Кыргыз Республикасында аялдардын укутарын коргоонун
кээ бир өзгөчөлүктөрү жөнүндө
Тең укуктуулук жана анын маңызынын принциби баардык жарандардын тең мүмкүнчүлүктөрүнүн реалдуу бар экендиги жөнүндө түшүнүккө кайрылуу менен шартталган. Коомдук мамилелердин тажрыйбасында тең мүмкүнчүлүктөр болбойт, анткени эркек кишилер да, аялдар да башынан өздөрүнүн интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрү, саясий белгилери, үй-бүлөлүк, коомдук статусу, билим деңгээли жана башкалар боюнча тең эмес. Ошондуктан тең мүмкүнчүлүктөр мыйзам алдында жарандардын формалдуу теңдигин бекитүү катары талкууланат.
Аял эркек кишидей адам экендиги жөнүндө көз караш тартышсыз. Демек, алар бир, тең деңгээлде адам. Алардын ортосундагы айырмачылыктарды жасоо – ачык жана эч бир нерсе менен негизделген эмес адилетсиздик.
Аялдын гендердик профили түрдүү: «аялдардын маселесин» изилдөөчүлөрдүн ою боюнча аны төрт багытка бөлсө болот: патриархалдык, экономикалык, эгалитардык жана демографиялык [1. Б. 57].
Биринчи, патриархалдык көз-караш боюнча дүйнө коомдун өзүнүн мүмкүн болгон бузулушунун кесепетинен бузууга мүмкүн болбогон кээ бир табигый тиректерде негизделген. Дал ушул табигый негиз болуп эркек киши менен аялдын ортосунда функцияларды бөлүү эсептелинет.
Экинчи – экономикалык мамиле аялдар тиешелүү болгон аз эффективдүү жумуш күчүнөн өндүрүштү бошотуунун зарылдыгында негизделген. Аялдардын ишкердүүлүгүнүн экономикалык эффективдүүлүгүнүн төмөндүгүнүн себеби балдарын тамактандыруу, оорулуу балдарды кароо сыяктуу иштерде.
Үчүнчү мамиле – эгалитардык, коомдо жана үй-бүлөдө бири-бирин толуктаган жеке мамилелерде негизделген. Ал «эркин тандоо» мейкиндигинде ишке ашуусу мүмкүн.
Төртүнчү мамиле – демографиялык коомдогу аялдын негизги функциясында негизделген – аялдардын репродуктивдик укуктарын ишке ашырууну максаттаган жаңы укум-тукумду кайта өндүрүү [2. Б. 12-14].
Аялдын гендердик багытынын түрдүүлүгүндө жалпылыкты бул көйгөйдүн анализи бөлүп чыгарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Гендердик багыттардын түрдүүлүгүн да белгилеп кетсе болот. Багыттардын түрдүүлүгү жыныстын ролу жана статусу жөнүндө эски жана жаңы түшүнүктөрдүн деңгээлинде, эркек кишилер менен аялдардын ортосунда мамилелерде жана бил эле этникалык группанын ичинде ошол эле аялдардын ортосундагы багыттарда билинет. Бирок бул нерсе коомдук структуралардын катташтырбагандыгын көрсөтпөй, тескерисинен гендердиктин вектордун аныктоосунун жана аны түздөөнүн ийилчектигин өзгүртүүсүнүн зарылдыгын түшүндүрөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында «Адам жана жаран» бөлүмүндө эл аралык укукка шайкеш келген жалпыга таанымал үлгүлөр бекитилген. Бул нормалар адамдардын укуктарынын либералдык доктринасынын идеясын чагылдырып эркиндик жана теңдик принциптеринде негизделген жана эркиндик чаралары менен толтурулган: адам – жаран.
Демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясы укуктардын жана эркиндиктердин кең тизмесин бекитип, өзүнүн жарандарына аларды тең даражада колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошол эле учурда мамлекеттин аялдардын тең укуктуулугун камсыз кылуу боюнча аракети өткөөл периоддун процессинин керектүү, тартып алынбас бөлүгүн түзөт. Бүгүнкү күндө болуп жаткан экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр аялдардын абалына таасирин тийгизбей койо албады. Мисалы, булар жумушка алууда жана бошотууда, аялдарга зордук жасоодо дискриминация менен көрсөтүлөт.
