Компьютерлердин аспаптык бөлүктөрү (Hardware)
Өзүнүн эсинде сакталган буйруктардын башкаруусу менен иштеп, маалыматтарды (infоrmation) кабыл алып(киргизип), берилиштер (data) үстүнөн арифметик жана логик амалдарын аткаруу менен жыйынтык алып(чыгарган) жана алынган жыйынтыктарды кийин колдонуу үчүн сактап койгон электрондук түзүлүш компьютер(computer) деп аталат. Компьютерлердин көпчүлүгү бир бири менен туташтырууга, берилиштерди башка компьютерлерге жиберүүгө жана алардан алууга, ошондой эле Интернет менен байланышууга жөндөмдүү.
Компьютерге берилиштерди киргизүү, аларды иштетүү, алынган маалыматтарды чыгаруу жана сактоо атайын жабдуулар (түзүлүштөр) менен аткарылат, булар компьютер жабдуулары (hardware) деп аталат. Эгерде, компьютер курамына көз жүгүртүп көрсөк, анда ал төмөнкү бөлүктөрдөн тургандыгын байкайбыз: дисплей (монитор), системдик биримдик, клавиатура, �чычкан� (англ. mouse - чычкан). Калгандары: принтер, сканер, дижитайзер, плоттер, модем, динамиктер ж.б. перифердик (компьютердин айланасындагы деген мааниде) түзүлүштөргө киришет.
Системдик биримдик эки түрдө � мунара сыяктуу, вертикалдык жана горизонталдык абалда болгон темир кутуларга жайгаштырылып чыгарылат. Анда ток булагынын (өзгөрүлмө токту турактуу токко � 5 жана 12 В айландыруучу) түзүлүшү, систе�мдик плата, катуу диск (винчестер), ийилчээк дискеттерди башкаруучу түзүлүш, CD-ROM (Compact Disk-Read Only Memory � компакт диск � окууга гана мүмкүн болгон эс) орнотулат.
Оперативдүү эс (RAM - Random Access Memory - эркин иштөө мүмкүнчүлүгү бар эс деген мааниде) - эсептөөлөр убагында б.а. компьютер иштеп турган учурда маалыматтарды убактылуу сактап (жыйнап) туруучу эс.Эгерде, оперативдүү эстеги маалыматтар винчестерге (катуу дискага) же ийилчээк дискаларга сакталбаса (көчүрүлбөсө), анда компьютер өчкөндөн кийин ал маалыматтар да өчүрүлөт, аларды кайра калыбына келтирүү мүмкүн болбой калат.
Бул эс мейкиндигинде маалыматтарды кайра иштетүү өтө тез ыл-дамдыкта жүргөндүктөн, анын көлөмү канчалык чоң болсо, ошончолук көп маалыматтарды катуу дискага кайрылбастан иштеп чыгарууга мүмкүн б.а. компьютердин өндүрүмдүүлүгү да жогору болот.
Баштапкы чыгарылган компьютерлердин оперативдүү эс көлөмү 256 Кбайтты түзсө, бүгүнкү күндө ал көрсөткүч 1024 Мбайтка жетип, 128Мбайттан кем болгон компьютерлер учурдун талаптарына жооп бербей калды.
Чындыгында оперативдүү эстин аз гана бөлүгү эсептөөлөр үчүн бөлүнүп, калганы маалыматтарды убактылуу сактоо үчүн сарпталат.
Азыр микропроцессорлордо өтө тез ылдамдык менен иштөөчү оперативдүү эси бар микросхемалар орнотулууда. Эстин бул түрү ички кэш (cash) деп аталат. Ал эми сырткы кэш өзүнчө микросхемада болуп, микропроцессордон ажыратылган абалда жайгаштырылат. Алардын эс көлөмү 512 Кбайттан жогорулап келе жатат.
