турууга милдеттенет.
2. Ушул статьяга ылайык берилүүчү докладдарда ушул Конвенция боюнча милдеттенмелерди
аткаруунун даражадасына таасир тийгизген, келип чыккан факторлор жана кыйынчылыктар көрсөтүлөт. Докладда ошондой эле Конвенциянын аталган өлкөдө колдонулушунун Комитеттин толук түшүнүшүнүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү маалымат да камтылат.
З. Комитетке ар тараптуу алгачкы доклад берген катышкан мамлекетке ушул статьянын 1-пунктуна ылайык берилүүчү кийинки докладдарында кайталап берүүнүн зарылдыгы болбойт.
4. Комитет ушул Конвенцияны жүзөгө ашырууга байланыштуу кошумча маалыматты мамлекеттен сурап u1072 алышы мүмкүн.
5. Комитеттин иши жөнүндө докладдар эки жылда бир жолу Башкы Ассамблеяга Экономикалык Социалдык Кеңештин көмөкчүлүгү астында берилип турат.
6. Катышкан мамлекеттер өз докладдарынын өздөрүнүн өлкөлөрүндө кеңири маалымдуулукка ээ болушун камсыз кылышат.
45-статья
Конвенцияны натыйжалуу жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү жана ушул Конвенцияда камтылган эл аралык кызматташтыкты кубаттоо максатында:
а) Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемелери, Балдар фондусу жана Бириккен Улуттар Уюмунун башкы органдары алардын ыйгарым укуктарынын чөйрөсүнө кирген маселелерди кароодо ушул Конвенциянын ушундай жоболорун жүзөгө ашыруу жөнүндө маселелерди кароодо өкүл болууга укуктуу. Комитет Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемелерине, Балдар фондусуна жана башка компетенттүү органдарга өзүн максатка ылайыктуу деп эсептеген кезде алардын тиешелүү ыйгарым укуктарын чөйрөсүнө кирген жактарында Конвенцияны жүзөгө ашыруу боюнча эксперттердин корутундусун бериши мүмкүн. Комитет Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемелерине, Балдар фондусуна жана Бириккен Улуттар Уюмунун башка органдарына алардын иш чөйрөсүнө кирген жактарда Конвенциянын жүзөгө ашырылышы жөнүндө докладдарды берүүнү сунуш кылышы мүмкүн;
b) Комитет өзү максатка ылайыктуу деп тапкан кезде Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемелерине, Балдар фондусуна жана башка компетенттүү органдарга катышкан мамлекеттердин техникалык консультация же жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүчү камтылган же ушуга муктаж экендиги көрсөтүлгөн ар кандай докладдарды, ошондой эле ушундай өтүнүчтөр же көрсөтмөлөр жаатындагы Комитеттин пикирлерин жана сунуштарын жөнөтөт;
с) Комитет өзүнүн атынан баланын укуктарына тиешелүү айрым маселелер боюнча иликтөө жүргүзүүнү Башкы катчыга сунуш киргизүүнү Башкы Ассамблеядан өтүнүшү мүмкүн;
d) Комитет ушул Конвенциянын 44 жана 45-статьяларына ылайык алынган маалыматка негизделген жалпы мүнөздөгү сунуштарды жана сунуштамаларды киргизиши мүмкүн. Мындай жалпы мүнөздөгү сунуштар жана сунуштамалар ишке тиешеси бар ар кандай катышкан мамлекетке женөтүлөт жана катышка н мамлекеттердин пикирлери болсо, алар менен кошо Башкы Ассамблеяга билдирилет.
46-статья
Ушул Конвенцияга бардык мамлекеттер кол коё алат.
47-статья
Бул Конвенция ратификацияланууга тийиш. Ратификациялык грамоталар Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына сактоого берилет.
48-статья
Ушул Конвенцияга ар кандай мамлекет кошула алат. Кошулуу жөнүндө документтер Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына сактоого берилет.
49-статья
1. Ушул Конвенция жыйырманчы ратификациялык грамота же кошулуу жөнүндө документ Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына сактоого берилгенден отуз күндөн кийин күчүнө кирет. 2. Ушул Конвенцияны ратификациялаган же ага жыйырманчы ратификациялык грамотаны же кошулуу жөнүндө документти сактоого бергенден кийин кошулган ар бир мамлекет үчүн ушул Конвенцияга мындай мамлекет тарабынан анын ратификациялык грамотасы же кошулуу жөнүндө документ сактоого берилгенден отуз күндөн кийин күчүнө кирет.