С.В. Поленинанын оюн укуктуу деп эсептейбиз, анткени ал постсоветтик мамлекеттердин социалдык-экономикалык абалын изилдеп ишсиздиктин феминизациясы менен бирге жакырчылыктын феминизациясы келип чыгары жөнүндө чечимге келген [3. Б. 19-20].
Гендердик теңдик Веналык Конвенцияда (1993-ж.) да бекитилген. Анын 18-беренесинде мындай деп айтылат: «адам-аял укугу аялдын коомдун саясий, жарандык, экономикалык, коомдук жана маданий жашоосундагы тең өлчөмдө катышуусун чагылдырган адамдын жалпы укугунун тартып алынбас, түзүүчү жана бөлүнбөс бөлүгү болуп эсептелинет» [4. Б. 169].
Бул укуктун эркек киши менен аялдын ортосундагы гендердик айырмачылыктардын үлгүлөрүн бирдейлештирүүсүн жокко чыгаруунун философиясы болуп туруп, бүгүнкү күндө мамлекеттин конституциялык нормаларында кең жайылтууга ээ болгонун белгилеп кетүү керек.
С.В. Поленина аялдын эне катары ролун эске алуу менен аял менен эркек кишинин теңдигинин асыл нускасынын формуласын түзгөн. Анын ою боюнча, «аялдын укуктары эркек кишилердин укуктарына тең болуш керек жана аялдын кошумча укугу менен тастыкталышы керек. Бул жерде кошумча укуктар энелик менен байланышкан кошумча эмгек, үй-бүлөлүк жана пенсиялык укуктарга тең болуусу зарыл» [5. Б. 11].
Автордун ою менен макул болуп аялдардын анык тең укуктуулугу жалаң гана качан аялдар эркек кишилер ээ болгон укуктарга ээ болуп ошондой эле кошумча укуктары бекитилсе орун алгандыгы жөнүндө жыйынтыкка келсе болот. Бирок мыйзам деңгээлинде бекитилген «аялдарга болгон жеңилдиктер» түшүнүгүн аялдардын репродуктивдик функциясын ишке ашыруу менен адаштырбообуз керек. Энелик функция привилегияны түзбөйт, ал коомдун бар болуусуна керектүү болгон табигый социалдык керектүүлүк [6. Б. 38].
Аны менен бирге энелик функциясын аткаруу менен байланышкан аялдарга берилген кошумча укуктар канчалык кең болсо, ошончолук жыныстардын тең укуктуулугу толук болот. Бирок мындай мамиле аялдар менен эркек кишилердин тең укуктуулук маселесине коомдук мамилелердин диалектикасын эске албаган таза механикалык болмок. Чындыгында, энелик менен байланышкан аялдардын кошумча укуктарын ишке ашыруу жыныстан көз карандысыз ээ болгон эркектер менен бирге болгон шарттарда башка укуктарды колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылат.
Ата-эненин баланы кароо жана аны тарбилоо функциясын экөөнү биргеликте кароо маселеси башкача турат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты «аялдар маселесин» чечүүдө энелик жана балдарды тарбиялоо менен байланышкан аялдардын укуктарын максималдык кеңейтүү максатын көздөбөй, биологиялык себептер менен жалгыз гана аялга таандык боло турган укуктарды кеңейтүү идеясын илимий негиздөөсү керек. Демек, балдарды кароо жана аларды тарбиялоо боюнча укуктар аялга гана эмес, ошондой эле эркек кишиге ата катары тиешелүү болушу керек. Ошондо гана энелик, аталык, балалык чөйрөсүндөгү мамлекеттин активдүү демографиялык саясаты аялдын ар тараптуу социалдык өнүгүү маселеси менен каршылыкка түшпөйт.
Гендердик теңдиктин конструкциясын анализдөө төмөнкү жыйынтыктарга алып келди:
- аялдардын укуктарын ички мамлекеттик коргоо иш чараларын өнүктүрүү жана жакшыртуу жалпынан адам укуктарын камсыз кылуу контекстинде жүргүзүлүшү керек;
- аялдардын укуктарын эркек кишилердин укуктары менен жөнөкөй теңөө анык теңдикти камсыз кылбайт, ошондуктан аялдарга энелик өзгөчө функция менен байланышкан табигый өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен аялдарга кошумча укуктарды ыйгаруу керек;
- балдарды тарбиялоо жана кароо менен байланышкан укуктар тең деңгээлде эркек кишиге да, аялга да берилиши керек.
