СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты сабагы. Жунай Мавляновдун "Нан" аңгемеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫ БОЮНЧА ЖУНАЙ МАВЛЯНОВДУН "НАН" АҢГЕМЕСИНИН ИШТЕЛМЕСИ

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты сабагы. Жунай Мавляновдун "Нан" аңгемеси»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ


ОШ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫ


ШААРДАГЫ № 52 “КЫРГЫЗ – ТҮРК ДОСТУГУ” АТЫНДАГЫ МЕКТЕП ЛИЦЕЙИ


АТАЛГАН МЕКТЕП – ЛИЦЕЙИНДЕ 9Б – КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН «ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «АК КЕМЕ» ПОВЕСТИН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ САБАК»

ДЕГЕН ТЕМАДАГЫ

САБАКТЫН ИШТЕЛМЕСИ

ИШТЕЛМЕСИ

­ ­










МУГАЛИМ: ШАМЫРЗАЕВ ИЛГИЗ КАНЫБЕКОВИЧ


Класс: 9б – класс

Каанасы: 206 - каана


ОШ ШААРЫ – 2018

Сабактын темасы: Жунай Мавляновдун «Нан» аңгемеси. Аңгеменин идеялык – тематикалык багытынын ыймандык маселеге көбүрөөк бурулушу. Адамдардын адептик тарбияланышын көрсөтүүдө нандын символикалык мааниси.


Сабактын максаттары:

БИЛИМ БЕРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ:

ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ:

ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ:

Окуучуларга Жунай Мавляновдун «Нан» аңгемесин окутуу аңгеменин маанисин, мазмунун жеткиликтүү түшүндүрүү, о.э, улутубуздун каада – салт, үрп – адатын жана маданиятын таанышытырып, алардын жан дүйнөсүнүн түпкүрүнө жеткирүү.

Окуучулардын ой жүгүртүүсүн, аң – сезимин өстүрүү, сүйлөө маданиятын жана чыгармачылык шык – жөндөмүн арттыруу менен бирге ар бир окуучунун өз оюн тартынбай айта билүүсүнө.

«Нан» аңгемесин окуутуунун натыйжасында ар бир окуучуну сарамжалдуулукка, ата – энени сыйлоого, бир туугандардын ички мамилесин бекем кармоого, эмгекчилдикке, ата – эненин ишеничин актоого тарбиялоо.

ЖОГОРУДАГЫ МАКСАТТАРГА ЖЕТТИК ДЕП ЭСЕПТЕЙБИЗ, ЭГЕРДЕ ОКУУЧУ

Ж. Мавляновдун «Нан» аңгемеси тууралуу толук маалымат алып, окуучулар аңгемени толук түшүнүп, жан дүйнөсүнө сиңире алышса жана аңгеменин автору тууралуу да маалыматтарга ээ болушса;

Логикалык ой жүгүртө алышса, көргөн слайд, берилген суроолор боюнча аракеттенип, мугалим тараптан берилген ар кандай тапшырмаларды аткара алышса жана аңгеме боюнча түшүнбөгөн суроолоруна жоопту алышса;

  • Окуучулар топто бирин-бири сыйлап, оюн уга алышса;

  • Сабакта ар бир окуучу өзүн эркин сезип, айтайын деген оюн ачык, так жеткире алса;

  • Алтын эрежелерди сактаса.


Сабактын тиби: аралаш сабак.


Сабактын формасы: топ менен иштөө.


Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү.


Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: кыргыз тили, география, адеп, дене тарбия, тарых, биология ж.б.


Сабактын жабдылышы: дубал гезиттер, таркатма материалдар, ар кандай көргөзмө куралдар, маркер, буклет, адабий китептер, проектор.


Сабактын түзүлүшү:


Сабактын түзүлүшү

Мугалимдин аракети

Окуучулардын аракети

Убагы

1

Уюштуруу

Окуучулар менен саламдашуу, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, окуучуларды жоктоо, окуучулар менен таанышуу максатында белгилүү инсандардын аттары жазылган бейджик таркатуу, алтын эрежелерди эске салуу;

Саламдашып сабакка даярданышат, белгилүү инсандардын аты жазылган бейджикти алып тагынышат, аны менен сабакка активдешет.