Винчестер - бул Америкада мурда өтө популярдуу болгон мылтыктын түрү (автомат сыяктуу), ал эми компьютердеги түзүлүш жөнөкөй (ийилчээк) дискеттерге салыштырганда, андагы дискалардын саны эси жагынан көп, ишенимдүүлүгү жана маалымат алмашуу жөндөмү жогору болгондуктан батышта �винчестер� деген ат менен белгилүү. Англис тилинде бул түзүлүш HDD (Hard Disk Drive - катуу дискти башкаруучу, айландыруучу деген мааниде) деп айтылат.
Анын ичин элестетип көрсөк, анда ал бир нече дискалар цилиндр сыяктуу биринин үстүнө экинчиси жайгаштырылып, айландыруучу моторго туташтырылган жана ар бир диск окуу-жазуу куралы менен камсыз кылынган түзүлүш. Мындай дискаларда компьютердеги дээрлик бардык программалык жабдуулар, аудио-видеофрагменттер, эсептөөлөр жыйынтыктары ж.б. маалыматтар узак убакытка сакталат. Катуу дисктердин эс көлөмү бүгүнкү күндө 160 Гбайтка жетип калды.
Монитор (дисплей) негизинен компьютердин системдик биримдиги менен бирге сатылып, бүгүнкү күндө үч түрдүү стандартта чыгарылат: VGA (Video Graphic Array), SVGA (Super VGA), LCD (Liquid Crystallic Display). Алар компьютердеги (системдик биримдиктеги) видеоадаптерлердин (adapter � көндүрүүчү, жөнгө салуучу)жөндөмдүүлүктөрүнө жараша 4 түс (640х480 чекит), 16 түс (1024x768 чекит) жана 32 млн. түс берүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. LCD (суюк кристаллдык дисплей) Note Book (чөнтөк дептерчеси) деп аталуучу чакан компьютерлерде колдонулат.
FDD (Floppy Disk Drive) - ийилчээк диск башкаруучу түзүлүш.
CD-ROM же компакт диск окуучу (башкаруучу) түзүлүш. Бул түзүлүш азыркы мезгилде чыгарылуучу компьютерлердин бирден-бир ажырагыс бөлүгү катарында болуп калды. Компакт диск өзүнө (азырынча) 640 Мбайт маалыматты сактайт. Анда компьютерге орнотулуучу программалар жазылып, 1,5 сааттык аудио- жана видеофильмдер ойнотулушу мүмкүн.
Порттор параллель жана удаалаш болуп бөлүнүшөт жана алардын санына жараша түрдүү перифериялык түзүлүштөр: модем, �чычкан�, сканер, принтер ж.б. туташтырылат. Параллелдик порттор аркылуу маалымат алмашуу удаалаш портторго караганда бир кыйла тез жүргөндүктөн, алар аркылуу принтерлер байланыштырылат.
Клавиатура � бул бүгүнкү күндө информацияны ЭЭМге кийирүүнүн эң негизги каражаты болуп эсептелет. Буюм катарында карап көрсөк клавиатура � металлдан же пластмассадан жасалган жалпак кутуча � бетинде 103-110 го чейин жеткен бармакчалар (клавишалар) жайгашкан түзүлүш. Клавишаларды басуу аркылуу борбордук процессорго белгилүү сигналдарды жиберебиз.
Жогоруда келтирилген түзүлүштөр иштеши үчүн ПЭЭМдин негизги бирикмесинде атайын адаптердин жана системада атайын программанын � драйвердин болуусу зарыл. Адатынча андай программалар ал түзүлүштөр менен бирге сатылып, орнотуу (Setup) утилиталары менен жабдылган болот.
ЭЭМ ишинин натыйжасын кагазга түшүрүү үчүн эң негизги каражат катарында принтерлер эсептелинет. Принтер программа тарабынан башкарылып, компьютер менен драйверлер аркылуу байланыш түзөт. Аларды аракет принцибине жараша төмөнкү топторго бөлүүгө болот:
1) барабандык;
2) шрифт алып жүрүүчүнү алмаштырууга мүмкүн болгон;
3) мозаикалык;
4) лазердик;
5) сыялык.
Азыркы мезгилде эң эле кеңири колдонулгандарына лазердик принтерлер кирет. Алар колдонууга ыңгайлуулугу, жеңилдиги, басып чыгаруунун сапаты жана тездиги жогору болушу менен айырмаланат.