50-статья
1. Ар кандай катышкан мамлекет түзөтүү сунуш кылышы жана аны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына бериши мүмкүн. Башкы катчы берилген түзөтүүнү алар ушул сунуштарды кароо жана алар боюнча добуш берүүнү өткөрүү максатында катышкан мамлекеттердин конференциясын чакырууга макул же макул эместигин көрсөтүшүн өтүнүү менен катышкан мамлекеттерге сунуш кылынган түзөтүүнү жиберет. Эгерде мындай билдирүү берилген күндөн тартып төрт айдын ичинде эң жок дегенде катышкан мамлекеттердин үчтөн бири макул болсо, Башкы катчы мындай конференцияны Бириккен Улуттар Уюмунун атынан чакырат. Катышкан мамлекеттердин конференцияга катышкан жана добуш берүүгө катышкан көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган түзөтүү Башкы Ассамблеяга бекитүүгө берилет.
2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык кабыл алынган түзөтүү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилгенден кийин жана ал катышкан мамлекеттердин үчтөн экисинин көпчүлүк u1076 добушу менен кабыл алынгандан кийин күчүнө кирет.
З. Түзөтүү күчүнө киргенден кийин ал аны кабыл алган катышкан мамлекеттер үчүн милдеттүү болуп калат, ал эми башка катышкан мамлекеттер үчүн ушул Конвенциянын жоболору жана алар тарабынан кабыл алынган мурдагы ар кандай түзөтүүлөр милдеттүү бойдон калат.
51-статья
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы мамлекеттер тарабынан ратификациялоо же кошулуу учурунда жасалган сунуштардын текстин алат жана бардык мамлекеттерге жиберет.
2. Ушул Конвенцияны максаттарына жана милдеттерине ылайык келбеген сунуштарга жол берилбейт.
З. Сунуштар Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына жиберилген тиешелүү билдирүү аркылуу ар кандай мезгилде алынып салынышы мүмкүн, ал бул тууралу бардык мамлекеттерге андан кийин билдирет. Мындай билдирүү Башкы катчы аны алган күндөн тартып күчүнө кирет.v
52-статья
Ар бир катышкан мамлекет ушул Конвенцияны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына кат жүзүндө билдирүү жасоо аркылуу денонсациялай алат. Денонсация Башкы катчы билдирүүнү алгандан бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
53-статья
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы ушул Конвенциянын депозитарийи болуп дайындалат.
54-статья
Ушул Конвенциянын англис, араб, испан, кытай, орус жана француз тилиндеги бирдей кучке ээ болгон түп нускалары Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына сактоого берилет. Ушуларды күбөлөндүрүп, өздөрүнүн тиешелүү өкмөттөрү тарабынан белгилүү даражада ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Конвенцияга кол коюшту. __
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Ата – Журтум – алтын бешигим”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Сабактын темасы: Мекенимдин тагдыры
Сабактын максаты | Күтүлүүчү натыйжалар |
Билим берүүчүлүк: Кыргыз Республикасынын тарыхы, суверендүүлүк алган жылдан берки өзгөрүүлөр, дипломатиялык байланыштар боюнча кыскача маалымат алышат; Кыргызстандын өнүгүүсүнө эмне тоскоол жана Мекен үчүн жоопкерчиликтүү экенин белгилөө | Кыргыз тарыхы, Кыргыз мамлекети жөнүндө өз ойлорун эркин айтып бере алса;
Мекен үчүн ар бир атуулдун жоопкерчиликте экенин сезе билсе; |
Өнүктүрүүчүлүк: “Кыргызстандык” деген жарандык биримдикти калыптандырууга багыт алышат; “Менин өз айылыма кошкон салымым” кыскача ой пикир алышат | Адам укуктарын сактоо, басмырлоого жол бербөө, укугун таанып билүү, жардам колун созуу, ар биринин пикирин уга билүү, билим алууга умтулуу менен жетүүнү аныктап бере алса; Ар бир жарандын милдети жана укуктары тууралуу билсе; |
Тарбия берүүчүлүк: Ата Мекенди сүйүү жана анын баалуулуктарын сактоо менен тынчтыкка умтулууга, башка этностор менен бирдикте “Биз Кыргызстандыкпыз” деген сезимин ойгото алышат | Ата Мекен, патриоттуулук, айылымды өнүктүрүү ж.б боюнча өз түшүнүгүн айтып, презентация жасай алса |
Пайдаланылуучу каражаттар: КРнын картасы, туусунун жана гербинин сүрөттөрү, гимн, проектор же интерактивдүү доска, диск, таркатма барактар, сүрөт тартуу үчүн ватмандар, стикерлер, гүлдөр ж.б
Классты 3 топко бөлүп алуу: Кыргыз Республикасынын географиялык жайгашуусу кен байлыктары, тарыхы, белгилүү, атактуу инсандары тууралуу кыскача сууроолорго жооп алуу аркылуу бөлүнөт. Жооптор: Ооба, Жок, Мүмкүн деген гана жооп болот. Берилген жооп аркылуу топторго бөлүнөт. 1 – топ: Ооба деп жооп бергендер, 2 – топ: Жок, 3 – топ Мүмкүн деген жоопту бергендер. Мисалы: КРнын аянты 198,5 км2? Окуучунун жооп бергенине карата топко барат.