3 мүн.

2

Үй тапшырмасын суроо

«Кыз куумай» оюну аркылуу үй тапшырмасын суроо. Т. Сыдыкбековдун «Көк Серек» аңгемеси боюнча. (жалпы 6 суроо).

Бала менен кыз суроолорго жооп берүү менен кыз куумай оюну аткарылат. Оюнда жооп бере албай калса окуучулар жардамга келет.

3 мүн.

3

Жаңы темага киришүү

Сабакка окуучуларды чакыруу максатында алдарга нан тууралуу ар кандай суроолор берилет;

Ар бир жуптагы окуучу өз идеясын айтышат.

2 мүн.

4

Жаңы теманы өтүү

План:



  1. Ж. Мавлянов – белгилүү жазуучу.



  1. «Нан» аңгемесиндеги адеп, ыйман идеясы.


  1. Нандын символикалык мааниси.

Слайд аркылуу теманы түшүндүрүү.



Жазуучунун сүрөтүн көрсөтүү аркылуу өмүр жолу, чыгармачылыгы жөнүндө кыскача маалымат берилет;


Мугалим окуучулардан аңгеменин окуясы жөнүндөгү болжолдуу жооптору доскага жазат;


«Нан» аңгемесинен үзүндү окулуп, слайд аркылуу текст сунушталат.

Түшүнүшөт, ой жүгүртүшөт, билими бекемделет.


Окуучулар жазуучу жана анын чыгармасы жөнүндө маалымат алышат.


Окуучулар аңгеме жөнүндө өздөрүнүн болжолдуу жоопторун айтышат.


Уккандарын слайд аркылуу түшүнүшөт.


12 мүн

5

Бышыктоо

1 – топко: чыгармадан үзүндү сахналаштыруу;

2 – топко сүрөт аркылуу чыгарманы чагылдыруу;

Окуучулар берилген тапшырманын үстүндө иштешет;

6 мүн.

6

Бышыктоо

Мугалим аңгеме боюнча түзүлгөн суроолору бар таркатма материалдарды таркатып берет;

Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет.

4 мүн

7

Бышыктоо

Топторго кыркылган сөздөр таркатылат. Топтор аларды бириктирип, чечмелеп беришет.

Окуучулар берилген тапшырманын үстүндө иштешет.

4 мүн

8

Окуучуларга нан тууралуу ырым – жырымдар айтылат.

Слайд аркылуу ырым – жырымдар көрсөтүлөт.

Окуучулар мугалимдин берген маалыматтарын угушат.

6

9

Баалоо

жана кайтарым байланыш

Үй тапшырма, жаңы тема, окуучулардын бирин-бири баалоосу ж.б. нан үлгүсүндөгү карточкаларды эсептөө менен жеңген топту белгилөө жана активдүү катышкан окуучуларды баалоо;

Окуучулар топто иштегенде бири -биринин билимин баалашат.


3 мүн.

10

Үй тапшырмасын берүү

“Нан” аңгемесин окуп чыгып, образдарын талдап келүү;

Дептер, күндөлүккө жазып алышат.

2 мүн.


Сабактын жүрүшү:


Мугалим: - Саламатсыңарбы, балдар? Отургула! Кана балдар баарыбыз столдун үстүнө адабий окуу китептерибизди жана дептерлерибизди алабыз. Бүгүн класста ким дежур?

  • Кана айтчы, бүгүн сабакта кимдер жок? Отур.

  • Балдар, айткылачы 2016 – жыл Кыргыз Республикасында кандай жыл деп жарыяланды? Азаматсыңар, албетте, «Тарых жана маданият» жылы деп жарыяланды. Мына ошондуктан да бүгүн бул жерде мен силер менен алгачкы ирет жолугуп жаткандыгыма байланыштуу силер менен таанышуу максатында мен силерге кыргыздын баатырларынын, чыгаан инсандарынын ысымдарын убактылуу ыйгармакчымын. (Балдар бейджиктерди алып тагынышат).

