Тема: Кыргыз элинин алп агартуучусу Кусейин Карасаевке 120 жыл.
Сабактын максаты :
1.Окуучулар Кусейин Карасаевдин өмүр баяны жөнүндө маалымат алышат.
Анын кыргыз тилине кошкон салымы,эмгектери менен таанышышат.
2.Окуучулардын ой жүгүртүүсүн,өз оюн эркин айтуусун,сүйлөө маданиятын,таанып билүүсүн өстүрүү жана калыптандыруу.
3.Адамдын жашоо максаты,тагдыры,кайгысы,кубанычы туурасында айтуу менен окуучуларды эмгекчилдикке,сабырдуулукка,жашоо үчүн күрөшүүгө,адамдык улуу сапаттарга тарбиялоо.
Көрсөткүчтөр:
Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз,эгерде окуучу...
1.Кусейин Карасаевдин өмүр баянын,анын эмгектерин айтып бере алышса;
2.Окуп,угуп,түшүнүгүн айтып бере алышса,сөз байлыгын өнүктүрүшсө;
3.Ар бир ой баалуу экендигин билишсе,бири-бирин сыйлап,уга билип,сылык мамиледе болушса.
Сабактын тиби : жаңы билимди өздөштүрүү
Сабактын формасы : тегерек стол
Колдонулуучу ыкмалар :сүйлөмө ,көрсөтмөлүүлүк ,байкоо жүргүзүү,интерактивдүү
Колдонулуучу каражаттар :Кусейин Карасаевдин өмүрү боюнча түзүлгөн слайд ,сүрөттөр,кошумча маалыматтар,буклеттер
Сабак аралык байланыш :тарых,математика,сүрөт
Сабактын жүрүшү :
1.Уюштуруу
2.Сабактын темасын аныктап ,максаттарын чогуу талкулоо
3.Жаңы материалды өздөштүрүү
4.Бышыктоо
5.Сабактын жыйынтыгы.Рефлексия.
6.Баалоо
7.Үй тапшырма
1. Уюштуруу ,жагымдуу маанай тартуулоо.
Дайым жарык маанайым ,
Ар дайым ачык сабагым .
Саламаттык айтамын,
Саламатсыңарбы балдарым.
Ар дайым жылмайып жүргөн адамдын жүрөгү таза,көңүлү куунак болот эмеспи.
Андыктан бири-бирибизге жылмаюу тартуулап коелу.
2.Сабактын темасын аныктап, максаттарын чогуу талкулоо.
Окуучулар сүрөттөрдүн ,суроолордун негизинде сабактын темасын аныктап алышат.
Мугалим сабактын темасын жарыялап,максаты ,көрсөткүчтөрү менен тааныштырат.
3. Жаңы теманы түшүндүрүү. К.Карасаев жөнүндө слайд көрсөтүү.
Бүгүн биз силер менен кыргыз элинин алп агартуучусу,котормочусу,лексикологу,улуу педагогу Кусейин Карасаев жөнүндө сөз кылабыз.Анын өмүр баянын ,эмгектерин окуп үйрөнөбүз.
Кусейин Карасай уулу 1901-жылы Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.Адегенде айылдык молдолордон сабатын ачып ,1914-1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебинде билим алат.1923-1925-жылдары Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтунда окуйт.Улуттук басма сөздүн карлыгачы болгон “Эркин- Тоо “газетасын чыгарууга катышат.
1937-жылдан тарта К.Карасаев кыргыз эл агартуу комиссариатында иштеп,К.Тыныстанов менен бирдикте латын алфавитинин долбоорун даярдайт.Алгачкы окуу китептерин жарыкка чыгарат.
1931-жылы Ленинграддагы Чыгыш таануу институтун бүтүрөт. Бишкектеги тил -адабият институтунда ,Жалал -Абад педтехникумда иштеп,академик К.К.Юдахин менен бирге “Кыргызча -орусча сөздүктү “түзүү боюнча албан иштерди жүргүзөт.
К.Карасаев “ Манас “таануу илимине негиз салган окумуштуу,ал С.Каралаевден эпосту жазып алуу ишин уюштуруп,атактуу манасчы С.Орозбаковдун вариантын изилдеген.1930-жылы эпосту жарыялоо комиссиясына жетекчилик кылган.
1956-жылдан тарта К.Карасаев Москва университетинде ,Кыргыз улуттук университетинде студенттерге сабак берип ,илимий иштерин үзүрлүү улантат.1990-жылы туулуп-өскөн жергесине көчүп келип,К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде эмгектенет.
Өзүнүн узак жана түйшүктүү өмүрүндө ал “Орусча-кыргызча сөздүк “,”Орфографиялык сөздүк “,
“Түгөйлүү сөздөр “,” Накыл сөздөр “,”Өздөштүрүлгөн сөздөр “,” Манас сөздүгү “,”Жүз түркүн суроого жүз түркүн жооп “,”Камус наамэ” сыяктуу барандуу эмгектерин жарыкка чыгарат.Ал чыгаан окумуштуу ,чебер педагог ,ойчул гана эмес,белсемдүү котормочу да болгон.
К.Карасаевдин залкар эмгеги жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен белгиленген.Ал “Эмгек Кызыл Туу “ордени менен сыйланган,Кыргыз Республикасынын К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгы ,эл аралык “ Мээрим “фондусунун “Даанышман “ардак наамы,
Республикада алгачкылардан болуп,1 даражадагы “ Манас “ордени ыйгарылган.Караколдогу кыргыз-түрк балдар лицейине ,Түп районундагы Тасма айыл өкмөтүнө анын ысымы берилген.
4.Сабакты бышыктоо.
Сабакты бышыктоо үчүн тапшырмаларды аткарабыз.
1-тапшырма
Бул жерде К.Карасаевдин өмүрүндөгү белгилүү даталар берилген .Бул жылдары кандай окуялар болгон ?
1901-жыл
1914-1916-жылдар
1923-1925-жылдар
1931-жыл
1937-жыл
1956-жыл
1990-жыл
1998-жыл
2-тапшырма . “Боз үй тигүү “
Боз үйдүн сүрөтү берилген.Боз үй толук тигилип бүтө элек.Боз үйдүн ууктарына суроолор жазыган.
Суроолорго туура жооп бергенде гана ууктарды саюу керек.
-К.Карасаев ким болгон?
-Ал качан,кайда туулган?
-Ал кандай кызматтарда иштеген ?
-Анын кандай эмгектери бар?
-К.Карасаев кандай сыйлыктарга ээ?
Мугалимдин сөзү :
Балдар,биз боз үйдү тиге алдыкпы?
К.Карасаев баштаган жолду силерге окшогон уул-кыздары улантышты.Кыргыз тили мамлекеттик
тил болуп кабыл алынганына 31 жыл болду.Силер да кыргыз тилин жакшы окуп,өз салымыңарды
кошушуңар керек.
5.Сабактын жыйынтыгы.Рефлексия.
Эмнени билдиң ? Мен ....... билдим.
Эмне жакты ? Мага ....... жакты.
Эмне жаккан жок ? Мага .......жаккан жок.
Эмне үчүн ? Мага .......жаккан жок.
6.Окуучуларды баалоо.Мугалим сабактын көрсөткүчтөрүнө кайрылып,ага карата окуучуларды баалайт.
7.Үйгө тапшырма берүү.
К.Карасаев жөнүндө дагы жаңы маалыматтарды таап ,айтып берүү.