Берилген тапшырмаларды берилген убакта, кыскача, кызыктуу кылып даярдоо керек. Презентация үчүн топтун бардык мүчөсү катышат. Алар ар кандай көрүнүштө даярдалышы мүмкүн. ( ар бир топтун чыгармачылыгана чектөө жок).
Тапшырма:
1 – топ: Кыргыз Республикасынын символдору боюнча маалымат берет. Символ деген эмне? (кыскача маалымат берүү)
Мамлекет болуу үчүн алгач анын чек арасы, конституциясы, гимни, туусу,
герби, эли болуу керек. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун ар биринин өзүнүн тарыхы бар. 1991 – жылдын 31 – августунда көз карандысыздыкка ээ болгон жаңы мамлекетке – Кыргыз Республикасына жаңы символдорду кабыл алуу талап кылынган. Кыргызстандын мамлекеттик символикасына Кыргыз Республикасынын Конституциясынын атайын бөлүмү арналган. (мугалим толуктоо киргизсе болот, канчанчы статья). Мамлекеттик символика Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн аныктап турат. Мамлекттик символдор: герб, туу, гимн. Символ – башкы белги. Мамлекеттик символика – көз карандысыздыктын жана эгемендүүлүктүн белгиси. (сүрөт, слайд, ыр, гимндин текстти ж.б көрсөтүшөт).
2 – топ: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу. КРнын мамлекеттик туусун кантип сүрөттөп берүүгө болот?
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу кызыл туусу кызыл түстө, ал кыргыз элинин байыркы элдерден билдирип турат. Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доорунда кыргыз кагандарынын ордосунун төбөсүндө кызыл туу желбиреп илинип туруучу. Айкөл Манас бабабыз өз элинин, ата журтунун эркиндиги үчүн Көк асабанын астында күрөшкөн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун дал ортосунда алтын нурларын кырк бөлунтуп чачытарткан күн алкагы тартылган. Кырк саны – кырк уруудан куралган кыргыз элинин эң байыркы эл экендигинин күбөсү. Күн алкагынын ортосунда – боз үйдүн түндүгү. Туунун кызыл түсү – акыйкаттыкты, нарк – дөөлөттү жана каармандыкты, нурга бөлөнгөн алтын күн – бейпилдикти жана байлыкты билдирет ал эми тундук – ата конуштун, укум – тукум улоонун, Кыргызстандын элине, кеңири мааниде айтканда бүткүл дүйнөгө, ай ааламга карата мээрмандыктын символу. КРнын мамлекеттик туусу 1992 – жылы 5 – мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын – Өкмөт үйүнүн төбөсүнө орнотулган. (видео, сүрөттөр ж.б көрсөтүлөт)
3- топ: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинде тартылган Ак шумкар – жоомарттыктык жана кыраакылыктын, тоолуу өлкөнүн жалпы жарандарынын мүдөө – максаттарынын бийиктигинин символу. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жана Ала - Тоонун ак мөңгүлүү аскаларынын артында нурун чачылта күн чыгып келе жатат. Көл жана Күн – жаратылыштын сулуулугунун, өмүр булагынын жана күч кубаттын символу. Айланта тартылган алтын тустүү тасманын оромундагы буудайдын машагы жана чанактары ачылган ак пахта – токчулуктун, эмгекчилдиктин белгиси. Алардын катарында гербдин үстү жана асты жагында “Кыргыз Республикасы” деп жазылган. Мамлекеттик герб 1994 –
жылы 14 – январда бекитилген авторлору: А. Абдраев, С. Дубанаев. (сүрөт,
слайд, ж.б.)