  • Баарыбыз бүгүнкү сабакта алтын эрежелерди сактап отурабыз, макулбу?

Балдар, азыр биз силер менен бирге кыргыздын улуттук оюндарынын бири «Кыз куумай» оюнун ойнойбуз. Ал үчүн бизге кимдер керек болот? Туура, бир кыз жана бир бала керек. Кана кимдер чыгат?


Уюштуруу: Өтүлгөн тема менен жаңы теманы байланыштыруу үчүн «Кыз куумай» оюну ойнотулат. Окуучулардын арасынан бир бала бир кыз чыгат да атайын жасалган аттарга минишет. Аларга мурунку сабакта өтүлгөн тема боюнча мугалим бештен суроо узатат. Ар бир туура жообу үчүн кыз же бала бирден кадам таштап отурат. Жыйынтыгында бала кызга жеткендиги же жетпегендиги билинип, алар аракеттерине карата бааланышат. (Алардын колдоруна атайын мугалим тараптан баалоо үчүн нан карточкалар белек кылынат)


Мугалим: - Балдар, бүгүнкү сабакка кайсыл топтун мүчөлөрү активдүү катышса жана берилген суроолорго туура жоопторду берсе менин колумдагы атайын жасалган тандыр нандарга жана казан нандарга ээ болосуңар. Силер менин колумда эки гана нандын түрүн көрүп турасыңар, туурабы? (Эки топтун алдына нандарды алып барат жана нан карточкалар менен баалоону окуучуларга түшүндүрөт).


САБАККА ЧАКЫРУУ ҮЧҮН ОКУУЧУЛАРГА БЕРИЛҮҮЧҮ СУРООЛОР:


  • Балдар, адам баласы нансыз жашай алабы?

  • Апаңар үйдө нан бышырабы, эмнеде бышырат?

  • Нан эмнеден жасалат?

  • Нандын кандай түрлөрүн билесиңер?

  • Бул кезге чейин нан жөнүндө кандай чыгарма менен таанышкансыңар?

  • Буга чейин Жунай Мавлянов жөнүндө уктуңар беле?


Кыргыз элинде «Куттуу үйдөн кур чыкпа», «нан болсо ыр да болот, бий да болот» деген нанга байланыштуу көптөгөн учкул сөздөр бар э? Чындыгында биздин жашоодо нан бул адамзаттын жашоосу менен аябагандай тыгыз байланышта. Анан дагы бир гана нандын даяр болуусу үчүн канчалаган адамдардын мээнеттери керектелет. Мына ошондуктан да биздин бүгүнкү сабак кызыктуу болуусу үчүн биз эки топко бөлүндүк. Бирибиз – тандыр нан, экинчибиз казан нан болобуз. (командалардын алдына нандар коюлат жана калыстар тобуна да нандар коюлат)


Мугалим: - Балдар, баарыбыз дептерлерибизди ачабыз жана жазабыз! Айткылачы, бүгүн кайсыл күн? Ой азаматтар, албетте, бүгүн жалган куран айынын жыйырма сегизи. Ал эми бүгүн силер менен биргеликте өтүүчү темабыз “Жунай Мавляновдун «Нан» аңгемеси. Аңгеменин идеялык – тематикалык багытынын ыймандык маселеге көбүрөөк бурулушу. Адамдардын адептик тарбияланышын көрсөтүүдө нандын символикалык мааниси” деп аталат.


