СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты. Шүкүрбек Бейшеналиевдин "Мүйүздүү козу" аңгемеси боюнча сабактын иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз адабияты. Шүкүрбек Бейшеналиевдин "Мүйүздүү козу" аңгемеси боюнча сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты. Шүкүрбек Бейшеналиевдин "Мүйүздүү козу" аңгемеси боюнча сабактын иштелмеси»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYYЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ


ОШ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРYY БАШКАРМАЛЫГЫ


ШААРДАГЫ № 52 “КЫРГЫЗ – ТYРК ДОСТУГУ” АТЫНДАГЫ МЕКТЕП - ЛИЦЕЙИ


АТАЛГАН МЕКТЕП – ЛИЦЕЙИНДЕ 5 – КЛАСС ОКУУЧУЛАРЫНА КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ САБАГЫНАН ӨТҮЛҮҮЧҮ ШҮКҮРБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВДИН «МҮЙҮЗДҮҮ КОЗУ» АТУУ АҢГЕМЕСИ БОЮНЧА

САБАКТЫН

ИШТЕЛМЕСИ


МУГАЛИМ: ИЛГИЗ ШАМЫРЗАЕВ

КААНАСЫ: 209

КЛАСС:5



ОШ ШААРЫ – 2020


Сабактын темасы: Шүкүрбек Бейшеналиев «Мүйүздүү козу»


САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ:


БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ

ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ

ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ

Шүкүрбек Бейшеналиевдин өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу кыскача маалыматка ээ болушат. «Мүйүздүү козу» аңгемесинин мазмуну, андагы маралдын сыпаты, жашоосу тууралуу билишет.

Аңгемедеги ири окуяларды талдоо аркылуу окуучулардын сүйлөө кеби, ой жүгүртүүсү жана кеп маданияты өнүгөт.

Жан-жаныбарларга аяр мамиле жасоого, менменсинүү, мактанчаактык жана аша чапткандык сыяктуу терс сапаттардын натыйжасын билүү аркылуу алардан оң натыйжа чыгарып, үлгүлүү сапаттарга ээ болушат.


Сабактын тиби: аралаш сабак


Сабактын формасы: топ менен, жуп менен иштөө


Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, дедуктивдүү


Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: тарых, кыргыз тили, искусство, адеп, сүрөт ж.б.


Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, видео ролик, ар кандай көрсөтмө куралдар, буклеттер, китептер ж. б.


САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ


САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

МУГАЛИМДИН АРАКЕТИ

ОКУУЧУНУН АРАКЕТИ

УБАГЫ

1

Уюштуруу

Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, баалоо системасы менен тааныштыруу.

Мугалим менен саламдашып, сабакка даярданышат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөп, алтын эрежелерди эске салышат, баалоо системалары менен таанышышат.

3 мүнөт

2

Жаңы темага киришүү

Айткылачы, койдун бала кезинен баштап жашы кандай аталарын ким билет?

Мугалимдин берген суроосуна өздөрүнүн жоопторун узатышат.

3 мүнөт

3

Жаңы теманы өтүү:


Шүкүрбек Бейшеналиев тууралуу маалымат



«Мүйүздүү марал» аңгемесинин мазмуну




Окуучуларга слайд аркылуу жазуучу жөнүндө маалымат берет.




Аңгемени тыным аркылуу окутуп, кээ бир сөздөрдүн маанилерин сурап, анын лексикалык маанисин ачып берүү аркылуу сабакты уланатат




Окуучулар слайддан көргөн маалыматтарын мугалимдин лекциясы аркылуу толукташат;



Аңгемени окуп, өз ойлорун айтышат. Мугалим узаткан суроолорго жооп беришет жана түшүнбөгөн сөздөрүн сурашат




21 мүнөт

4

Бышыктоо№1

Жан-жаныбарларга тиешелүү кыргыз элинде айтылып жүргөн макал-лакап, учкул сөз, накыл кептерден үчтөн чогулткула жана алардын маанисин чечмелеп айтып бергиле?

Мугалим тараптан берилген тапшырмаларды аткарууга алышат.

9 мүнөт

5

Бышыктоо №2

Мугалим окуучуларга таркатма материал аркылуу түрдүү суроолорду узатат

Окуучулар суроолорго жооп беришет.


5 мүнөт

6

Баалоо жана кайтарым байланыш

Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; Окуучулардын бирин – бири баалоосу;

Окуучулар бири – бирин баалашат;

2 мүнөт

7

Үй тапшырмасын берүү

Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү;

Окуучулар үй тапшырмасын алышат жана күндөлүктөрүнө белгилешет;

2 мүнөт


Уюштуруу 3 мүнөт: - Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручкаларды жана күндөлүгүбүздү алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн алдын эң алгач бүгүнкү сабагыбыздагы алтын эрежелерменен таанышып алалы.


Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:

  • Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;

  • Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;

  • Дептерлерибизге жазабыз;

  • Уюлдук телефондорубузду үнсүз абалга келтиребиз!

  • Бири – бирибизди сыйлап, бири – бирибизге тоскоолдук жаратпаганга аракеттенебиз.


Урматуу окуучулар, бүгүнкү сабагыбыздын темасы «Мүйүздүү козу» деп аталгандыктан мен силердин билим дараметиңерди ар кандай түстөгү чүкөлөр менен баалап барамын. Сабактын жыйынтыгында чүкөлөрдүн санына карап жеңүүчү топ аныкталмакчы.


Жаңы темага киришүү 18 мүнөт: Келгиле, азыр биз слайд аркылуу Шүкүрбек Бейшеналиев тууралуу маалымат алабыз жана койдун жаштары кандай аталарын кол көтөрүү аркылуу билген маалыматтарбызыды башкалар менен бөлүшөбүз.

ПЛАН №1. Шүкүрбек Бейшеналиев тууралуу слайд аркылуу маалымат беришет.


ПЛАН №2. “Мүйүздүү козу” аңгемесинин мазмуну менен тааныштырып, окуучулардын түшүнбөгөн сөздөрүн талкуулашат. Аңгемени тыным менен окушат.


Бышыктоо (№1) 9 мүнөт. Жан-жаныбарларга тиешелүү кыргыз элинде айтылып жүргөн макал-лакап, учкул сөз, накыл кептерден үчтөн чогулткула жана алардын маанисин чечмелеп айтып бергиле? Окуучулар берилген тапшырманын үстүндө иштешет.


Бышыктоо (№2) 5 мүнөт. Урматтуу окуучулар, төмөнкү таркатма материалдарды алып, андагы суроолорго жооп бергиле. Суроолордун тизмеси:

  • Шүкүрбек Бейшеналиев тууралуу эмнелерди биле алдыңар?

  • Дөндөш мүйүзүнөн кантпи айрылып калды?

  • Мүйүзүнөн айрылып келген дөндөштү көрүп Азиздин атасы эмне деди?

  • Короого кошулган дөндөштөн башка козулар эмне үчүн качышты?

  • Сүзөнөөк дөндөшкө окшогон адамдар жашообузда кездешеби?


Баалоо жана кайтарым баалоо 2 мүнөт: Азыр болсо мен силердин бүгүнкү сабакта топтогон чүкөлөрүңөрдү санап, упайларды кошуу аркылуу жеңүүчү топту аныктаймын.


Үй тапшырмасын берүү 2 мүнөт: Жан-жаныбарлардын жаштары кандай аталарын жазып келүү.


Мугалим: - Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип жетти, кайрадан кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта баргыла!













































ИЛГИЗ ШАМЫРЗАЕВ

Ош шаары - 2020