Талкууга: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни тууралуу. Гимн деген эмне?
Класс жалпы гимнди ырдашат.
Талкуу:
Гимн – бул салтанаттуу ыр. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни – биздин Ата Мекенибиздин улуулугу жана ажайып кооздугу жөнүндө салтанаттуу ыр. Авторлору: сөзүн жазгандар:
Слайд көрсөтүлөт: мында Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө салым кошкон тарыхый инсандар, Кыргыз тарыхы, жаратылышы, эли, каада салты ж.б жөнүндө баяндалат.(мугалим түшүндүрмө берсе болот)
Сөздүк менен иштөө: Мамлекет патриот, мекен, каада – салт, символ, жаран,толеранттуулук, милдет ж.б.
Кыргызстан – дүйнөнүн бир бөлүгү. Көз карандысыз, эгемендүү мамлекет. Мында 6 млндон ашуун киши жашайт. Бизде 100 дөн ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Биз – кыргыздар, орустар, казахтар, өзбектер, тажиктер, дунгандар, уйгурлар жана башка этностор – баарыбыз Кыргызстандын бирдиктүү элин түзөбүз. “Биз Кыргызстандыкпыз” деген идеаны туу тутушубуз керек. Кыргызстандын өнүгүшүнө, мамлекет катары өсүшүнө салым кошушубуз керек. Кыргызстандын жаратылышы кооз, кен байлыктарга бай өлкө. Келечек биздин колдо. Биз Кыргызстандын татыктуу жараны экенин далилдеп, дүйнөгө таанытууга аракеттенебиз. Мамлекеттин өнүгүшү улут аралык биримдик, ынтымак, билимдүү жаштарда. Ар бирибиз мамлекеттин патриоту болушубуз керек. Акылмандан “Патриотизм деген эмне” деп сурашканда, ал “Патриотизм – бул менин өлкөм баардыганан мыкты деген ишеним. Анткени бул өлкөдө сен туулгансың, Ата Мекенинди сатпа!” деп жооп берген экен. Демек, Кыргызстандын кайсы жеринде болбойлу – ал биздин МЕКЕН, биздин КЫРГЫЗСТАН! Ал эми Кыргызстанды өнүктүрүү жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу, “Кыргызстан – бардык этностордун бирдиктүү Мекени” деген идеаны ишке ашыруу – менин жана сенин эмгегиң, ынтымагың жана милдетиң!
Жалпы тапшырма: Эгерде биздин мамлекетибиз өнүккөн, билимдүүлөрдүн өлкөсү болсун деп ар бириңер барактан жүрөкчө жасап, ага адамда кандай жакшы сапаттар жана баалуулуктар болушу керектигин жазгыла.(2-3 мин). Ар бир жүрөкчө Кыргызстаным деген ватманга жабыштырылат.
Жыйынтыктоо:
Ар бир окуучуга таркатмалар берилет, мында сүйлөмдөр, макалдарды улоо керек. Мисалы: Ата журтум..., Мекенден айрылганча.... ж.б (мугалимдин чыгармачылыгы менен)
Сабакка катышкан ар бир окуучуга рахмат айтып сабакты жыйынтыктоо.
Үй тапшырмасы: “Мен өз айылымдын өнүгүшүнө кандай салым кошо алам” (сүрөт тартуу, дилбаян жазуу)
“Давха – Сокулук” орто мектеби
Класстык саат
Темасы:
“Мекенди коргоо – ыйык милдет”
6 “а” класс
2018 – 2019 – окуу жылы
Сабактын темасы:
Мекенди коргоо- ыйык милдет
Сабактын максаты:Окуучулардын Ата Мекенге болгон сүйүүсүн козгоо. Эр жигиттердин аскерден качпоого, өз журтун коргоого даяр болууга тарбиялоо. Атуулдук сезимин ойготуу.
Сабактын жабдылышы:керектүү адабияттар, таркатмалар,сурөттөр.
Сабактын жүрүшү: Окуучулар сабактын башталышында “ Сен аскерге барууну каалайсыңбы?”,” Ата Журтту кантип коргойбуз?” деген суроолорго жооп беришет. Класста жалпы окуучулар талкуулашат. Бүгүнкү күндөгү кыргыз армиясынын абалы жөнүндө да кеп козголот.
Кыргыз армиясы чакырыктарга даярбы?