ПКнын программалык (Software) жабдуулары жөнүндө негизги түшүнүктөр.
Иштетүү системасынын тарыхы 1954-жылдан башталат, ошол жылы Джин Амдал тарабынан IBM-704 компьютери үчүн иштетүү системасы иштелип чыккан. 1954-жылы ЮМ фирмасынын кызматкери Джон Бекус жогорку деңгээлдеги сандык маселелерди чыгаруучу FORTRAN аттуу процедуралык тилди иштеп чыгып, ал тил программалык жабдуунун өнүгүшүнө өтө чоң таасир тийгизди жана андан кийин көптөгөн алгоритм тилдери пайда болду. Жеке компьютерлердин массалык түрдө таралышына себеп болуп 1964-жылы IBM фирмасы тарабынан сунуш кылынган текстти иштетүү (word processing) программасы болду.
Компьютер телевизорго окшош болгону менен анда үндү, видеосигналдарды кабыл алуучу системалар жок, аларды орнотуу керек, ошондо гана телеберүүлөрдү кабыл ала алат. Бирок, негизги айырма программалык жабдылуусунда (ПЖ) жатат. Ансыз компьютер деп чогулткан тетиктерибиз жөн эле �темир сандык�.
Программалык жабдуу деп компьютер жабдууларынын иштешин, аларды диагностоону жана тестирлөөнү, ошондой эле колдонуучунун каалагандай маселелерин иштеп чыгуусун, оңдолушун жана аткарылышын камсыз кылган программалардын тобу айтылат.
Программалык жабдуу бул:
ЭЭМ үчүн түзүлгөн программалардын жыйындысы;
программалоо тилдери;
окуу системаларынын колдонмолорундагы, жазмаларындагы, документтериндеги, стандарттарындагы маалыматтар;
программаларды жана алар жөнүндө маалыматтарды долбоорлоо, түзүү.
ПЖны окуп үйрөнүү үчүн аны бир канча класстарга бөлүшөт. Бирок, жалпысынан алганда аны үч класска бөлүү ыңгайлуу:
1) системалык программалык жабдуу (СПЖ);
2) колдонмо программалык жабдуу (КПЖ);
3) аспаптык (инструменталдык) программалык жабдуу (АПЖ).
Биринчи класска операциялык системалар (ОС) жана алардын сервистик программалары (кабыкчалары), экинчи класска колдонмо программалар жана системалар, ал эми үчүнчү класска инструменталдык тилдер (программалоо тилдери) жана программалоо системалары киришет.
Колдонмо программалар жана АПЖ системалык программаларсыз иштей алышпайт. Системалык ПЖ гана �темир сандыкты� компьютерге айлантат. Мындай программалар операциялык системалар деген ат менен белгилүү.
Операциялык система - бул машинанын эсептөө процессин, адам менен машинанын маектешүүсүн жана машина менен колдонмо программалардын байланышын уюштуруучу программалык жабдуу. Андан коюлган маселени чечүү, машинанын бөлүктөрүн колдонуу жана колдонуучунун эмгегинин эффективдүүлүгү көз каранды болот. ОСтин эң эле кеңири таркалган аныктамасы: операциялык система � бул эсептөө системасынын ресурстарын башкаруу үчүн дайындалган башкаруучу программалардын терими.
Компьютерлердин разряддуулугунун көбөйүшү менен алардын түрдүү операцияларды аткаруу жөндөмдүүлүгү өсөт. Ошондуктан компьютер өндүрүүчү фирмалар аларды жаңы (же өрчүтүлгөн) операциялык системалар менен жабдууга мажбур болушат. Мисалы, IBM фирмасы менен бирге кызматташ болгон Microsoft корпорациясы 1981-жылдан бери MS-DOS (Microsoft - Disk Operation System) системасынын бир канча варианттары менен биргеWindows тун түрдүү версиясын иштеп чыкты. Ошондой эле система жана анын түрлөрүн (PC-DOS � Personal Computer-Disk Operation System) IBM фирмасы да чыгарып келди.
