Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили боюнча класстан тышкаркы иш-чара»
Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо
Бүтүн жана бөлүк байланышы
3-бөлүк
Жалпы республикалык тестирлөөнүн аналогия бөлүмүндө бүтүн жана бөлүк байланышы кездешет. Бүтүн жана бөлүк же болбосо жалпы же жеке деп аталат. Аналргиянын бул түрүндө силер нерселердин бүтүн бөлүгүн, жалпылап же жекелик түрүн табышынар керек.
Мисалы:
Боз уй- бүтүн нерсе. Анын бөлүктөрү: түндүк, уук, кереге, босого, каалга, бакан ж.б
Түшүнүктүү болуш үчүн мисалга көңүл буралы;
Боз үй: түндүк
А) боз үй: бакан
Б) боз үй: шырдак
В) боз үй: каалга
Г) боз үй: уук
Жалпы республикалык тестирлөөдө бүтүн жана бөлүк байланышы орун алмашып келиши ыктымал. Мисалы:
Бүтүн жана бөлүк (китеп: барак)
Бөлүк жана бүтүн (айнек: терезе)
Жалпы жана жеке (планета: жер)
Жеке жана жалпы (тумак: баш кийим)
Туура жоопту табууда эталон жупка көңүл буруу керек. Эгер анда жалпы жана жеке же орун алмашуу болсо, аларга карап туура вариантты катардан издөө кажет.
Комуз: кыл
А) комуз: тепкеси
Б) комуз: чарасы
В) комуз: моюну
Г) комуз: күү
Д) комуз: Маш Ботой
Кайсы вариант туура деп ойлойсуң?
Эталон жуптарга көңүл буралы, алгач жеке андан соң жалпы түшүнүк берилген. Нептун бул планетанын аталышы, ал эми планета бул жалпы түшүнүк. Ал эми вариантиарга карай турган болсок, А) вариантында эки планетанын аталышы берилгендиктен туура жооп боло албайт. Б) вариантында жеке түшүнүк катары адамдын аты андан соң жалпы түшүнүк берилген. Демек Б) вариантын туура жооп катары кароого болот. Ал эми В) жана Г) вариантында эталон жупка туура келбеген жалпы жана жеке, синонимдик байланыш орун алгандыктан туура жооп боло албайт.
Нептун: планета
А) жер: күн
Б) Уран: ысым
В) жылдыз: Чолпон
Г) асман: галактика
Алган билимди бышыктап бул аналогияларды биргеликте иштеп көрөлү
51. Даарыгер: кардиолог
А) мугалим: окутуучу
Б) аскер: лейтенант
В) окуучу: студент
Г) мүдүр: орун басар
52. Боз үй: кереге
А) тоо: таш
Б) үңкүр: караңгы
В) шамал: бороон
Г) электр: ток
53. Ботко: таруу
А) ботко: күрүч
Б) ботко: суу
В) ботко: суюк
Г) ботко: ысык
54. Баш кийим: тумак
А) бүт кийим: өтүк
Б) ич кийим: майка
В) баш кийим: шөкүлө
Г) сырт кийим: чыптама
55. Тамак: лагман
А) тамак: кууидак
Б) тамак: ысытуу
В) тамак: торт
Г) тамак: даамдуу
56. Суусундук: чалап
А) суусундук: кымыз
Б) суусундук: жарма
В) суусундук: чаңкоо
Г) суусундук: шире
57. Кондитер: шоколад
А) кондитер: момпосуй
Б) кондитер: торт
В) кондитер: булочка
Г) кондитер: вафли
58. Идиш: чөмүч
А) идиш: казан
Б) идиш: чайнек
В) идиш: кашык
Г) идиш: чыны
59. Каймак: сүт
А) сүт: ак
Б) сары: май
В) курут: туздуу
Г) чөбөгө: сары май
60. Жылдыз: Чолпон
А) галактика: чексиз
Б) шоола: жарык
В) күн: ысык
Г) планета: Юпитер
61. Бүркүт: канаттуу
А) сойлоочу: жылан
Б) карышкыр: жырткыч
В) бака: кескелдирик
Г) канаттуу: канат
62. Оору: грипп
А) вирус: антибиотик
Б) илдет: кызылча
В) сезгенүү: даарылануу
Г) айыгуу: сакаюу
63. Спорт: күрөш
А) машыгуу: жеңил
Б) кайталоо: күч
В) машыгуу: чуркоо
Г) финиш: медаль
64. Бий: танго
А) бий: кыймыл
Б) бий: вальс
В) бий: пайдалуу
Г) бий: балет
65. Ода: музыка
А) нота: до
Б) музыка: жан дүйнө
В) элегия: музыка
Г) тембр: бас
66. Кыл кыяк: аспап
А) чопо чоор: ооз комуз
Б) пианино: уккулуктуу
В) комуз: аспап
Г) гитара: чон
67. Канаттуу: тоок
А) күчүк: ак төш
Б) жырткыч: чөө
В) кунажын: үй жаныбар
Г) ак куу: кооз
68. Сүйлөм: суроолу
А) сайма: жип
Б) калем: сыя
В) максат: кыял
Г) сүйүү: ата-эне
69. Медицина: биология
А) химия: элемент
Б) физика: кубулуш
В) география: глобус
Г) океан: суу
70. Талаа: эгин
А) аска: учтуу
Б) дарак: тамыр
В) ойдуң: түздүк
Г) калаа: кенен