Кыргыз армиясы мурдагы союздук республикалардагыдай эле жаш армия. Бүтүндөй өлкөдөгү абал сыяктуу эле кыргыз армиясынын да азырынча чама-чаркы чектелүү. Армияда өзгөрүүлөр байкалып, барган сайын бир кадамдан алдыга карай жылыштар болгону менен абдан тездик менен өзгөрүп, өткөн дүйнө төрт кадам алдыга жулуп кетип жеткирбей барат.
Ошентсе да адистер кыргыз армиясы учурдун көйгөйү катары бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна бүлүк салып турган террорчулук, экстремизм сыяктуу коркунучтарга такай жардам бере аларына ишенишет. Анын үстүнө Кыргызстан Гланхой кызматташтык уюму, жамааттык коопсуздук келишим уюму сыяктуу уюмдардын алкагында аскердик кызматташуууларды тынымсыз жүргүзү п келет.
Аскердик кызмат кадыр баркын жоготтуубу?
Жашы жетип калган уландардын аскерден жаа бою качуусуна, кала берсе кызмат өтөбөө үчүн ар кандай иштерге баруусуна бир канча себеп бар.
Алардын эң негизги аскердик дедовщинанын көптүгү.
Мындай абалга түшпөш үчүн аскер жашындагы уландардын көбү кызмат өтөөдөн кутулуунун жолдорун издей башташат. Ошентип аскерден калуунун жолдору изделип атып, текшерүүдөн өткөн, өзүнчө эле бир армиядан калуунун жолдорун үйрөткөн окуулук чыкчуудай болгон түрдүү ыкмалар чыга келди. Алардын бир дагы жогорку окуу жайларга тапшыруу менен аскердик кызматтан бошотулса, окууга өтпөй калгандары кийинки ыкмаларга өтүштү. Айрымдары шашылып үйлөнүп, балалуу болгонго ашыгышат.
Анткени, жубайы, жаш баласы барлар аскерге алынбайт, эгер биринчисине кийин удаасы менен дагы балалуу боло турган болсо, биротоло аскердик кызматтан бошотулат. Кыйласы башын оорутпай, дароо эле аскер комиссариатынын жетекчисине же бул тармакта иштеген тааныш билишине же алдынан акча бере коюшат. Өз кезегинде алар аскерге чакырылуучу уланды альтернативдик негизде кызматка калтырып, аскердик күбөлүк алып беришет. Ушул сыяктуу коррупциялык иштер аскердик тармактын алдыга жылышына чоң кедергисин тийгизип жатканы да айтылып келет. Армиянын жашоо шартына да кызмат өтөп келгендердин кыйласынын ичи чыкпайт. Бул жагдайда да жаштардын аскерге баруу ниетин тизгиндеп турат. Акыркы кездерде армиядагы жашоо шарт жакшырып калганы айтылганы менен, дале болсо коррупциялык элементтердин бар экендиги, аскерлердин тамак, аштары түгөл бойдон жетпей, жолдо кыйласы жок болору, ал аз келгенсип, аскерлердин курал кармаганды үйрөнбөй эле талада кетмен чабууга мажбур болгон учурлары кездешери айтылып калып жүрөт
-Мугалим азыр биз макал лакаптарга орун берсек.
Эр энеден туулат, эли үчүн өлөт.
Коенду камыш, эрди намыс өлтүрөт.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Чептен эрдин күчү бек.
Булбул гүлзарын сүйөт, адам мекенин сүйөт.
Ата Журтуңду Манастай сүй,
Ала-Тооңо Кошойдой күй.
Баатыр бир өлөт,коркок миң өлөт.
Байлык жерден чыгат,баатыр элден чыгат.
Булбул гүлзаарын сүйөт, адам , адам мекенин сүйөт.
-Эмблема түзүү,аны жактоо
Мугалим ар кандай формадагы барактарды таркатат.Ага топтор сүрөт тартуу менен эмблема жасашат.Аны жактап беришет.Мындан сырткары ар бир топ өз ураанын айтыш керек.
Мугалим
-Сабагыбызды аяктап жатып апаларыбыздын көз жашы,аталарыбыздын эсепсиз төгүлгөн каны,сансыз өлүмү аркылуу келген мекенибиздин тынчтыгын түбөлүк бек сактайлы.Ал эми Мекенибизди тынч сактоо үчүн биздин уулдарыбыз ,ар бирибиздин мекен алдындагы ыйык милдетибиз,парзыбыз экенин унутпайлы.
Үй тапшырма:”Карегимде Ата Журт!”деген темада чакан дил баян жазып келүү.