Мугалим: (Доскадагы Ж. Мавляновдун илинген сүрөтүн окуучуларга көрсөткөн абалда) – Балдар, бул кыргыз элинин дагы бир атактуу жазуучуларынын бири Жунай Мавлянов! Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавлянов 1923 – жылы Ош облусунун Кош – Дөбө кыштагында туулган. Ал Улуу Ата – Мекендик согуштун катышуучусу. Узак жылдар боюу мугалим, мектеп директору, «Мугалимдер» гезитинин редактору болуп иштеген. «Жүрөк», «Аркыт гүлдөрү» аттуу ырлар, поэмалар жыйнагы, «Нан», «Бийиктик» аттуу прозалык жыйнактары жарык көргөн. 2003 – жылы Аксыдагы «Абдыкерим» атындагы ашууда автоавариядан улам көз жумган.


Мугалим: Силер бүгүн Ж. Мавляновдун жаңы аңгемеси менен эми гана таанышасыңар, туурабы? Андай болсо, балдар, чыгарманын аталышына маани берип, баарыңар биргеликте ой жүгүртүп көргүлөчү, бул аңгемеде кандай окуялар болушу мүмкүн? (Окуучулар өз ойлорун айтышат, мугалим доскага жазат).


Мугалим: - Азаматсыңар, балдар! Ар бириңер өз деңгээлиңерге жараша ой жүгүртүп көрдүңөр. Эми болсо баарыбыз чыгарма менен тааныша баштайлы да кимдин ою канчалык деңгээлде чыгарманын мазмунуна дал келээрин билели, кандай дейсиңер, макулсуңарбы? Андай болсо баарыңар кунт коюп, мени угуп тургула:




...Дароо эле каттуу кагазына жете түшкөн папироско чырт эттире тиш арасынан түкүргөн Жаныбек аны бут арасынан ылдый чертип жиберди. Өзү эмнегедир, жаш балачасынан анын кайда барып түшөөрүнө көз салды. Үстүн жука топурак каптаган тегерек нерсенин үстүнө барып бир тийгенде гана папиростун күлгө айланган жагы үзүлүп кетти. «Тегерек нерсе эмне болду? Кичинебизде апам бизге аш куюп берчү кара аяк эмеспи? Аякка окшобойт. Тээ тамдын үстүнөн түшкөн кесектин калдырканы бекен?..» Кандайдыр бир сезим Жаныбектин жүрөгүн жанып өттү: Нан!.. Баягы нан!..

Муунган кишидей анын добушу каргылданып чыкты. Додолонгон топурактын үстүнө тик секирген Жаныбек алигини кош колдоп ала койду да, бетиндеги топуракты үйлөп жиберип, бооруна кысты. Чын эле нан экен!

«Муну Айсалкын жеңем кантип унутуп койду? Бул үйдүн какыр чикирин өзү баш болуп жыйнаштырбады беле? Кантип нанды унутуп калды? Же «ырымдалганы менен не пайда берди, андан көрө топурак алдында тапталып калганы артык эмеспи» - деп атайлап таштады бекен? Андай болууга тийиш эмес эле. Далай жылдан бери ушул үйдүн шыбында ак калтага илинип турчу бу нанды бапестеп, бетин жөргөмүштүн желесине бастырбай, манар байлатпай апам өлгөндөн бери сактап келе жатпады беле?»


Бышыктоо үчүн берилүүчү суроолордун тизмеси:


  • Жаныбек эмне үчүн мындай сезимге туш болду?

  • Кызык, бул кандай нан болушу мүмкүн?

  • Балким ал нан сыйкырдуу нан болуп жүрбөсүн?

  • Нанды Айсалкын эмне үчүн бапестеп сактады?

  • Нан эмне үчүн ырымдалган?

  • Нанга байланыштуу дагы кандай ырым – жырымдарды билесиңер?


Мугалим: - Айткылачы, балдар, силер бул аңгеменин мындан ары эмне болуп уланаарына кызыгып жатасыңарбы? Андай болсо биз кайрадан аңгемеге кайрылабыз...

...Жаныбек азыр бооруна кысып турган нандын четинен үч жери кетилген. Анын экөө улуу агаларынын тиши тийген жер. Ал эми үчүнчүсү – өзүнүкү.