Ошону менен бирге ички мамлекеттик укук коргоо механизмдери маанилүү, анткени адам укуктарын жана эркиндиктерин башкаруу али да ар бир мамлекеттин ички компетенциясынын чөйрөсүндө калууда, өзүнө алынган эл аралык милдеттенмелерди эске алуу менен убакыт, ырааттуулук жана алардын аткарылуусу аныкталат.
Ошого байланыштуу бүгүнкү күндө ишке ашып жаткан аялдарга болгон расмий кыргызстандык саясаттын маселерин кароо актуалдуу. Саясатта керек эместиги, эмгек чөйрөсүндөгү дискриминация, ден-соолугунун начарлоосу жана аялдардын жеке жашоо чөйрөсүндөгү зордуктоолордун өсүүсү Кыргызстанда замандын чакырыктары болуп эсептелинет.
Ошого байланшытуу мамлекет төмөнкүлөрдү камсыз кылуусу зарыл:
- адамдын жана жарандын укуктары жана негизги эркиндиктерине ылайык аялдардын укуктарын тутуу;
мамлекеттик жана коомдук жашоодо аялдын толук укуктуу мүчөсү болуп катышууга шарт түзүү;
эмгек рыногунда тең укуктарды камсыздоо;
аялдардын ден-соолугун коргоо;
аялдарга зордук фактыларын болтурбоо.
Ошондой эле бул проблемалардын чечилишине булар зарыл:
тажрыйбада тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр конституциялык принцибин ишке ашырууга керек болгон шарттарды жана укуктук нормаларды түзүүгө жетишүү;
Кыргызстандын түрдүү региондорунда жана чет өлкөлөрдөгү бул ишкердикте чогулган тажрыйбаны колдонуу;
Республикалык, регионалдык жана эл аралык деңгээлде иш чаралардын макулдашуусун камсыз кылуу.
Көрсөтүлгөн проблеманын анализи аялдардын мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын ишкердигинде реалдуу катышуусу үчүн шарттарды камсыз кылуунун керектиги жөнүндө маселеге алып келет. Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгаруусуна ылайык аялдарга мамлекеттик кызматка кирүү мүмкүндүгү бирдей, бирок жогорку мамлекеттик бийликте аз өлчөмдө көрсөтүлгөн.
Биздин оюбуз боюнча аны ишке ашыруунун стратегиялык максаттарын иштеп чыгуу зарыл. Бүгүнкү күндө аялдардын укуктарын тутуу чөйрөсүндө адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери менен бирликте мамлекет тарабынан Кыргызстандын мыйзамчыгаруусунда гендердик экспертиза өткөрүүгө аракеттер жасалууда, Кыргыз Республикасынын Конституциясына Кыргыз Республикасынын аялдардын укуктары жөнүндө мыйзамчыгарууну ылайыкташтыруу боюнча сунуштар иштелип чыгууда.
Аялдардын абалын жакшыртуу боюнча коюлган маселелерди ишке ашыруу үчүн Кыргызстан төмөнкү БУУнун Конфенцияларына кошулган:
- аялдарга болгон дискриминациянын баардык формаларын жокко чыгаруу;
- балдардын укуктары жөнүндө;
- аялдардын саясий укуктары жөнүндө;
- күйөөгө чыккан аялдардын жарандыгы жөнүндө;
- аялдарга болгон зордукту тамырынан жок кылуу Декларациясы;
- Эл аралык эмгек уюмунун тийиштүү конвенциясы.
Аялдардын мамлекеттик жана коомдук жашоодо катышууга жардам берүү чөйрөсүндө ММК (массалык маалымат каражаттары) аркылуу мамлекет кеңейтилген мамлекеттик программаларды уюштурат. Бул программалар мамлекеттик бийликте аялдардын социалдык-экономикалык кайта өзгөрүүлөргө жана алардын өкүлдөрүн көбөйтүүгө багытталган.
Регулярдык негизде эркек кишилердин жана аялдардын мамлекеттин мамлекеттик жана коомдук жашоосунда катышуусу жөнүндө статистикалык маалыматтарды чогултуу, анализдөө жана жайылтуу жүргүзүлүп турат.