Келтирилген системалар катуу же ийилчээк дискаларга орнотулгандыктан аларды дискалык операциялык системалар (ДОС) деп атоо адат болуп калды.
Windows операциялык системасы
Windows чөйрөсүндө түрдүү программалар менен иштөөдө �курсор� менен �чычкандын� мааниси өтө чоң.
Курсор � экранда кандайдыр бир образды алып жүрүүчү (жебече, квадрат, таякча, түстүү так ж.б.)кыймылдуу объект. �Чычкан� курсору � жебече түрүндө көрсөтүлөт
, кыймылдуу. Аткарган жумушуна жараша өзгөрүп турат. Мисалы, программа ишке киргизилип же оперативдүү эске жүктөлүп жаткан учурда �кум саатынын�
формасын алат. Бул учурда, мурдагы абалга келмейинче эч кандай аракет жасабай күтүп туруу керек. Эгерде, жебечени терезелердин каптал жактарынын чегине алып келсек, анда ал эки тарапты караган жебечеге айланат да, терезенин өлчөмүн өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Тексттерди редакциялоодо таякча формасын алат. Ал эми объекттерди (сүрөт, чийме ж.б.) көрсөтүү, белгилөө, жылдыруу учурунда кайрадан жебечеге айланат. Ошондой эле түрдүү прикладдык программаларда � кисть, суроо белгиси, текст формасы, бычак, кайчы, карандаш ж.б. формаларды алышы мүмкүн.
Экран курсору � бул курсор �чычкан� курсорунун аракети аркылуу белгиленип, аракетке келет. Төрт бурчтук түрүндө болот. Курсордун форманы алышы �объект белгиленди� дегенди билгизет да, колдонуучунун аракетин күтүп турат. Эгерде, объект белгиленген учурда Enter баскычы (же �чычкандын� сол баскычы 2 жолу тез-тез) басылса, анда объект маанисине жараша төмөнкү аракеттер жасалат:
а) объект � программалар тобу � программалар тизмеси берилет;
б) объект � башкы меню � менючалар ачылат;
в) объект � түпкү (акыркы) меню � кандайдыр бир аракет (менюнун шарты) аткарылат;
в) объект � программа � программа жүргүзүлөт;
г) объект � файл � файл тибине жараша иш аткарылат.
Бул учурда редактор жана файлдарды көрүү программалары автоматтык түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.
Прикладдык программалардын жумушчу курсору. Бул курсор прикладдык программалардын максатына жараша түрдүү формада (кисть, карандаш) болот. Текст редакторунда � таякча
. Курсор экранга из калтыруу үчүн (тамга, цифра, белгилөөлөр) колдонулат. �Чычкан� курсору көп жумуш аткарат (өчүрүү, көчүрүү, ж.б.). Эки клавишасы иштейт: сол жана оң. Негизиси � сол. Оңу азыраак иштейт � динамикалык менюну чакырат.
�Чычкан� менен иштөөдөгү негизги аракеттер:
- объекттерди бөлүп (белгилеп) алуу � эгерде объект файл, программа, ярлык, чийме, сүрөт ж.б. болсо, анда сол клавишаны басуу, ал эми объект текст болсо, анда бөлүнүп алынуучу текст башталышына курсорду жайгаштырып, сол клавишасы басылган абалда текст аягына чейин жеткирүү;
- �чычкандын� сол клавишасын 2 жолу тез-тез басуу � программаны ишке кийирүү, программалар тобун ачуу, текст редакторунда абзацтарды, саптарды, сөздөрдү, сүйлөмдөрдү белгилөө;
- сүйрөө � бөлүнүп алынган объектти клавишаны кое бербей туруп, каалаган жерге жеткирүү;
-
объекттин өлчөмүн өзгөртүү � объект параметрлерине �чычкан� курсорун жайгаштырсак, курсор айланат, клавишаны коё бербей туруп, жылдырсак � объект өлчөмү өзгөрөт.
Бул аракеттерди токтотуу � Esc аркылуу ишке ашат.