Бу нанды Бүбүш апа жаап, өз колу менен биринчи жолу тун баласы Сарымсак кан майданга жөнөп жатканда ат жалына сунган: «Четинен тиштеп кой, балам! Ылайым туз – насибиң өз үйүңдөн буюрсун!»

Ушул тилек менен экинчи уулу Асылбекти, кийинчерээк Жаныбегин кан майданга узаткан. А бирок эненин тилегиндей болбой калды. Ал тилек кылгандай Сарымсак менен Асылбек кайрылып келип, эненин колу сунган баягы нанды тиштебей калышты. Согушка жетпей калып кенже баласы Жаныбек гана кайрылып, бул үйдөн кайра даам татты, бирок аны эне көрбөй калды. Ал анткени дал ошол жеңишке жеткен күнү уулдарын төрт жыл боюу жол карап күткөн эненин көзү түбөлүккө жумулган болчу.


Мугалим: Төмөнкү суроолор менен окуучуларга кайрылат:

  • Бүбүш апа өзү жапкан нанды эмне үчүн уулдарына тиштетти?

  • Бүбүш апанын кан майданга аттанган үч уулунун ичинен эмне үчүн бир гана Жаныбек кайтып келди?

  • Эгерде Бүбүш апанын көзү тирүү болгондо дагы кандай окуялар болуусу мүмкүн эле?


Бышыктоо: Топко берилген тапшырмалар доскада презентацияланат. 1 – топ чыгармадан үзүндү көрсөтүшөт; 2 – топ аңгемени сүрөт аркылуу ватманга баяндап беришет. Ар бир топ нанга байланышкан макалдар, учкул сөздөр менен жыйынтыкташат.


Бышыктоо: Жуптарга суроо катылган таркатма таркатылат. Топтор эссе жазуу менен жыйынтыктайт.


Мугалимдин аракети: Нандын символикалык мүнөзү, нанга байланышкан ырым – жырымдар слайд аркылуу түшүндүрүлөт. Окуучуларга нандын ыйыктыгы жөнүндө айтылат.


Мугалимден жыйынтыктоочу сөз: Чебер прозаик Жунай Мавлянов «Нан» аңгемесинде турмуштук бир кичине көрүнүшкө адептик чоң маани берип чечмелей алган. Армияга узап бара жаткан балдары Сарымсак менен Асылбекке нандын четинен ооз тийгизген эне «ылайым туз – насибиң өз үйүңдөн буюрсун» деп айтат. Бирок эненин балдары согуш алааматынан кайтпай калды. Ошентсе да эне аны балдары ооз тийген ыйык белек катары сактап жүрдү. Жаныбек да эне салтын жолдоп, аны жаңы тамынын шыбына илип, бапестеп асырап жүрдү. Силер да нанга урмат менен мамиле кылгыла. Анткени нан адамдын таман акы, маңдай тери менен жаралат. Аңгемеде согуштан кийинки жылдарда айыл жеринде болгон өзгөрүштөр, өзгөчө жаңы үй куруу, адамдардын жаңыча маданиятка умтулуусу көркөм чечмеленген. Аңгемени окуп чыгуу менен силер ата – эне сөзүн ойлоого, урматтоого жана аткарууга үйрөнөсүңөр. Адамдардын бейпил жашашы үчүн тынчтык керек экендигине ынанасыңар. Аңгемеде: «Тынч болбосоң алтын сарайдын ичи да караңгы, нары кутсуз» деп адилеттүү айтылган.


Баалоо: үй тапшырмасын аткарган жана сабакка активдүү катышкан, ошондой эле, берилген суроолорго так жооп берген окуучулардын билим деңгээлине карап баалоо.


Үй тапшырмасын берүү: Ж. Мавляновдун «Нан» аттуу аңгемеси боюнча кроссворд түзүп келиүү.


Мугалим: - Балдар, ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз аяктады. Саламатта баргыла!




























































Шамырзаев Илгиз Каныбекович