Кыргыз Республикасында эмгек рыногунда тең укуктарды жана тең кайрылууну камсыз кылууга жардамдашуу чөйрөсүндө аялдардын конкуренттик мүмкүнчүлүгүн көтөрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, алардын жаңы экономикалык мамилелерге алардын адаптациясын камсыз кылуу жолу менен эмгек рыногунда аялдар менен эркек кишилердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн теңдигин аныктоо боюнча керектүү иш чаралар жүргүзүлүүдө. Бул үчүн аялдардын кичи жана үй-бүлөлүк ишкердикте аялдардын катышуусун кеңейтүүгө түрткү берген кээ бир мыйзам чыгаруучулук актылары иштелип кабыл кылынган. Мындан сырткары, гендердик изидөөлөр чөйрөсүндө илимий иштөөлөрдү мамлекеттик колдоо жүрүп жатат, ошондой эле коомдогу аялдын статусу жана ролу, аялдар менен эркек кишилердин өз ара мамилелери боюнча проблемалар жөнүндө илимий билимдерди пропаганда иштери аялдардын эмгек рыногунда абалын дайыма мониторинг жасоо жолу менен жүргүзүлүүдө.
Аялдардын жана балдардын ден-соолугун коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекет аялдардын репродуктивдик ден-соолугун коргоо системасын, биринчи медико-санитардык тейлөөнү аялдардын ден-соолугунун абалынын жашына жараша өзгөчөлүктөрүн эске алуу жолу (мисалы, «Ден-соолугу чың эне – ден-соолугу чың улут» жана башка республикалык жана регионалдык энеликти жана балалыкты коргоо боюнча программаларды кабыл кылуу) менен аялдардын ден-соолугун жана коопсуз энеликти чыңоого жетишүүдө. Керектүү минималдык деңгээлде баасы анча көтөрүңкү эмес азык-түлүктү керектөөнү камсыз кылуучу, ошондой эле акысыз медициналык жардамга мамлекетик кепилдикти берген аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүүчү атайын медициналык мекемелер кеңейтилүүдө.
Аялдарга зордук-зомбулук кылуу менен күрөшүү максатында мамлекет тарабынан зордук-зомбулукка кабылган жарандар менен иштөө үчүн социалдык ишкерлерди, саламаттыкты сактоо, билим берүү органдарынын тийиштүү персоналын, укук коргоо органдарын комплекстүү даярдоо жана окутуу боюнча иштер уюштурулуп келатат. Аялдарга зордук кылууну алдын алуу маселеси боюнча эл үчүн консультациялар өнүгүүдө (Чүй, Ош, Джалалабат областтарында кризис борборлорунун ачылышы).
Статистикалык отчет иши жакшыртылууда, анын ичинде аялдарга болгон зордуктун баардык формалары жөнүндө маалыматты алуу максатында аялдарга болгон кылмыштар боюнча да, ошондой эле зордуктун себебин, мүнөзүн, деңгээлин жана кесепеттерин, аялдарга болгон зомбулуктун алдын алуусу жана түп тамырынан жок кылуусу боюнча иш чаралардын эффективдүүлүгү жөнүндө изилдөөлөр сыйланып кызыктырылат. Аялдарды сексуалдык эксплуатациялоону жоготууга багытталган зарыл иш чаралар, анын ичинде проституциянын масштабын кичирейтүү боюнча иштер иштелүп чыгууда.
Жасалган анализ өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий жашоосунда аялдардын тең катышуусун камсыз кылуу Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын негизги маселелеринин бири экендигин көрсөтөт. Өкмөт жана ӨЭУ (Өкмөттүк эмес уюм) бул ишке активдүү киришкен.
Ошол эле убакытта аялдардын абалын жакшыртуу боюнча өзгөчө мааниге мыйзамчыгаруучулук жана башка нормативдик укуктук актылардын проектине, республикалык, тармактык жана регионалдык программаларга суроолордун тобун, блогун киргизүү зарылдыгы жөнүндө атайын көрсөтмөлөр ээ.
Ошого байланыштуу аялдардын элдин социалдык катмары катары коллективдик укуктары жөнүндө толук жана эффективдүү системасын түзүү талап кылынат. Бул үчүн төмөнкү үч деңгээлде мыйзамчыгаруучулуктун регламентациясы керек:
- адамдардын тең укуктары жана эркиндиктери жөнүндө конституциялык укук аларды эркек кишилер менен аялдардын жыныстык жана тең мүмкүнчүлүктөрүнөн көз карандысыз;
- жашоонун түрдүү чөйрөсүнө тиешелүү болгон конституциялык нормаларды айкындоочу тармактык мыйзамчыгаруучулук (жарандык, үй-бүлөлүк, кылмыштык жана башкалар);
- жыныстардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн теңдик принцибин ишке ашыруунун, ошондой эле тармактык мыйзамчыгаруучулуктун нормаларын, анын ичинде ата-энелик жана аялдардын жеңилдиктери жана кепилдиктерин кароочу, тажрыйбада ишке ашуусун контролдоочу тартипти аныктоонун процессуалдык жана процедуралык жактары.
Мисалы, бул актты көптөгөн өнүккөн мамлекеттердегидей «Аялдардын жана эркек кишилердин тең укуктары жөнүндө» мыйзам түзө алат.
Кыргызстанда эркек кишилердин жана аялдардын тең укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө биринчи эки мыйзамчыгаруучулук деңгээлде регламентация бар. Биздин оюбуз боюнча үчүнчү деңгээлдин нормативдик актыларын кабыл кылуу эркек кишилер менен аялдардын тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн принцибин ишке ашыруунун баардык процессуалдык жана процедуралык жактарын чечмек.
Кыргызстандын экономикасынын рынок системасына өтүүсү, өндүрүштүн төмөндөшү, бүт айыл-чарба системасынын жаңы структурасы, менчикти кайра бөлүүнүн чыгымдары, адамдарда ишкердиктин тажрыйбасы жана биринчи, баштапкы капиталдын жоктугу, социалдык кепилдиктердин системасынын өзгөрүүсү республиканын элинин көп бөлүгүнүн жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келди. Жакырлардын арасында көп балалуу жана багуучу адамы жоктор, пенсионерлердин көп бөлүгү, инвалиддер, ишсиздер, ошондой эле төмөн айлык акысы менен бюджеттик ишканалардын өкүлдөрү жана ишке жөндөмү жок жаштар болгон.
Бул суроонун актуалдуугун эске алуу менен Өкмөт биринчи маселелердин бири катары жакырчылыкты жоюуга багытталган ишти койду. Иш чаралардын мерчемине төмөнкү приоритеттүү маселелер менен максаттарды чечүү киргизилген:
- «Социалдык камсыз кылуунун минималдык нормалары жөнүндө» ЭЭУнун (Эл аралык эмгек уюму) № 102 Конвенциясына кошулуу жолу менен өлкөнүн социалдык-экономикалык абалынын жакшыртуусуна карап үй-бүлөнүн жана аялдын социалдык коргоо системасын жакшыртуу;
- коомго майыптарды реабилитациялоо жана интеграциялоо жолу менен, аялдар, жаш өспүрүмдөр жана балдардын социалдык адаптация борборлорун ачуу менен, жакыр үй-бүлөлөр үчүн бала бакчаларды уюштуруу менен жакыр жана социалдык-алсыз аялдарга колдоо көрсөтүү;
- жакыр үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүүнү координациялоо жолу менен адрестүү гуманитардык жардам көрсөтүү.
Аялдарды окутуу жана билим берүү маселеси да көйгөйлүү суроолордун бирин түзөт. Кыргызстанда аялдардын экономикалык, укуктук жана кесиптик сабаттуулугун көтөрүү пландаштырылыган. Бүгүнкү күндө аялдардын ишсиздеринин ичинен рынок экономикасында зарыл болгон машыгууга жана билимге окутуулар тренинг-семинарларды өткөрүү жолу менен ишке ашып жатат.
Азыр КРнын ИИМнин пландарынын пунктарын ишке ашыруу максатында аялдарга зордук көрсөтүү менен күрөшүү боюнча бөлүмдөр жана бул зордуктун формасы, себеби, мүнөзү, даражасы жанан кесепеттери жөнүндө маалыматтардын информациялык базасы түзүлгөн.
- Аялдарга зордук маселеси боюнча мамлекеттик статистикалык отчеттуулукка көрсөткүчтөрдүн системасы практикалык иште киргизилген.
- Аялдарга зордуктоо проблемалары менен иштеген укук коргоо органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өз ара маалымат алмашуу боюнча өз ара аракеттешүү механизми иштелип чыккан.
- КЖКнын (Кылмыш-жаза кодекси) жана ЖКнын (Жазык кодекси) аялдарга карата кылмыш жасагандарган жоопкерчилигин күчөтүү маселелери боюнча беренелерине өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилип, ошондой эле КРнын «Тиричиликтеги зорддук-зомбулук жөнүндө» мыйзам иштелип чыгууда.
Республиканын көп областтарында ишеним телефондору менен жана зордуктан жабырланган аялдар үчүн жашырын жай берген кризистик борборлор ачылган.
Кийинки аялдарын абалын жакшыртуу боюнча приоритеттүү маселе болуп алардын жумуш суроосун чечүү саналат. Бул суроону чечүү үчүн негизги максат болуп аялдардын өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылуу жана жеке ишкердикти өнүктүрүү (буга микрокредиттөөнү камсыз кылуу маселелери киргизилген) эсептелинет.
Биздин оюбузча «Тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө» Мыйзамдын проектин иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкты.
КРнын Конституциясына ылайык, адамдын укуктары жана эркиндиктери ар бирибизге төрөлгөндөн баштап таандык, жана абсолютук жана ажыратылбас. Бул укуктарды ишке ашыруу катары аялдарга эркек кишилер менен биргеликте, алар менен тең билим алууда жана кесиптик даярдоодо, коомдук-саясий жана маданий ишкердикте бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен, жана ошондой эле эмгекти энелик менен биргеликте кошуу мүмкүнчүлүгүн берген шарттарды түзүү жолу менен аялдардын эмгегин жана ден-соолугун коргоо боюнча атайын иш чаралар менен ишке ашат.
Кыргызстанда мамлекеттик саясаттын приоритеттүү маселелеринин бири массалык маалымат каражаттарында (ММК) «аял затынын көйгөйлөрү» аттуу суроолорду жарыкка чыгаруу. Төмөнкү иш чараларды ишке ашырууну сунуш кылабыз:
- ММКда түз максаттуу жана план ченемдүү регулярдуу суроолорду басып чыгаруу жана маалыматтык жана тематикалык радио жана телеберүүлөрдү чыгаруу;
- аялдардын укуктук сабаттуулугун өнүктүрүү максатында тегерек столдорду, окутуучу семинарларды, тренингдерди өткөрүү;
- аялдын коомдогу ролунун позитивдик маалыматтарын жана фактыларын кеңири агылдыруу максатында аялдык сексуалдык эксплуатацияны жана аялдын жарандык укугун бузууларды мазмунунан чыгарган «Жарнама жөнүндө» мыйзамдын проектине сунуштарды даярдоо.
Демек, жасалган анализ гендердие теңдик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын негизги ишкердүүлүктүн багытынан приоритеттик маселелер келип чыгары жөнүндө жыйынтыкка алып келет.
Ошондой эле ишти активдештирүү үчүн иш чаралардын тизмесине аялдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү абалын мүнөздөөчү статистикалык көрсөткүчтөрдү регулярдуу түрдө системдештирген жана тактаган пункту киргизүүнүн сунуш кылабыз.
Мына ошентип, Кыргыз Республикасынын аялдардын абалын жакшыртуу боюнча саясатын карап көрүп, өлкөдө жыныстык таандыгынан көз карандысыз адамдардын укуктарын сактоо үчүн керектүү нормативдик база түзүлгөндүгүн белгилеп кетсе болот. Бирок, тилекке каршы, жыныс белгиси боюнча дискриминация аялдарды коомдук жашоонун баардык чөйрөсүндө кыскандыгы биздин жашоонун анык чын сүрөтүн түзөт.
Колдонулган адабиятын тизмеси:
Захарова Н., Посадская А., Римашевская Н. Как мы решаем женский вопрос // Коммунист. - М, 1989. - № 4. - Б. 57-58.
Кожумратова Ф.А. Права женщин в Казахстане: теория и практика: дис. ... канд. юрид. наук: 24.06.03. - Алматы: КазНУ, 2003. - 127 б.
Поленина СВ. Развитие института прав женщин во взаимодействии международного и национального права // Права женщин в России: Законодательство и практика. - М, 1998. - № 3. - Б.10-21.
Права человека: Пособие для учителя / Авт.- сост. А.Я. Азаров, Т.В. Болотина. - М.: ИПК и ПРНО МО, 1994. - 208 б.
Труд, семья, быт советской женщины / Поленина СВ., Абрамова А.А, Азарова А.А. и др. - М.: Юридическая литература, 1990. - 432 б.
Зайцев Ю. Гендерная экспертиза: Республики Казахстан // Отчет о положении женщин в РК. - Алматы, 1997. - Б. 38-40.
4